Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Башкасын коюп Манасты айт

"Манас жана манасчылар"


Кылымдар бою "Манас" баштаган руханий доор байлыгын сактап келген кыргыздар үчүн таланттуу акындар, ойчулдар, чечендер, манасчылар качан болбосун өзгөчө бир касиеттүү инсандар катары бааланган. Көлөмү жактан болобу, көркөмдүк наркы боюнча болобу теңдешсиз эпикалык жанрдын түрлөрүнүн бүгүнкү классикалык үлгүсүнө чейин сакталып келишинде ар качан объективдүү жана субъективдүү өбөлгөлөр болгон. Айрыкча "Манас" сыяктуу улуу чыгарма менен кенже деп шарттуу аталып жүргөн эпосторду жаратып, аткарып жүргөндөр жашаган чөлкөмүндө бүтүндөй бир көчмө театрдын милдетин аткарып турушкан. Биринчиден көркөм өнөргө шыктуу, ыр жандуу элибиздин эзелтеден калыптанган аң-сезимдүү эстетикалык суроо-талабынын өлбөс-өчпөс шарапаты десек, экинчиси - элдин арасынан канааттандырууга жөндөмү бар өзгөчө таланттардын түбөлүктүү жаркын жылдыздарынын уругу үзүлбөй, элдик оозеки чыгармаларды бапестеп багып алып жүрүшүнүн жемиши десе болот.
Биз азыр ушундай бир заманда жашап жатабыз, ичибизде кайнап жаткан энергиябызды кайда жумшаарыбызды билбей, акыры элдик оозеки чыгармачылык менен ар кандай диндик ишенимдерге келип такалдык. Мунун бир жакшы жагы - "Манаска" болгон мамиле курчуп, эпоско арналган ар кандай коомдук иш чаралар, жеке демилгелер кыймылга келди. "Манас" тууралуу атайын мыйзам кабыл алынды. Өткөн кылымдын 20-30-жылдарында иштелип, эмдигиче жарык көрбөй келген "Манастын" кара сөзгө айландырылган сюжети басылып чыкканы коомчулук үчүн ири маданий жаңылык катары кызуу кабыл алынып, ага арналып, илимий чөйрөдө атайын конференция уюштурулду. Конференция китептин бет ачаары деп аталганы менен жалпы эле "Манас" эпосуна тиешелүү бир топ ой-пикирлер ортого салынды. Албетте, түшүнүп сүйлөгөндөр да болду, жалпы инерцияга алдырып, куру пафос менен күпүлдөгөндөр да болду.
Ушуга байланыштуу эскере кетсек, "Манастын" тексттерин жазып алуу аракетине удаа эле анын кара сөзгө айландырылган үлгүлөрүн басмага даярдоо иши да колго алынган экен. Бул компаниянын максаты элибиздин маданий көркөм зор эстелигин пропагандалоо, анын мазмуну менен калайыкты тезирээк тааныштыруу, элдин калың массасын "Манаска" жакындатуу болгон. "Манастын" ыр түрүндөгү кара сөзгө (орусча) айландыруу аракетин биринчи болуп Ч.Ч.Валиханов "Көкөтөйдүн ашынан" баштаган.
30-жылдардын ортосунда Тоголок Молдо өзүнүн вариантын жорго сөзгө айландырып жазып чыккан. Ушул эле жылдарда Зияш Бектенов студент кезинде К.Рахматуллиндин тапшырмасы боюнча Сагымбай менен Саякбайдын варианттарынын негизинде кара сөз түрүндө конспект даярдаган. 40-60-жылдар аралыгында "Манастын" негизги варианттарын кагазга түшүргөн катчы Ы.Абдракманов бир нече вариантты конспектилеп чыккан. Мына ушу сыяктуу аткарылган ак ниеттүү демилгелер албетте, "Манас" эпосунун сакталышына эле эмес, пропаганда маселеси менен илимий изилдөө жумушунун тездетилишине позитивдүү роль ойногону талашсыз. Анткени миллиондон ашык ыр сабын карапайым окуучу эмес, атайын чыгынып изилдөөчү адам да окуп чыгып ой айтышка чамасы жетиш кыйла кыйын эмеспи. Муну айтып отурганыбыздын себеби - бүгүн "Манас" жөнүндө макала жазса, теле-радиодон сүйлөсө эле "Манас" таануу илимине биринчи болуп чыйыр салып жаткансыган пенделер көбөйүүдө. Айтып коёлу, бизге чейин да , бизден кийин да "Манаска" көп адамдын эмгеги сиңген. Биздин деле канча калемдеш коллегаларыбыз (С.Мусаев, Э.Абдылдаев, К.Кырбашев, Р.Сарыпбеков) өмүр бою "Манас" деп жүрүп о дүйнө аттанышты. Аларга чейин канча окумуштуу көз жумду. Ошолор жазган эмгектерден, түзүп чыгарган китептерден үзүп-жулкуп пайдаланып китеп кылып чыгарып жаткандар жокпу! Көзү өткөн чыныгы илимпоз-манас таануучулардын эмгектери учурунда бааланбастан, эми алардын ордун толтуруп, изилдөө иштерин улантууга келип жаткан жаштарыбыз деле жок. Ал эми "Манасты" биринчи болуп айтып чыккан ким? Азыр жаңы манасчы чыгабы жокпу? - деген суроолорго кызыккандар көп. Айрымдар "Манасты" ашык-кеми жок, тарыхый хронология катары кабыл алышат, айрымдар "Манасты" эле чыгара бересиңерби, силердин "Манасыңарды" ким окуйт деп мазакташат. Айтор канча адам болсо, ошончо ой-пикир, көз караш. Азыр ушундай бир багыт бар, "Манас" жомогун кыргыздардын реалдуу тарыхынын летописи катары карап, Манасты тарыхый личность деп таанууну үгүттөшөт. Бул негизинен "Манастын" тексти менен көп тааныштыгы жок адамдар аркылуу жаштардын башын айландыруу аракетине жакындашат. Бирок чынын айтканда "Манас" кылымдап оозеки түзүлүп, оозеки жашап бизге жеткен эпикалык көркөм чыгарма экенин кантип танабыз! Биз эмес, манасчылардын өздөрү да жомок деп түшүнүшөт.
Мисалы:
Көбү жалган, көбү чын ,
Көрүп билген бир жан жок.
Жомок кылдык эрмекке,
Жоголуп кеткен шерлердин
Жоругун айтып бермекке.
Жарымы төгүн, жарымы чын,
Жанынан келген бир жан жок...
Же:
Көбү төгүн, көбү чын,
Көрүп келген адам жок
Бири тогүн, бири чын,
Билип келген адам жок.
Илгеркиден биздерге
Келе жаткан ушу кеп...
Же:
Жосунун айтып ырдаган
Жокчунун кеби ушул
Атаңардын жомогун,
Айтпай койсо болобу?... ж.б.
"Манасты" жомок деп атоодон анын барк-баасы төмөндөп калбайт. Бирок ал "... синкреттик искусствонун улуу туундуусу, өзүнчө бүткөн бир система катары жашайт". (К,Асаналиев).
Адам коомундагы ар кандай маанилүү бурулуштар качан болбосун пассионардык активдүү жетекчиликтин астында жүргөн. Аты Манас, Семетей, Сейтек болсо да, болбосо да ар бир заманда элде чыккан, элге ак эмгек көрсөткөн эр жүрөктөр, акылман адамдар болбоптурбу? Эл ошондой азаматтарды ар качан караан, туу тутуп, анын жакшы сапаттарын баса көрсөтүп, ал турсун гиперболизациялап, жомоктук - мифтик кереметке чулгап, ушундай болсо деген үмүт-тилегин да кошо чагылдырып отурган. Андай элдик баатырларды эч качан өлбөсө деп тилек кылышкан.
Биздин эле заманда Манастай эле болгон канча мыкты инсандарыбызды узаттык. "Кан Манастан айрылып, калың эл турду кайгырып" - дегендей, И.Ахунбаев, Ч.Айтматов, С.Чокморов, Т.Океевге окшогон уулдарын жоготуу кыргыздар үчүн оңой болдубу! Ошондой учурларды эпос:
Кайың ыйлап, тал ыйлап,
Караган жандын баары ыйлап,
Кычыраган шер ыйлап,
Күңгүрөп кара жер ыйлап - деп, адамдын кайгысына кошулуп, бүткүл ай-аалам, жер-суу, жандуу-жансыз жаратылыш термелгендей сүрөттөйт. Кайсы кылым, кандай коомдук түзүлүш болбосун, Манастын прототиби үлгүсүндөгү эр-азаматтар дайыма болуп келген жана боло берет эмеспи. Силердин "Манасыңар, Чыңгызыңар (Айтматов) менен сыртта жүргөндө биз да мактанып кетебиз" - деген коңшу элдердин өкүлдөрүнүн айткандарын укканыбыз бар . Демек биз кыргыз баласы болгондон кийин, "Манасыбыз" менен мактанууну тагдыр өзү буюрган. Бирок мактануунун да чеги болуш керек. "Боекчуну боекчу деп койсо, атасынын сакалын кошо боептур" - деген макалды да кыргыз өзү чыгарган. "Манас" эпосу, манасчы, семетейчи деген түшүнүктөрдүн маани-маңызы азыркы коомчулуктун аң-сезимине жеткен сыяктанат. Бул жакшы дечи, бирок эмнени айтса эле "Манасты" ала чуркагандар чыкты. Азыр бизде Манастын аты эмнеге гана коюлбаган. Жеген шокаладдан, ичкен коньяктан тартып Манас. Шаарыбыздын бир эле көчөсүндө эки Манас (мурдагысын Семетей деп койсо деле болчудай ). Кыргыздар илгери баласына мындай ысымдарды берүүдөн ыйбаа кылышкан. Биринчиден баатырларды сыйлашкан. Экинчиден анын "тирүү" рухунан коркушкан. Аял манасчылардын тарыхта аты аталбаганы, даап айтып чыкпаганы да ушуга байланыштуу сыяктанат. Фольклор жыйноочу жана манасчы Ы.Абдракмановдун маалыматы боюнча "Кыш бою "Манасты" үч жолу укса соопчулук болот экен" - дешип, кары-жаш дебей, кечкурун, манасчы отурган үйгө чогулушуп угушкан. Мындан тышкары "Манастын" касиетине мал ылаңдаганда, эпидемия учурунда, аялдардын төрөтү кечеңдегенде, эр-азаматтар жортуулга же аң улоого чыгаарда кайрылышкан. Мындай салт башка түрк тилдүү элдерде да болгон экен. Адатта эпосту сыйлаган элдик көз караш кылым арытып оозеки сактап келген жомокчу-манасчыларды да ошондой эле урмат-сыйга бөлөшкөн. Алардын ысымдарын да унутта калтыргысы келбестен, ар кандай легендалар чыгарышкан. Ошондуктан, материалы - тексттери жазылбаганы менен легендарлык манасчылар деп Акылбек, Назар, Нармантай, Чоңбаш, Келдибек, Балык, Тыныбек ж.б. элдин эсинде сакталып калган. Бир кездерде мындан кийин манасчы чыгабы же жокпу деген суроо коомчулугубузда көтөрүлгөн эле. Ошондо айрым авторитеттер чыкпайт дешти, айрымдары чыгат дешти. Биринчи тараптагылар мурдагы ысымы эл эсинде бекем сакталган жогорку легендарлуу чоң жомокчуларга салыштырмалуу жогорку баскычтан карап болжолдошту. Экинчилери манасчынын жаратуучу эмес, китептен жаттама аткаруучулук миссиясына көбүрөөк көңүл буруп, ушундай пикирге келишти. Үчүнчүлөр турмуш көргөзөт дешти. Ал учурда асмандан Жайсаң деген биринчи "Манас" жаратуучу түшүп келип айтып берет деген эч кимдин оюна же уктаса түшүнө кирбеген экен. Азыр да "Манасты" ким биринчи айтып чыккан, Манас качан туулган (Манаска туулганы тууралуу күбөлүк жазып берчүдөн бетер), эпикалык каармандардын прототиптери кимдер, Каныкейдин төркүн-төсү кайдан, Алманбет кайсы элдин шпиону деген күлкү келтирээрлик суроолорду беришип, өздөрүн "Манаска күйгөн, Манастаануу илимине жаңылык киргизчү адам катары баалагандар бар". Ошондой көз караштардан улам мекендештерибизге "Манас" менен аздыр-көптүр тааныштыгы бар адам катары бир - эки ооз сөз айтып коюга ыраты келип турат. Биз билгенден "Манастын" алтымыш бештей адамдан жазылып алынган материалдары Кыргыз Улуттук академиясынын алдындагы Кол жазмалардын корунда жетимиш-сексен жылдардан бери сакталып турат. "Манас" эпосу кайсы кылымда пайда болуп канча доорду басып отуруп ооз жүзүндө эпостун дүйнөдө жок классикалык деңгээлине чейин өсүп-өркүндөп кыргыздарга гана таандык болуп айтылышы - кубанаарлык да, таң калаарлык да кубулуш. Элдин өзүнөн чыккан ири таланттар "Манастын" баатырларын ыр түрүндө даңазалап, бирге экини кошуп, улам жаңы окуялар менен байытып отуруп, кийинки урпактарга таалим-тарбия, сабак берип келишкен. Ошондуктан "Манас" качан пайда болгон, прототиби ким деген табышмактын көпчүлүк масса үчүн принципиалдуу пайда - зыяны жок. Ал небак кагазга түшүрүлүп, ата - бабабыздан калган алтын мурас болуп калган. Өзүнө таандык салттуу композициялык курулушу, баатырдык сюжети, көпчүлүккө таанымал эпикалык персонаждары бар, эл турмушун кеңири планда чагылдырган энциклопедиялык чыгарма экенин кыргыздардын өзүнөн мурда башка улуттун өкүлдөрү байкап баа беришкен. 19-кылымдагы эпикалык доорду басып өтүп, улуттук эле эмес, дүйнөлүк маданияттан өз ордун тапкан "Манас" эпосу бүгүнкү күнү эч кандай бурмалоого, оңдоп - түзөтүүгө муктаж эмес.

(Уландысы кийинки санда)
Айнек Жайнакова
Кыргыз мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КР маданиятына эмгек
сиңирген ишмер, манас таануучу