Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Коррупциянын колтугундагы жашыруун сыр


Медицина адамды эмес, анын ооруусун дарылайт. Илдетти алып жүргөн адамды ошол оорудан арылтпаса, дарылоонун жыйынтыгы чыкпайт. Өлкөбүздө 20 жылдын аралыгында төңкөрүштөр болуп, бийлик башындагылар "куулуп" чыкканы менен, анын натыйжалуулугу табышмактуу сырга айланган. Анын себеби деле жашыруун эмес. Маселе бийлик төбөлдөрүн кулатууда эмес, системаны түп-тамыры менен өзгөртүүдө турат, бирок буга маани берилбейт келет. Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөштө көзгө көрүнөрлүк жылыштар болбой отурат. "Акулалар аман, курмандыкка жалаң чабактар чалынууда". Биздин бул пикирибизди сотторубуздун "көмүскөдөгү гумандуулукту" "көргөзүшү" менен мамлекетибиздин жарандыгын аныктоодогу тенденциялар айкын далил боло алат. Айрыкча паспорт маселесинде сырдуу шоулар жана көшөгөнүн артындагы оюндар буга төгүндөлгүс далил боло алат.
Мамлекеттик жашыруун сырдын бири - паспорт системасы десек эч ким каршы болбос. Тилекке каршы, бул маселени чечүүгө кыргыздардын "акылы" жетпесин аныктагандар жооптуу ушул "ишмердүүлүктү" мамлекеттик уюмдарга да, кыргыз жарандарына да ишенбей, "Интел линкс" чет элдик бир фирманын карамагына өткөрүп беришкенин тануу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, тиги же бул мамлекеттерге виза ачууга көптөгөн жеке менчик фирмаларга лицензиялар берилген. Ошентип, паспорт гана эмес, виза берүү укуктарга ээ болгон кийин мамлекет аларды көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган деп кесе айтсак болот. Мына ушунун өзү акыры паспорт системасында коррупциянын гүлдөшүнө ыңгайлуу шарт түзүп берген деген жыйынтык чыгарууга шарт түзүп отурат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов "…1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор - паспорттук бөлүмдөрдөн бир эмес миңдеп уурдалганын", ошол эле учурда белгисиз адамдардын "акчасын алып, паспорт жасап берип жаткандыгын" кармагандыгын да ачык айтып отурат. Ал эми "Интел линкс" жеке менчик ишкананын жетекчиси Таалайбек Жумадылов 2005-жылкы үлгүдөгү паспортторду "жасалма жол менен чыгаруу же колго жасоо мүмкүн эместигин" билдирип отурат. Маселе "жасалма жол менен чыгарууда эмес, биздин паспортторубузду "сатып алуу мүмкүнчүлүгүндө" болуп жатканын эч кимдин айткысы келбей жаткандыгында эмеспи.
Албетте, биздин бул пикирибизге каршы Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев паспорт алууга "…туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жеке идентификациялык номуру сыяктуу документтер талап кылынарын" шылтоо кылат. Коррупциянын сазына кекиртегинен баткан өлкөбүздө буларды сатып алуу мүмкүн эместигине ким кепилдик бере алат? Ошону менен катар жергебизде Мун, баптист, Хизбут-Тахрир уюмдары сыяктуу көптөгөн диний уюмдарына кирген жарандарыбыздын эч бири ири суммадагы каражаттар үчүн террорчуларга паспорт алып берүүгө көмөк көргөзбөйт дегенге ишене алабызбы?
Паспорт - бул мамлекеттик маанилүү документ болсо, аны жасоо жана даярдоо эмне үчүн жеке менчик ишканага бекитилип берилген? Күчтүү полиграфиясы бар, мындан тышкары кубаттуу "Учкун" басмаканасы турса, "Интел линкс" фирмасынын ээлигине өткөрүлүшү кимдир-бирөөлөрдүн "кошумча киреше табуучу" каражаты болуп жатпасын? Андан түшкөн "шапкелер" канчага турарын иликтөөчү мамлекеттик уюмдар бар болду бекен? Буга бийлик бутактары расмий түрдө ишенимдүү жооп бере алабы?
Бардыгы акчага байланышкан жерде калыстык да, чындык да болушу мүмкүн эмес. Мына ушунун өзү кылмыш дүйнөсүнүн күч алышына шарт түзөт. "Бардыгын сатып алууга шарты бар болсо, байлыгына жана мансабына чиренгендер "көпкө жетүү үчүн кантип азды курмандыкка" чалбасын? Башкасын кой, ири чиновниктердин элчиликте (дипломатиялык корпуста) уул-кыздарынын эч тиешеси жок болсо да, ошол кол тийбестик укукка ээ кылган паспортторго кантип ээ болушат? Ушул факт эле паспорттордун жең ичинде сатылып жатканын тастыктаган жокпу? Ал эми чет элдиктер кырдаалга ылайык кыргыз паспортторун эки эселенген баада болсо да, сатып алуудан качпайт эмеспи? . Мына ушунун өзү коррупциянын колтугуна жашырылган сыр болуп жүрбөсүн?
Жакында "Астана" аба каттамында кыргыз паспорттору менен Астана-Франкфурт багытына учуп кетүүгө Ооганстандын алты жараны аракет жасап кармалганын ааламга жар салышты. Ал гана эмес алар жасалма виза чапталгандыгын да баса көргөзгөндүгүн "Азаттык" радиосу шардана кылды. Ушундан улам "Интер линкс" жеке менчик ишканасынын башчысы Т.Жумадыловдун бул паспортторду жасап алуу мүмкүн эместиги тууралуу сөзүнө ишенсек, анда жогорудагы ооганстандык жарандарга жасалма паспортторду ушул ишкананын кызматкерлеринин гана кошкон салымы бар деген жыйынтык чыгаруубузга түрткү берет. Ушул жерде мындай коррупциялык кылмыш иштерине ИИМдин текшерүү процедурасын алып таштоо себепкер болгон сыяктанат. Себеби, паспорт алууга документ тапшырылып жатканда, ал адамдын чынында КРнын жараныбы, кылмыш иштери боюнча издөөдө эмеспи, экстремисттик уюмдар менен байланышы барбы-жокпу? - текшерилиши зор мааниге ээ. Бул үчүн паспорт алуучу тийиштүү справкаларга жүгүрбөөгө тийиш. Азыркы компьютердик заманда ИИМден муну аныктоо ошол паспортту берүүчү бөлүмдүн кошумча милдетине киргизилиши зарыл. Ал эми ар бир катты, ар бир справканы даярдаган кызматкердин аты анын аягында көргөзүлүшү эле алардын жоопкерчилигин көтөрөт жана жаран артыкпаш түйшүктөн кутулат. Ошол эле учурда айрым коррупциялык иштин башатына бөгөт коюлмак. Ар бир тараптын жоопкерчилигин күчөтмөйүн коррупцияга чек коюлбайт, жасалма паспортторду "жасатып" алуу да токтолбойт. Эң негизгиси, чыгарылган паспорттордун санына, ал менен жарандардын камсыз болушун мамлекет көзөмөлгө албаса, бул көйгөйлөр чечилбеген маселе боюнча кала берет.
Эртабылды АТТОКУРОВ





Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн "Де Ля Рубу"?


Тендер деген сөз акыркы мезгилде модага айланып, түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле кайра-кайра кайталап, билимдүү, заманбап адам көрүнгүсү келген эр-азаматтарыбыз четтен чыгат. Бирок, тендер деген сөз карапайым калктын аң-сезимине жең-ичинен соодалашуу, шапке, ортодон акча көрүү деген түшүнүк менен кирип калганы жаңылык деле эмес.

Мына кечээ жакында эле, өткөн айдын 11инде Салык кызматында алкоголь жана тамеки боюнча акциздик маркаларды өндүрүү жана алып келүү боюнча кызмат көрсөтүүгө өткөрүлүп жаткан тендер болуп өттү. Бул жерде биз өткөрүлүп жаткан тендер тууралуу эмес, ага катышкан компанияларга, тагыраак айтканда компанияга токтололу деп жатабыз. Эсеби маселен, аталган тендерге катышкан компанияларды тизмектейли: Литванын Garsu Pasaules, "АТВ Вест" ЖАКы, Россиянын "СИБПРО" ЖАКы, Кореянын "Парк&ОРС", Англиянын "Де Ля Ру Интернешнл" жана Кытайдын "Шеен-Джен Хуадэ" компаниялары. Байкасаңыз булардын ичинен бир компания кулакка тааныш угулуп жатса керек. Ооба, албетте, бул Англиянын "Де Ля Ру Интернешнл" компаниясы. Интернет айдыңын, гезиттерди ырааттуу окуп келе жаткандарга жакшы эле маалым болсо керек, бул компания. Анын бир эле мисалы, буга чейин алкоголь жана тамеки боюнча акциздик маркаларды өндүрүү жана алып келүү боюнча кызмат көрсөтүүгө өткөрүлүп жаткан тендерлерден 16 жыл бою катары менен утуп келгендиги эмнени каңкуулап турат? Же 16 жыл бою ар кандай шарттарда бул компания ийкемдүү болуп, тендерди таза утуп келген деген ойго жетеленип жатасызбы? Биз да өз жүйөөлөрүбүздү келтиргенге аракет кылалы:
Бул компаниядан шек санаганыбыздын себебинин алгачкысы 16 жылдан бери жалгыз өзү жеңип келе жатканы болсо, экинчи шек саноо жогоруда сөз болуп жаткан тендерге акциздик марканы өтө төмөн даярдап берем деген кепилдик-милдеттемеси (тендердин талабына ылайык) менен катышып жаткандыгы болуп жатат. Маалыматтардагы эсеп-чотторго кайрылсак, ошол заман жакшы кезинде 1 акциздик марканы 94 тыйындан жасап келген болсо, азыркыдай дүйнөлүк экономикалык жагдай олку-солку болуп турганда 1 акциздик марканы көрсөтүлгөн суммадан 3 эсе арзан жасоого убада кылууда. Бул жерде биз көрсөткөн 1 марканын баасы 94 тыйын деп арзыбаган акча көрүнгөнү менен, аны 1,5 миллиард даана заказ берилген акциздик маркага көбөйтүп коюңуз, канча каражат болот экен. Эми ошончо марканы 3 эсе арзан сунуштаган тыйынына көбөйтүп көрсөңүз, ортодо канча айырма чыгаарына күбө болосуз. Калган айырма кайсы чөнтөккө адашып кирип келгендигин арифметика түшүнбөгөн адамдарга деле айдан ачык байкалат го дейм. Олчойгон ондогон милллион доллар менен биз жеп-ичип көнүп калган эки качкын эл башчынын куйруктарынын капчыктарын качанкыга чейин толтура беребиз?
Эми мындай салыштырма эсеп-чотторго, жасалма өткөрүлгөн тендерлерге, элдин башын айланткан коррупциялык схемаларга эмне үчүн эч ким эч нерсе укпагандай мамиле кылган. Эски режимдин ачыктан-ачык коркутуулары, сөз эркиндиги үчүн куугунтуктар, ур-токмоктор, такыр баш ийбегендерин энесин үч коргондон көрсөткөн зомбулуктары "бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок" акыбалга алып келгендигин айтпасам да белгилүү.
Кандай гана сын айтылганы менен тендердик комиссияга кайнаса каны кошулбаган Жогорку Кеңештин беш башка фракцияларынан кирген депутаттардын кириши балким, жасалма тендерлерге, коррупциялык схемаларга бөгөт болуп жатат ко деген ойго келет экенсиң. Болбосо, кандай гана комиссия түзсө дагы бир эле компаниянын жеңе бергени кантип болсун. Жанагы жасалма жол менен акча таап жаткандардын жанын сууруп жаткан Коррупцияга каршы кызмат анча-мынча (албетте, жасалма тендерден түшкөн каражаттын жанында алардык акчасы анча-мынча болуп калат да) пара алды деген мектептин директорлорун, окуу жайлардын мугалимдерин аңдыбай, ушундай тендерлерге эле кайырмак салса, мамлекеттин бюджетин сактап калууга чоң салым кошкон болот эле да. Эми жаңыдан телчиге баштаган бул кызматты дароо эле көрдөн алып. жерге салбай, сындабай байкоо салып туралы деген кеп да. Ылайым, Алла-Таала тилекти кабыл кылып, ыймандуу кызматкерлер жогорудагыдай тендер-мендерлердин өтүшүн мыйзамдуу жолго салсын дейли. Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы болуп, ортодо пайда көрүп көнүп калган "делярулардан" Кудай сактасын.
Биз жогоруда сөз кылган тендердик комиссиянын экинчи жыйыны 16-майда болуп, тендердик комиссия сунушталган документтерди карап, талдоого алып, тендердин кароосуна Garsu Pasaules (Литва), "СИБПРО" ЖАКы (Россия), "Парк&ОРС" (Корея), "Де Ля Ру Интернешнл" (Англия) компанияларына уруксат берилди. Бул компаниялардын акциздик маркаларынын үлгүлөрү экспертизага жөнөтүлдү. Эксперттердин жыйынтыгынан кийин тендердик комиссиянын отуруму өтүп, жеңүүчү аныкталат. Баам салып, байкай туралы - кайсы компания өтөт. "Алаканды шак коюп, көчүктү жерге так коюп, "тфу, энеңди дагы делярубу" дейбизби же тендердин ачык-акын, адилеттүү өткөнүнө күбө болобузбу? Күтөлү...
Жанкороз Эсенгелдиев