Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жигит өлбөс болсочу...
Канат Жейренчиев,
киши колдуу болуп курман болгон, белгилүү каскадёр Эсен Жейренчиевдин бир тууган иниси:

"Кудайбергенов менен агам Жейренчиевди Бакиевдер эле өлтүргөн..."



100 дон ашуун эр-азаматтын өмүрүн алган кандуу Бакиев бийлиги жаңыдан бийликке келгенде кыргыздын мен-мен деген тың чыкма жигиттери чаламандын чак тушунда киши колдуу болуп курман болуп, атылып жок кылынган. Алардын арасынан эң алгачкылардан болуп, 27 метр бийиктиктеги аскадан ат менен секирип, Гиннес дүйнөлүк рекорддор китебине кирген атактуу каскадёр Үсөн Кудайбергенов да бар. Үсөн агабыз, ошол учурдагы эл үчүн күйүп, патриот болумуш этип жүргөн саясатчыларга салыштырмалуу акылы жагынан да, адамдык асыл сапаты жагынан бир топ эле жогору турганын жашырууга болбойт. Үсөн агабыздын чыпалагына тең келе албаган ошол саясатчылар бүгүнкү күнү да бийликте отурушат. Мисалы, башкасын коюп эле маркумдун эң жакын досу болгон темир генерал Феликс Куловду алалы. Феликс мырза, 2005-жылдын 24-мартына чейин камакта жатканын көпчүлүк жакшы билет. Генералдын багына революция болуп кетип, ошондо биринчилерден болуп, генералды абактан алып чыккан досу Ү.Кудайбергенов болгонун маркумдун жакындары бүгүнкү күнгө чейин айтып келишет. Ал тургай маркум каза болгондо Ф. Кулов премьер-министр болуп туруп, "мен досумду өлтүргөндөрү алыска узатпайм, сөзсүз түрдө аларды таап жазага тартам" - деп, убадасын берген экен. Андан кийин Кулов бир канча убакыт премьер-министрлик кызматты аркалап, тилекке каршы, эч кандай кылмыштын бетин ача алган эмес. Ошентип, кыргыз эли чыгаан каскадёрунан айрылып, өзгөчө Каскадёрлор федерациясы жетимсиреп турганда кыргыздын дагы бир кыраан жигити, Ү. Кудайбергеновдун үзөңгүлөш досу, белгилүү каскадёр, атбашылык эр-жүрөк Эсен Жейренчиевди жетекчи кылып шайлашкан. Көп өтпөй убал-сооптон коркпогон кылмышкерлер Эсен Жейренчиевди дагы 43 жаш кырчын курагында көзүн тазалашты. Бүгүн биз маркумду эскерип, иниси Канат Жейренчиевди кепке тарттык...
- Канат мырза коомчулук Үсөн Кудайбергеновду жакшы тааныганы менен агаңыз Эсен Жейренчиевди жакшы тааный бербесе керек, агаңызды тааныштырып, кененирээк айтып берсеңиз?
- Агам Нарындын Ат-Башы районунда туулуп өскөн кыргыздын намыска бек, эр жүрөк азаматтарынын бири болчу. Жаш кезинен эле спортко аралашып, спорттун ар кандай түрү менен машыгып жүрдү. Кийин атайын спорт мектебин ачып, Нарындан кырк бала алып келип, Ү. Кудайбергенов башында турган каскадёрлор федерациясына кошкон. Үсөн байке экөө ага-инидей болуп абдан жакын мамиледе болчу. Экөө биригип, көптөгөн каскадёрлорду тарбиялап чыгарып, бул өнөр менен кыргыздын атын алыска даңазалашкан. Үсөн ага сыяктуу эле, агам дагы Чынгызхан ж.б. кинолорго тартылып, актёр катары да тааныла алды. Турмуш деген ар кандай экен, мамлекет каскадёрлорго тиешелүү деңгээлде көңүл бура албагандыктан, акыркы учурларда бизнеске ооп, соода-сатык менен алектене баштаган. Бирок, каскадёрлуктан кол үзгөн эмес. 2005-жылга жакын бизнесин Дубайдан жүргүзүп, дүйнөнүн 160 өлкөсү кирген Дубайдагы ири соода-сатык фестивалына Кыргызстандын атынан катышкан. Фестивалга катышуу үчүн Кыргызстанга келип "өлкөнүн соода тармагын дүйнөгө тааныталы, жардам бергиле"- деп Тышкы иштер министрлигине кайрылса, министрлик эч кандай жардам берген эмес. Акыры өзү иштеткен "Атис" деген фирманын атынан акча чогултуп, Кыргызстандан чыккан товарларды Дубайга алып кетип бара жатканда премьер-министр Николай Танаев телефон чалып, 12 кишиден турган өкмөт мүчөлөрүн кошо жиберген. Алгачкы бизнесин бал сатуу менен баштаган. Каза болооруна жакын Дубайдан Кытайга күйүүчү май ташып сатсамбы деп жүргөн. Ошентип аты чыгып, атагы алыска тарай баштаган мезгилде өлкөдө революция болуп, Бакиевдер бийликке келди. Көп өтпөй эле агабыз Ү. Кудайбергенов атылды. Андан кийин эле байкемди атып жок кылышты.
- Ү. Кудайбергенов менен агаңыздын өлүмүнө кимдерди күнөөлөйсүз?
- Бакиевдерди гана күнөөлөйм. Себеби Үсөн байке көп нерсени билчү. Өлөөрүнө үч күн калганда ал киши, "мен аман болсом, Бакиевди президенттикке талапкерлигин койдуртпайм" -деп айткан экен. Себеби Бакиевдер бийликке келгенден кийин кимдердин башын алып, кимдерди өлтүрүү боюнча атайын тизме түзүп, ал тизменин арасында өзү да бар экенин айткан. Ошондо Эсен байкем Үсөн байкени кайтаруу үчүн эки жансакчы жалдап, кайтарып жүрсүн десе, Үсөн байке "мен эмне бандит белем деп" жансакчылардан таптакыр баш тартып болбой койгон. Ошондой эле, Үсөн байкенин жанында жүргөн балдардын айтуусунда Үсөн байке Бакиев тууралуу менде абдан чоң компромат бар деп айтып, бирок кандай компромат экенин айтпаптыр. Менимче ал компроматты Үсөн байкем шайлоонун алдында жарыяламак болуш керек. Ошон үчүн Бакиевдер президенттик шайлоого жеткизбей өлтүрүп койдубу деп ойлойм. Ал эми Эсен байкеме деле Үсөн байке каза болгондон кийин бирөө келип, "сен дагы кара тизмеде экенсиң" - деп ачык эле айтыптыр. Ошондуктан, экөө тең эле Бакиевдердин курмандыгы болду деп так кесе айта алам. Байкемдин Үсөн байке аткара албай калган иштерин аткарып, каскадёрлорлук өнөрдү жогорку деңгээлге көтөрсөм деген асыл максаттары бар болчу. Анын баары ишке ашпай калды. Учурда каскадёрлор федерациясына мамлекет тарабынан көңүл бурулбагандыктан, көптөгөн мыкты каскадёрлор чет өлкөдө иштеп жүрүшөт. Мисалы байкемдин колунан тарбияланган эки каскадёр Кытай циркинде иштесе, экөө Казакстанда иштеп жүрөт. Байкемдер бар кезде Италиядан атайын каскадёрлор келип, биздин жигиттерге абдан жогору баа беришкен. Анткени биздин каскадёрлор аттын кулагы менен тең ойноп, өтө татаал, оор "трюктарды" көрсөтө алышчу. Ат менен кошо жыгылган "трюкту" Үсөн байкенин көрсөтүүсү менен биринчи болуп Эсен байкем жасап, буту сынган.
- Убагында каскадёрлор "кара дүйнөнүн" адамдары менен кармашкан деп айтып келишет. Ушул боюнча айта кетсеңиз?
- Мактангандай болбоюн мен деле каскадёрмун. Байкем менен жүрүп көп нерселерди көрдүм. Каскадёр болуп киного да тартылдым. Албетте, "кара дүйнөнүн" адамдары тийишкен жок деп айткандан алысымын. Тийишти. Эң башкысы биз алардын астында башыбызды ийип чөгөлөгөн жокпуз. Үсөн байке дагы, байкем дагы эр-жүрөк болгондуктан алар менен тең ата сүйлөшүп, эч убакта баш ийишкен эмес.
- Кылмыштын бетин ачуу боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, жардам сурап көрдүңүзбү?
- Байкем каза болгондон кийин көксөөм суубай, акыйкаттык издеп Ленин райондук Ички иштер бөлүмүнө кайрылсам, ошол жерде иштенген кызматкерлери "бизге кайрылганыңыз негизсиз, баардыгы жогору жактын көрсөтмөсү менен болууда" деп шаабайымды суутушкан. Ошондон кийин кылмыштын бети ачылбасына көзүм жетип, эч жакка кайрылган жокмун. Баардыгын бир гана Кудайга койдум, Кудай жазаласын.
- Агаңыздын үй-бүлөсү боюнча да кыскача айта кетсеңиз?
- Агамдын артында ботодой боздоп жубайы жана үч кыз, эки уулу калды. Алды эр жетип чоңоюп келе жатат. Эки уулу тең байкеме куюп койгондой окшош. Кудай буюрса, ата жолун жолдоп, кыргыз элине кызмат кылган чыгаан инсандардан болсо деген тилектемин. Биз туугандары байкемдин үй-бүлөсүнө колдон келген жардамыбызды берип, каралашып турабыз. Жашоолору жаман эмес, эл катары жашап атышат. Өкүнүчтүүсү байкемдин эле көзү жок.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев