presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



5-май... Мыйзам жолундагы икая


Конституцияга сарэсеп...
"Укуктар кепилдиктер менен камсыз болбогон коомдо бийликтин бөлүштүрүлүшү болбойт, конституция да болбойт".
(1789 жыл… Франция. Адамдын жана Жарандын укуктарынын жана эркиндиктери декларациясынан)

(Башы өткөн санда)
Өкмөттүн жана аткаруу бийлигинин башкы органдарынын ченемдик укуктук актыларынын колдонуусун токтото туру;
- өкмөттүн президенттин алдында отчёттулугу жана жооптуулугу;
- жергиликтүү соттордун судяларын дайындоо жана бошотуу ж.б.у.с. президенттин жеке бийлигин күчтөнтүү болуп эсептелет.
Жогорку Кеңеш 2007-жылкы Конституцияга ылайык 100% пропорциялык шайлоо системасы (партиялык тизме) менен куралат.
2007-жылкы Конституциянын өзөгүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу каражаттар менен, мамлекеттик бийлик бутактарынын үстүнөн президенттин талашсыз үстөмдүгүн орнотуу болгон. Конституцияда президенттин ыйгарым укуктарын чектөө жобосу болгон эмес. Ошентип, 2007-жылкы Конституция реформалардын авторитардык тенденцияда өнүгүшүнө шарт түзгөн. Бийликтин бөлүштүрүү принциптери президент тарабынан бузулган. Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнүн реалдуу механизмдери жоктугунан, аны күч менен алмаштыруу жолуна шарт түзүлгөн. Ошондон улам, 2007-жылдан кийин өлкөнү башкаруунун орун алган системасын сясат таанучулар менен эксперттер кылмыштуу үй-бүлөөлүк башкаруу формасы катары мүнөздөшкөн.

2007-жылкы Конституцияга ылайык Президент К.Бакиев
өкмөткө баш ийбеген:
- Мамлекеттик күзөт кызматын, Улуттук коопсуздук кызматын, Каржы полицияны, Мамлекеттик кадр кызматын, Өнүктүрүү фондун (ага "Түндүкэлектро", "Чыгышэлектро" Электростанциялар, Жер үй, Дастан ж.б. ири компаниялардын акцияларын өткөрүп берген) ж.б. өкмөткө тиешелүү функцияларды аткара турган аткаруу органдарын түзгөн, башчыларын өзү жеке дайындаган.

"Мамлекеттик башкаруунун
реформалоо" саясаты менен
президенттин администрациясынын ордуна, бири-бирине баш
ийбеген 5 структураны;
Президенттин аппаратын, Президенттин катчылыгын, ЦАРРИни, Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип боюнча мамлекеттик кеңешчисин, Мамлекеттик тышкы иштер министрлигин түзгөн. Ошентип, ал иш жүзүндө реалдуу аткаруу бийлигинин функциясын аткарган "көмүскө өкмөттү " үй-бүлөсү үчүн түзүп берген. 2007-жылкы Конституцияга ылайык Президент Бакиев жеке бийлигин күчөтүү, өлкөдө үй-бүлөөлүк туугандык бийликти орнотууну көздөгөн. Ага далил, ал 2010-жылдын башында кезектеги Конституциялык реформасы менен мамлекеттик түзүлүштүн Конституциялык монархиялык формасына өтүүгө, өз бийлигин өзүнүн жакындарынан түзүлгөн Мамлекеттик Кеңеш аркылуу чечүүнү көздөгөн. Мына ушундай абалда Кыргызстандын эли жаңы Конституцияны түзүүгө укуктуу гана эмес, милдеттүү да болгон. Башкача айтканда, мамлекетке, анын саясий жана социалдык-экономикалык абалына коркунуч түзүлүп калган.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын эли мамлекеттин Конституциялык курулушунун негизги субьектиси, мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы катары, Президент Бакиевдин, анын үй-бүлөсүнүн барымтасында болгусу келбей, Бириккен оппозициялык кыймылдын (БЭКтин) жетекчилигинде өлкө боюнча элдик курултайларды өткөрүп, жыйынтыгында Бакиевди, анын жакындарын өлкөдөн качып кетүүгө мажбурлады.

Д) Революциялык-
декреттик доор:
КРнын азыркы Конституциясы 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн декретине ылайык, 2010-жылдын 27-июнунда жалпы элдик референдумда өзүнчө моно акт катары кабыл алынган. Ал Конституция преамбуладан, 9-бөлүмдөн, 114 беренеден турат.
2010-жылы Конституциясынын өзгөчөлүктөрү болуп:
- КРнын мурдагыдай эле эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууда дин аралашпаган, унитардык, социалдык Республика болуп жарыяланды;
- Башкаруунун формасы боюнча Парламенттик-Президенттик түрүнө окшош, бирок аткаруу бийлигинин Жогорку Кеңештин алдындагы толук жоопкерчиликтүү отчёттулугу менен;
- Мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принциптеринин сакталышы;
- КРнын Президенти менен Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары Конституция менен гана чектелгендиги;
- Референдум өткөрүү, Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү Жогорку Кеңештин гана ыйгарым укугу болуп бекемделиши;
- Президенттин финансылык, экономикалык жөнгө салууларга, өкмөттүн кадр саясатына аралашпаганы;
- Саясий партияларга мамлекетти башкарууга, парламенттик оппозициянын таасирдүүлүгүнө шарттардын түзүлгөндүгү;
- Соттук-укуктук системаны түп тамырынан реформалоонун каралганы;
- Соттордун төрагалары үчүн ратациянын тартибинин бекитилиши;
- КРнын Конституциясынын Соту жоюлуп, Жогорку Сотко караштуу Конституциялык Палатага трансформацияланышы;
- КР Парламенттик Республикага кирүүгө багыт алгандыгы;
- Адам укугу менен эркиндиктеринин кеңири кепилдиктер киргизилгени ж.б. эсептелет.
2010-жылдын 27-июнундагы Конституциясынын элдик-революциялык маңызы болуп:
- 1993-жылдан бери Конституциялык реформалардын шылтоосу менен өлкөдө курулган "үй-бүлөлүк башкаруу" системасынын талкаланышы, жана бардык реформалардын демократиялык оң баалуулуктарынын сакталгандыгы же кайра өзгөртүлүп, өркүндөтүлгөнү;
- Конституцияда тарыхый-социалдык адилеттүүлүктүн калыбына келтирүү элдин жеңиши катары коомчулук тарабынан кабылданышы;
- 7-апрелдеги элдик революциянын жеңиши менен, революциянын саясий органдары - Убактылуу Өкмөт, Өткөөл мезгилдин Президенти, Конституциялык Кеңешме сыяктуу саясий органдардын түзүлүшү жана алардын революциялык актыларынын үстөмдүгү;
- Конституциянын революциядан кийинки оор саясий шарттарда (контрреволюциячыл жана бакиевчилдик күчтөрдүн реваншисттик саясий аракеттери, жана сепаратисик улутчул күчтөрдүн өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетирүү аракеттери менен коштолгон башаламандык, саясий-боштук (вакум) абалда) өлкөнү тез арада укуктук нукка кайра кайтаруу зарылчылыгы менен коштолуп кабыл алынганы эсептелет.
2010-жылдагы, же азыркы колдонуудагы КР Конституциясы - Кыргызстанды демократиялык, социалдык-укуктук, толук Парламенттик Республиканын модели катары көрсөтө албайт. Бирок анын ченемдери, мамлекеттин парламенттик түрүнө кирүүгө багыт берет.

Ж) 2010-жылдагы КР Конституциясынын
кемчилдиктери жана аны түзөтүүнүн жолдору;
- 2010-жылдагы КР Конституциясы - ага чейинки Конституцияларынын бузулушу, бурмалоонун кесепетинен кабыл алуунуга мажбур болуп, андан тыянактарды чыгаруу менен иштелип чыкканына карабай, өзүнүн ичинде бир катар кемчиликтерди, тактап айтканда, жоболордун дал келбестигин, карама-каршылыктарга, ыксыз кайталанууларга, чийкиликке жол берилген. Мисалы, президенттин бүткүл эл тарабынан шайланышы, мурдагыдай эле 1994-жылдагы Акаевдин "мен байкоочунун ролунда болгум келбейт, мени бүткүл эл шайлаган" - деген дооматы сыңарындай, кайрадан бийликти алууга умтулушуна шарт түзөт;
- Конституцияда Жогорку Кеңештин башкы функцияларынын бири болгон, Конституцияга, мыйзамдарга чечмелөө, түшүндүрмө берүү укугу көрсөтүлгөн эмес. Аны мыйзам менен түзөтүүгө Конституциянын 74-б, 9-пунктунда белгиленген "Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат" деген чектөө жол бербейт.
- Конституцияда өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттарын ким аныктары "унутулуп" калган;
- Конституциянын 96-беренедеги Жогорку Соттун Пленуму "сот практикасынын маселелери боюнча түшүндүрмө берет" - деген жобо, Конституциялык Палатанын ишине да таандык болуп калган; Конституциялык Палата 96-берененин талабына ылайык, Жогорку Соттун курамындагы Конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу сот экенине карабай, 97-беренеде мурдагы Конституциялык Сот сыяктуу өз алдынчалык принциптери сакталып калган;
- Конституциянын экинчи бөлүмү "Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери" деп аталып, 3 главадан, 43 беренеден турат.
Бул 43 беренеде айрым укуктар 2-3 жолудан кайталанган учурлар бар. Бирок 43-берененин 2 эле беренесинде милдет жөнүндө, ал да жарандардын милдети катары гана көрсөтүлгөн (55,56-б.б.)
Укуктук өлкөдө адамдын укугу менен милдеттери тең, бирдей көрсөтүлүшү зарыл. Жалаң гана укуктар көрсөтүлгөн өлкөдө, башаламандыкка, мыйзамсыздыкка жол берилишине өбөлгөлөр көп түзүлөт. Анткени адамдар адам катары милдеттерин унута баштайт. Жок дегенде "Конституцияны, мыйзамдарды сактоо, аткаруу, башка бүлөнүн укугун бузбоо, үй-бүлөнү, ата-энени сыйлоо, камкордук көрүү, урматтоо кадырлоо" ж.б.деген адамга тиешелүү милдеттер жазылбай калган. Адвокаттарды, бейтарап сотторду түзүү, алардын иштерин уюштуруу сыяктуу жоболор, ушул бөлүмгө кирип калган. Адам укугу менен эркиндиктерин камтыган бөлүмдүн мындай көрүнүшү, Конституциялык Кеңешмеде адам укугу боюнча бейөкмөттүк укук коргоочулардын көптүгү, активдүүлүгү Конституцияда Кыргыз улутунун өзгөчөлүктөрү менен геосаясий менталитеттерине караганда "Батышчыл либерализмдин" принциптери көчүрүлүп калынганын түшүндүрөт.
Конституциялардын тарыхын изилдөөдө тигил же бул Конституциянын "бекемдиги", сапаты, "өмүрүнүн" узактыгы, анын иштеп чыгуучуларына жараша боло турганы илимде белгилүү. Ага мисал катары өзүбүздүн эле Конституциялык тарыхыбызды алсак болот.
1993-жылдан 2010-жылга чейин онго жакын Конституциялык реформа жасадык. Менин жеке пикиримде сапаттуулугу, элдүүлүгү, демократиялык маңызы, тактыгы боюнча эң дурусу 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституция менен 2006-жылдын ноябрь айындагы Конституция эсептелет.
1993-жылкы Конституцияны иштеп чыгуучулары - Жогорку Кеңештин депутаттары, окумуштуу-юристер, белгилүү инсандар болушса, кабыл алынышы жагынан бир нече жолу элдик талкууда, Жогорку Кеңеште окулуп, кайра-кайра түзөтүлүп, ошол кездеги коомдогу саясий күчтөрдүн: - бир жагынан улутчул-потриоттор, экинчи жагынан эски партиялык чиновниктер, үчүнчү жактан Акаев башында турган "реформаторлордун" ортосунан иштелип чыккандыгы менен айырмаланат.
2006-жылдагы ноябрь Конституциясы - 2005-жылдын Март революциясынан кийин, Конституциялык реформалар зарыл деп эсептелген оппозициялык күчтөр менен Акаевдин жолун тандаган Бакиевдик күчтөрдүн саясий күрөшүнүн компромистик документи, март революциясынан кийинки түзүлгөн Конституциялык Кеңешме менен жумушчу топ иштеп чыккан долбоорлорунун негизинде кабыл алынганы менен өзгөчөлөнөт.
Акаевдин, Бакиевдин мезгилиндеги башка Конституциялык өзгөртүүлөр, Акаев менен Бакиевдин дайындаган тар чөйрөдө алардын кызыкчылыгын камтыган шарттарда кабыл алынганы менен айырмаланат.
АКШнын 1787-жылы Конституциянын сапаты, узак жашаганы жөнүндө сөз болгондо, аны иштеп чыгышкан Конвенттин делегаттары АКШнын ар кайсы штаттарынан эл тарабынан шайланганы, алар өздөрү шайланып келген штаттын элинин кызыкчылыгы үчүн бекем турушканы, көз карандысыз болушканы, өзгөртүүнүн татаал механизмдеринин киргизилгени менен белгиленет.
2010-жылкы Конституциянын эң башкы коркунучтуу кемчилиги болуп "Конституцияга өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизүү тартиби камтылган 114-беренеде, анын айрым жоболору үчүн өзүнчө тартип киргизилгени, жана ал Конституцияны колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын 4-беренеси менен 2020-жылга чейин күчүнө кирбегени эсептелет.
Конституция - коом менен мамлекеттин өнүгүшүн, адам менен жарандын негизги укугу менен эркиндигин аныктаган, өлкөнүн башкы жана негизги мыйзамы катары, коом, мамлекет өнүккөн сайын ийкемдүү, эволюциялык жол менен өнүгүшү зарыл. Жогорудагыдай чектөө мүмкүн революцияга алып келиши ыктымал.
Ошондуктан, 2010-жылкы Конституцияга өзгөртүү, толуктоолор эволюциялык жол менен өнүгүү үчүн 1-кезекте "КР Жаңы Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндөгү" КР мыйзамынын жогорудагы көрсөтүлгөн 4-беренесин элдик референдумга алып чыгып, өзгөртүү керек. Бул 1-этап, 2-этапта Жогорку Кеңеш аркылуу Конституциянын 114-беренесинде көрсөтүлгөн жолдор менен башка кемчилдиктерди түзөтсө болот. Мындай чечимге баруу үчүн азыркы Жогорку Кеңешке, Президентке саясий эрк, чечкиндүүлүк гана керек. Болбосо 2020-жылга чейин күтсөк, Конституция Кыргызстанда өнөкөткө айланып бараткан революциялык жол менен өзгөртүлүп калышы мүмкүн.

Азимбек Бекназаров

PS: Учурда жеке адвокаттык ишкердүүлүк менен алектенген А.Бекназаров өткөн жумаларда Конституциялык илим боюнча кандидаттык илимий ишин жактап, юридикалык илимдин кандидаты болду. Эми докторлук илимий ишин улантууда…





fabula





??.??