Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Тикмечилер шаарчасы курулабы?

"Made in Kyrgyzstan"


бренди Россияны каптады...


Кыргызстанда өкмөт башбаканы баш болуп "саталы, эле саталы" деп өндүрүмдүү ишканаларды коколоп жатканда, эч кимден жардам сурабай эле күрүлдөп иштеп жаткан бир тармак бар. Жеңил өнөр жайы деген. Союздан калган анча-мынча оор өнөр жайды го, сатып-талкалап бүттүк. Рынок шамалында бириндеп-экиндеп иштеп жаткан чакан тигүү ишканалары биригип мындан 6 жыл мурун жеңил өнөр жай ишканаларынын "Легпром" ассоциациясын түзүп алышкан. Булардын экспорттук потенциалы алтын, электр энергиясын өндүрүүдөн кийин эле үчүнчү орунда турат. Маркум Мухтарбек Өмүракунов түптөп кеткен "Легпром" ишканасы бүгүн өлкөнүн ички дүң продукциясынын 4,5 пайызын түзүүдө. Жетекчиси Фархад Раимжанов менен баарлашып отурдук.

- Фархад мырза, өлкөнү жеңил өнөр жайы багып жатат деп төш кагып, мактанып жатабыз. Көшөгө артында көйгөйлөр толтура болсо керек?
- Мындан 6 жыл мурун өз алдынча ишмердик жүргүзгөн тигүү ишканалары бириктирилип, "Легпром" жеңил өнөр жай ишканаларынын биримдиги пайда болгон. Башта 20 чакты ишкана болсо, азыр тутуму 650 ишканага жетти. Россиянын 17 шаарында, Казакстандын 3 шаарында атайын өкүлчүлүктөрү бар. Экспорттук товар жүгүртүүсү жылдан жылга 1 млрд. га жогорулоодо. Маселен, мурунку жылы 6 млрд сомдук экспорт жүргүзүлсө, былтыр 7 млрд. сомдук экспорт жөнөттүк. Албетте, көйгөйлөр толтура. Чү дегенде эле кесипкөй кадрлардан аксап жатабыз.
- Көйгөйдү чечсе болбойт бекен?
- Республикадагы 28 тигүү лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү заманбап стандарттагы жабдуулар менен иштөөнү билишпей жатышат. Кырдаалдан чыгуу үчүн "Азия өнүктүрүү банкы" менен келишим түзүп, пилоттук долбоор иштеп чыктык. Анда бир нече лицейлерге "Легпромдун" стандартына туура келген тигүү жабдуулары коюлган. Кадрларды ошол жабдууларга отургузуп даярдап жатабыз. Экзаменди да көз карандысыз эксперттер мугалимдин катышуусуз кабыл алууда. Азыр баягы совет доорундагыдай бирдиктүү стандарт жок. Дүйнөлүк соода рыногу күндөн-күнгө жаңы, заманга шайкеш келген кийимдерди талап кылууда. Демек, кадрлар да ошого шайкеш келиш керек.
- "Made in Kyrgyzstan" бренди Россияны каптап, суроо-талап күч дейт…
- Туура, "Made in Kyrgyzstan" же Кыргызстанда жасалган деген бренд Россияны жылдан-жылга багындырууда. Кыргызстандын кийим-кечектерине талап жакшы. Анын үстүнө жылдан жылга жаңылануу жүрүп жатат. Ошондуктан, дүйнөлүк экономикалык кырдаалга карабастан экспорттук жүгүртүү жылдан-жылга жогорулап отурат да. Кыргызстандын тикмечилери байпактан баштап тери-тонго чейин баарын тигишет. Эң негизгиси - кийим-кечелерибиз сапаттуу, арзан, модага ылайык. Азыр улуттук колориттеги кийим-кечелер да тигиле баштады. Аларга да суроо-талап күч.
- Ар жылы "Легпромдун" ата-мекендик көргөзмө-жарманкесине Президент өзү барып катышып жүрөт.
- Ооба, Президент бул жагынан жакшы колдоо көрсөтүүдө. Жеңил өнөр жай тармагы жандангандан бери Кыргызстандагы мода индустриясы да жылыш алды. Жылда ата-мекендик кийим-кечелердин көргөзмө-жарманкеси болуп, мода жумалыгы өтөт. Жеңил өнөр жай жаатындагы алдыңкы жабдуулар да көргөзмө-жарманкеге катышат. Россия, Италия, Франция, Германия, Бельгия, Голландия, Индия, Араб Эмираттары өлкөлөрүнөн өнөктөштөр, белгилүү кийим-кече чеберлери келишет. Тикмечилер үчүн көргөзмө-жарманке чоң майрам. Анткени, продукцияларын сатканга мүмкүнчүлүк алышып, чет элдик ишканалар менен өз ара келишимдер түзүлөт.
- Технополис долбоору, б.а. тикмечилер шаарчасын көздөп жүрдүңөр эле... Бажы биримдигине кирсек, шаарчанын курулушу пайдалуу болобу?
- Технополис же тикмечилер шаарчасынын долбоору даяр. Буйруса ишке ашканы турат. Ал жерге жок дегенде 20-30 ишкана отуруш керек. Ошол ишканалардын баарына бир стандарттагы жабдуулар коюлуп, бирдиктүү тигүү ишмердиги жүргүзүлөт. Албетте, бажы биримдигине кирсек, бирдиктүү соода талаасына кирип, бул пайдасын гана бермек. Бул эми индустриалдык шаарча болот да. Чет өлкөлөрдөн чоң-чоң буйрутмаларды алганга технополис шаарчасы жакшы жардамын берет. Жүздөгөн жумуш орду да камсыз болмокчу.
Маектешкен
Тиленбек Азык




Ап бали...

Ат - Башы 18 миллион, Жумгал 19 миллион...


Нарын облусунун губернатору Канат Муратбеков былтыр облустук деңгээлде "Бизнес форум", андан кийин эл аралык уюмдарды чакырып "Инвест форум" деген жаңы саамалыктарды баштап, коомчулуктун көңүлүн бурду эле. Бул эки чоң иш чара менен облуста бир топ көйгөйлүү маселелер чечилип, бир нече социалдык объектилер курулганы белгилүү. Учурда ошол "Бизнес форум" иш чарасы аталган облустун ар бир районунда өткөрүлүп жатат.
Өткөн жумада "Бизнес форумду" Ат-Башы районун акими Илич Максутов өткөздү. Ат-Башынын, калктын калың катмарына белгилүү капчыктуу миллионерлери жалпы райондун айылдарындагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдон келген жардамдарын беришти. Мисалы, айтылуу "Аю" компаниясынын кожоюну ЖКнын депутаты Шаршенбек Абдыкеримов баасы 4 млн. сом турган долбоордук ишти бүтүрүүгө убада берсе, "Дордойдун" кожоюну Аскар Салымбеков 2,5 миллион жана 1,5 миллион баасындагы долбоордук иштерди бүтүрүүнү мойнуна алды. Ат-Башынын эле эмес, Кыргызстандын алдыңкы байлары болуп эсептелген Аскар мырза менен Шаршенбек мырзанын жолун башка атбашылыктар колдоп, ортого миллион болбосо да оңбогондой акча ташташты. Губернатор Муратбеков болсо, өз чөнтөгүнөн 300 миң сомдук долбоордук ишти бүтүрүүгө сөз берди. Ошентип жыйынтыгында ортого чогулган акча 18 миллион сомду чапчыды.
Ал эми мурда күнү "Бизнес форумду" Жумгалдын акими Адыл Исагулов борбор шаарыбыздагы "Каир" ресторанында өткөздү. Жумгал районунун аттуу-баштуу инсандары жана капчыгы калың кулундары "Бизнес форумдун" көркүн чыгарышып, атбашылыктардан кем калбай, ортого чогултушкан акчанын жалпы суммасын 19 миллионго жеткизишти. Маалымат катары айта кетсек, Жумгал районундагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатында Акционердик коом түзүштү. Ал Акционердик коомго аким Адыл Исагулов биринчи болуп 1 миллион сом салса, Кара-Кече жана Миң-Кушта көмүр казышкан 12 ишкана ар бири 1 миллиондон 12 миллион сом салышты. Губернатор Муратбеков Чаекке мини футбол аянтчасын, өз айылы Түгөл-Сайга мончо, Чоң-Дөбө айылына ФАПтын курулушуна жардам берүүнү жана Эпкин айылынын ФАПка көмүркана, анын айлана тегерегин тосуп берүү иштерин аткарууга убада берди. Автандил Кулбараков 500 миң сом берсе, Аман Токтомамбетов Дыйкан айылындагы курулушу башталып, бирок толук бүтпөй турган жалпы баасы 6 миллион сомдук БСРди куруп бүтүрүү ишин колго аларын билдирди. Калгандары да өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардамдарын беришти. Бул форумда районго грейдер, эксковатор сыяктуу бир нече техникалар да түштү. Ат-Башылыктар менен жумгалдыктардын мынча чоң суммадагы акча топтошкону жакшы. Эми беребиз деп убада беришкен берешендер, айткан акчаларын өз убагында беришсе болгону...
Теңир-Тоолуктардын эмки "Бизнес форумун" 15- июнда кочкорлуктар өткөзгөнү турушат. Андан соң, Нарын жана Ак-Талаа райондору өткөзмөкчү. Эмесе элдин көңүлүн өзүнө бурган Теңир -Тоолуктардын бул саамалыгына ак жол каалайлы.
Айбек Шамшыкеев





Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевге;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А. Жээнбековго;
Кыргыз Республикасынын Башпрокурору А. Саляновага;
Жогорку Кеңештин депутаты, Коррупцияга Каршы комитетинин төрагасы Т. Мадылбековго;
Кыргыз республикасынын президентинин Алдындагы коопсуздук кеңешинин катчысы Б. Табалдиевге.

Кайрылуу



Урматтуу Президент! Урматтуу Төрага жана мамлекет башындагы бийлик ээлери сиздерден өтүнүч катары, Элибиздин ички көйгөйлүү маселелерине бир көңүл коюп, катуу көзөмөл кылуучу Мамлекеттин башында олтургандар элиңердин бир кишисине зыян кылып жатса, ошого көңүл коюп, туура мамиле кылып, калыстык адилет мыйзам колдонулбай жатканына биз абдан өкүнөбүз: себеби Бийлик башындагылар качан чындыкка келесиңер, Эл болсо, эч кимиңерге ишенбей калды. Биздин Талас облусунун прокурору Замир Калиев деген Республикабыздын Башпрокурору А.Салянованын сөзүн, буйругун аткармак түгүл, уккан да жок го, бул эмне таянган кишиси күчтүү болсо, өз билгенин кыла береби? Буга окшогон Талас облусунун прокурорун, ишинен кетирип бир чара көрсөңөр болот эле урматтуу бийлик ээлери. Бул облус прокурору Замир Калиевдин, Шадыкан айыл өкмөтүнүн мурдагы айыл өкмөтү Сулайманов Муктардын үстүнөн (электр энергияга болгон) карыздарды кечүү боюнча, Сулайманов Муктар биздин Шадыкан айыл өкмөтүнөн 1 миллион 700 миң сомдук карыздарды кечирип жиберген. Ал карыздар биздин айылдын тургундарына эч тиешеси жок, сырттан келген (Сулайманов Муктардын достору, таякелери, аялынын төркүндөрү) байлардыкы кечирилген. Ал эми колунда жок, кедей үй-бүлөлөр жана кары картаңдар бүт калып кеткен, ошолор туурасында жазылган доо арыздарды, 1 жыл 10 айдан бери облустук прокуратура текшербестен, Башпрокуратуранын берген буйругуна эч кандай көңүл бурбастан өздөрү билип, Райондук ИИБине берген, алар текшере албай, кайра финполицияга беришкен. Финполиция текшерип келип, ошол бойдон эч жооп бербей коюшкан. Андан кийин кайра Башпрокурорго арыз менен кайрылгам, алар кечээ жакында менин катыма жооп беришкен. Талас облусунун прокуратурасы Таластын УВДсына берип койгон. Иш кагаздары азыркы учурда Таластын УВДсы эч кандай текшерүүнү жүргүзө албай убакыт созуп жатат.
Сулайманов Муктар деген кылмышкер эч жооп бербестен, өзүнүн акча менен тааныштары аркылуу ишти каратпай, белгисиз себептер менен 1 жыл 10 айдан бери эркиндикте жүрөт. Ал эми мыйзамдын 163 - статьясында жазылып турат, Айыл өкмөттөр, Акимдер, губернаторлордун иштерин прокуратурада каралат деп айтылат. Ал эми биздин прокурорлор өзүнүн ишин билбейби, же билбейт дейби, иши кылса өздөрүнүн жоопкерчилигинен качышат. Ишти карашпаганын себеби белгилүү болуп турбайбы. Урматтуу Президент, Урматтуу Төрага, Прокурорлор андай байлардан ала тургун акчаларын алып алышып, ишти РОВДга, УВДга ары түртүп коюп, өзүлөрү тынч олтура бере турган көнүмүш адатка айлантышып алган. Буларга чара колдонсоңор жакшы болор эле бийлик ээлери! Талас облусунун сотунда облус прокурору Калиев Замир "Хизбут тахрир" уюмунун мүчөсүн соттошуп, ага облус прокурору өзү көрсөтмө берип, үйрөтүп жатканын көрдүм. Ал уюмдун мүчөсү Москва шаарында иштейт экен. Ал жактан чакыртып алышып, соттошту, ал Москвадан акча алып келип, прокурор менен сотко акча бергендиги анык болуп турганы көрүп турдук. Ошол сот залынан аны бошотушту. "Хизбут тахрир" уюмунан чыктым деп убада бер дешип, убадасын алып, бошотушуп жиберди. Көрдүңүздөрбү, соттор менен прокуратуранын ынтымактуу иштерин: мен мындай жалган чындыкты жаап жашырган, акыйкаты жок сот, прокурорлордон элибиз качан тазаланат деп, сиздерге суроо берет элем. Урматтуу Президент, Урматтуу Төрага! Ушуга окшогон айыл өкмөтүндө болуп жаткан, бир кичине эле ишти мамлекет чече албаса, анда элдин шору экен да.

Табылды Осмонов,
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл округунун
Ынтымак айылынын тургуну "6-апрель Акыйкат коомунун" мүчөсү.