presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Качкын Оторбаев

Мидин



11. Тасырайган ушул баш, Таз Макеме ылайык…

Мидин айылга барып калганда, жашы өзүнөн бир топ улуу болсо да Мамбетаалы деген киши менен такай көп азилдешип сүйлөшөөр эле. Анткени ал адам куудулданып сүйлөгөн, сөзмөр дагы, тамашаны, азилди жакшы түшүнгөн киши болчу.
Бу жолку барышта Мидинди айылдагы теңтуш өскөн досу Шейшенбек (башкарма) чакырып калат, ал жерге Мамбетаалы да келет…
Эт бышканча аркы-беркини айтышып, азилдешип олтурушат. Бир кезекте дасторконго табакка тартылган эт келет. Устуканды ал-алга келгенде Мамбетаалы: - Мидин сен шаардан келбедиңби, бизге сый адам болуп калдың, башты сен ал! - дейт. Ал сөзүнө кошумчалап Мидинге тийишип: - Ал Мидике башты... карачы тим эле анан калса Алыбай атаңча оң көзүн чылк жуумп алыптыр, бечара баш! - дейт имиш какшык узатып…
Анда Мидин: - Жок, Маке, сиздин жол улук! Башты сиз алыңыз... Карачы, төбөсүнүн кашкайганы, бети-башынын тастайганы, бир көзүнүн чакчайганы... - Кудум эле сизге окшош экен- деп, сөзү менен Мамбетаалыны катуу "чымчыйт"...
Мамбетаалы бул сөзгө кичине ызалана түшүп, жооп узатайын дегиче, Мидин андан мурда озунуп бул саптарды айткан имиш:

- Кулагы күйүп чунайган,
Куйкуму калбай кылайган?
Кудай урган ушул баш,
Корксо боло Кудайдан (убалдан?…)

Кулагы турса чунайып,
Куйкуму кетсе сырайып?
Кунары жок ушул баш,
Кудум ушу,
Таз, Макеме ылайык!

Макем муну мүлжүсө,
Биз эт туурап киргиче?
Эчтекеси жок башты,
Эшикке ийсе ыргытып,
Эси жок Кандек илгиче
Эси чыгып кетпесин
Апаптап кой байбиче! -
деп Шейшенбектин аялына карап көзүн кысат…
Анда Шейшенбек, кой эми болбой калды. Тамашаңар таарынычка айланып баратат окшойт, токтоткула тамашаңарды... Андан көрө бул табакка бата кылгыла! Эрте туулган бир куйруктуу күрөң семиз козум бар эле, ошону силерге атап союп берип, силерди биротоло элдештирейин, - деп дасторконун жыйдырып, жаңы союла турган козуга бата жасаганы эшик тарапка жөнөптүр. Баары, Шейшенбектин артынан эшикке чыгышат.

12. Ырысы жок Кумайык,
өлүп калды тырайып?…

Райондо кадырлуу кызматкер эсептелген бир адамдын жалгыз баласы отуздарга чыкса да аябай эрке-талтаң болуп өсүптүр. Ал чоң жигит болуп эресеге жетип турса да эркерээк болгондуктан ээленип, атасына айтып эки этаж коммуналкага ит багам деп чыгыптыр! Атасы ага кайыл болуп, айылдан бир күчүк алып келип берип, атын Кумайык коюп, үйгө багып алышат. Борсулдап үрүп Кумайык, короочуга ылайык ит болуп чыгат.
Бир күнү капысынан машина коюп кетип, Кумайык өлүп калат. Эрке баланын энеси аны угуп, экиленип аябай кейип-кепчийт. - Иттей ит болсочу! - деп, оозу-оозуна тийбей ал итти мактап, элдин көзүнчө анча-мынча ыйлап да жиберет. Аны уккан Мидин, көңүл айтып коёюнчу буларга - деп, ошол адамдын үйүнө келет. Жеңенин ыйлап-сыктаган кебетесин көрүп, турган эле жерден, элдин көзүнчө:

- Жеңе!
Ардактап баккан Кумайык,
Ажалы кыска жан экен,
Аңдоостон койсо машине,
Ала-салды куланып?..
Борсулдап үрүп турганда,
Баарыбыз турдук кубанып!
Буйругу жок "мал" экен,
Келаткан жолдон машине,
Келип тийсе күүлөнүп,
Өлүп калды тырайып!?
Боор жүнү булайып,
Ичегиси чубалып?
Тагдырдын жазган иши экен,
Жеңе,
Такыр кейибе ага муңайып?..
Ырысы жок неме экен,
Ыйласаң келбейт Кумайык! -
десе, эртеден бери аябай кейип-кепчип жаткан аял уялганына чыдабай үйүнө кире качыптыр.

13. Ак-Татырлык
Жаманкул, алганың менен аман тур?..

Чаектин Жаманкул аттуу "чолок активи" биринчи аялын кетирип, экинчисин алат. Ага арнап чоң той берип, адепсинген айыл активдеринин бирин да калтырбай кечкурун үйүнө конокко чакырат. Ал тойго Мидин да барат.
Бозого тоюшуп, андан ары бөтөлкөгө куюлган "көк" спирттен да алмак-салмак согушуп, тойго барган толгон-токой эл эле эмес, элди тойго чакырган ошол үйдүн ээси Жаманкул да катуу кызуу болуп калат. Ар нерсенин башын бир айтып, келген коноктордун "мээсин чагат". Тойдун ээси Жаманкул тоодон атып келген элге тартылган табактагы кайберендин этин, анан калса минген атын, жаңы алган катынын да мактап кирет.
Аны угуп отурган Мидин эмес, эл да тажап кете турган болгондо, Мидин: - Эми, биз кайталы Жаманкул! - дейт да ага арнап бир-эки сап ыр таштайт.

Э, Ак-Татырлык Жаманкул,
Эл кетсек деп араң тур!
Эми, алганың менен аман тур!!!
Сабиздей, кызып мас болдук






fabula





??.??