Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Фабула" гезити менен "Ата Мекен" партиясынын лидери сотто жарашты


"Ата Мекен" үгүт өнөктүгүн кимдин эсебинен жүргүзгөн?" деген аталыш менен 2011-жылдын 18-мартындагы саныбызда жарыяланган макалада келтирилген фактыларды тастыктай албагандыгыбыз үчүн, алардын жалгандыгын моюнга алып, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевден кечирим сурайбыз.

Төгүндөө


Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 7-майдагы Аныктамасынын негизинде "Фабула" саясый-коомдук гезити төмөңдө келтирилгендерди төгүндөөгө чыгарабыз:
"…Текебаевдин вице-премьер-министрге жанталашкан чабуулунун артында жөн гана саясый оюндар турабы же башка да бир мандем барбы? Биз ээрден жылмышкан чиновниктин ишин иликтеп көрүп, таң калычтуу жыйынтыкка келдик. Көрсө, "Ата Мекен" партиясы өзүнүн негизги киреше булагынан ажырап калган тура. Эми болсо алдыдагы президенттик шайлоодо үгүт иштерин жүргүзгөнгө алардын акча каражаты жок.
Биздеги маалыматтар боюнча, "Ата Мекендин" 2010-жылдагы шайлоо өнөктүгүнө "Манас" эл аралык аэропорту ААКынын башкармалыгынын төрагасы Болот Абдрахманов 3.500.000 доллар берген имиш.
Эми мындай "майлуу"орунду жоготкондон кийин "Ата Мекен" өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылай албайт, демек, Текебаевдин президенттик креслого отурсам деген үмүт-кыялы суу кечпей калышы мүмкүн. АКШнын Мамлекеттик департаменти сыяктуу тышкы оюнчулар эле колдоо көрсөтпөсө Өмүрбек Чиркешовичтин саясий карьерасы да бүттү дей берсек болот".
Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында, "Ата Мекендин" 2010-жылдагы шайлоо өнөктүгүнө "Манас" эл аралык аэропорту ААКынын башкармалыгынын төрагасы Болот Абдрахмановдун "Ата Мекен" партиясынын үгүт иштерине тиешеси жоктугу, ал тарабынан бир да тыйын берилбегендиги тастыкталды. "Ата Мекен" партиясында шайлоо өнөктүгүндө тизмедеги талапкерлер, күйөрмандар колунан келгенин жана убада кылган өлчөмдө өз салымдарын кошушат. Коомчулукка ачыкталгандай, азыркы тапта "атамекенчилер" Равшан Жээнбековдон талап кылып аткан 50 000 доллар да дал ошол шайлоо өнөктүгү маалында убада кылынган каражат экен.
Транзиттик Жүк ташуу Борборунун самолетторун Текебаевдин кишилери тейлешкен.
Транзиттик Жүк ташуу Борборуна хендлингдик (самолетторду борттук тейлөө) кызмат көрсөткөн эки компания: "Handling Kg" ЖЧКсы жана "HS &BA" ЖЧКсы пайдаланылган. Калган компаниялар администрация тарабынан Транзиттик Жүк ташуу Борборунан четтетилип, натыйжада жогоруда аты аталган фирмалар тейлөө боюнча монополист болуп калышкан. Бир америкалык бортту тейлөөнүн кызмат акысы айына 10.000 доллар турат.
Мында көрсөтүлгөн ишканалар Өмүрбек Текебаев оппозицияда жүргөндө, Акаев, Бакиев маалында эле ишмердигин жүргүзүп келген. Соттук териштирүүлөрдөн соң, бул компаниялардын Текебаевге жакын адамдарга тиешеси жок экендиги тастыкталды.
Текебаевдин тууганы мамлекеттик ишканы кантип итке мингизген?
"Манас" эл аралык аэропорту ААКнын Оштогу филиалынын директору Каратаев Сулайман Садыкович Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин жакын тууганы, бул кызматка 2010-жылдын апрелинен кийин дайындалган.
2010-жылдын 14-сентябрында С.Каратаев 12 сотых жерди ушул эле компанияга мурдагы наркынан да эки эсе арзан баада ижарага берген. Ижарага берген кызматы үчүн Өмүрбек Текебаевдин тууганы 300.000 доллар өлчөмүндө пара алган дешет".
Сулайман Каратаев менен бир райондон болгону менен туугандык байланышы да жок. Ал киши 2010-жылдын апрелинен кийин эмес, 17 жылдан бери, Акаевдин, Бакиевдин бийлигинин тушунда да эмгектенип келген. Ал Россиядан авиация боюнча атайын билим алып келген аз сандагы адистердин бири экен.
"Фабула" коомдук-саясый гезити




Күндөлүккө катылган сыр


(Башы өткөн сандарда)
20…-жыл февраль
"Тулпар тушунда күлүк" турбайбы?! Элибиздин бул сөзү бекеринен айтылбаптыр. Балдар-кыздарым эрезеге жеткенде гана ушул кептин маанисине баа берүүгө туура келди. Көрсө мезгилдин өткөнүн сезбей, өмүр өтүп баратса да өзүбүздү жаш сезет экенбиз. Качан уулуң үйлөнүп, кызың өз алдынча түтүн булатканда гана учуруң өткөнүн ойлонот экенсиң. Кудайдын ушунусуна да шүгүрчүлүк жасагандан башка колуңдан башка эч нерсе кыла албасың - жашоонун чындыгы тура.
Өткөндөрдү эскерип, жашоодогу жетишкен ийгиликтериңди да, кетирген кемчиликтериңди да таразалайсың. Көрсө пендечиликте жакшылыктарга караганда терс кыял жоруктарыңдын салмагы көп болот экен. Өктөм мүнөзүң калып, анча-мынча токтоо тартасың. Ошондо деле баягы адатың кандайча кармап кеткенин сезбей калган учурлар көп кездешет.
Кээ бирөөлөрдүн ушунча жыл жашап, дегеле кер-мур айтышпаганбыз деген кебин укканда мыскылдай аргасыз жылмаясың. "Казан-аяк кагышса", алардын дегеле бири-бирине "өйдө карашпагандыгына" ким ишенет болду экен? Өмүрүндө бири-бирине таарынышпаган жан болбос. Адамдын жаманы менен да, жакшысы менен да аралашып, алардын да кээде кагылышканына канча ирет күбө болдук. Кеткенге кейибеген, эч нерседен бейкапар жашаган бир гана акылы кем келесоо болорун, бир гана жинди эч нерсени ойлобосун элибиз эзелтеден эле айтып койгонун эске албагандар ошентип мактанышат деген пикирге келем.
Ширин экөөбүздүн никебиз кокустукпу? - деп нечен ирет толгонуп көрдүм. Биз эч качан башка бирөөлөр менен жашашыбыз мүмкүн болмок эмес. Себеби, ушул жарык дүйнөгө жаралганыбызда эле кудай биздин тагдырыбызды кошуп коюп жүрбөсүн? Эмне үчүн мен бойго жеткен башка кыздарды эмес, ушул Ширинди ала качып алдым? Буга жазмыштын жазуусу дегенден башка жооп таба албай келем. Ал балдарымдын энеси, тарбиячысы. Ошону менен катар жакшылыгым чыгарып, жамандыгым жашырып, асылымды да, азабымды да кошо тарткан менин башкы кеңешчим. Маселе үй-бүлөнүн бузулушуна ала качуу себепкер болсо, анда менин жин ургандай терс кыялдарым үчүн ал экөөбүздүн бир үйдөн түтүн булатышыбыз мүмкүн болмок эмес. "Сүйүшкөндөрдүн" канчасы биздин көз алдыбызда ажырашып кетишти, а биз болсок кер-мур айтышсак да кечиришип, жашап келебиз. Мындай учурда дагы деле мен дуңкуюп, коркутам. Ширин акырын кепке тартып, көңүлүм жибитет. Сөздү турмуш-тиричилик маселесине которуп, айтор, чоң жаңжалга жеткирбей басып коёт. Көрсө, эркек үйдүн ээси болсо, аял заты очоктун ээси экен. Очоктун отун өчүрбөй сактап калуу бир гана аялзатынын колунда тура!

20…-жыл, май
Биз дагы улгайдык. Көп жылдар бою көрүшпөгөн жолдошум менен кездешип калдым. Ал менин Ширинди ала качып алганымды жакшы билчү.
- Жашооңор кандай? Сүйүшпөй баш кошкон силерге кыйын эле болсо керек? Чыр-чатагыңар да көп болсо керек, - деди боор ооругансып.
- Бактылуумун. Ала качып алсам да, ал мага үстөмдүк кылууга умтулган жок. Кез-кезде өзүмдүн үстөмдүк кылууга аракетим жасагам, - дедим саал териге түшүп. -Азыр да ачуулансам ал мага теңелбейт.
Жолдошум өзүн ыңгайсыз сезди. Сөзүбүз уланган жок. Салкын коштоштук. Сыдыргыга салгандай бардык урунттуу окуялар көз алдымдан чубап өтөт. Ширинге балалык баёо кезинде үйлөндүм. Жашыбызда болбогон иштер үчүн чукчуңдашкан учурлар да, байкоосуз айткан бир ооз сөзү үчүн уруп койгонум да эске түштү. Анын баёолугу, мага болгон ишеними, эң негизгиси баарына кечиримдүү мамилеси очогубузду сактап калды. Акыры мен дагы ага моюн сунганым менен үй ээси катары орунумду талашпай келет. Сүйүү - бул ички сезим, ал эми турмуш сезимге эмес, акылга баш ийерин эми улгайганда билип отурабыз. Үй-бүлө куруу сезимге баш ийбейт. Баш кошкон адамдар бир максатка умтулбаса, жалаң сүйүү сезими очокту сактап калганга алсыз дегим келет…

Автордон:
Кокустан колго тийген күндөлүк окурмандарга кандай таасир калтыргандыгы бизге белгисиз. Ошондой болсо да үй-бүлө куруу маселесин бир рамкага салып койгусу келгендер ортобузда көп. Ала качып алып үйлөнгөн менен азыркы күндө кол менен узатканга шылтап, кыздарын калыңга саткандын канча айырмасы бар? Тетирисинче, ала качкандар алган жарынын алдында күнөөлүү сезерин, ошол сезим очоктун сакталышына себепкер болорун тана да албайбыз го? Ал эми "колдон алгандар" "сени сатып алганбыз" деп айтуудан айбыгарына ишенүү кыйын. Менимче, кайсы формада болсо да, үйлөнгөн жаштардын бири-бирине ишеними, ынтымагы, биринин кетирген кемчиликтерин кечире билиши, негизгиси "жаңы курушкан шаарын" - очогун сактап калышына умтулушу зарыл. Элибиз бекеринен: -Нике кайып, - деп айтышпаса керек. "Баары биздин каалообузда эмес, жараткандын буйругунда", - экендигин турмуш өзү тастыктап келе жатат.
Албетте, бул күндөлүк бир адамдын тагдыры, бирок адамдын келечеги кантип үйлөнүшкөнүндө эмес, алардын кыйынчылыктарды жеңип чыгууга бир максатка умтулганына байланышканы көрүнүп отурат. Муну макала катарында, же көркөм чыгарма катарында алабызбы, ал дагы окурмандын өз эрки. Ошондой болсо да кат, күндөлүк формасында жазылган чыгармалар адабиятта эпистолярдык чыгарма деп аталарын белгилеп кетсек болот. Мында жеке адамдын тагдыры менен коомдун өз ара байланышы гана көргөзүлөрүн дагы айта кетели да, ушуну менен жеке адамдын калган жашыруун сырларын жарыялаганды токтотолу.
Күндөлүктү иштеп даярдаган
Эртабылды АТТОКУРОВ