presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кадам ушул…

Баардыгыңар, көтөрүлүшкө!


СССР кезиндеги 15 союздук республикалардын ичинен Кыргызстан 11-болуп саналса керек эле. Ал эми биздин республиканын мектептеринде жана жогорку окуу жайларындагы билим берүү деңгээли, көркөм адабиятты көп окугандыгы боюнча, жалпы эле маданият жааты алдыңкы орундарда болчу. Эми аны айтып ностальгиябыздын таасири менен дайны жок көкүрөктү оорутпайлы да түз эле бүгүнкү күнгө келип түшөлү…
Түштүк да талп эле дедик, бут-сут менен жамбашыбыз катуу ооруп да калды, анан көкүрөк оорубай коймокпу- сыздап жатпайбы…
Эми илгеркинин бири жок: мектепти бүтүрүп жаткан окуучуларыбыздын 90%ти чала билим алып чыгып жатат, алардын ичинен таптакыр эле "көкмээ" сынындагы балдар кыздарыбыз жетишердик. Анан анысына карабай куураган ата-эне акыркы торпогунбу, же саап жаткан уюнбу сатып туруп жайнап жатып калган униерситеттердин бирине өткөзөт. Намыс үчүн, кокуй, намыс үчүн!
Ал жердеги билим берүү мектептикинен ашып кетпейт, баягы билимсиз неме, эми университетти бүткөн билимсиз болуп чыга келет. Анан эмей, мектептен чыккан билимсизге караганда университетти бүткөн билимсиз жогору турат да кыргыз элинде!
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 54 жогорку окуу жайы бар, алардын 32си мамлекеттик, 22си менчик.
Ошентип, университеттерден "билим алган" экономисттер, юристтер, инженерлер, дипломаттар, журналисттер, менеджер-сенеджер деген кийинки акча издеген "шуулдак кесиптин" ээлери иттин кара капталынан болуп, көчөлөрдөн жол бербейт, самсыйт да жүрөт. Анткени, аларга иш жок, маселен, бир юристтик орунга азыр 30-40 тай "юристтер" туура келет экен! Экономист жааты деле ошол. Бул эмне деген айбанчылык?! Баса, окуну бүткөндөрдөн жүздүн бири өз кесиби боюнча ишке орношот, бирок, анын баасы 5-10 миң доллар!
2009-2010-окуу жылында юриспруденция боюнча 3,5 миң, экономика боюнча-8,1 миң, менеджментке- 1,9 миң, билим берүүгө- 8,8 миң, саламаттыкты сактоого-1,2 миң адам даярдалган.
Карасаңыз, бир жылда эле 3,5 миң юрист даярдалат, анан атасынын башына барып иштейби, энесинин этегине барып иштейби?! Экономикалык билим алган 8,1 миң студент кайда барып иштейт?!
Жогорудагы маселени тейлеп-тескечү адамдар келесоо эмеспи?! "Келесоо эмес" деп айтканыбыз туура болбой калат го…
Болуптур, билим алгандан кийин башка өлкөлөргө барып иштеп кетсе деле болот да. Жок! Болбойт экен, анткени, биздин жогорку окуу жайларды бүткөндөрдүн чет жерлерде баасы болбойт экен! Арип тааныбаса кантип болот эле!
Айтылып жаткан маселе жөнүндө президент да, премьер-министр да, спикер да, министрлер менен депутаттар да, дегеле жумурай-журттун баары билет да эч кандай чара көрбөгөнү эмнеси?! Ушундай орчун ишти тескеп, ишти оң жолго салбаган бийликтин баасы бир тыйын го!
Элди жакырдантып жаткан себептердин бири да ошол- жогорку окуу жайлардын көптүгү жана анда окуп жаткан студент имиштердин төлөгөн акчасынын натыйжасы. Болуптур дейли, төлөсүн, окусун- муну маселенин теориялык жагы дейли. Ал эми практикага келе турган болсок, биринчиден, жогорку окуу жайды бүткөндөрдүн дээрдик көпчүлүгү билимсиз чыгып жатат, экинчиден, алардын ондон бирине да иш жок! Анан эмне кайра-кайра эле окута беришибиз керек. Тамак-аш чыгарган ишканалардын баарын жаап туруп, уу чыгарган ишканага айлантып салгандай болуп жатпайбы ушул көрүнүш!
Азыр мектеп мугалимдеринин жарымынан көбү, болбосо, дээрдик көбүнүн билими тайкы, анткени, университетинен тайкы билимге сугарылган, экзамен менен зачетторун акчага койдуруп бүткөн, ал суу ичип, аба жутканыбыздай эле болуп калды. Бул жөнүндө президент менен билим берүү министринен баштап, ошол мектептеги окуучуларга чейин билет.
Илгери, окууга өтөмбү же өтпөймбү, өтсөм окуп кете аламбы деп жакшылык кууган "Улуу санаркоо" бар болчу. Азыр болсо, өтсөм да өтөм, өтпөсөм да өтөм деген жийиркеничтүү бүтүм бар, анткени, кыбыраган турмушубуздун баарын акча жетелеп жүрөт, жашообуздун фронтунда да акча, тылында да акча, флангаларында да акча, жашоо-акча!
Билимге жүр нары мамиле кылынгандан кийин адамдын көңүлүн көктөм кылып турчу, болбосо, оюна ой кошуп турчу, окугандан кийин санаага салып, жашоого умтултуп таштачу көркөм адабиятты окуу, ага кызыгуу, берилүү, ошол көркөм адабияттын биротоло туткунунда калуу кийинки муунубузду кайгып өтүп баратат, өтүп кеттиби, же?!
Биздин муун, бизден мурункулар жана бизден аз кийинкилер көркөм адабияттын "туткунунда" чоңойгонбуз, ошол көркөм чыгармалардын негизинде тартылган көркөм фильмдердин таасири дилибизди эч жылдырбай бийлеп алчу, жакшылыкка, тазалыкка, баатырдыкка…жетелеп, үндөп.
Дүйнөлүк, орус, кызгыз адабиятындагы биз үчүн туу болгон каармандардан санап коелучу: тили бурулардын Том Сойер, Геркулес, Павел Корчагин,Чапаев, Сережа Тюленин, Олег Кошевой, Зоя Космодемянская, Ажар, Жеңишбек, Кычан, Танабай, Данияр, Жамийла,Иляз минтип санай берсек жүз деген саның бери жакта калар… Манас, Семетей, Сейтек, Сыргак, Чубак, Алманбет, Бакай, Кошой, Эр Төштүк ж.б. конкурстан сырт го, алардан эч бир каарман укук талашпайт биздин дилде!
Азыркылардын адабий каармандары оозуңду оңкойто койчу, буту-колуңду түбүнөн сууруп алчу, ок өтпөгөн, бычак тешпеген, отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн адамсымалдар. Алардын кылган кылыктары, баскан-тургандары адам дилине эч кандай жакшылык алып келе албайт, бир алып келгени бар-ал мыкаачылык, жырткычтык ж.б. Муну бир деп туралы.
Экинчиден, азыр биздин адабиятта, кыргыз адабиятын айтып жаткандагыбыз, укмуштуудай кризис басты. Акчасы бардын баары эле бирдемелерди чүргөй салып китеп кылып чыгарып жатат, акчасы бардын баары эле акын болуп кетти, жазуучу болуп алды, тентектери тескери тегеренген кинолорду жаратып жатат. Эл аралык кайсы бир сыйлыкты алам деп, жок эле дегенде бир сөзгө илинип калам деп улутун басмырлаган, кээси менен айбанга теңей салган былжырак нерселерди тартып жатат. Бул деген наадандык! Жанагы "Белгисиз маршрут" дегенди тарткан Темир Бирназаровдой режиссерлор кино жагын колго албаса, ал тарап өлүп барат! Уктуңбу, Темир мырза!
Бул теманы уланта берсек, "аттиң" дегендер тебелеп-тепсеп кетер, андыктан "токто, паравоз, же, араба" дейли.
Эптеп топтоп алган рухий байлыгыбыз четинен эңшерилип баратканына, аны толуктай турган жагдай жаралбай турганына ким күнөөлүү? Бийлик деп дароо айтып салабыз, биринчи иретте, мени менен сен күнөөлүүсүң, урматтуу окурманым. Экөөбүз тең көр оокаттын чабуулуна туруштук бере албай, жан-дүйнөбүздү ошого "оккупация" кылдырып таштадык. Акча-дүнүйөнүн аесуз чабуулуна сен экөөбүз туруштук бере албай калдык! Ошондо эмне кылуу керек?! Бир гана жол бар-көтөрүлүшкө чыгуу керек! Жок, азыркы бийликти көңтөрүү, төңкөрүү көтөрүлүшү эмес, андан он эсе, жүз эсе кыйындыкка турчу көтөрүлүш- дилибизди оңдоо үчүн көтөрүлүш! Бул аябагандай оор көтөрүлүш болор, далай нерсени жоготушубуз мүмкүн. Бирок, жыйынтыгы жакшы болор-дилибизди тазалап аларбыз!
Кана, окурманым, дил тазалыгы үчүн алга!
Баратбай Аракеев






fabula





??.??