presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Аскат Мусабеков, ырчы:

"Комуз менен көп ийгиликтерге


жетсе болот"


- Аскат мырза, алгач маегибизди сиздин чыгармачыл жааттагы жаңылыктарыңыздан баштасак…
- Жадыраган жаз айында элге концерт тартуулайлы деген максат менен учурда гастролдук сапарда жүрөбүз. Гастролдук сапарыбыз Токмок шаарынан башталды. Андан кийин Нарынга бардык. Нарын шаарында республикалык "Жаш таланттар" сынагы болуп өттү. Ошол сынакка калыстар тобунун мүчөсү болуп катышып, концерт да берип келдим. Жакынкы убактарда түштүк тарапка да концерт коюп барсакпы деп турабыз. Мындан сырткары жаңы чыгармаларды жаздырып, ал ырларга клип тарттырып, тыным албай эле иштеп жатабыз. Элибизде: "Тишиң барда таш чайна" деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңары жаш чакта эмгек кылып, мыкты-мыкты чыгармаларды элиме жеткиргенге аракет кылып жатам.
- Концерт демекчи, учурда концерт бергендердин саны арбын. Сиздин концертке элдин келүүсү кандай болуп жатат?
- Кудай буюрса, жакшы. Эми ар кимдин өз күйөрманы, ыр сүйүүчүсү бар. Концерттер арбын болгону менен элдин концертке келүүсү жогору. Буга чейин койгон концерттерибиз жаман болгон жок. Ушунусуна да шүгүр.
- "Жаш таланттар" сынагында калыстар тобунда жаштардын таланттын сындан өткөрүпсүз. Бирөөнүн талантына баа берүү кандай экен?
- Албетте, оор. Анткени жаштардын баары талантуу. Биринен- бири өтөт. Анан ошондой жерде баа берүү, мыктынын мыктысын аныктоо абдан оор болот. Бирок мен бул сынакка экинчи жолу калыстар тобуна мүчө болуп катышып аткандыктан, бул сапар көп кыйналбадым. Анын үстүнө 6-класстан тартып, өзүм "Жаш талант" сынагына катышып келдим эле. Эми убакыттын өткөнүн кара. Азыр болсо, жаштардын талантына баа берип отурам. Чындыгында жаштардын арасында талантуулар аябай көп экен. Өзүнчө бир муун өсүп келе жатат десек да болот. Албетте, бул мени абдан кубандырды. Негизи аталган сынакты мурда "Мээрим" фондусу уюштуруп келген. Ал фонд жоюлгандан кийин, "Бал таттуу" коомунун төрайымы, "Дордой" ассосациясынын вице - президенти Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева деген өзүбүздүн эжекебиз ошол салтты жоготпой сактап, азыркы күнгө чейин улантып келе жатат. Учурдан пайдаланып, жаңы өсүп келе жаткан жаш таланттардын ишине ийгилик каалап кетем.
- Мына сиз дагы бир топ сынактарга катышып жүрөсүз. Азыркы учурда калыстар тобу тарабынан ар дайым калыс чечим чыгабы?
- Ар кандай. Кээде эки талант тең чыгып, биринен-бири мыкты болуп калышы мүмкүн. Мына ошондой учурда кимдин кандай артыкчылыгы бар экендигин калыстар тобу аныктап, ошого жараша алдыңкы орунду беришет. Негизи акыркы учурда Кыргызстанда өтүп жаткан сынактар калыс каралып, калыс эле баа берилип келе жатат. Бирок "Беш кол тең эмес" дегендей ар кайсы жерде ар кандай чечим чыгып калат. Бул ошол калыстар тобундагы ар бир адамдын өз көз карашына жараша да болот.
- Азыр көп эле жаштар атакка жетиш үчүн эстраданы тандап жатышат. А сиз эмнеге фольклорго ыктадыңыз?
- Бул ар бир адамдын жаратылышынан болсо керек. Кээ бирөөлөр фольклорго, айрымдары операга, дагы бирөөлөр эстрадага жакын болушат. Мен табиятымдан эле фольклорго жакынмын. Анткени айылда элдик чыгармаларды угуп, аларга суугарылып өстүм. Анын үстүнө менин үнүм да элдик үн болгондуктан фольклорго кадам таштадым. Эми баарыбыз эле батышты туурай бербей, кыргыздын салттык өнөрүн да улап, өркүндөтүп улантсак. Кыргызды дүйнөгө таанытууда фольклор башкы ролду ойнойт. Батыштын стили менен биз дүйнө элине тааныла да аларды таң калтыра да албайбыз.
- Бирок эл аралык фестивалдарга эстрада ырчылары барып, алдыңкы орундарды багындырып келип жатышпайбы?
- Эстраданы өгөй деп айтуудан алысмын. Албетте, эстрада жаатында да мыкты ырчылар арбын. Сиз айткандай эл аралык фестивалдарга барып, биздин намысты коргоп келип жаткан жаштар да бар. Буга көз карашым абдан түз. Аларды колдойм, жеңиштерине кубанам. Менин айтайын дегеним, эгер биз кыргыздын маданиятын тааныта турган болсок, жалгыз гана фольклор менен таанытабыз деген ой. Биз Америкага барып, англис тилинде ырдап, аларды таң калтыра албайбыз да. Алар бул жолу эбак эле басып өтүшкөн. Анын сыңары эстрада да азыр дүйнө элин таң калтыра албайт. Эстрада эң кенже искусство деп коюшат го. Мунун мен айткан эмесмин, мага чейинки улуу өнөр ээлери айтып кетишкен. Албетте, мамлекет болгондон кийин жалгыз гана комуз менен ырдабастан, искусствонун бардык түрү өнүгүшү керек. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Дагы айта турган нерсе, кайсы бир гезитке "Комузда эле ырдап жүрө берсек арта калабыз"- деп бир ырчы маек берген экен, окуп алып аябай капа болдум. Жогорудагы сөздү ошондой, чыныгы, нукура өнөрдү баалабаган ырчыларга карата айткым келди. Азыркы кээ бир жаштар комуз менен ырдабай, эстрадага өтүп, батыраак таанылып, атакка жетебиз деп күнүмдүгүн ойлобой, келечегин ойлосо. Комуз менен ырдап, жакшы ийгиликтерге жетсе болот деп жаңы чыгып келе жаткан жаштарга айтып кетет элем.
- Сиздин эл аралык фестивалдарга барып катышайын деген оюңуз барбы?
- Албетте. Кудай буюрса, алдыда боло турган конкурстарга катышууга аракет кылабыз. Келечек алдыда. Аман турсак, андай сынактарда көп ат салышып, кыргыз элимдин намысын коргоп, желегин желбиретем деген жакшы тилектер арбын.
- Азыркы учурда ырчыларды жеңил -желпи жана салмактуу деп экиге бөлүп жатышпайбы. Ырчы катары сиз ушуга кошуласызбы?
- Ооба. Бул туура эле берилген баа. Ар бир ырчы өзүнө көркөм кеңеш болушу керек. Башкача айтканда, ар бир ырчы өз ырынын маанисин, маңызын түшүнүү керек жана ырдын обонун, тексттин көзөмөлгө алып турушу шарт. А бизде жеңил-желпи дегендер эмне ырдап жаткандарына өздөрү да түшүнбөйт. Ырас, ар бир нерсенин жаманы- жакшысы болушу керек. Болбосо, кимдин- ким экендиги, жакшы ким да, жаман ким экендиги айырмаланбай калмак. Натыйжада мыкты өнөр ээлеринин да кадыры билинбей, баркталбай унутта калып кетмек. Ошондуктан ырчыларга карата айтылган бул сөзгө түз эле көз караштамын. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жалгыз гана ырчылардын арасындагы сөз эмес, башка кесип ээлерине да бериле турган баа. Ар бир кесиптин күлүгү менен чабалы болот эмеспи.
- Ыр тандоодо сиз алгач эмнесине басым жасайсыз?
- Сөзүнө да, обонуна да. Көркөмдүгүнө, маани-мазмундуулугуна. Ырдаганда элге жете тургандай болобу, өзүмдүн үнүмө туура келеби, кыскасы мен ырды, ыр мени ачып бере алабы ушул жагына да карайм. "Ырдын да эркек- ургаачысы бар. Азыркы жаштар ага маани бербей, эркектин ырларын кыздар, кыздардын ырларын эркек ырдап жатат"- деп Улукмырза агайым айткандай, ар бир ырчынын өзүнө тиешелүү репертуары болушу керек.
- "Аруузатым" сизди элге тааныттыбы же сиз "Аруузатымдыбы?"
- "Аруузатым" менин чыгармачылыгымда тепкичке көтөрүп койгон ыр болду. Мыкты жазылган. Мен дагы колумдан келишинче аткарганга аракет кылдым. Бир сөз менен айтканда "Аруузатым" мени элге таанытты.
- А бир адам өзүнүн бүтүргөн ишине сын көз менен карап баа берет эмеспи. Сиз өзүңүзгө кандай баа бересиз?
- Өзүмө -өзүм баа бере албайм. Мага эл баа берет. Эл сынчы, эл тараза дегендей, азыр талыкпай элге кызмат кыла беришим керек. Кези келгенде эл таразалап, баага татысам баалап, барктап алат деп ишенем.
- Элибизде: "Устатынан ашпаган шакирт шакиртпи" деген сөз бар эмеспи. Сиз канчалык деңгээлде окутуучуңуздун ишеничин актай алдыңыз?
- Аябай жакшы суроо экен. Устатым деп айтыш үчүн, ириде шакирти шакирт деген сөзгө татыктуу болушу керек деген да сөз бар. Андыктан адегенде шакирт деген атка татыктуу болуп, агайдан ашып түшпөсөм да агайымдын деңгээлине жетип, ал жасаган иштерди жасап, мен дагы жаш таланттарды, өзүмдүн шакирттеримди тарбиялап, элиме жакшы кызмат кылсам дейм. "Генерал болууну самабаган солдат, солдат эмес" дегендей, менин да Улукмырза агайдай атактуу, салмактуу, барктуу инсан болгум келет. Агайдын эмгеги чындыгында абдан зор. Кандай сөз айтсак да агайга жарашат.
- Баса, сиздин манас айтып калганыңыздан да кабардарбыз. Бул өнөргө кандайча келип калдыңыз эле?
- Манасчылык менинин өнөрүм деп айта албайм. Манасчы болуш үчүн Кудай тарабынан зор талант берилиши керек. Мендей болуп жаттап айтпаш керек. Мен өзүмдү манасты айтуудагы аткаруучулук чеберчилиги жагынан да сынап көрүүнү чечип, концертимде Манас айтып чыктым. Бул бир чети көрүүчүлөргө сюрприз болчу. Мунун концерттин сценарийин жазган Кайрат Иманалиев ойлоп тапкан. Колдон келишинче айттым. Кийинки концерттерде да башка өнөрлөрдү элге тартуулап турам.
- Башка болгондо кандай. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дейт. Дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?
- Кудай буюрса, үйрөнөбүз. Аны учуру келгенде айтабыз да. Балким, бийлеп каламбы…
- Талантты бапестеп, багыш керек дейт. Сиз талантыңызды кантип таптайсыз?
- Талантты кастарлаш керек. Сүйлөй берсең, сөздүн баркы кетет дегдей, талантты да көрсөтө турган жерден көрсөтүш керек. Анан албетте, ырдап, китептерди окуп, улуу акындардын ырларын окуп талантымды байытып, таптап турам.
- Жандүйнөңүзгө азыкты кайдан аласыз?
- Айлана-чөйрөдөн, жакындарымдан, улуу чыгармалардан. Чындыгында кээде жандүйнөңдө азык түгөнүп калганда жалгызсырап, бир башкача сезимге туш болосуң. Колдон келсе андай болууга жол бербеш керек. Дайыма изденүүнүн үстүндө жүрсөң, жандүйнөңдөгү азык түгөнбөйт. Азыр болсо биздин кызыбыз чоңоюп, кылыктары чыгып, чарчооңду басып, көп нерсени унуткарып, жашоонун кызыгын тартуулап турган чагы. Кайдан болбосун чарчап келсем, кызымдын аталап тосуп алганы менин чарчоомду басып, азайып бара жаткан жандүйнөмө азык кошуп турат.
- Кызыңыздын сиздердин жолду жолдоосун каалайсызбы?
- Бешиктеги баланын бек болорун ким билет дейт. Балким, кези келгенде күчтүү талант чыгып калса, эмнеге болбосун. Албетте, колдойбуз. Бирок кыз баланын өнөрдү аркалашы бир аз опурталдуу да. Эми аны келечек көрсөтөт. Аман болуп, ден соолукта чоңоё берсин.
- Рахмат сизге. Тилегиңизге тилектешпиз.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова



fabula





??.??