presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Сереп...

Кыргызстандын аброю -


Атамбаевдин саясатынан көзкаранды...


Президент А.Атамбаев Казакстанга болгон расмий иш сапарын баштады. Иш сапардын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, премьер-министри Карим Масимов менен жолугушуп, чек ара, бажы, энергетика, миграция маселелерин талкуулаары күтүлүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга болгон иш сапарынан соң Кытайга ШКУнун саммитине барат. Андан кийин 19-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Москвада өтүүчү саммитине катышат. 20 -21-майда АКШнын Чикаго шаарында боло турган НАТОнун саммитине чакырылды.
Учурда бир катар эл аралык деңгээлдеги иш сапарлардын ичинен президент Атамбаевдин НАТОнун саммитине барар-барбасы коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Өзгөчө коомдук-саясий чөйрөдө Атамбаевдин абройлуу делген НАТОнун саммитине чакырылышын Кыргызстандын баркын көтөрчү жакшы жышаан катары баалашууда. Ошол эле учурда, бул саммит Кыргызстандын тышкы саясатына дагы олуттуу таасир тийгизишимүмкүн экендиги дагы айтылууда. Мындан улам, саясий-эксперттер, аналитиктер Кыргызстан тышкы саясаттагы өз ордун, багытын так аныктап алышы керектигин, башкача айтканда, Атамбаевдин НАТО саммитине барышы Россияны туталантпаш үчүн, алдын-ала ортодогу мамилелерди тактап, макулдашып алуу абзелдигин белгилешүүдө. Ошол себептен, Атамбаев НАТОнун саммитине буга чейин айтып келген сунуштарды кылдат анализдеп, жакшы даярдык менен барып, Кыргызстандын мүдөөсүн биринчи орунга коюп, ошол эле кезде ЖККУ, ШКУ уюмдарынын дагы кызыкчылыктарын дагы эске алуу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керектигин, ошондо Кыргызстандын да эл аралык бедели көтөрүлөрү арбын айтылып жатат.
Болбосо, эксперттердин баамында, Кыргызстандын Орусия менен тең ата сүйлөшкүсү келгени, башка өлкөлөр менен карым-катышты күчөтүп жатканы Москвага жага бербей турган чакта, Атамбаев НАТОго ЖККУ, ШКУ уюму менен макулдашпай барса, бул жагдай аталган уюмдардын белдүү мүчөсү Орусиянын каршылыгын жаратпай койбойт. Бирок канткен күндө да бул маселе сөзсүз Орусия менен бир жыйынтыкка келүү аркылуу чечилеринде шек жок. Анткени АКШнын Чикаго шаарында өтчү НАТОнун саммити Ооган маселесин талкуулоого арналары айтылып келатат. АКШ болсо Ооганстан стратегиялык өнөктөштүк катары жетишкен келишимге ылайык, АКШнын кайсы бир аскердик базалары 2014-жылдан кийин да калат. Демек "Манастагы" транзиттик борбор 2014-жылдан кийин өз актуалдуулугун жоготпойт. Атамбаев транзиттик борбор 2014-жылдан кийин жарандык борборго айландырылаарын көптөн бери эле белгилеп келет. Андыктан Атамбаевдин НАТО саммитине болгон сапарында АКШнын аскердик базасынын тегерегинде орчундуу сөз жүрөт. Саммитте эң жогорку деңгээлде АКШнын президенти Барак Обама баш болгон, бир катар мен деген мамлекеттердин жетекчилери менен жолугушуулар болот. АКШ база маселесинде акыркы кездерде Кыргызстандын көрүнүктүү өнөктөшү катары эсептеле баштаган НАТОнун белдүү мүчөсү Түркияны ортомчулукка тартышы ыктымал. Бул жагдай АКШнын Бишкектеги аскердик базасынын Кыргызстандан чыгарылышына кызыкдар болгон Орусияны тынчсыздандырбай койбойт.
Дал ушул маселелердин айланасында Кыргызстан президенти Атамбаевдин Пекинге ШКУнун саммитине болгон иш сапарында, Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушуу учурунда сөз болоору күтүлүүдө. Ошондой эле, 19-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Москвада өтчү саммитинде да кыргыз-орус мамилеси, "Дастан" ишканасы менен "Кыргызгаздын" акциялары, ири энергетикалык долбоорлор боюнча олуттуу сүйлөшүүлөр болуп, АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасы тууралуу да чечим кабыл алынышы ыктымал. Эмнеси болсо да, Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин НАТОнун Чикаго саммитине барар-барбасы коомчулукта чоң талкууну жаратып жаткан учур.
Албетте, мен деген мамлекеттер мүчө болгон НАТО сыяктуу абройлуу уюмдун Кыргызстанга олуттуу маани берип, Атамбаевди саммитке чакырып жатышы, геосаясаттын тамыры ушул жерде жатканын айгинелесе, экинчиден, өлкө жетекчисинин кадыр-баркына дагы байланыштуу десек ашыкча болбойт. Себеп дегенде, аталган уюм буга дейре Кыргызстандын бир дагы жетекчилиги чакырылган эмес. Ал түгүл аттуу-баштуу эле бир катар КМШ мамлекеттери НАТОнун саммитине катыша элек. Ушул өңүттөн алып караганда, президент Алмазбек Атамбаевдин тышкы саясатта Кыргызстандын беделин көтөрүүгө болгон аракети, чет өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүү жүргүзүүгө болгон далалаты оң натыйжасын берип жатат десек жарашат. Мындан ары да, Кыргызстандын эл аралык аброюнун жогорулашы же төмөндөшү Атамбаевдин жүргүзгөн саясатына, карманган позициясына көзкаранды десек болот.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу




Алимбековдун айгыры учуп өлдү
Азыркы атка минерлерибиз асманды чапчыган акчага кымбат баалуу күлүктөрдү сатып алып, бири-бирине мактанганды адатка айлантышты. Ошолордун бири, Бабановдун "батальонунда" жүргөн, республикачы Нурбек Алимбеков деген күркүл депутаттын англо-араб тукумундагы 100 миң долларлык күлүгү мурдагы күнү жардан учуп өлдү. Айбанга эмес, акчасына кейиген Алимбеков учурда үйүрүнө жаңы айгыр издөө менен алек болуп жүрөт.


Жапаров Бабановго баш ийбейби?
Акыркы күндөрү министр Акылбек Жапаров менен башбакан Өмүрбек Бабановдун мамилеси келишпей, ыңгайы келгенде бири-бирин кепке-сөзгө жыкканга маашырланып жүрүшөт. Далайды көргөн Жапаров жетекчиси Бабановго оңой менен баш бербей, керектүү жерден келекелеп өткөндөн да кайра тартпай келет. Ноорузда сүмөлөк бышырган аялдарга жылтыраган доллар менен көрүндүк берип аткан Бабановдун кылыгын эстеп, "Мындан кийин көрүндүктү доллар менен эмес сом менен берип жүрсүн деп Бабановго айтып коёюн" -деп башбаканды сөзгө жыкканга аракет кылды. Премьер башы менен улуттук валютабызды чанып атат деген мааниде "кожоюнун" ачык эле сынга алды. Көпчүлүк чиновник-саясатчылардын айтымында Акылбек Жапаров башбаканды баласынтып, баш иймек турсун, көзгө деле илбейт экен.

Равшандын жаңы партиясы
Жер жайнаган партияларыбыздын катарынан кечээ күнү дагы бир жаңы партия орун алды. Эки ай мурун "Ата-Мекендин" "короосунан" чыгарылган Равшан Жээнбеков "Демократиялык альянс" деп аталган партиясын каттоодон өткөрдү. Жалаң жаңыча ой жүгүрткөндөрдү чогултабыз деп аткан Равшан мырзанын бул партиясынын тушоосу май айынын акырында кесилмекчи болуп атат. Ал ортодо "Ата-Журттан" "айдалып кеткен" Хаджимурат Коркмазов баш болгондор "айрым парламентчилердин өз алдынча топ болуп биригүүсүнө мыйзам тарабынан уруксаат берели" -деп маселе көтөрүп, күпүлдөп жүрөт. Айтор азыркы парламентчилердин ички ынтымагы анча болбой турат. "Ынтымак бар жерде ырыс бар" -дейт, буларың ит менен мышыктай ырылдашканын койбосо, жакын арада жарыбайт окшойбуз…

Казакстандын Караганда шаарынан кырсыкка учурап, күтүүсүз каза табышкан мекендештерибиздин үй-бүлөлөрүнө, жакын туугандарына "Фабула" гезитинин эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.






fabula





??.??