Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Тил үчүн күрөш...
Украинанын парламентинде тил маселесинен улам чыр чыгып, мушташка айланды. Буга "Башкаруучу Региондор" партиясынын орус тилине расмий тил статусун берүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташы себеп болду. Мындан улам, Украин парламентинин алдына миңдеген эл чогулуп, "Тилден колуңду тарт!", "Москвага кулдук урганды токтот!", "Кош тилдүүлүк орусташууга тете", "Жалгыз улут, жалгыз тил - украиндер!" деген жазуулары бар плакаттарды кармап митинг өткөрүштү. Абактагы экс-премьер Юлия Тимошенко өзүнүн "Баткившина" партиясы аркылуу жасаган билдирүүсүндө мыйзам долбоорун "украин улутуна каршы кылмыш" деп атады. Улутуна, улуттук тилине күйгөн, өзүн сыйлаган эл ушинтип, бирөөгө жагынган кулчулук сезим менен күрөшө билишет.
Бизде болсо абал такыр башкача. Дале болсо Москвага жагынган күн карама оорудан арыла албай келебиз. Чоңдорубуз орус тилсиз иш жүрбөйт деген көз карашты коомчулукка таңуулап, кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсүн таарытып келишет. Аткаминерлерибиздин мындай кулчулук сезим менен күрөшүүгө качан эрктери жетери белгисиз.

Майкл Макфол "Бакиевдерди сатып алгансыңар…"
АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл Макфол 25-май күнү Маскөөнүн чок ортосунан, Жогорку экономика мектебиндеги эл аралык чоң жыйында 2009-жылы орус бийлиги бакиевдерди сатып алгандыгын айтып чыкты.
"Мен дипломаттанбай, түз эле айтайын, силердин мамлекет 2009-жылы "Манастагы" авиабазадан америкалыктарды кууп чыгыш үчүн кыргыз бийлигине ири суммадагы пара бергенсиңер. Силер Курманбек Бакиев мырзага көбүрөөк пара беребиз дегенсиңер. Биз дагы пара сунуштаганбыз. Бирок биздики он эсе аз болчу, ошондуктан бул ишке ашпай калган" -деди америкалык элчи Майкл Макфол. Акча дегенде атасын гана эмес, бүтүндөй мамлекетти сатып жиберүүгө даяр саткын Бакиевдердин балит саясаты кыргыз мамлекетин бүтүндөй дүйнө элине шерменде кылган. "Кыргыздарды сатып алса болот" -деген сасык ойду азыркы президентибиз жокко чыгарууга болгон аракетин көрүп, "аз болсок дагы саз, намыстуу эл экенибизди" державабыз дегендерге коркпой-үркпөй эскертип келет.


Өкмөт башчысы той берди…
Өткөн жумада Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов туулган айылы Чолпонбайга барып эки бээ, эки уй союп, айылдаштарын майрамдатты. Каражатты жанынан чыгардыбы, же мамлекеттин эсебинен айылдаштарынын көңүлүн алдыбы, ал жагы табышмак. Себеп дегенде, айлыгын күтүп "зарыгып" жашаган, андан башка "үрүп чыгарга ити жоктугун" айтып, ыйламсыраган өкмөт башчысы каражатты кайдан тапты деп таң калгандар арбын.

Цемент ундун баасына теңелди…
Жай келип, курулуш иштери күчөгөндөн бери, цементтин наркы ундун баасына теңелди. Азыркы тапта бир тонна цементтин заводдон чыккан баасы 4700 сом болсо, базарларда 12 миң сомго чейин чыкты. Бир заматта асманды чапчыган мындай баа карапайым калктын капчыгына туура келбегендиктен, коомчулукта нааразычылык жаралууда. Буга байланыштуу өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Энергетика жана өнөр жай министри А.Шадиев, Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т.Сариев, "Кант цемент заводу" ААКнын директору Д. Салин жана башка жооптуу жетекчилер катышкан кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде Бабанов бул жагдай Канттагы цемент заводунун мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу чыкканын белгилеп, аларга карата катаал чараларды колдонуу керектигине токтолду. Өз учурунда завод жетекчилиги газдын кымбаттыгына байланыштуу, товардын баасын төмөндөтүү үчүн көмүр жагуучу мештерди орнотуп жаткандыгын маалымдады.
Мындан сырткары, Мамлекеттик салык кызматына цементти экспорттоого убактылуу тыюу салуу маселесин чечүү, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына цемент алып-сатуучу ортомчуларды аныктап, баанын көтөрүлүшүнө күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тапшырмасы берилди. Райондук бийликтер цемент сатуучу түйүндөрдү уюштурууга, цементти заводдон түз жеткирүүгө жана цемент сатуучу түйүндөр боюнча калкка маалымат таратууга милдеттендирилди. Бабановдун бул аракети канча күндө жыйынтыгын көрсөтөт, ага жакынкы күндөрү күбө болобуз.
Учурда Кыргызстанда цемент чыгаруучу 6 заводдун үчөө гана иштейт. "Кант цемент заводу" суткасына 3 миң тонна, Кызыл-Кыядагы "Түштүк Кыргыз заводу" 2 миң 200 тонна, ал эми Аравандагы "Түштүк курулуш материалдар заводу" суткасына 2 миң 500 тонна өндүрүүдө. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча бир жылда өлкө боюнча 1 миллион 200 миң тонна цемент керектелет.

Өзү турат башы жок…
Кара-Балта шаарында турган Лениндин эстелигинин башын 23-майдан 24-майга караган түнү белгисиз бирөөлөр омкоруп кетишти. Эстеликке жакын жайгашкан үйдүн тургундары ошол түнү белгисиз үч киши Лениндин эстелигинин жанында жүрүшкөнүн терезеден көрүшкөн. Катуу темирдин бир нерсеге урулган үнүн дагы угушкан. Учурда укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Учурда бир кезде бүтүндөй Советтер Союзу туу туткан Лениндин эстелигинин өзү турат, башы жок. Эске сала кетсек, өткөн жумаларда журналист Геннадий Павлюктун элесине арналып колодон тургузулган эстеликти түп орду менен омкоруп кетишкен болчу.

Орозбек ордун бошотту
Белгилүү саясат талдоочу, Президенттик аппараттын анализдөө жана байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиев өз арызы менен кызматын тапшырып берди. Айтканынан кайтпаган, өз ою, өз сөзү бар бул серепчи Ак үйдөгү үлкөн бир чиновниктин кысымына тушугуптур. Биздеги маалымат боюнча Орозбек мырзанын ордуна Валентин Богатырёв деген бир баатыр даярданып жаткан экен. Эсеби көп учурда туура чыга бербеген бул эксперт мырза Орозбек Молдалиевге саясий салмагы жагынан да, билими жагынан да тең келе бербейт.


Карышкырлар кой кайтарган заман келди
Бакиевдин тушунда бийликке бүгүлө кызмат кылгандар Ак үйгө толуп алганы көпчүлүккө маалым. Ошолордун бири И. Арабаев атындагы КМУнун мурдагы ректору, миллиондогон акчаларды сол чөнтөккө солоп кетти делинип жаткан Аскар Бекбоев деген неме учурда Бабановдун өкмөтүндө Билим берүү жана маданият бөлүмүн башкарып отурат. Бакиевдин тушунда өз билгенин кылып, мугалимдердин арзыбаган айлык акысын бербей, университетти карызга кокосунан батырып кеткенин окуу жайдын жамааты эки жылдан бери эле айтып келет. Колдогон кожосу күчтүү белем, мыйзам алдында жооп бергендин ордуна кызматтан кызматка секирип, бүгүн Ак үйдө чалкалап, окуу жайларды көзөмөлдөп отурат.

Элдин акчасына эмес, "эконом-класста" учканына кейишти
Парламент менен Өкмөт акыркы беш айдын ичинде эле 6 миллиондон ашык акчаны чет элдик командировкаларына коротконун "Ата-Журттун" "атасынан" таяк жеген айтылуу Бахадыр Сулейманов деген депутат айтып чыкты. Жогорку Кеңештин депутаттары ушул жылдын биринчи кварталында чет элдик "саякаттарына" 1 миллион 270 миң сом коротсо, өкмөттөгүлөр 5 миллион сомду жок кылышыптыр. Биз эсепсиз чачылып жаткан элдин акчасына кейип отурсак, ошол эле "Ата-Журттун" атактуу айымы Жылдызкан Жолдошева "чет элдик парламентчилер "бизнес-класстагы" учактар менен командировкалашса, биз "эконом-класс" менен учабыз"- деп кейиди.

Жин кашайгандагы какшык
"Мамлекеттик мүлктү сатпайм" -деп бабановчуларга так кесе айтып, кызматын таштап басып кеткен Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси Марат Аманкуловдун кадамы коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Ал гана эмес депутаттар да өз ишин мыкты билген жаш профессионал кадрларды "элдин байлыгын сатпайм" -деген принципиалдуу көз карашы үчүн өгөйлөп жаткан Өкмөт башчынын аракетин катуу сынга алышууда. КСДП фракциясынын өкүлү Төрөбай Зулпукаров "Азыркы өкмөткө жаш, таза, профессионал кадрлар кереги жок болуп, өз ою жок айдама кадрлар керек экен да? Ууруларды таза деп, таза кадрларды кызматтан четтеткен реформалык жол деп аталабы? Ошондой деп ойлошсо, анда өкмөткө ийгилик каалайбыз" -деп башбакан Бабанов баш болгондорду какшыктап өттү.


Фабула -пресс