presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Равшан Сабиров Социалдык өнүктүрүү министри:

"Мен мамлекетке акча карыз эмесмин..."


- Равшан мырза, сиз жетектеген минстрлик согушка катышкан ардагерлерибизге кандай жардам көрсөтүп, кандай сый көрсөттү?
- Бүгүнкү күндө республика боюнча согушка катышкан 2201 ардагерлерибиз бар. Ал эми тылда кызмат кылган ардагерлерибиздин саны 7 500дөн ашык. Быйыл өкмөттүн чечими менен согушка катышкан ар бир ардагерибизге 10 миң, тылдагы ардагерлерибизге 5 миң сомдон жардам көрсөттүк. Албетте, ардагерлерибизге канча жардам көрсөтсөк да жарашат. Колдон келген жардамыбызды аябастан көрсөтүү биздин милдетибиз. Бирок биздин иш - аракеттер мамлекеттик бюджеттин абалына жараша чектелип калат экен. Андан тышкары, 2010-жылы жеңилдиктерди көрсөтүүнүн башкача жолуна өткөнбүз. Мисалы, коммуналдык кызматтардын ордуна 1000 сомдон 7 миң сомго чейин төлөп беребиз. Себеби, Бишкекте суу, свет ж.б. кызматтарды пайдаланышса, башка региондордо пайдаланылбай калат. Ошон үчүн баарына тең болсун деп акчалай жагына басым кылдык.
- Кийинки учурда, пенсия алган ата-энесинин колунда турган балдарга пособия берүү кыскарып кетти. Буга нааразы болгондордун саны көп. Бул маселе боюнча кандай көз караштасыз?
- Аз камсыз болгон жарандарыбыздын саны республика боюнча 374 200. Алар мыйзам боюнча чегерилген жөлөк пулду алышат. Ал эми аталарыбыздын, апаларыбыздын пенсиялары дүйнөлүк практикада киреше катары эсептелет экен. Муну биз ойлоп тапкан жокпуз. Бардык мамлекеттерде эсептелинет экен. Азыр жөлөк пул алыш үчүн, ата-энелердин карамагынан чыгып, өзүнчө кетип атышат. Биз бул боюнча иш алып барып атабыз. Кудай буйруса, жакынкы аралыктарда жаңы мехенизмди сунуш кылабыз.
- Май айынан баштап пенсиянын көтөрүлө тургандыгы күтүлүүдө. Бул маселе тууралуу эмне айта аласыз?
- Бул маселе менен негизи Соцфонд иш алып барат. Ошондой болсо да, мен өкмөттүн мүчөсү катары айта кетейин, пенсия май айынан баштап 11 пайызга этап-этап менен көтөрүлөт. Андан тышкары, сентябрь айында да көтөрүүлүсү күтүлүүдө. Ал эми жөлөк пул тууралуу айта кетсек, жөлөк пул алган адамдардын саны республика боюнча 444 400 адамды түзөт. Андан тышкары, такыр иштебеген адамдар 1000 сомдон жөлөк пул алышат. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да өз тобуна жараша жөлөк пул алышат.
- Социалдык тармактагы чечилбей жаткан көйгөй катары кайсы көйгөйдү айтар элеңиз?
- Бүгүнкү күндө күндөн-күнгө жашоо кымбаттап жатат. Көйгөй көп. 2012-жылдын 1-июлун баштап Кыргызстанда жашаган адамдардын бир айдагы эң төмөнкү кирешеси 370 сомду түзөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда жакырчылыктын эң чектелген чеги 1050 сомду түзүп жатат. Биз бир айга белгиленген кепилдүү кирешени 580 сомго көтөрүүгө аракет кылып атабыз. Биздин министрликтин 2012-2014-жылдарга пландалган стратегиялык программасы бар. Биз ал программада көрсөтүлгөндөрдү аткарууга бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонобуз.
- Каржы министри Акылбек Жапаров уялбай эле Кыргызстанда 100 доллар бир ай жашаганга кенен жетет деп айтты. Сиз министр катары жарандарыбыздын социалдык жашоосун жакында билесиз. Жапаровдун пикирин туура деп эсептейсизби?
- Туура деп колдой албайм. Себеби, азыр 100 долларды бир айга жеткирүү кыйын. Азык-түлүк кымбаттап, инфиляция жүрүп жатат дегендей... Улуттук статистика комитетинин берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө эң төмөнкү көрсөткүч 4791 сомду түзүп атат.
- Равшан мырза, эми башка суроолорго өтсөк, сиздин мамлекетке 3 миллион сом карыз экениңизди айрым гезиттер жазып чыгышты. Ал карызыңыздан кутулдуңузбу?
- Негизи ал маалымат бир тараптуу маалымат десек болот. Мен мамлекетке карыз эмесмин, карыз болгум да келбейт. Бул маселе боюнча азыр соттук териштирүү иштери жүрүп атат. Аягына чыккандан кийин кенен айтып берейин.
- Сиз "Ата- Мекен" фракциясынан министрлик кызматка келдиңиз. Аталган фракциянын ички ынтымагына кандай баа бересиз? Жээнбеков менен Абдырахмановду фракциядан, партиядан чыгаруу маселесин кандай кабыл алдыңыз?
- Ар бир депутат өзүнчө инсан. Мен бул көрүнүштү абдан өкүнүч менен кабыл алдым. Учурда мен Жогорку кеңеште эмес, министрликте иштеп атам. Ошон үчүн мен бир тараптуу баа бере албайм. Чынын айтканда, мен бардык кесиптештеримди бирдей көрөм.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев




Айнура Арзыматова, тарых илимдеринин доктору, саясат талдоочу:

"Тестирлөөдө өзбек тилинин колдонулушу


Кадыржан Батыровдун аракетинин жыйынтыгы"


- Мамлекеттик жана расмий тил менен катар өзбек тилинин да Жалпы республикалык тестирлөөдө колдонулушу коомчулукта бир катар нааразычылыктарды пайда кылууда. Саясат талдоочу катары бул маселенин төркүнүнө токтолуп өтсөңүз?
- Мындай маселе жөн жерден пайда болгон жок. Жалпы республикалык тестирлөөдө өзбек тили башынан бери эле колдонулуп келет деп атышат билим берүү министрлигинин чиновниктери. Кыргызстандагы башка улуттардын тилдерине караганда өзбек тилиндеги мектептердин, жогорку окуу жайларынын көптүгү, дегеле бул тилге байланышкан маселенин мынчалык талкуу жаратып калышына жеке бир адамдын салымы чоң болгон. Ал адам Кадыржан Батыров жана анын жандоочулары. Өзбек тилинде мектептер болсун, өзбек тилинде университеттер болсун деп дал ушул адам маселе көтөрүп, ушул адам көмөкчү болгон. Өзбек тилинде 3 теле компанияны түптөгөн. Албетте мунун баарына 20 жылдан бери акчага сатылган кыргыз чиновниктери уруксат берип, кенен укуктарды берген. Эгер дунгандардын же уйгурлардын арасында Кадыржан Батыров сыяктуу адам чыкса, алар деле ушундай кадамдарга барышмак. Бирок алардын арасынан андай адамдар чыкпаптыр, а өзбектердин арасынан чыгыптыр. Кадыржан Батыров болгон сайын болсун деп отуруп акыры, автономия маселесин көтөрүп чыкты дагы, канча деген бейкүнө адамдардын өлүмүнө себепкер болду. Эми бул башка маселе. Ал эми Жалпы республикалык тестирлөөдө өзбек тилинин колдонулуп калышы - дал ушул Кадыржан Батыровдун эмгеги.
Жыйырма жылдын ичинде Кыргызстанда улут сферасында эч кандай реалду мамлекеттик саясат иштелип чыккан эмес. Анын ордуна спекуляция болуп келген. Ошонун баары акыры 2010-жылдын июнь каргашасына алып келди. Белгилей кетүүчү жагдай, улуттук маселеде жана саясатта спекуляция жасоо бул эртеби - кечпи сөзсүз жарылуучу бомба. Кыргызстанда ал бомба 2010-жылы жарылды.
Билим берүү министри Канат Садыков дагы өткөндө "Өзбек тилинде тестирлөө мага чейин эле болгон"-деп айтып жатат. Ооба, өзбек тилиндеги тестирлөө Садыковго чейин эле болгон, бирок азыр заман башка да. Биз Акаевдин жана Бакиевдин "өзүм билем" деген мыйзамдарынан кетишибиз керек. Улут сферасында жаңы көз караш, жаңы концепция иштелиш керек. Демократиялык өлкөдөгү улуттук саясаттын негизги концепциясы - бул баардык элдердин тең укуктуулугу жана мамлекетти түзүүчү улуттун интеграциялык ролу. Мисалы: Кыргызстанда-кыргыздар, Казакстанда-казактар, Молдовияда-молдовандар ж.б. Мамлекетти түзүүчү улут болмоюн толук кандуу мамлекет эч качан болбойт. Муну илим дагы, тарых дагы тастыктаган. Ошондуктан, Канат Садыков министр катары стратегияны караш керек, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргогон чечим кабыл алыш керек. Анткени ал жогорку саясий кызматта отурат. Ал болсо стратегия эмес, бир катар тактикалык каталарды кетирип атат. Маданият министри болобу, Билим берүү же Транспорт министри болобу ушул сыяктуу маселелерде биринчи ирет "бул улуттук кызыкчылыгыбызга туура келеби?"-деген маселени коюш керек. Алар мамлекет башчыларына, мисалы Президентке же Премьер-министрге "мындай кылыш керек же мындай кылганга болбойт"-деп кеңеш берип, аларды аргументтүү фактылары менен ишендериш керек. Анткени ошол эле Атамбаев же Бабанов билим берүү, медицина же маданият тармагындагы маселелердин баарын терең биле албайт да. Министр креслосунун аркасы менен элдин акчасынан айлык алып, алардын сыйын көрүп жүрө бербей, анча-мынча башын иштетип, ушундай иштерди кылдат анализдеп, улуттук кызыкчылыктарга доо кетпей тургандай тыянак чыгара билиш керек да.
- Билим берүү министрлигиндегилер Өзбекстанда деле кыргызча окуп атышат деп атпайбы?
- Өткөндө жаштардын өкүлдөрүн Билим берүү министрлигиндегилер кабыл алып, "Эмне эле кыйкырып атасыңар, Өзбекстанда дагы кыргыз тилиндеги мектептер бар"-деп атат. Кыргыз мектептер бар. Муну эч ким андай эмес деп айткан жок. Бирок алар бүтүрүү сынактарын кайсы тилде берип жатышат? Министрликтин ЖОЖдор боюнча башкармалыгынын начальниги бир гезитке маек берип, "Өзбектстанда да ЖОЖдорго кыргыз тилинде экзамен беришет"-деп атат Мен ишенбейм буга. Мисалы, ТашМУга кыргыздар кыргызча экзамен берип атканын мен элестете албайм. Атайын запрос жиберип, такташ керек. Ошол эле чиновник "биздин АУЦАда сабак англис тилинде жүрөт, эмне эми англис тилин алып салып, кыргыз тилине өтөлүкпү?"-деп атат. Туура АУЦАда сабактар англис тилинде жүрөт, бирок мамлекеттик бүтүрүү экзамендери кыргызча, орусча же ангилисче жүргүзүлүп атат го. Муну чиновник чын эле билбейби, же атайылап элдин башын айлантып жатабы?
- Өзбек тилинин жалпы республикалык тестирлөөдө колдонулушу мыйзамга туура келет дегендерге пикириңиз кандай?
- Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын IV главасынын 16-пунктунда "Кыргыз Республикасынын ишкана, мекеме, уюмдарындагы эсеп-отчет жана финансы документтери мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт" - деп жазылып турат. Ал эми Жалпы республикалык тестирлөөнүн бланкы эмне деген документ? Эсеп-отчеттук документ эмеспи? Албетте ошондой, ал мамлекеттик документ. Өзбек мектептерде мамлекеттик тил сөзсүз окутулушу керек. Ошол эле мыйзамдын V главасынын 18-пунктунда "Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда мамлекеттик тил республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, кесиптик билим берүүнүн башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында, кошумча кесиптик билим берүү мекемелеринде окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болуп саналат. Окутуу расмий же башка тилдерде жүргүзүлгөн мектепке чейинки мекемелерде, жалпы орто билим берүүчү мекемелерде (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда), кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринде окутуунун бардык учурунда мамлекеттик тилди окутуу жана үйрөтүү камсыз кылынат. Окутуу расмий жана башка тилдерде жүргүзүлгөн кесиптик орто жана жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген көлөмдө жүзөгө ашырылат" - деп жазылган. Мейли, өзбектер өз тилинде бүтүрүү экзамендерин берсин, бирок ЖОЖго тапшырганда ошол эле өзбектер, дунгандар ж.б. улуттар кайсы тилде экзамен беришет? Албетте мамлекеттик же расмий тилде. Анан, ЖОЖго өткөндөн кийин алар кайсы тилде окушат. Албетте кыргыз же орус группаларда окушат. Мен ушул убакытка чейин ЖОЖдорго абитуриенттер өзү каалаган тилде экзамен тапшырат дегенди мен уга элекмин. Бир дагы ЖОЖдо өзбек группасы жок да. Өзбек мектебин бүткөндөр жогорку окуу жайына мамлекеттик же рамий тилде тапшырып жатышкандан кийин мектепте деле мамлекеттик экзамендерди орус же кыргыз тилинде тапшырыш керек. Тестирлөөнү өзбек тилинде тапшыргандар бир гана Кыргыз-өзбек университети менен чектелип калып жатышпайбы. Кыргызстандагы баардык улуттар өзү каалаган ЖОЖуна тапшырыш үчүн конституциялык эки тилди билүүгө милдеттүү. Ошон үчүн өзбек тилиндеги Жалпы республикалык тестирлөөдө - саясат, демагогия жана спекуляция болуп атат.
Эрнис Балбаков






fabula





??.??