Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Геницдин кезегинде бил да!
Сания Сатарова, Какен Алмазбековдун бир тууган карындашы:

"Агам мамлекеттен сыйлык


алып, жылуу сөз уккан эмес..."


Ачыгын айтканда акын Какен Алмазбековдун атын укканым эле болбосо, акындын чыгармачылыгы менен жакындан тааныш эмес болчумун. Өткөндө сыналгыдан акынга арналган эскерүү кечесин көрүп отуруп, Какен Алмазбеков чындыгында эле абдан таланттуу акын болгонуна ынандым. Көп өтпөй эле, белгилүү журналист, кесиптешим Баратбай Аракеев агамдын өтүнүчү менен акынды эскерип, кечени өткөрүп жаткан акындын бир тууган карындашы Сания Сатарова эжеге жолугуп, эже менен шашпай маектештим. Эже мага агасынын ырлары, термелери, дастандары камтылган акындын калемине таандык "Мен адаммын" деген ырлар жыйнагын карматты. Китепти барактап отуруп, эгер акындын көзү тирүү болгондо дагы далай ырларды, дастандарды, термелерди жаратып, кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө абдан зор салымын кошмок экен деген ойго келдим. Баарынан да акын айрым бир ырларында бүгүнкү күндө коомубузда болуп аткан жаман-жакшы көрүнүштөрдүн баардыгын алдын-ала туя билип, таасын чагылдырыптыр.
Буга чейин эл арасында ырдалып келген терең мазмундагы обондуу ырлардын көбү Какен Алмазбековго таандык экен. Ал ырларды ырдап чыккан ырчылардын айрымдары гана ырдын сөзү К. Алмазбековго таандык экенин айтпаса, көпчүлүгү уялбай эле, сөзү обону өзүнүкү же башканыкы кылып ырдап келишет. Эгер башкаларга окшоп, акындын атак-даңкы таш жарып, мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгондо анын ырларын эч ким менчиктеп ала алмак эмес. Тилекке каршы, акын канчалык мыкты ырларды жаратпасын, анын эмгеги таптакыр бааланбай, ар дайым көз жаздымда калып келген. Акын, мамлекеттен бир да сыйлык алган эмес. Жада калса көзүнүн тирүүсүндө жазуучулар союзуна да мүчө болуп катталбаптыр. Көзүнүн тирүүсүндө аталган союзга мүчө болоюн деп барса, көрө албагандар ар кайсы шылтоону айтып каттабай койгон дешет. Ошондуктан, кеч болсо да мамлекет акындын чыгармачылыгын эске алып, башкасы болбосо да, жок дегенде "маданиятка эмгек сиңирген ишмер" деген наамды ыйгарып койсо, акындын арбагы ыраазы болот беле...
Ал эми акындын өмүр чыгармачылыгына тагыраак токтоло турган болсок, акын 1934-жылы Чүйдүн Шалта айылында туулуп, 1991-жылы каза болгон. 57 жылдык аз өмүрүндө көптөгөн ырларды жаратып, кыргыз радиосунун алтын казынасында эле эки жүздөн ашуун ырлары сакталган. Башкасын айтпаганда да акындын "Жыргал", "Мелдеш", "Ырлар", "Кимде айып" аттуу жыйнактары жана анын ичинен тандалып алынган "13 жашаар баланын арманы", "Кырсыктан жаштар алыс бол", "Эненин арманы", "Саламдашуу", "Кыргыз көчү", "Айсары кыздын арманы" аттуу ж.б. термелерин, армандарын, санаттарын калың калк алдына О. Кутманалиев, З. Үсөнбаев, ырчылар М. Аликеев, А Атамкулов, С.Көчөрбаев сыяктуу ж.б. атактуулар ырдап чыгып, бүгүнкү күнгө чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Баса, кезегинде гений акынды адам катары санабай жүргөн немелер, жерге-сууга тийгизбей мактап турушат.

- Сания эже, буга чейин да агаңыз Какен Алмазбековдун ырларын топтоп китебин чыгарып жүрүптүрсүз, бул жолу да агаңыздын ырлары, дастан термелеринен бери камтылган "Мен адаммын" деген жакшынакай китебин чыгарган экенсиз, ушуну менен агаңыздын канчанчы китебин чыгардыңыз?
- Агамдын көзү өткөндөн кийин эле "Эненин арманы", "Мурас", анан быйыл "Мен адаммын" аттуу китебин чыгардым. Китепке буга чейин агамдын жарыкка чыккан жана чыкпаган ырлары, дастандары, термелери кирди. Жарыкка чыкпаган чыгармаларын болсо, агамдын Шалтадагы үйүнө барып таап чыктым. Жарыктык киши мүшөккө салып эле жыйнай бериптир. Көпчүлүгү саргарып, тамгалары өчө баштаган экен, анын баарын кайрадан тердирип, иреттедим. Анан Кыргыз Эл акыны А. Өмүркановго алып келсем, ал киши бир сыйра редакциялап китеп кылып чыгардык. Негизи агамдын көп эле ыры бар болчу. Бир жолу үйү өрттөнүп кетип, тилекке каршы, ошондо бир топ ыры күйүп кеткен. Болбосо дагы далай китептери жарык көрмөк.
- Коомчулукта К. Алмазбеков башынан өткөн окуялардын көбүн ыр кылып жазган, анткени, акындын турмушу оор болгон деп жүрүшөт. Ошол чынбы?
- Эл катары, жакшы эле турмушта жашады. Бир гана арманы көзү көрбөгөндүктөн "башка акындарга бергендей өкмөт мага дагы үй берсе, ошол үйгө отуруп алып ыр жазсам"- деп тилеп жүрүп өтүп кетти. Ал эми армандуу ырларды болсо, коомдо болуп жаткан окуялардын баардыгы чыгармачыл адамдын жүрөгүнөн өтөт эмеспи, анысы кандай, агам дагы коомдо эмне болуп жатса, ошонун баарын жүрөгүнө алып, ыр кылып жазар эле. Мисалы, "Айсары кыздын арманы" "Оорулуу баланын арманы" деген ырларынын баары турмуштан алынган ырлар. Акыркы жолу көзү өтөөрдүн алдында "Кыздын арманы" деп колуна калем алып жазбастан:
Муң зарды башка үйүүгө,
Муңканып боздоп күйүүгө.
Качкыдай менден апаке,
Калтырып төрөт үйүнө.
Кайсы эле менин айыбым,
Калтырып арман дүнүйө.
Атам жок, менин агам жок,
Агам жок, же бир жеңем жок.
Ага-ини тургай мендейде,
Айылым жок, үй жай деген жок.
Күйкөдөй мен бир байкушмун,
- деп, ооз эки айтты эле. Ошондо диктофонго деле жаздырып алсам болмок экен, болгону жогорудагы саптарды гана эстеп калыптырмын.

- Дагы айтам, агама эч кандай көңүл буруу болгон эмес. Бир да жолу мамлекеттен сыйлык алып, жылуу сөз уккан жок. Ал тургай ырларын көтөрүп алып жазуучулар союзуна мүчө болоюн деп барса, "арак ичесиң"- деп кабыл албай коюшуптур. Жазуучулар союзуна мүчө болбосом дагы сыйлык алып калаармын деп маданият министрлигине барса, министрликте иштеген Мырза Тойбаев деген адам "сенин ырларын Шекспирдикине окшош экен" деп таптакыр сыйлыкка жолотпой койгон. Китебинин бет ачары болуп, чыгармачылык кечесин деле өткөргөн жок. Бир гана жолу көзү өтөөрдүн алдында, тактап айтканда 1991-жылы февраль айында акын, журналист Асанбек Иманбаев "Лирикалык кечесин" өткөрүп, ошондо агам аябай толкунданды. Кечеден кийин мага көптөгөн адамдар телефон чалып, "баланча деген ыр Какендики турбайбы, биз билчү эмеспиз, деп аябай таң калышты. Ошондой болсо да бүгүнкү күнгө чейин канчалаган адамдар агамдын ырларын менчиктеп ырдап жүрүшөт. Бир жолу "Замандаш" деген телеберүүдө " Жүзүңө күлкүң жарашып" деген ырын Кыргыз Эл артистти Саламат Садыкова Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуевге таандык десе, С. Жусуев ыр К. Алмазбековго таандык экенин билсе дагы, билмексен болуп унчукпай отурду. Айтор, ушул сыяктуу агамдын ырларын менчиктеп алгандар көп эле, учурда Өмүрзаков деген ырчы агамдын дагы бир ырын С. Жусуевге таандык деп ырдап жүрөт. Андан тышкары А. Турдалиева ж.б. көп эле ырчылар ырдоодо. Мен билгенден бүгүнкү күнү бери дегенде эле, токсондон ашык ырчы агамдын ырларына обон жаратып ырдап жүрүшөт. Анан өткөндө агамды эскерүү кечесин өткөрөйүн деп, ошол эле агамдын ырлары менен аты чыгып, коомчулукка таанымал болгон айрым ырчыларга ырдап берип койгула деп кайрылсам, кээ бирөө уялбай эле акча сурашты. "Чагылган"- деген ыры ушул кезге чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келе атат. Раматылык обончу жана аткаруучу Аксуубай Атабаев "гезит окуп атсам эле, гезиттин бир бурчуна "Чагылган" деген ыр жарыяланыптыр, автору ким болду экен деп карасам, К. Алмазбеков экен. Ошондон эле үч саатка жетпей обон жаратып койдум"- деп айтып калчу.
-Агаңыздын үй -бүлөсү тууралуу да кыскача айта кетсеңиз?
- Бир уул, бир кызы бар, байбичеси деле ооруп жүрүп, агамдын көзү өткөндөн кийин кайтыш болуп кетти. Уулу жөнөкөй эле жумушчу. Кызы болсо, КРСУ университетин аяктап, жакында эле чет өлкөгө иштеп келгени кетти. Экөө тең чыгармачылыкка аралашып, атасынын жолун жолдошкон жок.
- Эже, агаңыздын көзү өткөндөн кийин карындаштык парзыңызды аткарып бир топ эмгек сиңириптирсиз, Какен ага акындын мыктысы болсо, сиз адамдын мыктысы экенсиз деген ой келди мага. Өмүрүңүз узун болсун!
Маектешкен
Мирлан Алымбаев