Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Cоң-Көл жер соорусу...



Көргөн адамдын көз жосун алган кереметтүү Сөң-Көл аскасы асман тиреген айтылуу Теңир-Тоодо жайгашкан. Атактуу Ак мөөр сулуу Жантай чалга токолдука кетип баратып:
Соң-Көлдүн башы тал менен,
Соодагер өтөт мал менен,
Солкулдап ыйлап баратам,
Солуган Жантай чал менен - деп
арман ырына кошкон, атагы алыс менен жакынга бирдей тараган, Жараткан кыргыздын энчисине гана жаратып койгон алтындан артык жер. Бул көлдүн аталышы мындай: соң деген сөз, аягы, бүткөнү деген сөздүн бир мааниси. Соң-Көл жердин соңу болуп, тогуз тоонун тоомунда жайгашкандыктан улам Соң-Көл болуп аталып калган. Бул көл жогоруда айтылгандай бир кылка тизилген бийик тоолордун арасында, тактап айтканда деңиз деңгээлинен үч миң метрден ашык бийиктикте чар тарапка чалкып жатат. Чоңдугу боюнча касиеттүү Ысык Көлдөн кийинки орунда турат. Көлдүн көркүнө көрк кошуп, жайкалып турган жайлоонун жаратылышын дал өзүндөй кылып жазууга сөз жетпес. Соң-Көлдү кучагына алган тоо кыркалары, кышы жайы ак кардан ак калпак кийип, ак булутка тийип-тийбей турган чокулар, жылга - жыбыттардан агып түшкөн мөлтүр тунук кашка суулар, көл айланасында тигилген, алыстан аппак жумурткадай түс берген боз үйлөр, жайлоонун жайлоо экенин жакындан сездирген төрт түлүк мал өзүнчө бир ажайып көрүнүш.
Сөң-Көлдүн узундугу -29, туурасы -17 чакырымга созулуп, жалпы аянты 292 чарчы чакырымды түзөт. Эң терең жери батыш тарабы 22 метрге жетсе, чыгыш тарабы15 метр. Сөң-Көлгө Ак-Таш, Таш-Дөбө, Кара-Кеченин тынымсыз куйган шар суулары баштаган 20дан ашуун агын суулар тынымсыз куюп турат. Соң-Көл Ысык-Көлдөй туздуу эмес, ошон үчүн кышкысын 30 - 35 сантиметрге чейин зыңкыя тоңот. Бирок анын деңгээлин төмөндөтпөй куюп турган кара суулар тоңбойт. Сөң-Көлдө өрдөк, чүрөк, каздар, ак-чардактар баштаган сууда сүзүүчү жана саз канаттуулары болуп, жалпысынан 66 түрү жашагандыгы далилденген. Канатуулардын 29 түрү көл жээктериндеги өрөөндөрдө уялашып, балапандарын чыгарышат. Ал эми 37 түрү болсо күзгү жана жазгы келгин канаттуулар. Андан тышкары бул көл балыкка абдан бай көл болуп эсептелет. Кудай буйруса, Соң-көлдүн сулуулугуна суктанып келип атышкан чет элдик туристтердин саны да жыл сайын арбып келатат.
С
оң-Көл жайлоосу илгертен көлдүн аты менен аталып, бул жайлоону жайкысын Нарындын, Ак-Талаанын, Жумгалдын жана Кочкордун малчылары жайлайт. Чөбү күчтүү жана дарылык касиетке ээ. Ушундан улам Соң-Көл кымызы башка кымыздардан кескин айырмаланып, кызыл түс өңдөнүп, күчтүү болот. Жазда көтөрүм болуп барган мал, күздө баса албай калганча семирет.
Илгери Ормон хандын учурунда бул жайлоону көбүнчө Жумгал эли жайлачу экен. Ормон Ормон болуп, опузасы күчөп турган маалда жайлоодон жайлоо кыдырып жүрүп Соң-Көлдү биринчи ирет көрүп көз түшүп, аябай суктанат. Аброю жогорулап, көп жылдан бери эл башкарып жүрүп мындай керемет жайлоону көрбөгөнүнө бир чети таңкалса, бир чети ачууланат да, ачуусун Жумгал элинен чыгарып: "Мага бул жер соорусу Соң-Көлдү көрсөтпөй, жашырып жайлап жүргөнүңөр үчүн бири-бирине окшош 40 байтал айып төлөгүлө"- деп оозеки токтом токуп, саяктардан кырк байтал өндүрүп алган экен.

Керемет көлдөгү
кейиштүү көрүнүш
Соң-Көлдөгү канаттууларды ар түрдүү жоготуулардан коргоо, көбөйүшүнө толук шарттарды түзүү үчүн мамлекет корукка алган. Бирок учурда коргоого алынган жаратылыш кооздугун арттырган Соң-Көл канатууларын каалаганча кармаганын кармап, атканын атып жатышканы эч кимге жашыруун эмес. Адамзаттын мындай жырткычтыгы Соң-Көлдүн өзүндөгү балыктарга карата жасалган мамиледен да байкалат. Мисалы Акаев бийлигинин тушунда Соң-Көлдү Майрам Акаева өзү баш, акчасы батпаган бизнесмендер төш болуп, бир нече гектарлап бөлүп алышканы маалым. Албетте, балыкка бай бул кереметтүү көлдү алар балык бизнеси үчүн бөлүп алышкан. Себеби Соң-Көл балыгы башка көлдөрдүкүнөн айырмаланып чоң жана жегиликтүү. Маселен Ысык-Көлдүн балыгы деп сатылып жаткан көлдөгү балыктардын көбү Соң-Көлдүн балыктары экенин баары эле биле бербейт. Соң-Көлдөгү балыктарга браконьерлик Акаев доорунун аяк жагында күч алып, тилсиз, үнсүз байкуш балыктарга кыска убакыттын ичинде "кыямат - кайым" күнү башталган. Натыйжада балыкка бай Соң-Көл балыксыз калуу коркунучуна кептелген. Акаев өлкөдөн куулгандан кийин, бул көрүнүштү Бакиевдин бийлиги да уланткан. Бирок Бакиевдин бийлиги көлгө кам көргөн болуп, 2008-жылы балык кармоого 5 жыл мораторий жарыялаган. Тилекке каршы ал жарыяланган мораторий кагаз гана түрүндө калып, эч бир пайдасы тийген жок. Учурда ал мораторий тууралуу мыйзам "өз күчүндө" турат, бирок кагаз жүзүндө гана. Азыр Соң-Көлдүн балыктары массалык түрдө кыргынга учурап жатат. Өзгөчө Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа тарабында мораторийиңди уруп ойнобогон браконьерлердин саны жүздөп саналат. Жайкысын мындай коёлу, кышында 30-35 сантиметрге чейин тоңгон көлдөгү музду тешип, тор салып тонналаган балык кармап жатышат. Балыктын кызыгуусу менен кыштын ызгаарлуу суугуна карабай чатырда жашагандары да бар. Албетте тамак-аштарын сыртта жасашат. Отуну, күлү, акыр-чикири тазаланбастан калат. Мындай шартта, ал жактагы экология да, абдан бузулууда.

Браконьерлик абдан өнүккөн жерлердин бирөөсүн мисалга тарталы. Жумгал районунун эң чоң айылы болгон Жаңы-Арык (мурдагы Кызарт) айылында эле 300дөн 500гө (сезонго жараша саны өзгөрүп турат ) жакын адам балыкчылык менен шугулданат. Айрыкча кыш айларында күч алат. Кышкысын Соң-Көлгө кеткен жолдун татаалдыгына байланыштуу ат менен чыгышат. Эки-үч балыкчы-браконьер көлдүн орто жерине барып, музду тешип торду сууга салып бир тартканда, жок дегенде торго 50-60 килограммга чейин балык түшөт. Жүгү жок кеткен аттар, кайра кайтып келатканда белдери ийилип бери болгондо 200дөн 400гө чейин килограмм балык менен түшүшөт. Балыктын бир килограмм баасы болсо 50-60 сом. Бир браконьер-балыкчынын кыш айларында тапкан орточо кирешеси100 миң сомду чапчыйт. Адамдардын балыктарга болгон мындай жырткычтыгынан улам, Соң-Көлдө балыктар кескин түрдө азаюуда. Азайгандан да жаманы, азыр баягыдай чыканакка жеткен чоң балыктар жоголуп, кол башындай болуп майдаланып кеткени абдан өкүнүчтүү.

Ал эми Соң-Көлдү көзөмөлдөшкөн инспекторлор болсо эчак эле браконьерлердин бул кадамын тымызын да, ачык да колдоого өтүшкөн. Себеби алар балыкчылардын ар биринен акча же балык алышып, аларга жашыл жарыкты болушунча күйгүзүп берип турушат. Кыскасы, ал жакта "балык коррупциясы" жогорку деңгээлде өнүккөн. Эми Алмаз Атамбаев башында турган жаңы бийлик бул көйгөйлүү маселе боюнча кандай чараларды колдонор экен? Жалпы кыргыз элинин бактысына бүткөн касиеттүү Соң-Көлдүн балыктарынын пайдасын бир ууч браконьерлер көрүшү керекпи? Мыйзам бузгандарды жоопко тартып, Соң-Көлдөгү балык кармоодогу башаламандыкты теске салып, Кара-Тал-Жапырык мамлекеттик коругунун төрт участогунун бири болгон Соң-Көлдүн 8600 гектар байлыктарын коргоо, карагай, суулуу жана саздак жерлери, аларды мекендеген канаттууларды байлыкты сактап калуу аракеттерин көрүү зарыл. Болбосо, адамдардын мындай жырткычтыгына касиеттүү Соң-Көл деле абдан нааразы болуп, ыйлап турат... Ошол ыйык көлүбүздүн ыйынын азабын тартып калбайлы деген аруу тилек качан ишке ашар болду экен?

Айбек Шамшыкеев