presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бейтааныш
арбак…
Алгач сахнага бийлеп кадам таштаган, андан кийин ырчылык өнөргө багыт алып, азыр болсо тасма жаатында өз дараметин сынап жаткан жаш эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы учурда белгилүү драматург Жаныш Кулманбетов менен биргеликте дагы бир жаңы тасманы тартып бүтүп, монтаждоо иштери менен алек болууда. Жакында кино сүйүүчүлөрдүн назарына коюла турган тасма мистика жанрындагы "Бейтааныш арбак" деген ат менен жарыкка чыгат. Бул тасманын канчалык деңгээлде сапаттуу тартылганына кинотеатрлардан көргөндөн кийин гана өз баабызды беребиз.

Руслан эми актёр
болот…
"Алма сабагынан алыс түшпөйт"- деп элибизде айтылгандай, атасы менен эжесинин жолун жолдоп ырчылык өнөргө кадам таштаган жаш ырчы Руслан Маматкулов учурда актёрлук чеберчилик боюнча билим алууда. Себеп дегенде Руслан дагы мындан ары эжеси Айгерим тарткан тасмаларда башкы каармандын ролун ойномокчу. Баса, учурда Руслан жаңы тартыла турган бир тасмада башкы каармандын ролун жаратууга кам көрүүдө. Эми аз күндө Русланды да тасмалардан көрүп калат экенбиз. "Өнөрүң болсо өргө чап"- дечү беле?..


Дайырдан жаңы клип…
"Кара көзүм" деп обон созуп, далай селкилердин арзуусуна арзыган Дайыр Исмадияров жакында эле Талас жергесине болгон гастролдук сапарынан кайтып келип, учурда жаңы ыр жаздырып, клип тартууда. Тактап айтсак, "Эстей жүр" деген ырына клип тартып, учурда теле, радиолордон кетире баштады. Мындан сырткары Дайыр аз күндө Нарын жергесине гастролдук сапарга чыкканы турат.


Динара Эрнесттен сабак алууда…
Сахнага жаңы кадам таштап, ырчылык өнөрдүн өйдө-төмөнүн түшүнбөй турган көптөгөн жаш ырчыларга продюсер болуп туура багыт берип, жол көрсөтүп, сахнага алып чыгып, атака жеткирген Динара Эсенгулова акыркы кездерде кино жаатына көп басым жасоодо. Дегеним, Динара айым режиссерлук кесиптин жол-жобосун окуп билүү үчүн учурда Эрнест Абдыжапаровдун мастер классынан сабак алууда. Аталган классты бүткөндөн кийин Динара айым кино тартуу жагына катуу киришкени турат. Демек, буга чейин жаш таланттарды сахнага алгач чыгып келген Динара Эсенгулова эми жаш таланттардын өз күчүн кино жаатында да сынап көрүүгө шарт түзмөкчү.


Фарида таймашта…
Кыргыз элинин сүйүктүү актрисасы Жамал Сейдакматованын мектебинен актрисалык билим алып чыккан жаш актриса, "Актерлор ырдайт" сынагында баш байгенин ээси болгон Фарида Култаева актрисалык өнөр менен эле чектелип калбастан ырчылык өнөргө да кадам таштап, бул жаатта жигердүү эмгектенүүдө. Тактап айтсак, Фарида айым учурда жаңы эки ыр жаздырып, ата-энесине, туулган жерине арналган жаңы ырларына клип тарттырганы туулган жери Ала-Букага сапар алганы турат. Мындан сырткары өз таланттын дагы сынап көрүү үчүн "Таланты таш жарган жаш таланттар" сынагына да ат салышууда. Аталган сынактын тандоо туру 5-майда өтүп, Фарида айым финалга жолдомо алды. Эми алдыда финал. Фарида азыр сынакка кызуу даярдык көрүүдө. Ийгилик дейбиз.


Сүйүүнүн туткуну болгон Фарида…
Кыргыз эстрадасында өз орду бар, көп жылдан бери өзүнүн жагымдуу ырлары менен эл жүрөгүнөн түнөк таап, көптөгөн ыр сүйүүчүлөрүнүн баасына татып сахнадан түшпөй келе жаткан ырчы Алина Жетигенованын окуучусу Фарида Карбосова күз айында боло турган жеке концертине эмитен даярдык көрүп, репертуарын капмайтууда. Буга мисал жакында эле сүйүү темасындагы "Сүйүү туткунунан чыгасыңбы" деген жаңы ыр жаздырууга жетишти. Бул ыр аз күндөрдө радиолордон жаңыра баштамакчы.


Жумагүлдөн жаңы ыр…
"Бир келип кетчи Ош жакка" деген ыры менен эстрадага кадам таштап, жаш ырчылардын катарын толуктаган жаш эстрада ырчы Жүмагүл Райым кызы сахнадан өз ордун таап, күйөрман топтоо үчүн тынымсыз эмгек кылдууда. Ырчы кызыбыз азыр борборго келип, жаңы ырларды жаздырып, ал ырларына клип тарттыруу менен алектенүүдө. Жакында эле сүйүү темасындагы жаңы ыр жаздырып, азыр ал ырын радиолорго берүүдө.


Жанета Италияга кетет…
Кыргыз эстрадасында аздыр-көптүр өз орду бар болгон ырчы Жанета Бобкова 9-май Жеңиш майрамын үй-бүлөсү менен табият койнунда тосту. Анткени Жанета айым бүгүн Италияга сапар алганы турат. Ал жакка өзүнүн досторунун чакыруусу менен кетип жатат. Албетте, Италия жергесинде иштеп жүргөн жарандарыбызга кыргыздын музыкасын жаңыртып келүү максатында. Жанета айымдын иш сапары бир айга созулмакчы.


"Биз" тобунун концерти
болбой калды…
Мындан жыйырма жыл мурда атагы жети дубандын бүтүндөй айылына чейин жетип, ырлары хитке айланып, көпкө чейин популярдуулугун жоготпой келген "Биз" тобу 2012- жылдын 29-апрелинде "Спартак" стадионунда 20 жылдык маараке концертин берерин өткөн сандарыбызда жазган элек. Тилекке каршы, "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" болуп "Биз" тобунун ал шоу программасы күз айларына жылдырылды. "29-апрелде биринчи жолу Биз тобунун альбому чыккан эле. Мына ошол күнгө карата концерт берели деп жатканбыз. Бирок акыркы кездерде өлкөбүздөгү табият кырсыктарын көрүп туруп, концертти жылдырууга туура келди. Өзүм Өзгөчө кырдаалдар кызматында иштеп жатып, концерт уюштурганым туура болбой калат го"- дейт Алим Токторов.


Жаркынай Кадыркулова






fabula





??.??