Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бермет Байкелова, КРнын эмгек сиңирген артисти:

"Опералык үн менен


ырдоо аябай эле татаал"


- Бермет эже, улуу акын Байдылда Сарногоев айткандай, элиңизге ашуудан отчёт берсемби деп жатыпсыз…
- Ооба, быйылкы жаз айынын акыркы, бирок эң сонун май айында элиме жагымдуу маанай тартуулап, көңүлдөрүн көтөрүп, ошону менен бирге өзүмдүн чыгармачылыктагы эмгегимди эл сынына коёюн деп, 12-майда Улуттук филармонияда чоң программадагы отчёттук концертимди берүүгө белсенип турган чагым. Чынын айтсам, азыр концертке даярдык көрүү менен алек болуп, башка жумуштарга убактым жок. Күнүгө даярдык. Жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатам. Бул концертти өзгөчөрөөк өткөргөнү турам. Ошол себептен кызуу даярдык көрүүдөмүн.
- Концертиңизден кандай өзгөчөлүктөрдү көрө алабыз?
- Алгачкы өзгөчөлүк деп менин нукура элдик үн менен ырдап чыга тургандыгымды айтсам болот. Себеп дегенде, буга чейин жалаң гана опера жанрында ырдачумун. Элдер мени опералык ырчы деп таанычу. Эми көп жылдан бери өзүмдө сакталып келе жаткан ал салтымды бузуп, ушул концертте 80 пайыз ырларды нукура элдик үн менен аткарганы турам. Болгондо да айтылуу Мыскал эжекебиз аткарып жүргөн "Алымкан", Күлгүн жаш" сыяктуу элдин эсинен чыккыс, жүрөгүнөн түнөк таап, бүгүнкү күнгө чейин популярдуулугун жоготпой келе жаткан эски ырларды оркестрдин коштоосунда аткарганы турам. Байкап көрсөм, бул ырларды 70- жылдан тартып эч ким оркестрдин коштоосунда ырдап чыкпаптыр. Мына ушул нерсени да эске алып, аталган ырларды архивден алып чыгып, ноталарын кайра башынан жазып жатам. Мындан сырткары комуздун коштоосунда да ырдайм. Азырынча ушул жаңылыктарды айтып турайын. Калганына келген эл өздөрү күбө болуп кетсин. Азыр эле баарын айтып салсам, кызыгы тарап кетпесин.
- Сиздин буга чейин опералык үн менен ырдап жүргөнүңүздү жакшы билебиз. Элдик үндө ырдооңузга эмне себеп болду?
- Биринчиден, кыргыз болгондуктан кыргыздын кайталангыс кайрыктары жүрөгүмө аябай жакын. Өзүм буга чейин фольклор жаатында ырдап жүрбөсөм да, көөдөнүм элдик кайрыктарга толуп, ичимден кыңылдап ырдап калчумун. Экинчиден, биз тойлорго көп барат эмеспизби. Мына ошондой жерлерде тааныштар "Алымканды" ырдап бербейсиңби деп көп суранып калышат. Бирок ушул кезге чейин менин үнүн туура келбейт го деп тартынып ырдабай жүрчүмүн. Анан кийинки убактарда ырдап көрсөм кандай болот деп ойлоно баштадым. Анын үстүнө азыр институтта эстрадалык вокалдан сабак берип иштейм да. Балдарга ырдоонун жол-жобосун үйрөтүп жүрүп, байкап көрсөм менин элдик үнүм өзгөчө экен. Мыскал эженики сыяктуу жоон. Ойлонуп көрүп, Жамин Акималиевдин "Жалжалым" деген ырын жакында эле бир концертте ырдап чыксам, эл аябай жакшы кабыл алды. Эмнеге буга чейин элдик үн менен ырдабай жүрдүм экен. Ырдасам болот турбайбы деп, элдик үн менен да ырдоону чечтим.
- Отчёттук концерт берүү да жеңилге турбаса керек. Сизге көмөктөшкөн адамдар барбы?
- Албетте, концерт берүү жеңил эмес. Күнү-түнү уктабай даярдык көрөсүң. Жогоруда айткан ырлардын ноталары да жоголуп кеткендиктен, азыр таңкы саат 6га чейин нота жазып жатам. Калган жумуштарымды да бүтүрүүгө аракет кылып бутум-бутума тийбей чуркап жүрөм. Негизи концертимдин көпчүлүк жүгүн өзүм көтөрүп жатам. Бирок жардам берген жакындарым да жок эмес. Өзгөчө жердешим Кулбарак Автандил деген жигит уюштуруу жагын өзүнө алып мага аябай чоң жардам көрсөтүп жатат. Антпесе жалгыз өзүмө бир топ эле кыйын болмок.
- Концертке келген элдер көбүнчө сахнанын жасалгасына нааразы болуп кетишет. Сахнаны жасалгалоо жагында да жаңылык болобу?
- Муну көп учурда өзүм да угуп жүрөм. Буга былтыркы жылы маараке концертимде өзүм да күбө болгом. Ошол концертте биздин декорациялар аябай начар болуп калган. Келген эл эмес, өзүм да нааразы болгом. Мен айткан эмес, такыр эле башка декорациялар илинип калган. Концерттин түйшүгү менен жүрүп, аны байкабай калган элем. "Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" дегендей, быйылкы декорацияларды алдын-ала даярдап жатабыз. Ырларымда өзгөрүү болгондой эле, сахнада да жаңы көрүнүштөр болот деп айтсам жарашат.
- Концертиңизге сизден башка ырчылар да катышабы?
- Сөзсүз. Кыргыз элине таанымал болгон белгилүү ырчылар жана жаңы сахнага чыгып жаткан таланттуу жаш ырчылар да катышат. Жалпысынан ондон ашык коноктор болот .
- Азыркы баалар көтөрүлгөн учурда билеттердин баасы да асмандап эле бара жатат. Сиздин концерттин баасы карапайым элдин чөнтөгүнө ылайык келеби?
- Туура айтасың, учурда баалар асмандап жатат. Эл кыйналууда. Бирок биз концерттердин баасын элге карап арзан баада кылсак, анда карыз болуп калабыз. Анткени биз дагы ижара акыга, бизге кызмат көрсөткөн адамдарга беришибиз керек. Анан дагы чакыруу барактары дегендей. Баарын эсептеп келгенде концерттен соң өзүңө жарытылуу деле эч нерсе калбайт. Эми өнөрдү сыйлаган, барктаган адамдар бир жолу 500 сом коротуп концертке кирип коёт деп ойлойм. Кээде ал акчаны тескери жолго деле жумшап жатышпайбы. Ага караганда бир аз болсо да, концерттен жан-дүйнөсүнө азык алып кетет да.
- 1-апрелден тартып концерттик репертуарды тескөө комиссиясы ишке киришкенин билебиз. Сиздин репертуар аталган кеңештин сынынан өттүбү?
- Кечээ аталган комиссиядан өтүп коёюн деп аларга баргам. Көрсө, биз ал кеңештен өтпөйт экенбиз. Бул кеңештен жаңы чыгып жаткан, өз алдынча иштеген, мамлекеттик маданий мекемелерде иштебеген ырчылар өтөт экен. Бирок ошого карабай, аларга барып бир көрүнүп келдим. Эми мага көркөм кеңештен өтүү маселе деле эмес. Биз канча жылдан бери чыгармачылык менен иштеп жүрөбүз.
Ушул көркөм кеңешти түзүп туура кылыптыр. Мурда ким кааласа эле концерт бере берчү. Азыр иргелип бара жатат. Алардын ишине ийгилик каалайм.
- Концертиңиз башынан аягына чейин жандуу үн менен коштолобу?
- Албетте, бул менин онунчу концертим. Бардык концерттеримди жандуу үн менен берип келгем. Бул жолу да ошондой болот. 2002-жылы эмгек сиңирген наамын алып, жандуу концерт бергем. Андан бери 10 жыл өттү. Бизге жандуу концерт берүү жаңылык деле эмес.
- Наам демекчи, бир жолку маегибизде Эл артисти наамын беришкени жатат деп айтып калдыңыз эле?
- Берерин беребиз дешкен, бирок документтерим ак үйгө барып, печать басылып эле кайра келип жатат. Сурасам, комиссияга кирбей калып жаткандыгын айтышат.
- Эмнеге андай болуп жатат дейсиз?
- Билбейм. Эмнеге комиссияга кирбей калгандыгын түшүнбөй жатам. Буга да кызыктар болгон адамдар болсо керек. Дайыма эле документтерим комиссияга кирбей кайрылып келип калат, айтор, түшүнүксүз.
- Акыркы кездерде аттуу-баштуу адамдар эле "Артисттер наамды акча алыш үчүн гана алгылары келет" деген пикирлерин ачык эле айта башташты. Чынында эле ушундайбы?
- Кимдин кандай максатта наам алгысы келгендигин айта албайм. Өзүм туурасында айтсам, мен акчага деле кызыккан жокмун. Кудайга шүгүр, тапканыбыз өзүбүзгө жетет. Болгону тулпар тушунда, күлүк күнүндө дегендей, мээнетиң, эмгегиң өз учурунда бааланып, баасын алса, өз учурунда кылган эмгегиңдин үзүрүн көрүп калсаң жакшы да. Эми мейли, беришсе беришер, бербесе жок.
- 25 жыл операда жүрүп, элдик үнгө өтүү да жеңилге турбаса керек?
- Албетте, жаңы үйрөнүп жатканда бардык нерсе оордой сезилет. Бирок качан гана аны өздөштүрүп алганда, баары жеңил көрүнүп калат. Опералык үн менен ырдоо аябай эле татаал. Муну каалаган адам эле ырдап кете албайт. Ал үчүн табияттан берилген талант болушу керек. Мага азыр элдик үндө ырдоо жеңилдей эле көрүнүп жатат. Балким, элдик үндүн да өзүнө тиешелүү оорчулуктары болсо керек. Азырынча жакшы түшүнө элекмин.
- Жаңы ырчылыкка кадам таштаганда эмнеге опера жанрын тандап алдыңыз эле?
- Жаңы музыкалык окуу жайга тапшырганда опера жанрын деле тандап алам деп ойлогон эмесмин. Башында эстрада ырчысы болом деп келгем. Кийин карасам эле, опера ырчысынын окуусунда окуп калыптырмын. Ошол кездеги агайлар мени эстрадага которул дешкен. Бирок операга кирип кеткен жаным, андан кайра чыга албай койгом. Ошону менен опера ырчысы болуп кала бердим. Балким, ошол жаңылыштыгым менен туура багыт алгандырмын.
- Азыркы учурда биздин эл опера жанрын кандай кабыл алууда?
- Опера багытына мурдатан эле көп көңүл бурулбай келет. Мени эмес, атагы алыска кеткен Б. Миңжылкыевди деле өз мезгилинде баалап-барктай алган эмес. Бир чети, бул жанр биздин каныбызда жок болгондуктан эл да жакшы кабыл ала албай жатат көрүнөт. Бирок бир убактарда биздин опера жана балет театры СССР боюнча 3-орунда турган. Биз мамлекет болгондон кийин бардык тармакты бирдей багытта алып кетишибиз керек. Өзгөчө, маданият жаатында.
- Бүгүн мамлекет тарабынан опера жаатында эмгектенген артисттерге кандай көңүл бурулууда?
- Эч кандай. Жалгыз эле операга эле эмес, бүтүндөй маданият тармагына көңүл бурулбай жатат. Эгер бизге көңүл бурулса, 25 жыл Улуттук филармонияда иштеп, үй алуу боюнча 1-катарда туруп, бир бөлмөлүү үй алат элем го. Ушул кезге чейин үй алуу боюнча кайрылып келдим. Бирок оң жооп ала алган жокмун. Роза Исаковна президент болуп турганда, кайрылуумду өз колуна бергем. Биз 2007- жылы Атамбаев, Бабанов болуп митингде жүргөндө, Роза Исаковна "Бермет, көп сарсанаа болбо. Буюрса, жаңы бийлик келет. Жаңы заман болот"- деп айткан эле. Ал заман качан келет билбейм. Өзү бийликте турганда чече албагандан кийин башкаларынан үмүттөнүп деле кереги жок го. Балким, биздин заман ушундай оордур. Ким билсин, айтор, бийликтегилер оппозицияда турганда айткан жаркыраган заманды көрө албай жатабыз. Айланабыз дагы деле бозомук тартып, тунарып турат.
- Саясатта өзүңүздү сынап көрсөмбү дейсизби?
- Мындан үч-төрт жыл мурда саясатка аябай кызыгып, катуу киришип кеткен элем. Бакиевдин бийлигине каршы күрөшүүдө куугунтук жегениме карабай, азыркы лидерлер менен чогуу пикеттердин алдында турган болчумун. Бирок кээ бир саясатчылардын бийликке келгенден кийинки анык жүзүн көрүп, саясаттан иренжип калдым. Азыр такыр саясатка аралашкым келбейт. Саясатчылар бийликке келгенче ар кандай сөздөрдү айтып, куру убадаларды бере беришет экен. А биз сыяктуу адамдар аларга ишенип, болгон күчүбүз менен эски бийликке каршы күрөшүп, натыйжада үзүрүн башкалар эле көрөт турбайбы. Анан дагы оппозицияда санаалаш болуп жүргөн саясатчылар бийликке жеткенде тилектештерин бат эле унутуп коёт экен. Мына ушундай көрүнүштөрдү көрүп, саясаттан көңүлүм үч көчкөн журттай эле калды. Албетте, баардык саясатчылар жаман дегенден алысмын. Арасында жакшылары деле бардыр. Бирок мен андайларга жолуга албай келе жатам.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова