Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Ата Мекен":


"Коррупция өлбөспү"?


(Башы 10-бетте)
3-пунктун эске албайт. Ал эми И.Пирматовдун аракеттери "Кыргызнефтегаз" ААКсынын башкы кожоюну болгон мамлекетке зыян келтирди, бул дал ушул пункт менен каралышы кажет.
Башка бир собол жаралат. "Республика" партиясынын өкүлү башкарган Мамлекеттик мүлк фонду эмнеге кылмыш ишин козголушу боюнча Башкы прокуратурага кайрылган жок"?
Айтмакчы, агездеги Премьер-министр А.Атамбаев башында турган Өкмөт Башкы прокуратурага бул иш боюнча ведомстволор аралык комиссиянын тыянагын жөнөткөн. Ишканага ээлик кылган "Кыргызнефтегаз" ААКсынын Директорлор кеңеши да оозеки да, жазуу түрүндө да Президентке, Өкмөткө да, Башкы прокуратурага да бир канча ирет кайрылган.
3. Ошондой эле Башкы прокуратура бургалоочу жабдыкты алууда "Кыргызнефтегаз" ААК жана "Юнитрейд компани" ЖЧКсы (КНР) менен түзгөн келишимде да мамлекетке келтирилген зыянды белгилейт. 2011-жылдын 3-июнунда Өкмөт тарабынан түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын эсеби боюнча, аталган келишимди ишке ашырууда Кыргызстан 24 млн.АКШ долларына зыянга учураган. Башкы прокуратура бул келишим башка бир келишимди жашыруу аракетиндеги жасалма аракет экендигин көрсөтөт.
Чет өлкөлүк өңдөнгөн "Юнитрейд Компани" иш жүзүндө Жаныбек Атакозиев тарабынан түзүлгөндүгү аныкталды. Бул жигит Жалал-Абад облусунун азыркы губернатору, мурдагы "Ак жол" фракциясынын лидери жана бакиевдик парламенттин вице-спикери Азизбек Турсунбаевдин бир тууганы. "Эл аралык" ишкананын кеңсеси Жалал-Абад облусунун Алабука айылында Автобаза көчөсүндө №8 үйдө жайгашкан.
Бишкек шаардык соту, Кыргыз республикасынын Жогорку соту И.Пирматовдун жетекчилигиндеги "Кыргызнефтегаз" ААК менен Ж.Атакозиевдин башкаруусундагы "Юнитрейд Компани" ЖЧКнын ортосундагы келишимди жокко чыгарды. Бул кылмышты айгинелеген бардык документтерди Башкы прокуратура сунуштады. Урматтуу депутаттар, "боз" схеманы ачкан фактылар көз көрүнөө.
4. Депутаттык комиссия И.Пирматовго карата кылмыш ишинде саясый түс жок экендигин тааныды. Бул адилеттүү бүтүм. Бирок, депутаттык комиссиянын 2-3-пункттары менен макул болуу мүмкүн эмес. Анткени, депутаттык комиссия - бул сот эмес жана адамдын айыптуу же айыпсыз экендигин аныктай албайт. Кеп анын кол тийбестигин алуу жөнүндө гана жүрүп атат. Эгер Исхак Пирматов чындап эле күнөөлүү эмес болсо, анда муну сот чечсин. Өз иштерин депутаттык кол тийбестик менен жашырсак, эч кимибиз элдин ишенимине жана колдоосуна ээ боло албайбыз.
Коррупционерлерди жазалоого эркибиз жана бекемдигибиз жетпесе, анда коррупция менен күрөшүүнүн мааниси барбы? Өзүңөр чечкиле. Бирок, адамдар баарын көрүп, баарын түшүнүп турганын унуткарбагыла.
Көңүл бурганыңыздарга чоң ырахмат!
"Ата Мекен" партиясынын басма сөз кызматынан кошумча:
Өмүрбек Текебаев бул доклады менен Жогорку Кеңештин И.Пирматовду кол тийбестиктен ажыратуу маселесин карай турган жыйынында чыкмак. Тилекке каршы, андан бир күн мурун "Ата Мекендин" лидеринин иниси жана санаалашы - Асылбек Текебаев 51 жашында жүрөк оорудан дүйнө салды.
Карапайым жана чынчыл бул адам өмүрүн коррупция жана авторитардык үйбүлөлүк-кландык режимдерге каршы күрөшкө арнады. Жаш кетти. Ал эми Өмүрбек Текебаев инисин акыркы сапарга узатууга кеткенде Башкы прокуратура тарабынан кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке зыян келтиргендиги үчүн айыпталган Исхак Пирматовдун депутаттык кол тийбестиктен ажыратууга 120 парламентарийдин 18и гана макул болуп, добушун берген. Коррупция өлбөспү?

Редакциядан:
ЖК депутаты Исхак Пирматов гезитибиздин 2011-жылдын 18-мартындагы санындагы маегинде "Кыргызнефтегаз" тарабынан сотко берерден мурда Асылбек Текебаевдин адамдары кытайлык инвесторлорго чыгып, мындай шарт койгон: 8 миллион доллардын жарымын бересиңер, биз сотко бербей, ушул ишти улантып кете беребиз деп. Келишпестик болгондон кийин ушул иш-аракеттер башталган. Андан тышкары 28-август күнү коркутуу жолу менен Асылбек Текебаев тарабынан инвесторлордон 85 миң доллар алынган деген маалымат менде бар. "10-сентябрда "Ата Мекендин" съезди өтөт. Ошонун эртеси мен силердин ишиңерди бүтүрүп берем" деген убадасын берген. Ал убадасын аткарбагандан кийин ушул күнгө чейин ошол инвесторлорго тыйынын кайтарып бербей жүрөт. Аларды мен туура түшүнөм - башаламандык кезде, же легитимдүү бийлик жок болсо, алар эми бизнес деген бизнес - өзүнүн сарптаган акчаларын кайтаруу максатында ошондой жолго барышкан" деп билдирген. Биздин маалыматыбыз боюнча, бирок, Исхак Пирматов бир жылдан берки соттук териштирүүлөрдө бир дагы ынанымдуу далил алып келе алган эмес. Демек, мында айтылгандар жалган, чындыкка дал келбейт деп, биз ушул маекти басып чыгаргандыгыбыз үчүн соттун жыйынтыгын күтпөстөн эле маркум Асылбек Текебаев жана анын жакындарынан кечирим сурайбыз.





Кыргыз Республикасынын Президентине
Кыргыз Республикасынын премьер-министрине
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикерине
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик
тил боюнча улуттук комиссиясына
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Жалпы депутаттарына
Кайрылуу


Биз, 7-апрель күнү Талас шаарында мамлекеттик тилдин көйгөйүнө кайдыгер карабаган, облустун башаягынан чогулган мекенчил жарандар, "Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили" деген тема боюнча талкуу өткөрүп, анын жыйынтыгында КРнын Жогорку Кеңешинин бардык депутаттарына атайын кайрылуу жөнөтүүнү туура деп таптык. Аталган кайрылуубуз төмөндөгүлөрдөн турат:

1. Биз, чогулган адамдар КР ЖКнын депутаттарын шайлоого тикеден-тике катышып, добуш берген шайлоочуларданбыз. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары - Сиздере төмөндөгү сунуштар менен талаптарды шайлоочунун тапшырмасы катары жөнөтөбүз.
2. Биз КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Аманбаеванын "Кыргыз Республикасынын айрым бир мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" долбоорунун мазмунун менен таанышпыз жана аны колдой тургандыгыбызды билдиребиз. Сиздерден да ушул "Толуктоолорду" колдоп берүүгө чакырабыз.
3. Колдонулуудагы "Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине" сунушталып жаткан толуктоо (35-4 глава, 505-18-берене) билгичтик менен киргизилген. Себеби мыйзам дегендин күчү болуш керек да. Аны аткарбай койгондордон "аткарып койсоңуз экен" деп дагы канчага чейин суранып туруш керек. эгер ар бир мыйзамдын аткарылышы жалдырап сурануу менен чектелсе, анын эмнеси мамлекеттик мыйзам?! Ошол себептен айыптар тура белгиленген. Бул аракетке келтирүүчү каражат болуп саналат. Мындай аракетти талкууга катышкандар гана эмес, катышпагандар да колдоого аларына ишенип турабыз. Ал эми Сиздер- мыйзамды түзүүчүлөр анын аткарылышына өтө кызыкдар экениңиздерге шек санабайбыз.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамына толуктоо катары киргизилген 1-беренедеги, 4 -беренедеги, 7 - беренедеги, 8-беренедеги, 10-беренедеги, 11-беренедеги, 13-беренедеги, 14-беренедеги, 27-беренедеги өзгөртүүлөрдү колдойбуз. Ушундай билгир аракети үчүн депутат У.Аманбаевага ыраазыбыз жана шайлоочулардын мындай ыраазылыгын жыйында расмий түрдө жарыялап коюңуздарды өтүнүп суранабыз.
5. Биз жалаң эле кубаттап коюу менен чектелбеш үчүн жана дайыма иштиктүү аракетте болууну камсыз кылуу үчүн жана ЖКнын мамлекеттик тил боюнча иштеп жаткан депутаттары менен такай байланышта болу максатында "Манастын тилин колдоо" деген атайын демилгелүү топ түздүк.
6. демилгелүү топ чектелүү эле санда. Анын курамында жаштар, мугалимдер, окумуштуулар, мамлекеттик кызматкерлер бар. максат-мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышына салым кошуу. Ошондой эле башка аймактарда да ушул сыяктуу демилгелүү топтордун түзүлүшүн каалар элек.
7. Бул мамлекеттик тил боюнча талкууда ой-пикирлердин эркин айтылышына да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алардын айрымдарына токтоло кетели:
А) Кыргыз Республикасынын эл аралык иш чаралар мамлекеттик тилде өткөрүлүшү керек, анткени мамлекеттик тилде өткөрүлгөн иш-чаралар ар бир жаранды атуулдук сыймыкка бөлөйт, ошондуктан башка тилге тез которуучу жана башка тилден тез которо билүүчү адистерди даярдап алсак болот, мындай даярдыктан өткөрүүчү жогорку окуу жайлары азыр көп. (ф.и.к.доцент с . жумалиев);
Б) Расмий тил дегенди кошпой эле койсо болот;
В) 8 беренеде мамлекеттик тилди билүүгө республикада жашагандардын бардыгы милдеттүү деп киргизүү керек, анткени мамлекеттик тил деген мамлекеттин ичинде жашагандардын баарына тиешелүү да;
Г) кыргыз тили сабагы кыскартылып жатат, тескерисинче кыргыз тил сабагын көбөйтүү керек эле, муну кандай түшүнсө болот, билбестиктин айынанбы, же тымызын мамлекеттик тилге каршылык көрсөтүп жаткан күчтөрдүн таасириби (Т. Иманалиев кыргыз тили мугалими).
Д) өзгөчө массалык маалымат каражаттарында мамлекеттик тилди колдонуу боюнча ири кемчиликтер кетип жатат, мисалы, КТРК турган турушу менен мамлекеттик тилди колдонуу боюнча үлгү да, ошого карабай бирин-бири "красавчик" деген сыяктуу орусча ойкуштаган сөздөрдү колдонгон алып баруучулар бар жана чет өлкөлүк сөздөрдү (мисалы: клип, шоу, шоумен, супер, гала ж.б) көп колдонуу менен билимдүү көрүнүүгө далалат кылгандар да көбөйүүдө. Негизинен, кыргыз тилинин колдонулушунун чегин иш жүзүндө тарытып жаткандар да ошолор. Эмне үчүн аларды "кой, ай" деп тыйып койгон киши жок, балким, байкоочу кеңештин бир мүчөсү ушул багытта көзөмөлдөп, Камбаралы Бобулов агайыбызча аракет кылса, абдан ыраазы болор элек. Экинчиден Жогорку окуу жайларында бардык адистиктерде кыргыз тилинен мамлекеттик сыноо киргизүүнү ишке ашырыш керек, бул-зарылдык, бул-мамлекеттик тилдин келечегин коргоонун жакшы шарты, ал эми мындай сынакка каршы болгондор, иш жүзүндө мамлекеттик тилге да каршы күрөшөт (доцент А. Акынбекова);
Е) кыргызды кимден сакташ керек, аны атка минер башчылардан сакташ керек, анткени алар мамлекеттик тилди өз деңгээлинде пайдаланбай, жалпы элге үлгү боло албай жатышат, жана да мамлекеттик тилдин кадырын төмөндөтүп албоо үчүн мыйзамга жогоркудай толуктоолорду киргизүүнү токтоосуз жүргүзүү шарт.
Ж) 7-11-13-беренелердеги "зарыл болгон учурда расмий тилге которулат, же котормосу берилет" деген өңдүү саптарды таптакыр алып салуу керек. себеби сөз мамлекеттик тил жөнүндө гана болуп жатпайбы. Эмне үчүн ага расмий тилди дагы кошумча чаптообуз керек? деги эле, "же, же болбосо, зарыл болсо" деген эки жактуу кайчылаш сүйлөмдөрдү тил мыйзамынан алып салуу зарыл. Антпесек, кайрадан мурункудай эле мамлекеттик тил маселелери көтөрүлө берет. Талкууга катышкандардын сунушу боюнча жумушчу топ түзүлүп, тийиштүү жерлерге КАЙРЫЛУУ жөнөтүлдү. Бул кайрылуубуз Жогорку Кеңештин бардык депутаттарына таркатылсын.

Б. Исаков, КРнын Эл мугалими, Турсалиева Талас облустук А.Токтогулов атындагы китепкананын директорунун орун басары, Адылбекова К., башкы китепканачы, Боромбаева Э-балдар бөлүмүнүн башчысы.