Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Турдугулдун


жоруктарынан...


Турдугул айылдан мектепти аяктап, шаарга окууга келип агасынын үйүндө жашап калат. Шаардын турмушуна көнбөгөн неме өзүн алып жүрө албай бир топ кыйналат. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде агасынын үй телефону чырылдап калат. Чочуп кеткен Турдугул ашканада жүргөн жеңесине "жеңе-жеңе телефон чырылдап атат"...
Жеңеси... "чырылдаса эмне кылайын, алып жооп берип кой"...Телефон алып көрбөгөн Турдугул трубканы алып ким бул десе...?
Телефон чалган адам: "Мен, Асанкул байкеңди чакырчы"... Азыр деп Турдугул трубканы коюп байкесин чакырат. Байкеси келсе эле трубка коюлуу...
- Байкеси "кана чакырганы". Турдугул чакырган болчу. Көрсө билбеген Турдугул трубканы коюп туруп байкесин чакыра берген экен...
Орус группада окуган Элмурат күнүгө эле кычырап кийинип келет. Аны кийимине кызыккан Турдугул "Элмурат сен мындай кийимдерди кайдан эле таап кийип атасың?"
Элмурат : -"Дордой Плазадан". Аны уккан Турдугул окуудан чыгып плазаны көздөй жөнөйт. Барса, плаза жаркырайт. Ичине кирейин десе, эшиктин оозундагы килейген эки охрана Турдугулдун алдын тозуп киргизбей коёт. Жини келген Турдугул болбой эле кирүүгө аракет кылат. Жини келген охрана өпкөдөн ары бир коюп, сен бул жакка киргендей кимсиң өзү?
- Турдугул эмне кийим көрүп чыксам да болбойбу?
Көрсө Турдугул Дордой Плазага кирем деп анын жанындагы банкка кирип алган экен...




Акылга түй акылмандын айтканын


Ченемдүүлүк- табияттын кеңешчиси жана ден-соолуктун сакчысы, ошондуктан ичкенде, жегенде, кыймылдаганда, а түгүл сүйлөгөндө да ченемдүүлүктү сактоо керек.
Абу-ал-Фарадж
***
Согуш-бир туугандай өмүр сүрүү үчүн туулган адамдарды жырткычка айландырат.
Вольтер
***
Тозокто эч кандай от жок. Ар ким өз отун өзү алып барат.
Каражаоглан
***
Жерди сатуу - жең ичинен элди кулчулукка сатуу.
Лев Толстой
***
Саясатчылар эртең менен сакалын эки жолу алышы керек. Себеби, алардын эки жүзү бар.
Марк Твен
***
Баарынан күчтүү сүйүү - эненин сүйүүсү. Ал эч нерсе менен бааланбайт.
Т. Драйзер
***
Убагында бир кадам таштабаган жалкоо кийин аргасыздан чуркайт.
Паоло Джовио
***
Эгер жашоону сүйсөң убакытты бекер коротпо. Анткени жашоо убакыттан турат.
Бенджамин Франклин
***
Эгер билбегендерим бутумдун астында болгондо, башым көккө жетмек.
Абу Ханефе
***
Канчалаган илим ээси акылман,
Арак менен иши алардын жаңылган.
Жусуп Баласагын
***
Ыйла жүрөк, ыйлай турган өзүңсүң
Ыйлап карек, күнөөлөргө өкүнсүн
Жаан сымал төгүлүшүп көз жаштар
Жалбырттаган тозок отун өчүрсүн
Жеңишбек Жумакадыр
***
Чоң атам ким болгонун билбейм, анын небереси ким болору ойлонтот.
Авраам Линкольн
***
Бирөөдөн үлгү алган сыяктуу эле, үлгү көрсөтүү да кубанаарлык
Френсис Бекон
***
Ак иштеген адам акыры жамандык көрбөйт
Исхак Раззаков
***
Эч бир адам сенин көз жашыңа татыбайт, а татыктуу делгендер сени ыйлатпайт.
Г.Г. Маркес
***
Бирөөгө болгон ыраазычылыкты билдирбөө- белекти ороп, аны бербей койгон сыяктуу.
Уильям Артур Уорд