Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Башкасын коюп Манасты айт

"Манас жана манасчылар"


(Башы өткөн санда)
"Манас" эпосун алгач түптөгөн чыгарманын өзүндө туруктуу катышкан Манастын ырчы чоросу Ырамандын Ырчы уулу же болбосо Жайсаң деген адам болуш керек деген божомол бар. (М.Ауезов, К.Рахматуллин). Эпостун өзүнүн трактовкасы боюнча Ырчы уул жөнүндө төмөнкү саптар жеткиликтүү кабар берет:
Айтканынан баар таап,
Талабына жеткен кул.
Ырамандын Ырчыуул -
Ычкыры бапик кырк муун.
Тебетейи чоктуу кул,
Айтаарга сөзү шоктуу кул.
Кылабына толгондо
Кырк чоронун бири бул. (С.Орозбаков)
Ырчыуул бирде казактын улуу жүзүнөн, кээде тейиттен деп айтылып, Манас Орго канды жеңгенде Оргонун аялы жансоогалап, өзүнүн эки баласына кошуп Каратайды (Ырчыуулду) ала келгенде Манас көрүп жактырып, Каратайды сурап калат. С.Каралаевде Ырчыуул өзү келип Манаска чоро болуп калат. Чоң ырчы катары жыйындарда жар чакырып жүрөт. Дагы бир кызыктуу факт - С. Каралаев Ырчыуулдун атасы Ыраманды орустардын Романовдоруна алпарып такайт. Манас өлгөндөн кийин анын баатырдык жортуулдарын чогуу жүрүп көргөн-билген адам катары ырга кошуп, кийин Токтогул ырчы көбөйтүп эпоско айландырган деген элдик түшүнүк бар. Экинчи дагы бир гипотеза боюнча Жайсаң деген ырчы алгачкы түзүүчү. Жайсаң деген сөз ойрот-моңголдор аркылуу титулдук аталыштан энчилүү атка айланып кыргыздарга өткөн экен (15-16кк.). Анын талантынын күчтүүлүгү эпостогу "Жалаң үйдүн порумун Жарым күнү ырдаган" калмак ырчысы деген саптардан улам келип айтылат. Бул Жайсаңдын жеке талантынан гана кабар бербестен, Манас калмактын Кайыпдаңды жеңип, Карабөрктү алаарда кошо берилип жаткан кыздын себин сүрөттөө аркылуу байлыкты даңазалоонун бир көрүнүшү деп түшүнсө да болот . "Жайсаң" деген термин "Манаста 2-3 мааниде жолугат. Бир жерде ал топоним маанисинде. Экинчисинде Манасты жандап жүргөн кырк чоронун бири - Үмөт уулу Жайсаң. "Жайсаң" монголчо "чоро", "уруу башчысы" деген маанилерде да айтылат. Мисалы С.Каралаевдин вариантында кырк чоро дегендин ордуна кырк жайсаң деп, Манас эле эмес, Төкөр уста Бөлөкбайдын жардамчылары да аталат. Алтымыш Жайсаң кенжеси, Калдайдын уулу Коңурбай же: Капка баккан жайсаңдар деген маанилер бар.
"Бир сөзү бир аттык" (А.Осмонов) деп бааланган С.Орозбаков менен Гомер деп аталып жер жүзүнө алп "Манасты" алып чыккан С.Каралаевдин варианттары каражаттын жоктугунан ушу күнгө чейин толук жарык көрө албай келсе, том-том кылып "Жайсаңдын варианты деп эле китеп чыгарып жаткандар бар. Укканыбызга караганда "Манасты" биринчи болуп айтып чыккан Жайсаңдын арбагы көрүнүп келип, белгилүү саатта, белгилүү бир точкада Мариям Муса кызы деген айымга айтып берип турат экен. Анын айтканы боюнча Ырчыуулдун өз аты - Токтогул. Жайсаң Үмөт уулуна ич тардык менен уу берип өлтүрүп, ырчынын ордун ээлеп калыптыр. А Жайсаң өзүнөн кийинки он айтуучунун атын атап, ар бири кылым ашып жашаганын кабарлаптыр. Суроо туулат: эмне үчүн баарынын ысымы Жайсаң? Көпчүлүгү үйшүндөрдөн (Манас 670-жылы август айында туулуптур). Мариям Муса кызынын чыгармасы тууралуу ар кандай пикирлер бар. Мурда эпос менен эч иши жок, орус мектебинен билим алган жөнөкөй аялдын "Манас" эпосуна кандай тиешеси бар. Бул китептердин эч кандай цензурасыз эле жарык көрүп жатышында элдик эпоско кандай пайда - зыян. Балким Манастын атына жамынбай эле менчик чыгарма эсебинде өзүнүн автордугун белгилеп, башка ат менен чыгарганы жөндүүдүр. Кытайдагы кыргыз манасчы Жусуп Мамай: "...кайып күч менен эле "Манасты" айтып манасчы болуп калуу оңой эмес" - дейт. "...биздин оюбузча "сырткы күчтүн" таасиринен улам психикалык дартка чалдыккан болуу керек" - деген да көз караш бар. (Ж.Орозобекова Айтуучулук өнөрдүн тарыхый өсүп-өнүгүү жолу. Бишкек, 59-бет).
Жер үсүндөгү жандуу жаратылыштан өзүнүн акыл - эси менен өзгөчөлөнүп турган адам баласынын мээ түзүлүшү илим боюнча, альфа-ритм деген нерсе бөлүп чыгарып турат имиш. Медитация учурунда ал өтө күчтүү бөлүнүп кеткенде атмосферадагы ноосферага эшик ачылып, адам баласында экстрасенсордук жана паронармалдык мүмкүнчүлүктөр пайда болот имиш. Бул жердеги табышмак - андан чыккан продуктуну жөнөкөй адамдар кандай кабыл алууга тийиш, чындык деппи же фантазиябы?
Сейсмологдордун билдирүүсү боюнча жердин катмарында көбөйүп жаткан чыңалуулар адамдардын кулк-мүнөзүнө, психикасына кыйла таасир берет экен. Азыр андай чыңалуулар Чүйдө күчтүү болуп жатат имиш. Мунун чын - бышыгын илимпоздор жерине жеткирип айтышпаса да турмушта кезиккен айрым фактылар кандайдыр бир чындыктын үлүшү бар экенин баяндайт. Башкасын айтпаганда да жомокту чындыктай кабылдаган мекендештердин саны уламдан улам көбөйүп баратканы буга күбө. Албетте таасир маселеси кандай адамдарга оң же терс болоорун аныктоо физиктердин, психологдордун деги эле илимдин иши дечи. Катардагы адам катары сереп салсак, маселен, кечээ эле эч нерсе менен иши жок, жай турмушта жашап жаткан адам бүгүн эле көзү ачылып, эмчи - домчу, олуя, манасчы болуп калганы анча ишендирбейт экен. ар бир гений шизофреник дегендей. Дагы бир манасчыдан мисал келтирейин:
Жомоктон чыккан Манас бар,
Манаста жаткан бир сыр бар.
Сөз иретин караганда
Бир тамгадан жылдырсак:
Биринчи аты Мен болом,
Экинчи аты Көк болот.
Үчүнчү аты Элге болуп,
Ишенимиңер болсун деп,
Бир муштумга үйүлгөн
Анын баары Мен болсо.
Жомок болбой сыр болбойт
Сөз болбосо ыр болбойт, деп
Ырдын сыры жок болсо
Андай жомок таң болбойт.
Ушул менин жомогумду
Айтпай кетсең болобу
Манастын сырын ачпасак
Элдин жүзү толобу.
(орфография сакталды)
Бул "ыр саптарды" балким чыгарган автору өзү таанып алаар. Менин оюмча бул саптар Манаска ат койгон эпикалык салтты айтып жатат сыяктанат.
Бу жагына "мем"келсин,
Байгамбардын сүрөтү.
Ортосуна "нун" келсин,
Олуянын сүрөтү.
Аягына "сен" келсин.
Арстандардын боруму.
Ошентип, аты Манас болсун деп, карыя көздөн кайым болот. "Аты да Манас турбайбы, Заты да Манас турбайбы (С..4.309) деген сапаттар Манастын акылман, даанышман, кең пейил, айкөл, эр жүрөк, кайраттуу, тартынбас ж.б. саптарын баяндап турат". Манастын образындагы мифтик катмар берилген сайын рационалдашып, камкор жетекчиге трансформацияланат. Аны чыныгы элдик баатыр катары көрсөткөн жеке касиеттер уруусуна, эли - жерине берилгендик жеке Манас эле эмес, укум-тукуму да өмүр бою эркиндик үчүн, ички - тышкы душмандар менен кармашат. Ошон үчүн "Манасты" ар кимдер билгениндей бурмалай бербестен толук варианттарын окуш керек. Биз үйрөнө турган, жаштарга сабак боло турган идеология ошол жерде. Ар ким жаңы "Манас" чыгарып, жаңы сюжеттерди (Мария, Магдалина сыяктуу) кошуп орус, армян, азербайжан тилдерине котортуп жатышса, "Манасты" сыйлагандар, урматтаган ушулар деп айта алабызбы? "Манасты" ушул абалга чейин жекирген илгерки манасчылар да жөнөкөй адамдар болгон эмес. Кыргызча тил менен айтканда кудайдын сүйгөн таланттуу пенделери болуп эсептелишет. Алар жөнүндө да кереметтүү касиеттер, бир нечелеп аян берген түштөр айтылат. Бирок заманга жараша болсо керек, кандайдыр бир символдор (белгилер же тамгалар дейбизби) эпостун текстеринин диктовать этилгенин укпаптырбыз. Аян берген түштө көбүнчө эпикалык башкы каармандарга байланыштуу айтылган. Жомокту күчтөп айтууга үндөгөн учурлар да кездешкен. Бирок негизги туура багыт - жеке берилгендик, чыгармага болгон өзгөчө ынтызарлык, эс тутумунун тунуктугу, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган устаттын айтканын көп жолу угуп, таалим-тарбия алуу, анын айткан текстин, обонун эле эмес, кыймыл-аракет манерасын, мимикасын өздөштүрүүдөн турат. Чоң манасчыларды издеп таап, айлап-жылдап ээрчип жүрүп, эпостун салттуу мазмунун үйрөнүшкөн, манасчылар качан болбосун аудитория алдында чоң жоопкерчиликти сезишип, "баланча манасчы баландай айтчу эле" - деген сын пикирлерди да кабыл алышкан. Анткени, "Манастын" салттык окуялары элдин калың катмарына тааныш болгон. Купулуна толбогон манасчыны укпай, токтотуп коюшкан". "Манас" Тыныбек менен кетсин" - деген бир ооз сөз эле ошол манасчыга эл тарабынан берилген эң жогорку баа болгон. Тыныбек өлгөн күнү ай тутулса аны да манасчынын касиетине ыйгарышкан. Азыр болсо андай элдик сын да, цензура да жок. Эки сөздүн башын кошкон ар бир пенде өзүнчө акын, гений,акчасы болсо болду, басып чыгара берүү салтка айланды. Алардын бактысына басмаканалар да көбөйбөдүбү!
Тыныбек: "Мен "Манасты" Келдибек баштаган чоң манасчылардан үйрөндүм жана дагы уламалардан сураштырып билдим, өзүм да кошумчаладым. Биз мурункулардан "Манастын" тарыхын жана ырын үйрөнгөнбүз" - (Инв. № 1289) деген экен. Өзүнөн таалим алгандардын катарына Сагымбай, Тоголок Молдо, Байбагыш, Касымбай ж.б. ысымдарын атоо менен муундар арасындагы гумандуу чыгармачылык байланыштын эпостун андан аркы жашоосундагы зарыл фактор экендигин тастыктастаган. Тарыхын үйрөнгөнбүз дегени - чыгарманын жалпы структурасын, салттуу сюжеттик каркасты, мотивдерди эске тутууну, ал эми "ырын үйрөнгөнү" - поэтикалык туруктуу формулаларды, даяр клишелерди көркөм курал катары пайдалана билүүнүн жол-жобосун өздөштүрүү катары түшүнсө болот. Бир сөз менен айтканда, "Манасты" ким өзүнө канчалык менчиктеп, жеке салымын ашыра баалагысы келсе да баары бир эле эпостун мурдатан келаткан, кылымдардын сыноосунан өткөн салттык канвасы менен туруктуу стилдик формулаларды өздөштүрбөй туруп, манасчы боло койбойт.
К.Рахматуллин Сагымбай өзүнө чейинки көзү өткөн акындарга караганда бактылуу деп, Совет бийлигине кез болушун белгилеген экен ("Манас" гериоческой эпос киргизского народа. - Ф.,1968, стр. 84). Биздин оюбузча анын башкы бактысы 18 - кылымдын экинчи жарымы менен 19 -кылымдын биринчи жарымында жашап өткөн күчтүү манасчылардын тобунан үлгү алып, көбү менен замандаш болуп, Акылбек сыяктуу өзү жогору баалаган манасчылардан ойдогудай сабак алышы болгон көрүнөт. Шыгына шык кошулуп, бизге жеткирген көркөмдүгү артыкча варианты менен аты тарыхта түбөлүк калып отурат. С.Орозбаков өлөөр жылы: "Мен 63 жаш пайгамбар жашындамын. Бул дүйнөдөн эч арманым жок! Мен ичпеген аш, кийбеген кийим, минбеген ат калган жок. Кан - бектин баары менен теңтуш болдум" - дептир (Кол жазмалар фонд. Инв. № 275, 56-бет). Манастан келаткан алакөөдөндүк жалпыбызда бар. Бирөө бир маселени көтөрүп койсо, дуу деп, жабылып кетебиз. Көтөрмөлөсөк көкөлөтүп көккө чыгарып, жемелесек жекирип жер менен жексен кылабыз. С.Орозбаковдун вариантына реакциячыл, динчил ж.б. деген ярлыктарды тагып, коомчулукта талаш-тартыштар кыйла катуу жүргөнү эсибизде. Жармач эки үй-бүлөнүн мүчөлөрүн каруусун казык кылып, "Манасы" менен эл - жер кыдырып жүрүп баккан улуу манасчы тууралуу ошол абалын көрүп - билгендер төмөнкүчө эскеришкен: "... кайран Сагымбай бир калам көң үчүн да күркүрөп ырдап жүрүп, бала-чакаларын бакты эле. Биз анда кайран булбулдун баркын билбей өткөргөн экенбиз да" (Инв. № 275, 41-б.). Адатта элдин жашоо - шарты кандай болсо манасчы да ошондой моралдык-материалдык абалда жашайт. Анткени манасчыны эл багат.
(Уландысы кийинки санда)

Айнек Жайнакова
Кыргыз мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КР маданиятына эгексиңирген ишмер, манастаануучу