Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жунусов тууралуу тасмага "күптү" болдук
Эсиңиздерде болсо керек, элге таанымал "Эламан" деген гана ыры бар, азыркы Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов, былтыр вице-премьер-министр болуп турган учурунда эл ортону элүү жашка толуп, аттуу-баштуу атка минерлерден бери чакырып, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда чыгармачылык кечесин өткөргөн. Ошол элүү жашка чыккандагы тартылган чыгармачылык кечеси тууралуу тасманы, былтыртан бери кайра-кайра КТРКдан бердире берип, элдин баарына жаттатып бүтүрмөй болду. Акча төлөп көрсөттүрүп жатабы, же КТРКнын программалык көрсөтүүлөрү Жунусовдун элүү жашка толгон чыгармачылык кечесин карай-кайра көрсөтпөсө толбой калганбы, кыскасы, эл Ибрагим мырза тууралуу берилген тасманы "эңсеп" күтчү болду.
Өзгөчө Жунусовдун Москвадагы КМШ мамлекеттери мүчө болгон мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун "Шериктештик жылдызы" сыйлыгын алгандан бери, массалык маалымат каражаттарына чыккан сын-макалалардан кийин Коомдук канал эки жолу удаа-удаа көрсөттү. Сыягы, Жунусов өзүбү, же Оторбаевби, айтор, Ибрагим сыйлыкты жөн жеринен алган эмес деген нерсени айткылары келди окшойт. Албетте, биз Ибрагим мырзага ичи тардык кылып жатканыбыз жок. Айталык дегенибиз, бир эле тамакты кечке жей берип күптү болгондой, Жунусовдун чыгармачылык кечесин бир жума өткөрбөй кайталап көрө берип "күптү" болмой болдук.

Абеков ачкачылык жарыялады...
"МегаКом" компаниясынан оффшордук аймакка 6 миллион доллар чыгарып кеткендиги айтылып, коррупциялык схемаларга байланыштуу айыпталып жаткан "Альфа Телеком" ЖАКсынын директорунун мурунку кеңешчиси Алмазбек Абеков 21-майдан баштап ачкачылык жарыялаганын, тергөө абагынан жактоочуларына жиберген катында жазылганын жактоочусу Абаз Мамбетакунов маалымат жыйынында билдирди.
Жактоочусунун айтымында, ал катта күнөөсүн моюнуна алып, Азамат Мурзалиевге каршы көрсөтмө берүү талабы менен ага коркутуулар болуп жаткандыгы, үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн ачкачылык жарыялагандыгы, УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бектен Сыдыгалиевдин аны күнөөлөп ММКларга, Жогорку Кеңештин депутаттарына берген маалыматы боюнча көз карандысыз текшерүү иштерин жүргүзүүнү, Кылмыш процеcсуалдык кодексинин 163-беренеси боюнча тергөө иштерин УКМКдан башка органга өткөрүп берүүнү талап кылгандыгы жазылган. Ошондой эле, катта "мен үй-бүлөмдүн аман болушу үчүн кандай гана күнөө коюшпасын моюнума алам да. Ал эмес күндү, айды уурдап алдың десе да", - деп жазылганын жактоочусу маалымдады.



НАТО саммитине Казакбаев катышты
НАТОнун, АКШнын Чикаго шаарында өткөн саммитине Кыргызстандын атынан тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышты. НАТОнун бул саммитинде Ооганстандагы абал, 2014-жылы эл аралык күчтөр ал өлкөдөн чыгарылгандан кийинки бирдиктүү аракеттер талкууга алынды. Дүйнө лидерлерин башын бириктирген бул саммитке кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев чакырылып, бирок барган жок. Дегеле, НАТОнун саммитине чакыруу алган Борбор Азия өлкөлөрүнүн эч биринин президенти барган жок. Адистер Борбор Азия лидерлеринин саммитке барбаганын Орусиянын таасири катары сыпатташууда. Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин да жумушу көп экенин айтып, саммитке катышпай турганын жарыялаган.
Бирок канткен менен Атамбаевдин НАТОнун саммитине катышпай коюшу коомчулукта ар түрдүү кабылданууда. Айрымдары Орусия менен мамилени бузбай барбай койгону туура болду дешсе, кээ бирлери НАТОнун саммитине барса эле Орусия Кыргызстандан кол үзүп кетмек эмес. Андыктан чакырылган жерден калбай барып, маселени туура коюп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келсе туура болмок, ошондо Кыргызстандын эл аралык аброю кыйла жогоруламак дешүүдө. Эми мындан кийин НАТОнун саммитине Кыргыз бийлигинин чакырылышы күмөн экени айтылууда.

Төрөбаев Түркмөнстан президенти менен жолукту
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ашхабад шаарында Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухаммедов менен жолукту. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгы жана карым-катышы тууралуу пикир алышышты.
Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Түркмөнстан өлкө башчысына конок катары жылуу кабыл алып жаткандыгына терең ыраазычылык билдирип, эки элдин тил, салт-санаа, маданият жагынан окшоштуктары бар экендигин дагы белгилеп: "Биздин кызматташуубузга бул окшоштуктар бир топ өбөлгө болуп бере алат деп эсептейм. Ал эми биз бир эле саясий экономикалык же болбосо маданий кызматташтыкка эмес, эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгын дагы арттырууга аракет кылуубуз абзел", - деди.
Өз кезегинде Гурбангулы Бердимухаммедов Кыргызстандагы азыркы парламентаризмге терең маани берип, Түркмөн парламентинин Жогорку Кеңештен алып үйрөнө турган жактары абдан көп экендигин белгилеп: "Эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгын арттыруу биз үчүн абдан зарыл, биз ага дайыма даярбыз. Учурдан пайдаланып мен сиз аркылуу Кыргызстандын президентине жана өкмөт башчыңыздарга салам айтам", - деген жылуу пикирин билдирди.

Эл эсебинен жашагандардын эсесин тапса болот...
Жогорку Кеңеште 18-майда коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол уюштурулду. Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары министрликтердин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышты. Аталган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда КСДП фракциясын депутаты Данияр Тербишалиев "Коррупцияга каршы күрөшүү" тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын сунуштап, ага ылайык мыйзамсыз байыган чиновниктерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу жагы каралды. Тактап айтканда, мыйзамсыз байыган чиновниктерди 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо маселеси көтөрүлдү. Эми бул мыйзам долбоору парламентте жактырылып кабыл алынса, мыйзамсыз мамлекеттин казынасы кол салып, элдин эсебинен байыган аткаминерлердин алкымын тыюуга аз да болсо таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгер мыйзам долбоору жакшы иштесе, элдин ырыскысына кол салган далай төбөлдөрдү түрмөгө отургузса болот. Биздин чиновниктерге дал ушундай мыйзам долбоору жетишпей турат. Эми аталган мыйзам долбоору колдоого алынса, коррупцияга каршы күрөшүүгө жакшы өбөлгө түзмөк.


Жээналиев: "Табышмак айтсам табасыңбы?"
Жакын арада коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн жыйынтыктарын талкуулаган ажо Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин чоң жыйыны өткөнү турат. Бул иш-чара жакындаган сайын тыңгылыктуу иш жүргүзө алган жок деп тынымсыз сын-пикирге кабылып, башчылары кызматтан айдалаары айтылып жаткан Башкы прокуратура менен УКМК тызылдап иштей баштады. Мисалы, Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев Алайдан 3-4 миң тонна алтын кендери Кытайга мыйзамсыз "кымырылып" кеткенин айтып, Каржы, Экономикалык тескөө жана Бажы кызматынын жетекчилерине кылмыш иши козголгонун жар салды. Кайсы кызматкерлер экендигин азырынча ачык айта албайм деген прокурордун орун басары Жээналиев "Алар министрдин орун басары рангындагылар. Учурда бирөөсү кызматта, бирөөсү кызматтан четтеген" -деп табышмак айтты. "Коррупцияга каршы күрөшөбүз" -деп күңкүлдөгөнү менен булардын деле колунан эч нерсе келбесин Шадиев менен Пирматовдун мисалынан көрдүк окшойт. Эми алтын кендерин "кемирип" жаткан ою жаман орун басарларды ордуна коё алышаар бекен?

Сөккөндөн пайда барбы?
Өкмөт Башчы Өмүрбек Бабанов өзүнүн саясатын туура эмес жүргүзгөн эки кызматкерине сөгүш жарыялады. Бири Тышкы иштер министринин статс-катчысы Асеин Исаев, экинчиси Каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков. Асеин Исаев Өкмөттүн позициясын Жогорку Кеңеште туура эмес түшүндүрүп мүдүрүлсө, Мирланбек Байгончоков министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн массалык маалымат каражаттарына туура эмес жарыя кылып жибериптир. Бирок, Өкмөттүк аппараттагы "узун кулактарыбыздын" айтымында мындай мүчүлүштүктөр буга чейин көз жаздымда эле калып келчү экен. Бул жолкусунда башбакандын "сөгүнүп" калганына караганда экөөнүн кызматы кылдын учунда туруптур. Жакынкы күндөрү Руслан Казакбаев жаңы статс-катчылуу, Акылбек Жапаров жаңы орун басарлуу болсо ойлонуп, башыңарды оорутпай эле койгула…

Машкеевич да кызыкты
Кыргызстанды сызга отургузган айтылуу миллиардер Александр Машкеевич талашка түшкөн "Альфа Телекомду" сатып алууга кызыккандардын катарында экендигин белгилүү адвокат Икрамидин Айткулов айтып чыкты. "Альфа Телекомдун" башчыларына козголгон кылмыш иши кыргыз менеджерлери компанияны башкара албайт деген пикирди таңулоого багытталган. Бул компанияны сатуу боюнча көтөрүлгөн ызы-чуу да коомдук пикирди байкап көрүүгө байланышкан. Негизги максат компанияны арзандатылган баада кызыкдар адамдарга сатуу. Алардын арасында Александр Машкеевич да болушу мүмкүн" -дейт айтылуу адвокат.