Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Келдибектен күлкү кеп...


- Өмүрбек Токтогулович, штаттык кыскартуу биздин мекемеде ойдогудай өттү, эч ким таарынган жок, өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясатын туура түшүнүштү. Бирок, ашыкча имараттарды, техникаларды саттырып акчанын калгандарын айлыгына кошуп бердик.
- Ошондо канча киши калдыңар?
- Мен өзүм начальник, шоопурум, кароолчум.
- Ушунча жылдан бери начальник экенсиз, машина айдаганды, короо кайтарганды үйрөнүп алсаңыз болмок экен.
***

ГАИшник:
- Аксакал машинеңизди тинтпей эле коёюн, өзүңүз жаап жашырбай эле айтсаңыз, курал-жарак, наркотик жокпу?
- Курал-жарак жок, наркотик болсо азырынча жок.
- Азырынча дегениңиз кандай?
- Эми аны өзүңөр саласыңар да.
***

-Балам чоңойгондо ким болосуң?
- Премьер-министр.
- Эмне үчүн президент болбойсуң?
- Президенттен жогору иш жок да.

***
Тинатин:
- Апа Малик тилимди албай табуреткага чыгып бутун сындырып алды.
- Кокуйгүн эмне дейт, кайсы бутун?
- Төрт бутун.
***
- Коңурбай үй кут болсун! Тогузунчу кабат, эки балкон, абдан ылдамдыктагы лифт.
- Абдан ылдамдыкта болбой кара жерге кирсин, тогузунчу кабатка тоңкочуктап жөө чыгам.
- Эмне лифт иштебей жатабы?
- Жок, иштейт эле, боорунда жазылып турат "төрт адамга гана ылайыкталган" деп.
- Ошондуктан, үч кишини күтүп отурбай жөө эле чыгып атам.