Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Көк-Дөбөнүн


акыркы жоокери


Орозалиев Шаршенбай-Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, эмгектин ардагери, менин чоң атам. Учурда токсон жашты таянып калды. Айыл аксакалдарынын аксакалы. Үйдүн куту. Төрдүн көркү. Уул-кыздарынын, небере-чөбөрөлөрүнүн сыймыгы. Ысык-Көл районундагы Көк-Дөбө айылынын тургуну.
Айылга барган сайын чоң атабыздын алдына отуруп чайыбызды ичип, эркелеп, сагынычты жазып, кайра шаарды карай жол тартабыз. Качан, кайсы убакта барбайлы жадырап-жайнап тосуп алат. Кантсе да урпактарынанбыз да. Эң негизгиси жакшы жүрүп, аман болсоңор болду дейт.
Каардуу согуш жылдарын эстегенде кадимкидей көзүнөн жаш кетет. Ушуну көрүп алып апаат тууралуу сүйлөшкүм келбейт. Аны көрүп өзүмдүн дагы ыйлагым келет. Кайран мекенге арналган өмүрлөр...Ал согуш өттү, кетти, бүттү. Бирок, анын баркын, баасын алар өзүлөрү менен кошо ала кетип жаткансыйт. Чоң атамчалык мекен үчүн азыр эч ким ыйлабайт. Жылда өтчү аскер парады быйыл өтпөйт деп жатышат. Кантип анан мекенчил жаштарды тарбиялашат.
Айылыбызда жыл сайын 9-майга арналган иш-чара бар. Ал иш-чарага алыс-жакында жүргөн көк-дөбөлүктөрдүн бардыгы чогулат. Атайын арналып мал союлуп,куран окутулат. Бала кезде чоң суунун жээгине өткөрчүбүз. Кийин бак-дарак отургузулуп, чоң паркка айланган. Согуштан кайтпай калгандардын эстелиги да бар. Биз бала чакта көкүрөгү орден менен медалга толгон кыргыздын, орустун абышка, кемпирлерин көп көрөр элек. Аларга суктанар элек. Азыр алардын катары жыл өткөн сайын азайып барат. Эң өкүнүчтүүсү, бул кандуу согушту өз көзү менен көрүп, аралашып, бир канча жеринен жарат алган чон атамдын азыр айылда "курал кармап, кыл чайнашкан" служактары жок. Суюлуп отуруп чоң атам эле калды. Баары сүйлөшүп алгансып чон атамды калтырган сыяктуу... Атаңызга окшоп Сиз дагы 100 гө чыгыңыз Көк-Дөбөнүн акыркы жоокери.

Акылбек Шаршенбаев





АКШнын "Манас" транзиттик
борбору менен Сары-Ой
айылынын достук байланышы

Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылы тогуз жолдун тому Балыкчы шаарынан 70 км, курорттук шаар Чолпон-Атадан 10 км аралыкта жайгашкан чакан кыштак. Анда 300дөй кожолук, 1100дөй адам жашайт. Чоң жолдун боюнда Кыргызстандан тышкары чет өлкөдө да таанымал жыл бою иштеген "Радуга", "Карвен" пансионаттары баш болгон 20дан ашык эс алуу жайлары жайгашкан кооз аймак.
Почта, медпункт, заңгыраган эки кабат улуттук-этнографиялык лицей, көптөгөн соода түйүндөрү иштейт. 2001-жылы эгемендүүлүктүн 10 жылдыгынын урматына арналган айылдар арасындагы областтык кароо-сынакта 1-орун алып, губернатордун акчалай сыйлыгына жана өтмө кызыл байракты биротоло жеңип алганбыз. Азыр ал туу бизде түбөлүккө сакталып турат. Бир сөз менен айтканда аймактагы таза тартиптүү кооз айыл. Биздин айылдын коомчулугунун активдеринин чет өлкөлүк инвесторлор менен алака түзүү аракети буга чейин оң натыйжа бербей келген. 2010-жылдын жаз айларында биздин мектепке волонтёр болуп Американын Огайо штатынан Лецтиция Дилько келгенден бери Американын "Манас" аба майданында жайгашкан транзиттик борбору менен байланышалы деген аракетибиз оң натыйжасын бере баштады десек болчудай.
Мындан сегиз кылым мурда жашап өткөн перс тилинде жазган улуу акын Мушрифаддин Саади:
Бир дене-адам тукуму ширешкен бек
Жасатып топурагын келтирген эп
Бир мүчө шол денеден зак жесе
Зыркырайт тынчы кетип бүткүл дене
күйбөсөң шордууларга убайын жеп
айтышпайт сени адамдар адамсың деп
деп жазган саптары ушул кезде БУУнун Нью-Йорктогу штаб квартирасынын имаратынын бетине ошол уюмга мүчө болуп, эсептелишкен дүйнө элдеринин жүздөн ашуун тилдеринде ураан катары жазылып коюлган. Улуу акын Саадинин ошол сөздөрү күн сайын окуп турган америкалык чиновниктер боорукер болушабы? Айтор, Сары-Ойдогу мектеп лицейинин имаратында транзиттик борбордун директору полковник Джекобсон жана борбордун кызматкери капитан Мартиндин демилгеси менен айылдын тургундарына кайрымдуулук иш-чарасын өткөзүп мектептин окуучуларына өлчөмдөрүнө жараша 150 айылдын тургундарына 137 куртканы бекер таратып беришти. Ал курткалардын баалары 1000 сомдон 1800 сомго чейин экен. Болжол менен жалпы суммасы 0,4 млн сомдун тегерегинде. Меймандар менен жергиликтүү элдин баарлашуусу кыргызчадан англисчеге которуп турган 9-класстын окуучусу Сулайманова Сыргага эл ырахмат айтышты. Ошону менен иш-чара аяктап үйлөрүбүзгө тарадык. Үйгө келгенден кийин меймандардын балдарга берген кийимдерин кийгизип, чак болбой калса алмаштырып берип, колун кысып өз балдарындай сүйүп, узатып жатканы эсиме түшүп, чын пейилимден ыраазычылык сезим пайда болду эле........
андан кийин эмне үчүн биз жардамга муктажбыз, ошончолук эле кедей болсок 15 жыл ичинде Бишкектин тегерегиндеги миңдеген хан сарайлар кайдагы акчага салынды деген суроого жооп издедим. Ал үйлөрдүн көпчүлүгү эле паракор чиновниктердин арам акчаларына салынганын элдин көбү эле билет. Эгерде жогоруда таратылган жардамды биздин чиновниктер таратса теңинен көбү базарларда сатылып, акчасы чиновниктердин чөнтөгүнө түшмөк. Биздеги арам жол менен байыган шаардан 17-20 хан сарайларды күткөн жексур чиновниктерди газеттен окуган аттары эсиме түшүп оюм жийиркенди. Алардын мүмкүнчүлүгү келсе дагы эле элдин ырыскысын уурдарына ишенем. Алардан кутулуш үчүн Кытайдагыдай колдорун кесип же улуу Саадинин жогорку маселени чекесине күйгүзүп жазып коюш керек деген сунушумду айткым келди. Кымбаттуу эл-журт силер кандай ойдосуңар же мен жаңылышамбы?
Төлөн Касиев
Ысык-көл району, Сары-Ой айылы Ысык-көл районунун ардактуу атуулу.



"КЫРГЫЗ ӨЗӨГҮ" МЕНЕН "МЕЗГИЛ САБАКТАРЫ"

(кимиси кимисинен идея уурдаган)

"Фабула" гезитине 2010-ж. август айынан баштап Шайдоот деген каймана ат менен Атомгүл Осмонкулованын медитация аркылуу жазылып жүргөн "Мезгил сабактары" чыгармасынын өзөктүү учурлары жарыяланып келатат. Ушундай аталыштагы китептин 1-тому 402 бет көлөмүндө 2011-ж. июлда, 2-тому 315 бет болуп 2012-ж. 25-февралда окурмандардын колуна тийген. "Кыргыз өзөгү" деген китептин 211 беттүү кыргызча, 199 беттүү "Кыргызская матрица" деген орусча, экөөнү кошкондо 410 беттүү 1-томун Т.Бакчиев, С.Абдрасулов, И.Раимбердиева, С.Сарыгулов, А.Эгембердиева деген авторлор жамааты жазышкан экен, бул китеп колго 2012-ж. май айынын башында тийди. Шайдоот атадан медитация аркылуу берилип жаткан сабактардын мазмуну ушул темага жакын болгондуктан А.Осмонкулова "Кыргыз өзөгүн" барактап баштаганда эле дендароо боло түшөт, себеби китептеги бир топ макалаларда чечмеленип жазылган кыргыз өзөгүнө тиешелүү нерселер Шайдоот атадан берилген окуулар экен. Маселен, кыргыз матрицасынын касиеттүүлүгү дүйнөдө 1-орунда, 2-орунда япондордун матрицасы деген маалымат, кыргыздардын кайып кубулушка кирүүсү, бийчи күү менен талыма бийдин касиети, улуттун сакталып калуу жолдору, генетикалык касиеттин жаңылануусу, тушоо кесүү каадасынын мааниси сыяктуу ондогон кайып илимдерди (маалыматтарды) 5 автор өздөрүнүн акыл эмгегинен жаралган илим катары жазып коюшкан. Китепти бир эмес, бир нече авторлор жамаатташып жазса, кимиси кайсы макаланы жазганы же кириш сөзүндө, же ар бир макаланын башталышында, же аягында көрсөтүлөт. Дүйнөлүк тартип ушундай. Бирок бул китепте авторлор андай эрежени сакташкан эмес. Интеллектуалдык менчик жана автордук укукту кокус сот аркылуу талашып калсак, 5 автор 1 авторго куйруктарыбызды карматпай кетели деген амалдарыбы? Бирок калыстык үчүн айта кетели, С.Сарыгулов, И.Раимбердиева "АКИ-пресстеги" "Код кыргызов" деген интернет-басылмага 4.01.2012-ж. жарыялашкан "Астрофизические основы духовного пробуждения" деген макаласында "Шайдоот" маалымат булагынын айтымында" дешип шилтеме беришкен. Же орусча интернет-басылманы кыргыздардын көбү окуганга чамасы жок, ал эми кыргызча китепти окуй турган кыргыздар көбүрөөк дешкениби?
Чет элдик уюмдун маянасын алып кыргыз өзөгү жөнүндө орусча, (жакында англисче да) китеп чыгарып, интернет-басылмага 15.10. 2010-ж. бери 20дан ашык макала жарыялап жаткан 5 азаматка алкыштан башка айтаар кеп жок. "Манас эл" коомунун активисттери өз жыйынында бир чети ушинтип ыраазы болушса, бир чети бирөөнүн акыл эмгегин, медитация аркылуу берилип жаткан окуу-сабактарын жаап-жашырып коюшуна нааразылык билдиришти. Андан сырткары кыргыз өзөгүнүн бардык эле маалымат-сырларын чет элдик демөөрчүлөргө ача берүү да туура эмес. Эми маселе эки тараптуу кездешүү учурунда 5 азаматтын ошол чет элдик "акчалуу атасынын" катышуусунда талкууланганы турат.
Жуман АЛИЕВ