Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Акыйкатчы акыйкат издейт…
Акыйкатчы Турсунбек Акун өз кадыр-баркын коргоо максатында Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Анвар Артыковго чара көрүлүшүн талап кылып сотко кайрылды. Мунун себебин акыйкатчы мырза 27-апрелде "Ар-Намыс" фракциясынын жыйынында депутат Артыков аны "Шизик….., башың иштебейт….. Келесоо экенсиң..." деп, беделине шек келтиргени менен түшүндүрүүдө. Акыйкаттык, адам укугун коргоо менен күрөшүп келген Турсунбек Акун эми минтип өз укугун коргош үчүн сотко кайрылууга аргасыз болуп отурат. Сот кимдин пайдасына чечим чыгарат, азырча белгисиз. Кол тийбестигине жамынып, акыйкатчыны "кордогон" Анвар Артыковго, же ар-намысын коргоп, акыйкаттык издеген Турсунбек Акун жеңеби, ага жакынкы убактарда күбө болобуз.

Эл өкүлүнүн эмгек акысы канча?
"Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" -деп аталган уюмдун укук коргоочулары Жогорку Кеңешке кайрылып, эл өкүлдөрүнүн айлык маяналарынын суммасын биле албай убара тартышты. Парламенттин аппараты "бул кызматтык маалымат, ачыкка чыгарылбайт" -деп көшөрсө, укук коргоочулар "эл өкүлдөрүнө айлык элдин акчасынан төлөнөт, билүүгө укугубуз бар" -деп айтканынан кайтпай турушат. Парламенттик өлкөдө депутаттар мыкты жашаш керек деп, былтыр эле Келдибеков тушунда айлыктарын олчойто көбөйтүп алышкан. ЖК аппаратчыларынын айлыгын ачык айтпай жатканына караганда быйыл да бир нерсени "былгытышкан" окшойт.
ЖК депутаттарынын 2011-жылдагы
айлык маянасы:
Спикер 53 550 сом
Вице-спикерлер 49 238 сом
Фракция лидерлери,
комитет төрагалары 47 313 сом
Депутаттар 45 768 сом

Роман Шиндин депутат уулу оюнга тойбоду
Жогорку Кеңештен тартып, жергиликтүү кеңештерге чейин пайда-батасы жок чириген бай депутаттардын толуп алганы эч кимге деле жашыруун эмес. Ошондой депутаттарга ата-бала Шиндерди кошсок болот. Атасы "Ата-Журтчу" Роман Шин 10 жылдан ашык ЖК депутаты болгонуна карабай, башка кесиптештериндей болуп микрофон талашып, кызуу талкууга аралашканын көрө элекпиз. Бишкек шаарынын кеңешиндеги уулу Сергей Шин деле атасын тартыптыр. ЖКнын жыйындарында атасы үргүлөп отурса, мунусу шаардык кеңештин сессияларында жаш балача iPod ойноп отурат. "Мойнунан байлаган иттей болуп" эт менен челдин ортосунда жүргөндөрдөн деги качан кутулабыз?


Укмушуң кур, Курманалиеванын иниси Ата Мекендик
согушка катышыптыр
Жеңиш күнүн илгерки СССР мамлекеттери бүтүндөй майрамдады. Анан да Германияда, Англияда, Францияда да бул майрам белгиленди.
Кыргызстандын жети облусу түгөлү менен майрамдап, кубанып, көзгө жаш алып, анча-мынча калган согуш ардагерлерин сыйлап турдук.
Ошондой салтанат Таласта да болуп, облус губернатору Койсун Курманалиева сүйлөп жатат: "Согуш талаасында тынчтык үчүн салгылашкан аталарыбыздын, ага-инилерибиздин" эмгеги зор" деп. Аталары го түшүнүктүү, анан ага-инилери кантип согушка катышкан?! Эми ушул сөзүн чечмелеп койсок Койсун айымга ага болчулардын да, ини болчулары да согушка катышкан эмес. Курманалиева айым "аталарыбыз" деп эле чекитин койсо болмок. Анткени, 1941-жылы согушка кеткендердин эң эле кичүүсү бул айымдын атасынан улуу болгон да. Анан алар кандайча Койсун айымдын агалары жана инилери болуп калат! Маанилүү жерде, маанилүү сөз сүйлөнүшү керек, сөзгө маани бериш керек, анан эле губернатормун деп оозуна илингенди айтып турса, кантип жакшы кеп болмок! Маанилүү маселеге анча маани бербегендиктен, ар сөзүн дыкат айтууга туура мамиле кылбагандыктан "туула элек балдарды" согушка катыштырып салса боло берет…


Каныбек Иманалиевдин
талабы туура
Миллиондогон акча таап турган "Мегакомго" көз кызарткандар, тим эл баса калып бүкүлү сугунуп жиберчүлөр азыр четтен чыгып жатат. Ананчы, 2011-жылдын 9 айында эле таза кирешеси 109 миллионду түзгөн. Анан ошондон кийин "Мегакомдун" мамлекетке тийешелүү 41%тин 108(!) миллион долларга сатмай болушкан эмеспи.
Бул деген абийирсиздик экенин Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев айтып, антсек, "тарых кечирбейт" деп турат. Каныбек мырза туптуура айтат. Депутаттын айтымында кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө уюлдук компаниялар мамлекеттин карамагында экен. Кандай болгон күндө да Иманалиев мырзанын айткандары-талаптары турмуштан орун таап турушу керек. Бул мырзадай депутаттар аз болуп жатканы да бир арман…

Тилибизди коргойбуз дейбиз…
Ушинтип сайрап жаткандар көп, бирок, жасаган иштери ага шайкеш эмес. Тилди өнүктүрүү үчүн, биринчи иретте, ошол тилдеги китептер батпай турушу керек.
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун айтымында Араван районунун өзбек мектептеринин мугалимдери "кыргыз тилин үйрөтөлү десек кыргызча китеп тартыш деп жатат" деп билдирди.
Маселени Билим берүү министри караш керек эмеспи…

Бала бакчалар жеп-жутарларга
Парламенттеги өкмөт өкүлү Динара Молдошева: "Кыргызстанда акыркы жылдары миңден ашык бала бакчалар менчиктештирилип кеткен, алардын тең жарымы мыйзамсыз түрдө" деп билдирди.
Мээси бар мамлекет болсо, бир дагы бала бакчаны менчиктештирбейт эле да. Эми "мээси бар" деген бийлик келди деп билсек, бала бакчалардын баарын мамлекеттин карамагына алуу керек! Кызыгы, кызыгы да курусун, менчиктештирилген бала бакчалардын бир тобун диний уюмдар ээлеп алыптыр. Жат эми жабышып!

Болотбеков да пайда болду
Бакиевдин бийликтеги акыркы жылдарында Талас облусун башкарган Бейшенбек Болотбеков эки жыл мурун элдин каарына калып, жан соогалап атып араң кутулганы эсибизде. Бейшенбек мырза эки жыл бекинип жатып, эми эсине келген окшойт, элге акыл үйрөтүп баштаптыр. Кайсы бир гезитке берген маегинде түз эле барып, Башмыйзамды "баса калып", "мамлекетти жарга алып барчу Башмыйзам" -деп балп эттирди. Өзү бүгүлө кызмат кылган Бакиевдер Башмыйзамы жок эле башкарып, Кыргызстанды аз жерден жардан алыс ыргытып жибере жаздаганда Болотбеков унчукпай эле, "бопоюп" отурган.


Кайсы сөзүнө
ишенебиз?
Бүгүн айтканын эртең жеп койгон Камчыбек Ташиев деген депутатыбыз өткөндө журналисттерди чакырып алып, "мындан кийин биз эч кандай митинг өткөрбөйбүз" -деп жар салган. Аз күндөн кийин ал оюнан кайтып, кайсы бир маалымат агенттигине "Оппозициянын митингин балким май айынын ичинде өткөрөбүз" -деп кайра оолукту. Учурда Камчыкенин кайсы сөзүнө ишенебиз деп көпчүлүк түшүнө албай турат.

"Иттерди" ишке
албагыла дейт
Каржы полициясынын ордуна жаңы түзүлгөн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшкөн кызматка талапкерлерди тандоо күн өткөн сайын татаалдашып бара жатат. Өтпөй калгандарынын өкүнүчү күч болуп, ар кимге чуркап кызматка орношуунун айласын издеп жүрүшөт. Ошолордун арасында Максим менен Жаныш Бакиевдерге ийиле кызмат кылган Каныбек Эркешбаев деген неме бар экен. Экономика министри Темир Сариев бул боюнча "Каныбек Эркешбаев 7-апрелден кийин фамилиясын Жакшылыков кылып өзгөртүп алган. Максим жана Жаныш Бакиевдин иттери бүгүн парламенттен чындык издеп жүрөт, чынында анын орду прокуратурада" -деди. Темикеңдин айткандарында калет жок деңизчи, бирок Жаныш менен Максимге тизе бүккөндөр өкмөт менен парламентте толуп жатат. Ошолорду кантебиз?

Идинов майрамдай берсин …
Экономист Кубанычбек Идинов айтып жатат: "Кыргызстанда өндүрүш дээрдик жок, жумушсуздук күч. Демек, майрамдардын көптүгү же аздыгы экономикага эч кандай таасир тийгизе албайт" деп. Үтүр-чекити жок сүйлөчү бу мырзага майрамдын көп-азы баары бир, анткени, курсагы ток, кайгысы жок, ага керек болсо, күндө1 майрам болушу мүмкүн. Бирок, мамлекет деңгээлинде дайны жок майрамдардын кереги жок. Буга көп себеп бар: биринчиден, мектеп деген бар, окуу жайлары деген бар, алар окуудан "мүдүрүлөт", экинчиден, капчыгынын капталдары бири-бирине жабышып турса да, өкмөт дегениң ошол майрамга карата акча коротору туурулуу, үчүнчүдөн өлкөбүздө экономика там-туң абалында, майрамдар анын ишине зыян. Анан да майрамды самап турган жарандарыбыз арбын, шаан-шөкөт күткөн, ысырапчылыкты тартуулаган… Ток этер жерин айтканда, майрамдын аз болгону элге пайда, мамлекетке пайда.

Фабула -пресс