Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Аш көп болсо, каада көп…"

Маселе майрамда эмес,


мааниси башкада


Коомдун өнүгүүсү, анын тарыхый мүнөзүнө жараша ошол күндү белгилөө өнөкөт ооруга айланып бара жатат. Туулган күндөр, юбилейлик даталар, түгөнбөгөн аш-тойлор, буларды мындай коёлу, "сүйүшкөндөрдүн" Валентина күнүн белгилөөгө чейин жеттик. Мындан тышкары тармактык милиция, айыл чарба, байланыш, автотранспорт, тигүүчүлөр, энергетиктер, ал гана эмес балыкчылар жана башка жүздөгөн күндөр жыл сайын белгиленет. Алар календарда "кызыл" менен белгиленбесе да, тармактык мааниге ээ болуп, мамлекеттик масштабда белгиленет. Ага жумшалган каражаттар тиги же бу мекеме-уюмдардын канча каражаттарын соруп кетерин айтпай деле койсок болот. Ага диний майрамдар да кошулуп отурат. Ошентип, бизде "күндө майрам, күндө той", ага кеткен чыгашаларды эсептеп чыгууга мүмкүн эмес.
Майрамдардын көбү жакшыбы, же азы жакшыбы? - деген талаш-тартыш эми Жогорку Кеңештин босогосунан төрүнө өттү. Эске сала кетели, парламентибиз буга чейин "эркектерге эки-үч катын алуу" маселеси менен элибиздин башын айлантып келип, аягы бир никелүүлүк гана калыстык экенин, муну козгогондор калктын эсебинен жашагандар экенин аягында моюнга алууга мажбур болушкан. Ушул сыяктуу эле майрамды мамлекет таңууласа деле кабыл алабы, же четке кагабы, аны эрте-кечпи эл өзү таразалап чечип коёрун турмуш өзү тастыктап келет.
Жогорку Кеңештин депутаттары козгогон маселенин актуалдуулугун алдын-ала ойлонуп, ошол майрамдардын тарыхый мүнөзүнө жараша баа бериши керек. Себеби, алар жеке көз караштары менен сунуш киргизбестен, эң алгач "тарыхка тапанчадан ок чыгарсаң, келечек замбирек менен атаарын" ойлонушу керек эмеспи. Буга мисал катары "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун майрамдык күндөрдөн 23-февралын жана 7-ноябрь күндөрүн тарыхтан сызып салуу сунушун мисалга келтирсек болот. Демек, бул бара-бара 9-май - Жеңиш күнүн да майрамдоого тыюу салуу керектигин көтөрүп чыгууга алгачкы репетиция катары санасак болот. Буга аргументтерибиз бар.
Тарых барагына кайрылалы. Жогорудагы 23-февраль эсил кайран СССРдин учурунда майрам күн катары "кызыл" түс менен көргөзүлгөн эмес, демек бул маселени козгогондордун кетирген чоң калпыстыгы. Ал эми 7-ноябрь кыргыз элинин бүгүнкү эгемендүүлүгүнүн башаты болгонун дагы тана албайбыз. Падышалык Орусиянын 1916-жылы элибиздин аскерге уулдарын жибербөө үчүн көтөрүлгөнүн да тана албайбыз. Ал үчүн козголгон кыргыз элине каршы жазалоочу аскер күчтөрүн падыша Өкмөтү жөнөтсө, бул бийлик кулатылгандан кийин бийликке келген Убактылуу Өкмөттүн "көтөрүлүшкө чыккандыгы" үчүн Кытайдан кайтып келген кыргыз элинин келечегине кайдыгер мамилесин кантип танабыз? Качан 7-ноябрдагы революция ишке ашкандан кийин Кытай жергесинен кайтып келгендерине гана эмес, Кытайда калган кыргыздардын басымдуу бөлүгүнүн кайтып келишине шарт түзгөн Совет бийлиги болгонун эске алсак, падыша Өкмөтүнүн күнөөсүн Совет бийлигине таңуулоо - бул куру жалаа болуп калат. Демек, 7-ноябрь советтик доордогу майрам болсо да, ал элибиздин келечеги менен байланыштуу болгонун айгинелейт. Ошону менен катар бул күн калкыбыздын тунгуч алиппеси болгон, кыргыз тилиндеги алгачкы гезитибиз "Эркин-Тоо" гезитинин чыгышына туура келет. Бул тарыхый чындыкты эске алсак, 7-ноябрды майрам күн катарында калтыруу күнөө болбос. Бийлик канча мыйзам менен тыюу салса да, бул күндү тарых бетинен алып сала албасыбызды ачык айтсак болот.
Мына ушундай майрамдардын бири эл аралык майрам катары таанылган 8-март - Аялдардын эл аралык күнү, 1-май - эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү кирет. Бул калкыбыздын канына сиңип бүткөн майрам катары белгиленип келет. СССР жоюлган менен бул күндөрдү дүйнө элинин басымдуу бөлүгүндө майрамдык мүнөзүн сактап келет.
Ал эми өлкөбүздө болуп өткөн эки тарыхый кырдаалды эске алалы, 1991-жылдын 31-августундагы, 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштөрдү майрам катары жарыялоого болобу? - деген суроо курч мүнөзгө ээ болду. Бул төңкөрүштөр үй-бүлөлүк жана кландык башкарууга каршы багытталганы менен ал өзүнүн милдеттерин аткара алдыбы? Бул суроого тарыхчыларыбыз да, саясатчыларыбыз да бирдиктүү конкреттүү жооп беришкен жок. Март окуясын парламент календардан революция күнү катары майрамдоодон алып салганын жар салышты, бирок ал кайсы критерийлер боюнча аныкталгандыгы калкка белгисиз калды.
Менимче, бул революцияны ишке ашырган эл массасы болгон менен бийликке келген мандемдүү тандем калктын талабын ишке ашырган жок. Ал гана эмес карактап-тоноо иштерине "эркиндик" бергендер бийлик башындагылар болгон деген сөз бар. Муну жалган дейин десең 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга саясий баа берилген жок да, акырындык менен үй-бүлөлүк жана кландык бийлик орноп, акырында бир туугандар "бөлүп ал да, башкара бер" принцибине өтүштү. акырында "кызарган жер чыкса, рейдердик жол аркылуу тартып алуу жана коррупция өз апогейинен да ашып кетти. Акыры бул бийлик кулатылды, алар бийликти колуна кармап калууга калкыбыздын канын төккөндөн да айбыгышкан жок. Ошентип, 24-март канкорлордун бийликке келген күндү эмнеге майрамдайбыз деген көпчүлүктүн түшүнүгү калыптанган эле.
Кыргызстанда учурда 12 майрам болсо, анын ичинде 7-январь Рождежство күнү да кызыл менен белгиленген. Диний бул майрамды өлкөбүздөгү айрым диаспора гана белгилебесе, жалпы кыргыз эли майрам катары тааныбайт эмеспи. Парламент бул күндү неге эске алган эмес. Мейли, майрамдарды кыскартсын, бирок ал ар бир диаспоранын майрамдашына эмес, кыргыз элинин өнүгүү этаптарында кандай салым кошконуна карата бааланышы керек эмеспи. Анын үстүнө мамлекеттик түзүлүшүбүз "светский" деп аталгандыгы жөн эле нонсенс болуп отурбайбы? Менимче, 7-январь менен 23-февраль күндөрүн элибиз дээрлик майрам күн катары эсептешпейт. Ал эми 1-январды балдардын көңүл ачуучу күнү катары санашат. Бул өзгөчөлүктөрдү парламент караса да, карабаса да чоң майрам катары эсептешпесин белгилей кетели.
Майрамдар калкыбызды алагды кылып, иш токтоп калгандай мамиле жасагандыгы да күлкү келерлик көрүнүш болууда. Тынымсыз иштеп жаткан завод-фабрикалар жок, кустардык тигүү цехтерибизде ансыз деле жумушчу убакыты нормативге салынган эмес. Дыйкандарыбыз майрамдык дем алышты календардык кызыл күнгө карата эмес, климаттын ыңгайына карата талаа жумуштарынын бүтүшүнө карай өздөрү белгилешет. Демек, майрамдык дем алуу бир гана мамлекеттик чиновниктер үчүн гана керектигин бетке айтсак жарашат. Биздин өлкөдө майрам экономикалык жактан өнүгүшүбүзгө азырынча терс таасир тийгизерине ишене албайсың. Ал эми калган кызыл менен белгиленген майрамдарды көпчүлүк өзүнүн үй-бүлөсү менен тосуп калышты. Маселе, майрамдарда эмес, календардык ошол күндөрдү "дем алыш" жарыялагандарда болуп жатпасын? Майрамдагысы келгендер каалаган күнүндө шылтоо табышат, калк каалабаса "токсон тогуз кызыл күн" кылсаң деле өз иштерин бүтүрө беришет. Орустун акыны В.Маяковскийдин бир чыгармасындагыдай "бир сыя челек сатып алуу үчүн, бир күн кечке кеңешме өткөрүшкөндөр" сыяктанбастан, парламентибиз өлкөбүздө майрамдарга эмес учурдун актуалдуу маселелерине көңүл бурушса гана, атагана-а-ат!
Эртабылды АТТОКУРОВ





Кол суналы...

"Инимдин өмүрүн сактап калууга бийлик өкүлдөрү жардам берсе..."


2011-жылдын 19-мартында Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында каргашалуу жол кырсыгы катталып, кырсыктын кесепетинен Алмуреков Мырзабек бей ажал каза таап, Мырзабек уулу Ислам ден соолугунан ажырап майып болуп калган. Ал адам өмүрүн алган кырсык төмөнкүчө болуптур.
Мырзабек баласы Ислам экөө нооруз майрамын тосуу үчүн Көпүрө-Базар айылын көздөй келе жатып, машинесинин радиаторуна суу куюу үчүн жол жээгине токтошот. Ошол учурда катуу ылдамдыкта келе жаткан кайсы бир мамлекеттик кызматка таандык "нива" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол боюнда машинесине алаксып жаткан ата-баланы бирдей коюп кеткен экен. Ал тургай ниванын ичинде аты аталбаган кызматтын жогорку эле кызматтарынын биринде иштеген кызматкердин да болгонун жабырлануучулар билдиришти. Ошентип окуянын болгонуна бир жылдан ашык убакыт болгону менен, тилекке каршы, ушул күнгө чейин күнөөлүүлөр жоопко тартылбай келет дейт жабырлануучулар. Окуянын чоо жайы боюнча жабырлануучулардын бири Эсикеев Улан бизге буларды билдирди...

- Мен, кырсыкка кабылып каза болгон Мырзабек байкенин аталаш иниси болом. Мырзабек агам окуя болгондон көп өтпөй эле, Талас облустук реанимациясын жатып көз жумду. Баласы Исламдын болсо акыбалы учурда абдан оор. Беш жолу операция болду. Тилекке каршы эч кандай жылыш жок. Оң буту тизесинен ылдый жарабай калгандыктан, дарыгерлер кесип дарылашты. Сол буту болсо ушул күнгө чейин ириңдеп айыкпай жатат. Дарыгерлерге рахмат, инимди аман алып калууга болгон аракеттерин көрүп, жакшы карашты. Бирок канткен күндө дагы Кыргызстандан дарылоого мүмкүн болбогондуктан, Германияга барып дарылатуу керек экен. Ал жакка баралы десек акчабыз жок. Ошондуктан, учурдан пайдаланып, бийлик өкүлдөрүнө жана колунда бар эр азаматтарга кайрыла кетээр элем, инимдин тагдырына кайдыгер карабастан, колуңуздардан келген жардамыңыздарды берип койсоңуздар?

P.S. Исламдын тагдырына кайдыгер карабагандар төмөнкү телефон номерлерине чалып жардам берип коюңуздарды өтүнөбүз
Байланыш телефону: 0772660454, 0709001005
Мирлан Алымбаев