presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Окулбай калган докладдан:

"Ата Мекен":


"Коррупция өлбөспү"?



КР ЖК депутаты И.Пирматовду кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча маселеси боюнча Өмүрбек ТЕКЕБАЕВдин окулбай калган доклады:
Бүгүн биз көтөргөн маселе бир депутаттын гана тагдыры туурасында эмес. Кеп бүтүндөй элдин, жалпы мамлекеттин тагдырында.
7-апрелде Кыргызстандагы экинчи революциянын эки жылдыгын белгилейбиз. Бул кубанычтуу да, ары кайгылуу да күн. Эки жыл мурда Бишкекте жана Маевкада, Ошто жана Жалал-Абадда мекендештерибиз каза тапты. Бул трагедияга ким күнөөлүү Акаевби? Бакиевби? Же Убактылуу өкмөтпү?
Адамдардын өлүмүнө, күч органдарынын, соттор жана мамлекеттик аппараттын, медицина жана билим берүү, экономика жана маданият тармактарынын талкаланышына ким айыптуу экенин айтайын. Бул - коррупция.
Коррупция чырмоок сымал коомду, анын бардык тармак жана чөйрөсүн чырмап алды. Бүгүн коррупцияга Өкмөт менен Жогорку Кеңештен тарта билим берүү, медицинага чейинки мамлекеттин ар бир мекемеси кептелди.
Кыргызстанда адам акча чогултмай жана паракорчулукка мектепте, алтургай, бала бакчада эле тушугат. Балдар мектеп партасынан эле коррупциялашкан кызмат тепкичин самаганы таңгалыштуу эмес. Неге балдар сот, прокурор, бажыканачы, салыкчы болууга умтулушат? Анткени, алар бул кесиптерди баюуга алпарчу оңой жол катары санашат.Коомдо жакшы менен жамандын, марттык менен пастыктын, адал менен арамдын, пайда менен зыяндын айырмасы жоголуп барат.

Мыйзамдар да кээде коррупционер тарапта. Бир кой уурдаган адам 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Арзыбаган айлыкка иштеген участкалык милиционер, склад же айылдык клубдун башчысы аз гана парага 7-10 жылга чейин камалышы ыктымал. Ал эми жалпы элдин байлыгы болгон алтынды, мунайды, газ, суу, жерди саткан, "боз" схемалар менен бюджеттен миллиондорду уурдаган коррупционерге айып пул гана салынып же 3 жылга түрмөгө камалат. Анан калса, анын кылмышы "анча оор эмес" деп саналат. Ошондуктан, жыл сайын болчу мунапыска кабылууга анын мүмкүнчүлүгү чоң. Кыжырды кайнаткан акыйкатсыздык жана коррупционер менен катардагы жарандын мыйзам алдындагы теңсиздиги мыйзамдын өзү менен бекемделген.
Ошондуктан, мамлекеттик үлүшү 30 жана андан жогорку пайыздагы ишканалардын жетекчилерин мамлекеттик кызматтагы адамдардын макамына теңөөгө шарт түзө турган мыйзамдолбоорун сунуштайбыз. Бул алардын жеңил жаза жана кыска мөөнөт менен кутулушуна жол бербейт. Канчалык ал чириген бай болбосун, таасири канчалык күч, байланышы канчалык көп болбосун, уурунун орду - түрмөдө.
Кыргызстанда коррупция күч, бирок, бир да коррупционер жок.
Кылмыштын бети ачылган күндө да, коррупционер же криминалдык авторитет кармалганда да аларды жазага тартуу мүмкүн эмес. Ага жердештери, достору, андан көз каранды адамдар дароо болушуп чыгат. Алардын айтымдарында, ал кылмышкер спортзалга мат же машыгуучу жабдыктарды сатып берген, айылда майрам уюштуруп, мечитке килем белек кылган.

Анда эмне кылуу керек? Дыйкандарыбызды, мугалим, врач, пенсионер, студент, мүмкүнчүлүгү чектелген же ата-энесинен ажыраган балдарды миллиондогон долларга тоногон адамдын айыбын кечишибиз керекпи? Анда коррупционерлерди эки революцияны, жүздөгөн курмандыктарды жана миңдеген адамдардын майыптыкка кабылышына да карабай, кечирелиби? Бир кесим эт, бир куюм чай үчүн бүтүндөй өлкө трагедиясын унуталыбы?
Жеке сүйлөшүүдө адамдарга жакшы пикир калтыра билгени үчүн коррупционерди кечирип коелубу?
Заманбап коррупционердин жүзү коркунучтуу эмес. Тескерисинче, сүйкүмдүү. Кыргыз заманбап коррупционери - жаш, бирок, билимдүү жана урмат-сыйга ээ. Берешен, баарлашууга ачык, алдыга умтулган жана заман талабынан артта калбаган адам.

Ал журналисттер менен кызматташат, алтургай, ММКга - гезит, журнал, сайт же телерадио компаниясына да ээлик кылат. Калк менен дайым баарлашып турат, өкмөттө, парламентте, күч органдарында жана сот корпусунда кеңири байланыштары бар.
Бул маселе бир гана депутаттын эмес, бүтүндөй мамлекеттин тагдыры туурасында. Эгер Кыргызстан тазаланууга эрк таба албаса, анда өлкөнү кайгылуу келечек күтөт. Азыр өлкө президенти коррупция улуттук коопсуздукка олуттуу коркунуч туудуруп калганын моюнга алууга аргасыз. Ал терроризмден да, кылмыштуулук жана сырттагы жоодон да кооптуу. Анын азабынан мамлекет башка кооптуулук жана коркунучтар менен күрөшүүгө күчү жетпей келет.
Коррупционерлер бүт Кыргызстанды жеп бүтөт. Кыргызстанда булардан өткөн жамандык жок. Биз аларды жазалоого тийишпиз.
Бүт өлкө билсин, ким кимдин тарабында экенин. Ошол себептен, мамлекеттин бюджетине ири зыян келтирген деп шектелип аткан депутат Исхак Пирматовду кол тийбестиктен ажыратуу үчүн добуш берүү принципиалдуу жана фракциялык болушун талап кылам.
Шайлоочулар, кайсы фракция кандай добуш бергенин эстеп алгыла. Коррупциясыз, криминал жана төңкөрүшсүз коомду курууга ким тоскоол экенин да эске алып койгула. Дагы бир ирет жаңылбагандай, көңүлгө түйүп койгула.
Исхак Пирматовду неге айыпташууда?
Ал жана анын жакындары мамлекеттен миллиондорду уурдашына шарт жараткан коррупциялык схеманы түзгөндүгү үчүн айыпталууда.
Бир топ жылдардан бери Кыргызстандын байлыгы арзыбаган баага ар кыл схемалар аркылуу сатылып келген. Бүгүн прокуратура тарабынан мындай масштабдагы схема алгач ирет ачылып отурат.
"Кыргызнефтегаз" ААКнын башкармалыгын жетектеп турган Исхак Пирматов аталган ишканага жана анын 85 пайыз акциясына ээлик кылган мамлекетке миллиондогон зыян келтирген.
1. Башкы прокуратуранын сунуштамасында мындай айтылат: 2009-жылы Исхак Пирматовдун көрсөтмөсү менен "Кыргызнефтегаз" ААКсы "А-80 маркасындагы бензин жана дизелдик майды сатууга атайын арзандатылган бааны бекиткен.
Кыргыз өкмөтү тарабынан түзүлгөн Мекемелер аралык комиссиянын баасында, "Кыргызнефтегаз" ААКга келтирилген зыян 600 миллион сомду түзөт.
Исхак Пирматовдон олчойгон жеңилдик алган бул эмне деген компания?
"Кыргыз Мунай" ЖЧКсы Слесарев В.В. (ага 80 пайыз акция таандык) жана Абышкаев Д.М. (20 пайыз акцияга ээ) тарабынан 2009-жылы 29-январда түзүлөт. Жаңы ишкана түптөлгөндөн бир нече күн өтпөй эле Исхак Пирматов жетектеген "Кыргызнефтегаз" ал менен күйүүчү майды арзандатылган баада - литрине 9 сомдон сатуу боюнча келишим түзөт. Ал жылы "Газпром Нефть Азия" бензинди литрине орточо 23 сомдон сатчу.
Эмнеликтен И.Пирматов "Кыргыз Мунайга" бензиндин ар бир литрин 14 сомго арзандатып саткан? Балким, "Кыргыз Мунай" ЖЧКсынын эки негиздөөчүсү тең - Слесарев В.В. жана Абышкаев Д.М. "Кыргызнефтегаз" ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болгондугу үчүн болуп жүрбөсүн!..
Мамлекетти миллиондоп тоношту. Бардык далилдер бар!
Депутаттык комиссия Эсеп палатасынын инспекторлору М.Сакиев жана Т.Сыдыков түзгөн актка таяп, "Кыргызнефтегаз" ААКнын сатылган бензинин өздүк наркынан жогору сатылган, анын өздүк баасы 5 сом 26 тыйындан болгон деп белгилөөдө. Андай шартта И.Пирматовдун аракеттери мамлекетке зыян алып келген эмес деген бүтүм жаралат. Бирок, анда эмнеге ушул эле ишкананын Пирматовго чейинки жана кийинки жетекчилери бензинди 2008-жылы литрин 9 сомдон эмес, 20,9 сомдон, ал эми 2010-жылы 25,29 сомдон сатып келди? Алар эмне, Пирматовчолук акылдуу эмеспи? Жок, алар болгону өздөрүнүн түз милдеттерин аткарышкан. Басымдуу пайызга ээлик кылган мамлекет ишкана жетекчисин неге дайындайт? Ишканада чычканга кебек алдырбай, максималдуу пайда алып келсин деп кызматка коет. Элдин байлыгын тааныштарына, туугандарына, досторуна арзан баада сатып, өзү байысын дебейт.
Экинчиден, И.Пирматовдун тарапкерлери 2009-жылы "Кыргызнефтегаздын" бензинин баасынын төмөндүгүн анын сапатына байланыштырат. Анда эмнеликтен, ошол эле бензинди саткан "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомунда мындай болгон эмес. Ошол эле учурда, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, "Кыргызнефтегаз" ААКнын бензини дүйнөдө ири суроо-талапка ээ болчу. Анын сатып алуучулары:
- Baltimore Investe Inc. (БритандыкВиргинаралдары);
- Renset Enterprises Ltd. (БритандыкВиргинаралдары);
- Alvion Beiligungs und Handelsgessellschaft m.b.h. (Вена, Австрия);
- Aoshengyuan International Trade Co Ltd. (СУАР, КНР),
- Delixy Energy Pte. Ltd. (Сингапур),
- Smann Sa (Женева, Швейцария),
- K62 S.R.L. (Бергамо, Италия).
Эмнеге И.Пирматов мындай эл аралык суроо-талапка ээ болгон "Кыргызнефтегаз" бензинин арзыбаган баада сатты?
2. Исхак Пирматов "Кыргыз Мунай" ЖЧКсына болуп көрбөгөндөй арзан бензин менен эле эмес, болуп көрбөгөндөй төмөн пайыздагы кредит менен да көмөктөшкөн!
2010-жылдын 5-февралында "Кыргызнефтегаз" ААКсы Исхак Пирматовдун жетекчилигинде "Кыргыз Мунай" ишканасына күрөөсүз (!) 4 % жылдык пайыз менен 1 миллион долларды кредитке берген. Башка бардык банктарда эң төмөн ставка 20 пайыздын деңгээлинде турганда кайдан мындай берешендик!?

7- апрелден кийин да алардын "эки тарапка тең пайдалуу кызматташуусу" токтогон эмес. Азыркы тапта Василий Слесарев Сотторду тандоо кеңешине "Республика" партиясынын квотасы аркылуу мүчө. Ал эми И.Пирматов аталган фракциядан депутат.
Ооба, Эсеп палатасынын инспекторлору И.Пирматовдун аракеттеринен мамлекетке зыян келтирилбегендигин таап жатат. Бирок, сурагым келет, акыркы 20 жылда Эсеп палатасы бир коррупциялык схеманы таап, атап чыктыбы? Мындай эч кимдин эсинде жок. Бирок, бүт Кыргызстан "боз" схемалар аркылуу миллион жана миллиард долларлар уурдалгандыгын билет. Демек, Эсеп палатасына ишенсек, Кыргызстанда коррупция жок. Буга ким ишенет?
Ошондой эле депутаттык комиссия кылмыш курамы жеке-коомдук айыптоо экенине карабастан, аталган ишканага ээлик кылган Мамлекеттик мүлк фондусунан келтирилген зыян жана анын көлөмү туурасында тиешелүү органга арыз түшпөгөнүн белгилейт. Комиссия КР Кылмыш кодексинин 173 беренесине таянат. Анда "коммерциялык уюмга келтирилген зыян боюнча кылмыш иши ушул уюмдун же анын макулдугу менен ачылат" деп көрсөтүлгөн.
Бирок, комиссия ушул эле берененин мындай иш "башка уюмдардын, жарандардын, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирген болсо, кылмыш иши жалпы негиздерге таяна жүргүзүлөт" деп белгиленген
(Уландысы 14-бетте)




fabula





??.??