Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Башкасын коюп Манасты айт!

"Манас жана манасчылар"


| Башталышы өткөн санда |


Манасчы көпчүлүккө духовный азык берип, эстетикалык бөксөлүктү толтуруп тургандыктан, ошол эмгеги менен кадыр-барк күтүп, бергенин алып, бербесе бер деп талап кылбайт. Кыскасы С.Орозбаковдун жашоосу да тизге тарткандай бир калыпта жүргөн эмес. Турмуштагы өтө кыйналганы айрыкча 30-жылдары "Манасты" жаздырып жаткан мезгили десе да болот. Ошентсе да "Манас" келечек муун үчүн, эл үчүн кагаз бетине жазылып калыш керек деген ой-сезимге баш ийип, баарына чыдаган экен. Сагымбайдын артынан сая түшүп, аны дайыма үгүттөп, күлүктү сүрөгөндөй сүрөп отуруп, "Манас" бөлүгүн жазып үлгүргөн Ы.Абдракмановдун: "Мен болбосом "Манас" жазылбай калмак эле" - деген сөзүнүн чындыгы жок деп кимибиз айта алабыз. Сагымбай өзү да буга канааттанып, "Манасты" жазып калтырдым, китеп болуп чыгаар. "Семетей" кандай болоор экен, мен андан корком" - деп коомайланып калчу экен. Чын эле Сагымбай менин пирим - деп эсептеген "Семетейи" жазылбай өзү менен кеткенин эскерип отуруунун өзү оор.
Тыныбек таалимин алган Келдибек кезегинде Сагымбайга айттырып көрүп, аткаруучулук боюнча өзүнүн кеп - кеңештерин берген. Сагымбайдын эскерүүсү боюнча Келдибек "Көз камандардын окуясын" эң муңдуу кылып бир жума айтуучу экен. Академик В.Радлов 1869-жылы келгенде ушул окуяны Келдибектен жазып алган деген маалымат бар. Ошондой эле анын аткаруусундагы артыкчылыгы эл тарабынан ар кандай кубулуштар менен апыртылып, легенда тибинде бизге жеткен. Маселен, кара баскан аял, байлатма жиндилерге Келдибек келип "Манас" айтып жибергенде соолугуп, айыгып кетише турган ж.б.. Демек ушундай касиеттүү манасчынын айткан жомогу ың-жыңсыз жоголушу мүмкүн эмес эле. Келдибектин айтуучулук салты белгилүү өлчөмдө Сагымбайдын вариантында сакталып калган.
1916-жылы Кытайда жүргөндө чоң манасчы Жусубакун (1970-1920ж) менен "Манас" айтышып, бири токтогон жерден экинчиси улантып отурушкан экен. Жашы боюнча да теңтайлаш эки акын калыстар тобунан ар кимиси тиешелүү бааларын алышыптыр.
1989-жылы кытай тюркологу Ху Чжень Хуа (Мухамед) Кыргызстанга келгенде Синьцзяндагы кыргыз автоном округунда "Манас" менен таанышканын, ошо кезде белгилүү 76 информатордун ичинен ушул Жусубакундун чыгармачылыгы жогору бааланаарын айткан эле. Демек, өз мезгилинде бул манасчы да чоң таланттардан болгондугу шексиз. Кытайлык кыргыздардын бүгүнкү урматтуу манасчысы Жусуп Мамайдын агасы Балбай деген Сагымбайдын өнөрүнө өзгөчө маашырланып, айрым эпизоддорду (М: "Алмамбеттин Көкчөдөн чыгып Манаска келгени") жаздырып алгандыгы жөнүндө маалымат бар. Демек, Сагымбайдын Келдибек, Балык, Тыныбек ж.б. алган сабактары биздин чөлкөмдө эле эмес, кытайлык кыргыздар арасына да жеткендиги турган иш. "Ар кимдин туулган жери - Мисир" дегендей, кытайлык кыргыздардан чыккан манасчы Жусуп Мамай аксакал "Манастын" аркасы менен сый-урматка бөлөнүп, жашап жаткандыгы Теңир-Тоолук беш миллиндон ашык жаранды бир эсе сыймыктандырса, бир эсе өкүндүрбөй койбойт. 1980-жылы Жусуп Мамайдын варианты менен таанышкандан кийин Жуңгонун фольклористи Жоңжинвын "Манас" - мамлекет каухары" деп өзгөчө баалаган экен. Буларды эскерип отурганыбыздын себеби айтпаса да белгилүү, "Манас" чыгармасы качан, кайжерде болбосун өзүнө татыктуу элдик баасын алып жүргөн.
"Манасты" Кытайга алдырып жибердик деп чочуп жүрсөк, Кыргызстандагы абалы да анча жакшы эмес. Өткөндө бир музыкалык канал дегенде "Кыргызстандагы эң көлөмдүү китеп кайсы, тапкыла" - деп сурап жатты эле, Мамайдын алты киллограмдык "Манасы" - деп, "туура таап" утуп алгандар болду. Маани-мазмунун айтпай эле коелу, жети кило болуп чыкан Сагымбайдын "Манасы" кайда калды? Аны эч ким билбейт. Ал эми Ж.Мамайды, Бүбү Мариамды билгендер көп. Өмүр бою "Манастан" каражат үнөмдөп жүрүп, же "Манасты" изилдеген илимий эмгектер элге жеткен жок, же "Манастын варианттары ойдогудай жарык көргөн жок. Жок дебесе, коомчулуктун кеңири массасына "Манас" энциклопедиясынын эки томдугу менен таанышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. "Манас" жонүндө закон кабыл алдык деп компоюп калдык, анын жемишин жешке да чоң суроо белгисин коюга туура келет. "Манасты" башкалардан артыгыраак билем деп ойлогон бир жазуучубуз өткөн конференцияда Радловдун варианты дегенди унутуш керек - десе, экинчи бир оратор Сагымбай менен Саякбайдыкында айырма көп экен, бирөөнү тандап алып, ошону гана изилдеш керек. Башкасынын зарылдыгы жок деген бүтүмүн айтты. Менин эске салып коеюн дегеним - фольклористика илими боюнча эпикалык чыгармалардагы фактылык материалдарды окуп үйрөнүүдө анын көп варианттык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен башка илимий тарыхый булактарга салыштырып изилдөө методун колдонуу зарыл.
"Манас" эпосу өзүнүн масштабдуу, татаал көркөм сюжети менен мифологиядан берки элементтерди сактап, теңдешсиз тарыхый даректерди камтыйт дегенибиз менен аны эч буруу - терүүсүз тарыхый летопись деп кабыл алганга акыбыз жок. Оозеки көркөм маданияттын "Манастай" классикалык типтеринин коомдук байланыштар системасында ээлеген орду жана эволюциялык өсүп - өнүгүү, трансформациялануу жолу коомго кошо кадам таштап, бир кылка жүрбөйт. Ошондуктан, көп илимге негиз салган В.Радлов жазып алган вариант (Келдибектики) менен ал жөнүндө жазган салмактуу ой-пикири, "Манаска" берген жогорку баасы кыргыз адабият таануу илими үчүн эч качан өгөйлөнбөшү керек. Анын жазып кеткен жоболору өзүнүн калыстыгы жана илимий туура берген багыты менен бизге ар качан үлгү.
Эпостун эволюциясы эреже катары улам кийинки окуяларды өзүнө сиңирип катмарлануудан турат. Ушуга бир көрүнүштү мисалга тартуу бир эсе күлкү келтирсе, экинчиден, турмуштук факт катары каралууга татыйт.
С.Орозбаковдун вариантында Манас Илья Муромец, Наполеон менен согушат. М.Мусулманкуловдун айтуусу боюнча Семетейге кошулуп италиялыктар, гректер, индиялыктар согушка катышат. Дуңкана Кочукеев Ленин, Сталин жөнүндө кошуп жиберет. Тоголок Молдонун вариантында Семетейге Индия менен Францияны чаап алдырууга багытталган идея бар. Бул тууралуу Б.Юнусалиев; "Семетей" бөлүмү да баскынчылык духту жана пантүркисттик илдетти таратууга пайдаланыла баштаганын көрөбүз - деген эле. (ЮнусалиевБ. Тандалган эмгектер - Ф: "Илим", 1985, 410-411б.). Биздин оюбузча манасчылар ушул өңдүү фантастикалык илдеттерди бир идеяга таяп кошуп жиберген дегенге караганда манасчынын кругозоруна ылайык эпикалык каармандардын баатырдык бейнесин жеткире даңазалоого өтө эле берилип кеткен мекенчилдик жеке идеясынын чагылдырылышы катары бааласа дурус. Оозеки калыптанып, ошону менен жашаган мындай чыгармаларда ушу сыяктуу элементтерге жол берилет. Бирок салтка айланып калыптанган сюжеттик каркас баары бир сакталат. Муундар арасындагы чыгармачылык байланыш бул законду сөзсүз сактайт, кармашат. Ошол эле мезгилде ар бир ири таланттын тексттин пайдубалына койгон көркөм кирпичтери түбөлүккө орун -очок алып, кылым аралайт.
Көлдүк манасчылардын устаты эсептелген Чоюке (айылдаштары Чойке дешкен) шакирттеринин бири М.Ашымбаевдин айтканын угуп туруп; "Кай бир жерин көбүртүп - жабыртып жибердиң көрүнөт, жамап айтпа, бузуп аласың" - дептир. Демек, чоң манасчы окуучусунун ашыкча кошуп айткан жерлерин кубаттабаганы ачык байкалат. Мамбеталы да кезегинде жакшы манасчы атыгып, Чоюке сыяктуу эле "Чоң казат" менен "Каныкейдин Тайторуну чаптырганы" деген окуяны эл алдында көбүрөөк аткарып жүргөн экен. Чоюкенин дагы бир шакирти С.Каралаев да ушул эпизоддорду ар убакта өтө күчтүү пафос менен айтканы журтка маалым. Кийинки эле манасчы Каба Атабеков: "Менин көзүмдү Мамбет абам ачты, сыртта абамды бир ай ээрчип жүрдүм. Мага сен жакшы жүргүн, Алмамбеттин окуясын жакшы айтасың деген" - деп эскерет (Манасчы Мамбет Чркморов - Б., 1996, 23-б.). Бул фактылардан көрүнгөндөй, манасчылардын ортосундагы чыгармачылык байланыш жеке эле эпостун текстинин тактыгына көзөмөл болбостон манасчылардын өздөрүнүн жүрүм-турумун, кулк-мүнөзүн да жөнгө салып, сындан өткөрүп тарбиялап турушкан. С.Каралаев: "Мамбет улуу манасчы. Биз ага теңеле албайбыз. Динчил адам, же болбосо бизден өтөт эле... Мамбеттин "Манастан" бактысы жок экен" - дептир. Манасчы үчүн бакыт дегенди кандай түшүнсө болот? Мамбет эл-жер кыдырып же артист болуп иштеп, авторитет таппаганы менен өзүнүн кичи мекенинде чоң манасчы, айлык албаган дарыгер, табып, көзү өтсө да эли - журту чоң ызаат менен эскерип турушат. Анын "Манасы" көлөмү боюнча Сагымбай менен Саякбайдан кийинки үчүнчү орунда турат. Каалаган учурда сураган көпчүлүккө өз өнөрүн тартуулаганга мүмкүнчүлүгү болгон ар бир момент манасчынын өмүрүндөгү бактылуу мүнөттөр.
Жыйынтыктап айтканда "Манас" эпосу кыргыз элинин кылымдардан бери топтогон көркөм - маданий байлыгы, ата-бабадан келаткан мурасы, ага биз билген, билбеген канча муундун эмгеги өткөн. Чакан макалабызда канча манасчылардын атын да атаганга үлгүргөн жокпуз. Канча варианттар жарык көрбөй, саргарган кагаздарда сакталып турат. Дүйнөгө жар салып жүргөн жарым миллиондон ашык ыр сабынын келечек тагдыры кандай болот? "Манаска" арналаган закон кимге эмне берет же мурдагы салттуу "Манасты" сандыктын терең түбүнө салып таштап, бүгүнкү чыгып жаткан Бүбү Мариамдын, М.Байжиевдин жазгандары аркылуу жаштарды тарбиялайбызбы? Алардыкын вариант дейбизби, салттуу айтылып келген "Манаска" кандай тиешеси бар, коомчулук эмне дейт? Ушу сыяктуу суроолор бүгүн күн тартибинде актуалдуу сыяктанат...

Айнек Жайнакова,
Кыргыз мамлекеттик сыйлыктын лауреаты,
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, манас таануучу.