Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Казактарды ким тууган?..

Казак эли ким?



Акыркы убакта көптөгөн Казакстандын басмаканаларынан чыгып жаткан тарыхый китептери менен, мен таанышкандан кийин унчукпай коюну туура эмес көрдүм.
Илгертеден бери эле бизди да, казактарды да кыргыздар деп эле орустун ж.б. элдердин тарыхчылары жазып келишкен өздөрүнүн эмгектеринде. Акыркы убактарда казактардын чыгарып жаткан китептеринде кыргыз деген сөздөрдүн ордуна казак деп жазып жаткандарына таң каласың. Мисал катары Казакстандан чыккан "Труды отца и сына Рычковых по этнографии казахов", казактын белгилүү этнографы Муса Шорманов жазган "Казахские народные обычаи" деген китептеринин мукабасынын сыртында кыргыз деген аталыштын ордуна казак деп жазышкан, ал эми ичиндеги тарыхый маалыматтардын баардыгы кыргыз деп эле жазылып турат.
Мен бул макаламды жазып жатып негизги тарыхый булактарды казактардын жана орустардын тарыхчыларынын эмгектеринин негизинде жана алардын басмаканаларынан чыккан тарыхый булактарга таянып жазайын дедим, себеби биздин тарыхый булактарга таянып жазсам окурманым туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн Казактын улуу санжырачысы Шаакарим Кудайберди уулунун(Абайдын аталаш тууганы) "Түрк, кыргыз-казак, хем хандар шежиреси" деген санжыра китебинде казактардын кайдан чыкканы тууралуу минтип жазылып турат "Берги заманда казак атанганы болмаса, биздин казакта кыргыз насилинен". "Бул дуулат бурунгу Чүйский насилинен. Аргы түбү кара кыргыздан шыккан", "Улуу жүздүн эң көбү дуулат болган" 71-б.
Казактар улуу жүз, орто жүз, кичүү жүз деп бөлүнүшөт, ушул үч жүзгө кирген уруулардын негизин кыргыздын уруулары түзөт. Булар: улуу жүздүн ичиндеги дуулаттар, үйсүндөр(саруулар), жалайыр(солто), коңыраттар, каңдылар, кыпчактар; орто жүздүн ичиндеги найман, керей(кертеней); кичүү жүздүн ичиндеги, карасакал, каракесек, кытай, төрт кара, ногой, алаша(алакчын), адай(адий), таздар, кызыл курт, жети уруу. Негизинен орто жана кичи жүзүнө кирген уруулар кыргыздын сол канатынын кытай уруусуна кирет. Бир сөз менен айтканда казактын бери дегенде 99% кыргыздын уруулары экенинде талаш жок. Калганы сибирдик татарлардан(маңгыттар), ханцзуулардан(азыркы кытай), перстерден (уйгурлар), арабтардан кошулган элдер. Казактын үч жүзгө бөлүнүшү тукумдук бөлүнүш эмес, бул уруулардын экономикалык, географиялык жана аскердик биригүүсү. С.Акимбеков, казактын тарыхчысы "История степей"китебинин "Проблема образования казахских жузов".541-552б. жана "Труды отца и сына Рычковых по этнографии казахов"234-б (бул жерде да кыргыз деген сөздүн ордуна казак деп жазып койгон, казактар).
Казак деген аталыштын кайдан чыкканы тууралуу, казак элинин тарыхчысы Султан Акимбеков өзүнүн "История степей феномен государства Чингизхана в истории Евразии" деген китебинин 461-б. минтип жазыптыр: Казак этимологиясын дыкаттык менен изилдеген орустун тарыхчысы В.Юдин "Казак деген сөз моңголдордун убагынан мурун пайда болгон эмес. Казак деген элдин аталышы XV кылымдан бери эле пайда болду деп жазыптыр". Ушул эле китептин 466-б. "Дешти-и-Кыпчак элинин чыгышында жашаган элдерди казак деп аташкан. 1460-ж. ошол элдер Абылхаир хандыгынан бөлүнүшүп, Урус хандын тукумдары Жаныбек менен Керей башында турган тайпалар Моголистанга куулушканда, Мухаммед Хайдар Дулати(тарыхчы) минтип жазган экен "Башында алар элден качышканда, ар жакка тентишип сандалышты жана кыйналышты, мына ошондо алар казак(казах) деген ат менен аталышты". Казактарды тарыхый булактарда кыргыз-кайсактар же кыргыз-качактар деп да аташат. Кыргыз-качак деген түшүнүктү өйдө жакта түшүндүрдүк качкындардан экенин. Кайсак деген сөздү кайсаңдаган, эки жагын коркуу менен каранган, деп эле түшүнсөк болот. К.К.Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө, кимдир бирөөнү таппай алактагансып, коркуп жан жагына каранган киши деп жазыптыр. Нары-бери өткөн баскынчылардын аскерлери түздө жашаган элдерди чаап, кыйнай беришкендиктен, түздөгү эл коркок болуп калышкан, ушундай себептерден кайсак же кайсаңдаган эл деп аталышкан.
Астананын "Алтын китеп"басмаканасынан чыккан"Труды отца и сына Рычковых по этнографии казахов"деген китебинин 43-б. орустун тарыхчысы В.Н.Татищев "Кыргыз-кайсактар сибирь татарларынан талаада(чөлдө) үйсүз, тентип, башка элдерге кошулбай качып жүргөн калдыктары"деп жазыптыр Окурманга түшүнүктүү болуш үчүн сибирь татарлары ,булар кадимки Чынгыз кандын атасы Эсугейди уулантып өлтүргөн маңгыттар же тарыхта ногойлор, кара ногойлор (Астрахандык татарлар) деп да аталышат. Ал эми азыркы Казан татарлары жана уйгурлар хазар деген элден чыгат, бул элдин түбү болсо жөөттөр(еврейлер)жана жөөттөрдүн аталаш туугандары арабдар. Бул маалыматты окугуңар келсе өйдөңкү аталган китептин 17-18-б. жана казактын тарыхчысы Ж.О.Артыкбаевтин"Кочевники Евразии в калейдоскопе веков и тысячелетий"деген китебинин 143,144-б. окусаңар болот. Эмне эле Казандык татарлар(сары ногойлор)менен уйгурлар ислам дининин күйөрмандары десек көрсө жөөт менен арабдардын туугандары турбайбы. Орустун дагы бир этнографы, саякатчысы, кесиби боюнча адам догдуру(врач)Н.Зеланд дегендин 1880-ж. Санк-Петербургда чыккан "Киргизы" деген китебинин 1-б. казактар тууралуу минтип жазыптыр: "Слово казакь по книгам будто бы означает "бродячий", "вольный".
"Труды отца и сына Рычковых по этнографии казахов"деген китептин 44-б. кара-кыргыздар тууралуу мындай жазыптыр."Ала-Тоо кыргыздарынын бир азыраак жерлери жунгарларга көз каранды, калгандары жунгарларга баш ийбейт, дайыма алар менен согушуп турушат, баатыр, тайманбас эл болот деп". Кыргыздар негизинен шор-кыргыз, тува-кыргыз, хакас-кыргыз, кыргыз-кайсак жана биз кара-кыргыз деп бөлүнөт. Кара деген сөз ирик, чоң деген түшүнүктү берет.
С.Акимбековтун "История степей" китебинин 552-б. казактарды, өзбектерди Чынгызкандын уулу Жоочунун(Джучи) сол канатына кирет деп далилдептир. Бул туура өйдө жакта аталган казактардын ичиндеги кыргыздардын уруулары, кыргыздын сол канатына жана анын ичиндеги кытай уруусуна кирет. Тарыхый булактардын негизинде жазылган менин "Кыргыздын сол канатынын, кытай уруусунун нукура тарыхы(санжырасынын негиздери)"эмгегимде Чынгызкан кыргыздын сол канатынын кытай уруусунан экендигин(тарыхый булактардын негизинде, Күн(Гун)элинин тикелей урпактары кидандарь экендигин мен тарыхый булактардын негизинде далилдегем. Бул жерде дагы бир тактоо иретинде окурманымдын ээсине салып кетейин. Монгол деген аталыштын чыгышы Миң көл деген сөздөн чыгаарын, бул көл суулары Өмүр (Амур) дарыясынын жээгинде жашаган бизди, кыргыздардын урууларын айтышкан. Бул тууралуу казактын дагы бир тарыхчысы Шах-Мурат Токушулы Куанганов"Арий-Гун сквозь века и пространство свидетельства, топонимы"деген китебинин 10-б. окусаңыздар болот. Мурунку монголдордун урууларынын аталыштары, кыргыздын сол канатынын кытай уруусунун аталыштары менен дал келет, болгондо убакыт өткөн сайын бир азыраак башкачараак айтылып калган, мисалы: Тайджуут-таялмыш, кыят-кыйра, керейит-кертеней, борджигин-бөгөжү ж.б.у.с. Бул тууралу агабыз Орозбек Айтымбетов өзүнүн "Кара кыргыз" деген китебинин 4-томунун 48-49 б. жакшы жазыптыр. Мен азыркы монголдордун уруулук түзүлүшүн изилдесем, өйдөңкүдөй уруулардын аталыштарын арасынан таппадым. 1977-1980 жылдары мен Монголия Эл Республикасында иштегем. Ошол убакта Чынгызкандын тарыхына кызыгып, монголдордун арасынан Чынгызкандын уруусун таппай койгом, көрсө азыркы монголдор калмакташып кеткен эл экен. Өзүбектер да акыркы убакта өздөрүн казак элдериндей Чынгызкандын урпактарыбыз деп көп маалыматтарды жазып жатышат. Бирок казак, өзбек элдери өздөрүнүн санжырасын билишпейт. Өзбектер 92 урууга бөлүнүшөт. Бул уруулардын 90% жакыны кыргыздын уруктары жана уруулары. 92 уруунун ичинде кыргыздын майда уруктары да өзүнчө уруу болуп кирип калган. Азыркы өзүбектер кайсыл уруудан экендигин билишпейт, арасындагы жөөт (Бухар еврейлери) жана алардын туушкандары арабтардын таасири астында айрыкча Ислам дининин эртерээк алгандыгынын негизинде уруучулук касиеттерин жоготуп коюшкан. Өзүбек деген элдин аталышы, Өзүбек деген Чынгызкандын (Чын кыргызка кан) урпагынын аталышынан аталып калган. Тарыхый булактардын негизинде Өзүбек кандын апасы Ак Чолпон (Белая Венера) деген жөөт улутунан болгон. Апасынын таасири астында тоок жылында 1320-1321-ж. Өзүбек кан ислам динин алган. Казактын тарыхчысы Ж.Артыкбаевтин "Кочевники Евразии в калейдоскопе веков и тысячелетий"деген китебинин 163-164б.окусаңар болот. Мына ошондон баштап Өзүбек кандын карамагындагы көчмөн элдери байлыкка алдануу, зордук зомбулуктун таасири астында ислам динине өтө башташкан. Ушул эле китептин 170-б. XV-кылымда Өзүбек кандыгы урай баштаганда, ошол кандыктан калып калган урууларды казак деп аталган деп жазылыптыр.
Бул жерден мен казак элинин чыгышы тууралуу О.Айтымбетов агабыздын "Кара кыргыз" деген китебинин 4-т. 278-284-б. жазылган маалыматтарды да берип кетейин. Бул агабыз санжырачы аталарыбыздын калтырган маалыматтарына таянып мындай деп жазыптыр: "Казактын түп атасы кыргыз, түп энеси кытай (ханцзуу)".Убагында биздин бабалар ханцзууларды айдап келип, жерге иштетишип, кыз-келиндерине үйлөнүшүп, эркектерин кул кылышкан экен. Тарыхта көчмөн элдери(аруулар-арийлер) дайыма жер иштеткен(отурукташкан)элдерге баскынчылык кылып келген. Айрыкча аба-ырайы катаал болуп жут болгондо, малдары кырылганда, биздин бабалар жер иштеткен-дыйкандардын тамак-аштарын тартып алып турушкан. Ушул себептен азыркы ханцзуу эли өзүнүн сепилин салышып жаны аман калышкан. Ал эми Аравиядагы, Европадагы элдер бекине турган сепилдери жок, биздин бабалардын кулдарына айланышкан. Бул тууралуу казактын тарыхчысы А.К.Нарымбаеванын "Туран-колыбель древних цивилизации"деген китебинен окусаңыздар болот. Ошол жерлерде биздин бабалардан төрөлгөн урпактары жыныстык мүчөлөрүн кезишип, ислам динин кабыл алышып түрк же түрүк(жыныстык мүчөсү кезилген же түрүлгөн)деген тайпа болуп биздин азыркы жерлерге келишип көптөгөн зыяндарын бизге жасашкан дагы эле жасашып жатышат.
Кайрадан О.Айтымбетовтун "Кара кыргыз" 4-т.278-б. казактын чыгышы тууралуу жазганын эч өзгөрүүсүз жазайын: "Казак...Бул сөз бизге өтө жакын да, абдан алыс да...Акыры айтылчу сөз эле, айталы. Биздин эл "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дейт, эми жөнү жок жашыра бербейли, анте турган болсок аны баары бир чындык ашкере кылат. Тилекке шай, болгонду болгондой, укканды уккандай тайманбай айтчу учур келди го. "Сөздү учурундай айтпаса атасы өлөт" дейт, айталы...
Биздин санжырачы карыялар: "казактын тили таттуу, дили катуу, алар түбү келип каңгы(ханцуу)"деп калаар эле. Алар "катуу дин" же "кара дин" деп бутпарас(Будда)динин айткан. Алманбет баатыр ошо "кара динден" биздин динге(Көкө Теңирге сыйынган ыйык динге)өткөн адам. Ханцзуулардан айдалып келгендер убагында кулдуктан качкандыгы үчүн качак деп аталышкан экен. Кыргыз тилин береги "качактар" маңкаланып(ханцзуу дифтонгдору аралашып)дурус сүйлөй албагандыктан аларды биздин бабалар тээ өткөн замандарда "маңка" деп атаган экен. Кыргыздын ханцзуу аялынан төрөлгөн бала энесинин тилинде сүйлөгөн да ошол себептен мурду менен сүйлөп калган казактар.
Казактардын кыргыз экендигин далилдеген дагы бир далилди келтирип кетейин. Казак элинин тарыхчысы, этнографы Муса Шормановтун 7-декабрь 1881-ж. казактын Ак келин жайлоосунан Г.Н. Потанинге жазган катында минтип жазган жери бар, өзгөртпөй берейин: "Просим Вас настолько быть любезным относительно исполнения Вашего намерения о составлении доклада о кочевой гимназии и прислать нам. А то киргизский(казакты айтып жатат) народ без учения коснеет в грубом невежестве. М.Шормановтун"Казак элинин дастүрү" деген китебинин 72-б. Бул жерде да азыркы казак эли "Кыргыз элинин дастүрү(каада-салты) деген сөздүн ордуна өзгөртүп казактыкы деп койгон, бул туура эмес, тарыхты бурмалоо.
Азыркы Казакстандын президенти Н.Назарбаев улуу жүздүн шапырасты(чапырашты) деген уруусунан. Ушул шапырашты уруусу тууралуу Шаакарим Кудайберди уулунун шежиресинин (санжырасынын) 72,74-б. минтип жазылыптыр: Улуу жүздөгү уруулар шапырашты, ысты, сиргели,ошакты дегендер каңлыдан(каңды-ханцзуу) чыгат ал эми каңлы(каңды-ханцзуу) арбалы (аралашма) деген сөз. Уйгыр ичинен каңглы(каңгды-ханцзуу) атанган деп жазыптыр. Эми кайсыл уруудан болсо да элине жакшы кызмат кылып берсе эле болду го деп ойлойм.
Аягында айтаар тилегим кыргыз-казак бир атанын балдары, ушул себептен тарыхый чындыкты жазалык. Эмесе канчалык тарыхты бурмалай берсек, бул жалгандан өтүп кеткен ата-бабаларыбыздын арбактары бизге нааразы болушуп биздин жашообуздагы турмушубузга кедерги болот го дейм. Буга бир мисал СССР деген улуу мамлекет жок болуп кетти го, өзүнүн арасындагы элдердин тарыхын бурмалап жатып. Ар түрдүү тарыхта орду жок семит элдеринин тарыхын окуп, алардын бизди кулдукка айландыруу диндерине, түрүн өзгөртүп алган, кыргыз кийбеген кийимдерди кийген, бети башын сакал менен жашырып алган киргиздерден сактаналы жана аларга баш ийип бул жашоодо жок болуп кетпейлик.
Мүмкүн кээ бир туугандар бул жазылган тарыхый чындыкка каршы чыгып, сотко берем деши мүмкүн, андай боло турган болсо жогорудагы казактын жана орустардын тарыхчылары менен соттошуусу абзел.
Кыргыз элимди Көкө Теңирим, Жаратылыштын касиеттери, ата-бабаларыбыздын, Манас бабабыздын, Умай энебиздин арбайлары колдосун демекчимин!

"МАНАС ОРДО"
коомунун төрагасы,
Анарбек Усупбаев