presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Орустан кыргыз кем бекен?

Кош тилдин алдында кор болгон эне тилим


Ошентип орустардын эски жаңы ажосу тактысына отуруп, отурбай жатып, "бир боор энебиздин" койнунан нан таап, оокатын кыбыратып жүргөн КМШлык мигранттардын эсин эки кылган токтомун токуду. Мындан кийин Орусиянын аймагына иштемекчи болгон чет элдик мигранттар милдеттүү түрдө орус тилинде эркин сүйлөп, орустардын мыйзамдары менен тарыхын жадыбалдай жатка билиши керек экен. Орусияда убактылуу "мейманчылап" жүргөндөрдү океңдер ошентип убайымга салышты. Ал эми Кыргызстанда кырдаал кандай?
Өмүр бою Кыргызстанда жашап жүргөн тили бууру мекендештерибизди тарыхыбызды мындай коелу, тилибизди үйрөтө албай, кыргыз тилинде сүйлөтө албай канча жылдан бери сүйрөлүп келебиз. Эне тилибиз жөнүндө эки ооз сөз маселе козгосок, "кыргыздар улутчул болуп атышат, биз интернационалдуу өлкөдө жашайбыз, укугубузду тебелеп-тепсеп жатышат" деп орус тилдүү кесиптештерибиз кекиртектен алганды эчак эле адатка айлантышкан. Өткөндө өзбек тилинин Жалпы республикалык тестирлөөдө колдонулушу боюнча коомчулукта бир топ нааразы кептер айтылганда, "мыйзамга каршы келбейт экен"-деп аргасыз алакан жайган Билим берүү министри Канат Садыков көпчүлүктүн көңүлүн кайт кылган. Ошондон кийин оңолойун дегенби же оңтойлуу учурун тапканбы, Канат мырза көпчүлүктүн каалоосу болуп турган өтө маанилүү бир маселени айтып чыкты. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим жана спорт боюнча комитетинин жыйынында келээрки жылдан тартып, өлкөбүздөгү баардык мектептерде милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча бүтүрүү экзамендери өткөрүлөөрүн жар салган. Канат Садыков айтып оозун жыйгыча, орус тилдүү "Вечерный Бишкек" гезити "По словам обезумевшего министра, этот экзамен нужен тем, кто собирается поступать в вуз по государственной квоте. Большего бреда и придумать невозможно.Что это? Очередной приступ нацизма или нелепая попытка реабилитации министра перед парламентариями, которые недавно потребовали его отставки за то, что он предложил частичное проведение общереспубликанского тестирования на узбекском языке?"-деп ач айкырык салып чыкты. Канчалаган жылдан бери Кыргызстанда жашап туруп, кыргыз тилинде сүйлөй албагандар тил маселесине келгенде ушинтип тикесинен тик тура калышат. Ал гана эмес, "акылынан айнып жөөлүп башташты"-дегенге чейин барышат. Күнүмдүк гана кызыкчылыктарын ойлогон алар үчүн кыргыз тили жоголобу, кырылабы баары бир. Ал эми чынында кыргыз тили орус тилинин тебелендисинде калып, жыл өткөн сайын күнүмдүк колдонуудан чыгып баратат. Кыргызстанда кош тилдүүлүк өкүм сүрөт деп айтылганы менен иш жүзүндө таптакыр андай эмес. Бул боюнча Кыргыз Илимдер Академиясынын илимпозу Айшат Ботобекова "Кош тилдүүлүк деген эмне? Эгерде, кыргыз кыргызча да, орусча да билип, ал эми башка улуттар (орустар) орус тилинде эле сүйлөсө, бул кош тилдүүлүкө жатпайт. Ал эми бизде орус бир эле өз тилинде, киргизи деле, башкасы деле орус тилинде сүйлөп жатпайбы. Орус орусча да, кыргызча да сүйлөсө, кыргыз кыргызча да, орусча да сүйлөсө гана чыныгы кош тилдүүлүк болот. Ал эми Кыргызстандагы тилдин абалы теңирден тескери!!! Бизде чыныгы кош тилдүүлүк жок!"-деп чечмелеп берди.
Эгер Канат Садыков айтканынан кайтпай, көтөргөн маселесин өтөсүнө чыга алса, аты алыска угулуп, даңкы далайга кетмек. Анан да өлкө башчыларыбыз өз элинин кадыр-баркын, намысын бийик сактаган Владимир Путиндей чечкиндүү кадамга бара алышса, аттары тарых барактарында түбөлүк жазылмак…

Эрнис Балбаков




Бийлик курмандыгы

Түрмөнүн түбүндөгү гүлдөр


(Башы өткөн санда)
Доогерлер да тайсалдашат, сот ал
чындыктан качат
Кандай жол менен болсо да А.Турдубаеваны сындыруу тапшырмасын алышканбы, тергөөдө жана сот процесстеринде доо коюшкан 118 пайщиктер келишим жана төлөм квитанциялары бар дегени менен акыры абийир соту аларга тынчтык бербесе керек, ошентип алардын ар бири 6 турак-жайдын курулушу жүргүзүлгөнүн, кысымга карабай А.Турдубаеванын корпорациясы тарабынан бир үйдүн 9-этажынын дубалы көтөрүлгөнүн, 2-нин 6 кабаты, 3-нүн 4 кабаты, 4-5-чи үйдүн 2-чи , 6-үйдүн биринчи кабатынын дубалдары тургузулганын, мындан тышкары корпорациянын кирпич заводу курулганын моюндарына алышкан. Мындан тышкары 8,5 гектар жерге 50 үй-бүлөгө жеке турак-жай курууга 6 сотыхтан жер бөлүнүп, жемиш бактары алдын ала отургузулганын да танышпайт. Пайщиктердин төлөгөн каражаттары объектиге сарпталганын жана доогер пайщиктердин төлөгөн каражаттары максаттуу жумшалганын Свердлов райондук соту эске албагандыгы алардын калыстыктан тайышканын дагы бир ирет тастыктап отурат. Демек бизге берген ушул үй тууралуу маалымат беришкен бир тууган эже-сиңдилер - Ганиевалардын, ошол учурдагы спикердин орун басары К.Исабековдордун айрым маалыматтарын укук-коргоочу Акин Токталиевдин контр аргументи да мыйзамдуу түрдө четке кагып отурат.
Ортодон 3 жылга жакын убакыт өтсө дагы ушул маселе боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп келип, К.Исабековдун, КУУнун юридикалык институтунун окутуучусу Ганиеванын кысымына автор дагы кысымга дуушар болгон. Акырында эже-сиңдилердин "биз Бакиевге добуш бергенбиз" - деген кебин да гезит бетинде ачык жарыялаганга аргасыз болгонун тастыктоочу гезиттин ошол учурдагы санын сактап отурат. Эгерде сот калыстыктан тайбаса, буларды эмнеге эске алышпай отурат? Ошол эле учурда корпорациянын юрист-консультанты Ганиева юридикалык-финансылык мыйзам бузууларга бөгөт коюу үчүн кандай аракеттерди жасагандыгы да табышмактуу сырга айланган. Эмне үчүн бул маселе боюнча тергөө органдары, сот буга көңүл бурушкан жок? Көрсө, Ганиевалардын бири - ушул юридикалык институтунун окутуучусу болгонун айта кетели. Ошол эле учурда азыр "Үй куруучулардын партиясынын" лидерлеринин бири, мурдагы спикердин орун басары К.Исабековдун дагы бул иште салымы бар экендигин белгилей кетели. (К.Исабековдун бир "папке" документтери жана эже-сиңдилердин каты автордо сакталып турат).
Адина Турдубаеванын "айыптоочуларынын" бири А.Коңурбаева ушул "корпорациянын" коммерциялык директору болуп иштеген. Демек, келишимдеги каражаттардын негизгиси суммасы А.Турдубаевага ушул адамдан "жеткирилерин" белгилесек болот. "Жуткан жутабасын" жакшы билгенби, мыйзам бузууга жол берген окумуштуу -юрист-консультант Ганиеванын жана акча каражаттарын кармаган коммерциялык директордун "сүттөн таза" чыгышы жана аларды күч структураларынын тергөөгө алууда камакка албагандыгы дагы шектүү мүнөздү жаратат. Чынында кылмыш жасалса, булардын ага кошкон салымы зор экендигин кантип тана алышат? Эмне үчүн А.Турдубаева менен булар дагы жоопкерчиликке тартылбай жатышат? Маселе мына ушунда турат, ал эми мурдагы спикердин орун басары, азыркы "Үй куруучулардын партиясынын" көрүнүктүү өкүлү К.Исабеков ушул партияны түзүүдө өзү жактаган Ганиевалардын жардамы менен ошол чырдуу курулушту ээлеп алган жокпу? - деген күмөн ойду пайда кылат.
Чырдын арты эл
аралык деңгээлде
каралабы?
А.Турдубаеванын ден-соолугундагы опурталдуу кырдаалдарды тергөөчүлөр да, соттор да жакшы билишет. Бул маселени анын укук-коргоочу-адвокаттар гана эмес, Орусиянын элчилиги да өз учурунда козгоп, мамлекеттик масштабда нааразылык формасында атайын нотасын жибергенин да белгилей кетсек болот. Эл аралык мамиледе булар эч качан унутулбасын эске алсак, 2 жолу оор операциядан өткөн, 50 ирет нур өлчөмүн алган, 4 ирет химия терапиясынан өткөн А.Турдубаеваны ошол абалга жеткирген Нурлан Темирбаев жана Жаныш Бакиевдердин "салымдарын" далилдеген маалыматтарды эске албай, "Бакиевдердин коррупциясына салым кошкон" деген өкүмдү чыгарган сотторго ишенебизби? Ошол учурдагы Айбек Салиевдин жана Жаныбек Бакиевдердин Н.Темирбаев менен бирдикте Кыргызстандан чыгып кетишин талап койгонун дагы көргөзө кетели. Бул рейдерлик басып алууда А.Коңурбаеванын жана Эмил Султакеевдин "рейдердик жол менен" ушул курулушту ээлеп алууга аракеттерин ачыкка чыгаралы.
Айыпталуучу А.Турдубаеванын оорулуу экенине карабастан, атайын прокуратуранын кызматкерлеринин ооруканадан "кол коюп эле кайра келесиз" деп алдап, СИЗО-1ге жеткириши эмнени билдирет? Ал эми Орусиянын элчилигинин №308 нота формасындагы катында "А.Турдубаеванын ишине мамиледе КРнын Кылмыш-Кодексинин талаптары бузулганын, айыпталуучунун диагнозунун арты адекваттуу медициналык жактан дарылануу укуктарынын бузулушуна да нааразылык билдирилген.
Ал эми "Азиякурулуш корпорациясынын" аткарган иштери боюнча маалыматтар КРнын премьер-министрине да жолдонуп отурат жана 2012-жылдын 20-апрелинде КРнын Мамкурулуш боюнча мамлекеттик Департаменти тарабынан барган комиссияны "биз Бабановдун адамдарыбыз" деп киргизбей койгондугу тууралуу маалыматты бергендигин барган адамдар танбас. Бул катка кол койгондор С.Жаналиеванын, К.Теңгебаевдин, Б.Абдалованын кол койгон актысы айгинелейт. Ушул жерде жогорку инстанциялардын атын сатып, коргогондордун сөзү, жасаган иштеринин төркүнү да көлөкөгө түн бычуу болбосун деген терс ойду жаратат. Атын саткандарга айрыкча чараны Ө.Бабанов көрөбү, же алардын сөзүн чындыкка чыгарып, эч реакция жасабай коёбу, аны да учур көргөзөт эмеспи.
Теманын тандалышы да бекеринен эмес. Кыргыздын жигиттери "гүл жыттасаң кыз жыттанат" деген сөздү жакшы көрүшөт. Ал эми түрмөнүн түбүндө А.Турдубаева сыяктуу канча аялзаты - гүл жыттанган энелер азап тартып жатышат. Аларга канча айып койсок да, алардын энелик мээримин, аял заттык касиетин, эң негизгиси өзүбүзгө сүйүктүү гүлдөй назиктигин кантип танабыз? Бул биздин ачылышыбыз эмес, бул турмуштун чыныгы өкүмүн эске алсак, аял затын эр кылган А.Турдубаеванын эмгектерин туура баалоого тура келет. Бир иш үчүн эч жерде бир адамга эки жолу өкүм чыккан эмес. Жарандык Кодексте каралуучу ишти Кылмыш ишине которгон кыргыз соттору А.Турдубаеваны бир иш үчүн эки ирет соттошту, Сверлов райондук сотунан А.Төлөев А.Турдубаевага 16 жылга камакка өкүм чыгарса, ошол эле райондук соттон сот Мамбеталы кызы А.Турдубаевага 17 жылга токтомун токуду. Ошентип бир иш үчүн А.Турдубаева тарыхыбызда болбогон 33 жылга камакка алынды. Адилеттиги жок мыйзамыңды урайын, - дегендей биздин соттордун мыйзамга "чырт" түкүрүп коёрун өздөрү далилдешти. Алар билимдүү сот өкүлдөрү эмес, өздөрү манкурт болгон күч структурасынын гана өкүлү болгонун айгинелеп коюшту. Логикалык жактан алганда да мындан башкача пикир айтууга мүмкүн болбой калды.
Эртабылды АТТОКУРОВ






fabula





??.??