Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ишенгүл Болжурова, мамлекеттер аралык гуманитардык
кызматташуу фондунун Кыргызстан боюнча эксперт - консультанты:

"МФГС Жунусовдон


кийин сыйлыкты берүү эрежесин өзгөрттү…"


Гезитибиздин өткөн 4-майда чыккан санында Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов тууралуу жазылган "Жунусов алган 73 миң доллардын баяны" аттуу макала жарык көргөн. Ал макалада министр мырзанын " Шериктештик жылдызы" сыйлыгын министрлик кызматтын аркасы менен алганын ачык айтып, сынга алганбыз. Ал макалада Ишенгүл Болжурова тууралуу да сөз болгон эле... Мына ушул маселелердин тегерегинде Москвадагы Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун Кыргызстан боюнча эксперт - консультанты Ишенгүл Болжурова менен кеңири маектешттик. Бул маекти окуган адам Ибрагим Жунусовдун "жаңы жүзүнө" же катуу айтканда алдым - жуттумдугуна күбө болосуз.

- Ишенгүл Садыковна, сиз бир жылдан ашуун убакыттан бери Москвадагы Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунда (МФГС) Кыргызстан боюнча эксперт-консультанты болуп иштеп келатасыз. Алгач ушул фонд тууралуу айтып берсеңиз?
- Бул фондун үстүндө каржы, ар долбоорлорду ж.б. чоң-чоң маселелерди караган Башкаруу (ушундай аталат) бар. Ал эми ал Башкаруунун үстүндө болсо мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу боюнча Кеңеш бар. Бул Кеңеш болсо концепсияны, стратегияны, гуманитардык карым - катнаш маселелерин чечет. Кеңеш Башкарууга тапшырма берет. Мисалы, өткөн жылы Тарыхый- маданият жылы болсо, быйыл, Спорт жана дени сак жашоо жылы болуп атат. Алар ушул маселе боюнча берилген тапшырмаларды аткарат. Көптөр бул уюмду Сорос же ЮНЕСКОдой деп түшүнүшөт. Чындыгында биздики андай эмес, аты эле айтып тургандай мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фонду болуп эсептелет. Саясатка кийлигишпейт. Жаштарды көтөрүү, гуманитардык кызматташууну күчөтүү иштери менен алектенет. Бул фондго Кыргызстан 2006-жылы киргенбиз. Ал эми Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу Кеңеши болсо, 2005-жылы түзүлгөн. Мунун көп жылдар бою, атактуу Джахан Поллыева башкарып келди. Өткөн жылы РФнын Мамлекеттик ДУМАсынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды, бирок ошол эле учурда Кеңештин жетекчиси болуп да иштеп атат. Кеңешке да өкмөттүн чечими менен мүчөлөр шайланат. Мен 2006- 2007-жылдары министр болуп турганда Кеңешке мүчө болуп турдум. Ошон үчүн мен бул тууралуу жакшы билем, алар да мени жакшы билишет. Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун Башкармасында Кыргызстандан көп жылдар бою Султан Раев мүчө болуп турду. Ал эми биз аткара турган иштердин көбү Тышкы иштер министрликтери аркылуу чечилет. Бул жылы биздин Өкмөттүн түзүмүндө өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, алар Эл аралык уюмдарга өздөрүнүн жаңы өкүлдөрүн шайлашты. Негизинен МФГС бир катар министрликтер жана УИА, ЖОЖдор менен иштешет. Ошондуктан, МФГСтин Башкаруучулугуна МФГСтин ишин алып кете турган, кадыр - барктуу адамдарды ишке алуу максатын койгон. Бирок алар коомдук башталышта иштешет. Айлык жок. Алар жылына үч-төрт жолу жолугушуп, аткара турган иштерин талкуулашат. Роза Исаковна Отунбаева 4-апрелден баштап Башкарууга мүчө болуп, Кыргызстан боюнча өкүлү болуп калды. Апрелде барып келди, эми июнда барат. Мен болсо эксперт -консультанты болуп иштейм. Экөөбүздүн ишибиз эки башка. Ошондуктан гезитиңердин өткөн санында "Роза Отунбаеванын ордуна Ишенгүл Болжурова барууга аракет кылып, чуркаптыр"- деп жазып койгонуңар бир аз туура эмес экенин айта кетейин.
- Эми МФГС жыл сайын берилип турган "Шериктештик жылдызы" сыйлыгын Ибрагим Жунусовдун кандайча алып калганын айтып берсеңиз. Жалпыга белгилүү болгондой Ибрагим мырзанын бул сыйлыкка татыктуу эмес экени абдан талкууга алынып турган кези...
- Негизинен бул сыйлык өзү үч тармакка бериле турган абройлуу сыйлык болуп эсептелет. Биринчиси илим, билим тармагына чоң салым кошкондорго, экинчиси маданият, искусство тармагына чоң салым кошкон инсандарга, ал эми үчүнчүсү гуманитардык ишмердүүлүгү жана маданияттар аралык диалог түзгөндүгү үчүн берилет. Бизден 2010-жылы бул сыйлыкты Султан Раев министр болуп турганда маданиятка, искусствого салым кошкондугу үчүн алган. Бул тууралуу да коомчулукта ар кандай пикирлер айтылган эле. 2011-жылы болсо, Сабыр Жумабеков Саламаттыкты сактоо министри болуп турганда, медицина тармагындагы ишмердүүлүгү боюнча алган. Сабыр Жумабековдун ал сыйлыкка татыктуу экенин көпчүлүк колдоп, өз пикирлерин айткан. Ал эми быйыл Ибрагим Жунусов да министр болуп турганда "Эламан" деген ыры үчүн "маданияттар аралык диалогду" түздү деген номинацияда алды. Эми биздикине салыштырмалуу башка мамлекеттерден алган адамдарды караңыз. Лео Бокерия, М., Алиева, Махмадов, Ермаленко ж.б. КМШ өлкөлөрүндө абдан атактуу кишилер алышты.

"Жунусов даңазалуу 200дөй ырдын автору. 60 ыры КРнын "Алтын фондуна" жазылып
алынган..."

- Жунусов: " Эламан ушул ырым шериктеш өлкөлөрдө ырдалып, улуттарды достукка, биримдикке чакырып, ортодо ынтымакты чыңдагандыгы үчүн берилди"- деп уялбай эле айтты. "Эламан" бизден башка кайсы өлкөдө ырдалып, улуттарды достукка чакырды эле? Сиздин көз карашыңыз кандай?
- "Эламандын" анчалык деңгээлге жеткенин деле билбейт экенмин. Биздин өкмөт Бул абройлуу сыйлыгына кимди көрсөтсө, МФГС ошол адамга унчукпай бере берет. Себеби, өкмөттүн ишине кийлигишпейт. Менин билишимче, быйыл бул сыйлыкка биздин өлкөдөн үч-төрт адам өз талапкерлигин көрсөтүптүр. Алардын ичинен Улуттук илимдер академиясынын мурунку президенти Шарипа Жоробекова жана ЖКнын депутаты, акын Эгемберди Эрматовду билем. Калганын биле албадым. Бирок биздин өкмөт Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин колдошуптур. Жунусовду сыйлыкка көрсөткөн Өкмөттүн сунушунда: "2010-жылдагы июнь окуясында улуттар арасына "көпүрө" болуп берген. Элге алынган, даңазалуу 200дөй ырдын автору. Анын 60 ыры Кыргыз Республикасынын "Алтын фондуна" жазылып алынган. Кайрымдуулук иштери менен алектенип, карылар үйүнө жана жетим балдар үйүнө жардам көрсөтүп турат. Ошондой эле жаш таланттарды колдоп келет"- деп жазылыптыр. Бул сунушта жазылган нерселердин канчасы чын, канчасы калп, аны коомчулук жакшы билет деп ойлойм. Өкмөт болсо, башкалардын талапкерлигин колдобой, бир гана Жунусовдун талапкерлигин колдоптур деген кептер да айтылып келет. Сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин документтери МФГСтин экспертинен, анан Башкаруунун экспертинен да өтөт. Андан соң Кеңеш менен Башкаруу чогулуп, дагы бир сыйра талкуулашат. Баары тең жашыруун каралат. Ошол каралып жаткан учурда Жунусовдун документтери кандайдыр бир жолдор менен өтүп кетиптир. Андан тышкары, ал киши сыйлыкты алуу максатында Медакадемиянын ректору Ашыралы Зурдиновду эксперт катары жибериптир. Ал : " Бизде Жунусов абдан атактуу"- деп абдан мактайт. Ал эми Кеңеш менен Башкарууда Кеңештин мүчөсү Раев да Жунусовду абдан мактап, өтө жогорку деңгээлде сүйлөп берген. Нурлан Шакиев да ал жерге мүчө катары барган. Бирок Жунусов үчүн эң эле жанын чаап сүйлөгөн Зурдинов менен Раев болуптур. Ушундан соң, МФГС өкмөт өзү колдоп атса, Раев, Зурдиновдор мактап атса, не кылат? Ошентип сыйлыкка анын талапкерлиги өтүп кеткен. Эң кызыгы Жунусов эми сыйлыкты алгандан кийин Раевдин ордуна гуманитардык карым -катнаш Кеңешине мүчө болуп калды.
- Бул сыйлыктын артыкчылыгы кандай?
- Артыкчылыгы жакшы. Акчасы 2 миллион рубл. Андан тышкары алтын, платинадан жасалган төш белги берилет. Бул сыйлыкты алган адамды МФГС өмүр бою КМШ өлкөлөрүндөгү ар кандай чоң-чоң форумдарга, салтанаттарга катыштырып, чыгымдарын өзү мойнуна алат. Мындайча айтканда сыйлыкты алган адамдар өзүнчө эле КМШнын баатырына айланып калат да...
- Жунусовдун сыйлыкка көрсөтүлгөнүн МФГС өзү кандай кабыл алды? Жакындан билгендер, таң калуу менен кабыл алды деп айтып жатышат. Сиз аралашып жүргөндөн кийин жакшы билсеңиз керек?
- Мага Жунусов сыйлыкка көрсөтүлгөндө эксперттен бир адам чалып: "Ибрагим Кожоназарович маданияттар аралык диалогго кандайча катышып калат? Себеби ал өзүнүн өмүр баянында "Ата-Журт" партиясынын мүчөсү катары көргөзүптүр "-деп айтты. Мен болсо: "ал номинацияга кандайча катышып калганын билбейм. Өкмөт өзү көргөзүптүр, мен Өкмөттүн ишине кийлигише албайм"- деп жооп бердим. Чынын айтканда Москва деле Жунусов бул сыйлыкты алат деп күтпөсө керек. Ушундан уламбы, айтор сыйлыкты берүү эрежелерин өзгөртүп, жаңы чечим кабыл алды.
- Кандайча кылып өзгөртүштү?
- Эми сыйлыкты берүү эрежеси мындай болуп калды. Мындан ары мамлекеттик чоң кызматта турган адамдар МФГСтин бул сыйлыгын ала алышпайт. Алар деле түшүнүштү окшойт. Себеби, бизден Раев да, Жунусов да бул сыйлыкты министр болуп турган кезинде алышпадыбы. Демек, мындан ары, чоң кызматтарда турган адамдар кызмат абалынан пайдаланып бул сыйлыкты ала алышпайт. Кыскасы, мындай терс көрүнүшкө бөгөт коюлду.
- МФГСти ким каржылайт жана жылдык бюджети канча?
- МФГСти, МФГСке мүчө болгон өлкөлөр каржылайт. Тактап айтканда, взнос төлөшөт. МФГСтин жылдык бюджети жетишерлик эле. Мүчө болгон өлкөлөр мүмкүнчүлүгүнө, экономикалык абалына жараша взнос төлөп турушат. Биздин өлкөгө 600 миң рубл деп жазылып калыптыр . Биз 2010-жылы взносту төлөгөнбүз. Ал эми 2011-жылдын взносу төлөнө элек. Негизинен МФГСти чоң мамлекеттер көбүрөөк каржылап келет.
- Ишенгүл Садыковна, акыркы суроо болсун. Сиз элчилик кызматтан келгенден кийин, өкмөт кызмат сунуш кылбагандан соң, ушу МФГСке иштегени кетип калган деп айтып жүрүшөт? Ал жакка кандайча барып калдыңыз?
- Чындыгында эле мен элчиликтен келгенден кийин, мага эч ким кызмат сунуш кылган жок. Анан МФГС өзү мага сунуш кылып, кызматташууга чакырып калды. Ошондон бери, иштешип келатам.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев.