Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Айылымдын түтүнү бал жыттанат"


"Өмүр бизден өтүп кетсе,
Эл эмгектен эскерсин"
(А.Токомбаев)


Канча мезгил билинбей өткөндүгүн эсептеген адам болбосо керек. Иш менен жашоонун күнүмдүк түйшүгүн тартып, жалындуу жаштык өткөнүн уул-кыздарыбыз эресеге жеткенде гана билип, өткөн ар бир күндүн текке кеткен учурларын ошондо гана эске алат экенбиз. Бул табигаттын бузулгус мыйзамы экенин учур өткөндөн кийин түшүнөт көрүнөбүз. Муну да түшүнүүгө кандайдыр бир кырдаал себепкер болору шексиз. Улгайган учурда "жаштар артка карагысы келбесин, анткени алардын жашыл майсаңы алдыда экендигин, ал эми карылар эч качан алды жакка карабасын, себеби алардын жашыл майсаңы артта калганын" акын Нуралы Капаров таамай айтканын аргасыз моюнга алууга туура келди. Айылыбыздын мектебинен учуп чыгып, сыртта жашап жана иштеген муундарынын өкүлдөрүнүн, ар кыл курактагы адамдарынын жолугушуусу акыры бул чындыкты айтууга аргасыз кылып отурат. Акыры биз ким элек, ким болдук? - деген суроону буга катышкандардын алдына койду көрүнөт.
Айтылуу Талас жергесинин башында Үч-Кошойдун оозунда Талды-Булак айылы жайгашкан. Жайы салкын, кышы жылуу, каарына алса караандай шамалы сөөктөн өткөн бул айылдын таза абасы, көк кашка тунук суусу дартка дабаалык касиетке ээ сыяктанат. Өпкө болгон койдой жөткүрүп барганымда, эки-үч күн жүргөндөн кийин кыйнаган ушул илдетимден арыла түшөм. Айылыбыздын эли да кыргыздын "алтымыш уруусунан" түзүлгөндөй, "курама темир курч болот" дегендей бул аймактагы адамдар уруучулук жактан анча териштире бербейт, аларга кимдин баласы экениңди айтсаң жетиштүү. Бул саам айылымдагы жолугушууга себепкер М.Туйтунов атындагы Бакай-Таш орто мектебинин жамааты уюштурган "Элеттик эр азаматтарыбыз менен сыймыктанабыз" аттуу кече болгонун жашырбай айта кетейин.

Талды-Булак айылында 1933-жылы №113 асыл тукум жылкы заводу уюштурулат. Азыркы жаштардын көбү жеке менчиктен башкасын жакшы билбейт. СССРдин учурунда айыл чарбасынын негизин совхоз (советтик чарба), колхоз (коллективдүү чарба) түзгөн. Совхоздор мамлекеттик чарба болгондуктан мамлекет тарабынан каржыланып, анда иштегендер айыл чарбасындагы жумушчу табы катары эсептелинген жана эмгек акы акчалай төлөнүп, чарбалык иштер начарласа, аны көтөрүүгө дотация берилген. Ал эми колхоз жамааттык мүнөздө болгондуктан, өздөрүн кирешесине ылайык эмгек акы натуралдык мүнөздө төлөнгөн. Ушундан улам биздин айылга сырттан көчүп келгендердин саны көп эле, бирок элибизде эл-жерге бөлүү болгон эмес.

Ал эми айылыбызда орто мектеп 1967-жылы уюштурулган (ага чейин 8-жылдык мектеп эле). Баш калаадан гана эмес, райондун борборунан алыс жайгашканына карабастан, ушул мектепти бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли да жогору болгондугун сыймыктануу менен белгилесек болот. Азыркы күндө мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында онго жакын илимдин кандидаттары бар. Мындан тышкары көптөгөн юрист, журналист, медик, мугалим, механик, зоотехник, ветврач сыяктуу кесипке ээ болгондор, техникалык тармакта эмгектенгендер көп. Алардын басымдуу бөлүгү коомдук-саясий иштерге үзгүлтүксүз катышып келишет. Көбү жооптуу ишти аркалап келишет. Борбор калаабыздагы Жал кичирайонундагы балдар поликлиникасынын жетекчиси К.Узакбаев, ушул поликлиниканын тажрыйбалуу урологу Т.Жаманкулов, шаарыбыздагы поликлиниканын биринде акушер-гинеколог иштеп жаткан Элмира Акматова, Венера Куттубекова , нейрохирург Мелис Назаралиев, Зухра Мураталиева сыяктуу ак халатчандар үч муундун өкүлдөрү болсо, биология илиминин кандидаты А.Самсалиев , айыл чарба илиминде генетикалык тармакта изилдөө ишин баштаган М. Исаевдин жаш курактарында кескин айырмачылыктар бар. Жол курулушун эң мыкты билген , КРнын экс-депутаты Э.Назаралиев, полиграф А.Жумалиев, юрист К.Базаркулов, чыгаан журналист Ж.Төлөгөновдор ак эмгектери менен элге таанымал болушкандар. Мындай чыгаан инсандардын баарын атап бүтө албайсың. Өзүм ушул айылда чоңоюп, ушул мектепти бүтүрсөм да, айрымдарын жаңы таанып отурам. Ага жаш өзгөчөлүктөрүбүз менен көбүбүздүн сыртта жүргөндүгүбүз себеп болгондой сезилди.
"Жакын жүргөн менен алыспыз…" - дегендей көбү менен кесиптик иш боюнча пикир алышканыбыз менен баарыбыз мектептен жолугушканыбызда кубануу да, таң калуу да пайда болду. Көрсө бир өзөндүн суусун ичип, айылыбызда кечээ эле аралашып жүргөн адамдардын уул-кыздары сырттан бейтааныш болуп жүрүптүрбүз. Мына ушул жолугушууларды уюштуруу иштеринде кыштын кычыраган суугуна карабастан ар бирибизди издеп таап, сүрөтүбүзгө чейин тартып алып кеткен ушул мектептин мугалимдери Б.Кулубаев менен Р.Ырсалиевдердин зор мээнетине ар бирибиз ыраазылык билдирип жаттык. Жалпынын иши үчүн жүргөн бул экөөнүн аракеттерин тескери түшүнүшкөнбү, айтор, ушул эмгектери өзгөчө "бааланып", эмгек акылары да кесилиптир, ага карабастан булар толгон түйшүк менен "Элеттик эр азаматтарыбыз менен сыймыктанабыз" көргөзмөсүнүн жасалгасын бүтүрүшкөндүгү өзүнчө сөз кылууга арзыйт.
Мугалимдик кесип ары оор, ары жооптуу, ары кызыктуу. Ар бир окуучунун кыял-жоругуна жараша мамиле жасоо, сабакка кызыгуусун арттыруу, өтүлгөн сабакты гана түшүндүрүп үйрөтпөстөн, ал аркылуу таалим -тарбия берүү жеңилге турбайт.

Бул жолугушууну мектептин мугалимдеринин көтөрүп чыгышы зарыл беле? - деген суроо түйшөлттү. Акырында мындай аракеттердин тарбиялык мааниси эске алынгандыгы тууралуу жыйынтык чыгардык. Ачыгын айталы, жумушсуздук күч алып, билимдүүлөрдүн көбү иши жок калып, кесиптерин базарда соода кылууга алмашканын окуучулар деле жакшы билип калышты. Анын таасиринде окусаң да, окубасаң да баары бир базарга чыгасың деген терс түшүнүк өз үстөмдүгүн орноткон мезгилде алардын аң-сезимдерине сиңип калган бул көз караштарга каршы күрөш жүргүзүүгө туура келди сыяктанат.
Эң негизгиси мектептен терең билим алган адам жогорку окуу жайларында да зор ийгиликке ээ болорун, терең билимге ээ болгондор гана бардык жакта өзүнө жумуш таап, ошол кесиптин үзүрүн көрөрүн, ошол аркылуу калк арасында кадыр-баркка ээ болорун ушул жолугушуулар аркылуу мектеп окуучуларына жеткирүү максаты коюлган эле. Мында айылыбыздын мектебинде билим алгандардын азыркы күндөгү ишмердүүлүгү аркылуу таасир көрсөтүү менен өспүрүмдөрдүн билимге кызыгуусун жогору деңгээлге көтөрүүгө багытталган мугалимдердин изденүүсү катары санасак болот. Ошол эле учурда ар кимдин кичи Мекени менен бекем байланышты түзүүгө ташталган чакырыктын артында патриоттук тарбиянын башкы каражаты болорун алдын-ала боолголошкондугунда эле.
Кеченин жүрүшүндө сыртта эмгектенгендер менен айылдыктардын ортосунда байланышты чыңдоо аркылуу биримдикти чыңдоого жасалган аракет катары бааласак болот. Таанышуулар, жекече пикир алмашуулар айылдын кулундарынын ынтымагын чыңдашына шарт түзүп отурат. Кантсе да муундардын ажырымын четтетип, алардын ортосундагы байланышты күчөтүү учурдун актуалдуу маселеси катары коюлуп отурат. Бул демилгени колдоо менен чектелбестен, ал жалпы элдик мүнөзгө ээ болсо, аны кеңири жайылтуу аркылуу таалим-тарбиялык иште чоң утушка ээ болорубуз ачык көрүнөт.

Педагогикалык тармакта мектепте чыгармачылык менен сабак берүүгө айрыкча көңүл бурулганына, кесибин ыйык туткан мугалимдердин көптүгүнө кантип кубанбайсың? Башкасын мындай коёлу, көпчүлүк жерде музыка, кол эмгек, дене тарбия сабактары мугалимдердин "кошумча" сабагына айланганын тана албайбыз. Негизги сабактарга гана эмес, ушул "өгөй" сабактар боюнча иштелип чыккан көргөзмө каражаттар, атайын түзүлгөн кабинеттердин уюштурулушу, жылдын мугалими жана китепканачылардын конкурсунда баш байгелерге ээ болушу чет жакта жайгашкан мектептин жамаатынын жараткан зор ийгилиги катары бааласак болот. Ал эми түштүк жергебизде азыр колго алынган "Манас-Ата урпактарынын бирикмесинин" жол-жоболору да алгачкы ирет ушул Бакай-Таш орто мектебинин чет тилдер мугалими Касым Токтогонов тарабынан иштелип чыккандыгын белгилеп кетсек артыкбаш болбос. Бул тууралуу иликтөө башталып отурат. Ал эми жолугушуу-кечесинде 1-4-класстын окуучуларынын ар түркүн элдердин бийлерин жогорку деңгээлде аткарышы эле мугалимдердин канча эмгек кылганын айгинелеп койду.
Бул күн көпчүлүгүбүздүн көңүлүбүзгө балалык курагыбызды, окуучулук күндөрүбүздү эске салды. Улуу муундарга сабак берген агай-эжелерибиз тилчи Кадыр Жумашев, математик Зарлык Айткулов, А.Алтымышов, физик жана сүрөтчү Имаш Саадаев (репрессияланган инсан Саадаевдин иниси) сырттан келип иштеген физик Ы.Өзүбеков, биология мугалими Ж.Чоюнбаев, И.Дуулатов, тарыхчы жана географ С.Мамбетов, химия мугалими Л.Мойдинова сыяктуу мугалимдерибиздин ишмердүүлүгүн эстафета катары кабыл алышкан мектептин кийинки муундары Н.Тотуева, К.Токтогонов, Асан агай-эжелерибиздин эмгектери зор экендигин белгилеп кетели. Элдин уучу кур калбайт, ушул мурдагы улуу муундардын эмгегин текке кетирбей, алардан артта калбоо үчүн жана жаш муундарды тарбиялоодо салымын кошуп жатышкан жаш мугалимдерибиздин чыгармачылык менен биздин небере-чөбөрөлөрүбүзгө билим жана тарбия берип жаткан Бакай-Таш мектебинин мугалимдерине дагы бир ирет кече-жолугушууга катышкан айылыбыздын чыгаан уул-кыздарынын атынан таазим кылам. Элибиздин биримдиги да, ынтымагы да, келечек тагдыры да мектеп босогосунан башталат. "Ааламга кетчү жол айылдан башталса", анын башталышы билимдин башаты мектептен башталарын дагы унутпасак.
Эртабылды АТТОКУРОВ