Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Марат Алышпаев, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын директору:
"Кызматтан кетирүүнү Култегин менен
Осмонов уюштуруп жатат..."

Жакында эле Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын артисттери түрктөрдүн атайын чакыруусу менен Түркияга барып, жылына бир жолу өткөрүлүүчү түрк тилдүү элдердин театралдык маданий-иш чарасына катышып келишти. Иш-чарада биздин артисттерибиз белгилүү артист Табылды Актановдун "Жаназык" деген спектаклин көрүүчүлөргө тартуулап, көрүүчүлөр биздин артисттерибиздин иш-чарага катышканына кубанганын жашырышпай, спектаклге жогору баасын беришти. Тилекке каршы театр өнөрүн алыска даңазалап, маданиятыбызды алга сүрөгөн артисттерибизге И. Жунусов башында турган Маданият министри көңүл бурбай, кош көңүл мамиле жасаганы өкүнүчтүү болду. Себеби, артисттерибизге иш-чарага катышуу боюнча Түркиядан эки ай мурун чакыруу келип, ал жакка барыш үчүн 8 миң доллар керек болгондуктан, артисттерибиз эки ай бою аталган каражатты таппай абдан убара тартышкан экен. Эмесе кандай убара тарткандыктарын төмөндө окуйлу...


- Марат мырза, эки-үч жылдан бери эле театрды ремонттоп келе жатасыздар, бүгүнкү күнү ремонт иштеринин канчасы бүтүп канчасы калды?
- Көпчүлүгү бүтүп, майда- чүйдө эле иштер калды. Мага чейин мурдагы директор К. Осмонов оңдоо иштерине 16 миллион сом сарптаган экен, мен эки жыл аралыгында 10 жарым миллион сарптадым. 10, 5 миллион сомго эмне иштерди бүтүргөнүмдү айтып берейин. Биринчиден сахнанын полу аңтарылып калган экен, аны толугу менен полдоп, сахнаны жасалгалаттым. Биринчи кабаттагы бөлмөлөрдү ремонттотуп, биринчи экинчи кабаттагы эс алуу жайларды ирээтке келтирдим. Ошондой эле, жамгыр жааганда чатырдан суу агып атты эле, аны кайра жаптырдым. Чыгармачылык боюнча айта турган болсом жарым жыл ремонт иштери менен алектенип, жарым жылдан кийин чыгармачылыкка кириштик. Ошондо бир жарым жыл аралыгында жалпысынан 11 спектакль даярдап, көрөрмандарга тартууладык. Эң чоң спектаклдер Т. Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" жана жакында эле Шамил Дыйканбаев деген жаш режиссёрубуз Бертолд Брехтин "Өлөрман эненин балдары " деген спектаклин коюп, С. Раев баштаган драматургдар "20 жылдан бери Кыргыз театрында мындай спектакль коюла элек болчу" - деп жогору баасын беришти. Буюрса эми залкар драматург Т. Абдумомуновдун 90 жылдыгына карата жогоруда айткан Т. Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" драмасын кайрадан улантсакпы деп жатабыз. Ошону менен июндун аягында орус драматургу Н. Гоголдун "үйлөнүү" деген комедиясын көрөрмандарга тартуулап, эс алууга чыгабыз. Күзүндө кайрадан ишке киришип, залкар жазуучу Шатман Садыбакасовдун 80 жылдыгына карата ал кишинин калемине таандык "Ак боз ат" драмасын театрдын көркөм жетекчиси, режиссёр З. Сооронбаев коюуга камданууда. Ошентип, быйылкы жылы чоң сахнага беш спектаклди коюну пландоодобуз. Ал эми, кичи сахнага болсо спектаклдер күнүгө эле коюлууда. Көргөнгө оңой болгону менен, спектаклды даярдоо абдан кыйын. Өтө чоң эмгекти талап кылып, бир топ каражат керектелет. Мисалы "Өлөрман эненин балдары" спектаклин даярдоо үчүн 240 миң сом, "Абийир кечирбейт" спектаклын даярдоодо 100 миң сомдон ашык каражат кетти. Маданият министрлигинен болсо бир сом алган жокпуз. Баардыгына сахнанын ижарасынан жана элден түшкөн каражатты сарптадык. Андан тышкары стимул болсун деп мыкты спектакль жараткан артисттерге акчалай сыйлыктарды ыйгаруудамын. Мисалы, жогоруда айткан эки спектаклды жараткан артисттердин бир труппасына 80 миң, экинчисине 50 миң сом бөлүп бердим. Буга чейин театрда мындай иш чаралар таптакыр аткарылган эмес.
- Демек театрга бир топ эле каражат түшөт экен да?
- Кудайга шүгүр, жакшы эле каражат түшөт, эң негизгиси аны сол чөнтөккө солобой, туура пайдалана билүү зарыл. К. Осмоновдун убагында театр иштеген жок деген менен, ал убакта деле театрга бир топ каражат түшүп турган, бирок алар түшкөн каражатты туура эмес пайдалангандыктан, аталган каражаттардын дайыны чыкпай калган.
- Жылына театрга мамлекеттен канча каражат бөлүнөт?
- Каржы министрлигинен жылына артисттердин айлык маянасына 1 миллион 200 миң сом бөлүнөт. Мурдагыдай болбой азыр артисттердин айлык акысы жогорулап, Эл артисттеринин айлыктары 13 миң болсо, Эмгек сиңирген артисттердики 11 миң сом болуп калды.
- Учурда сиздин ордуңузга Кыргызбай Осмонов кайрадан директор болуп дайындалат экен деген сөздөр айтылууда. Эгер ал директор болуп калса, кызмат ордуңузду өз эркиңиз менен бошотуп бересизби?
- Кыргызбайдын директор болсом деген оюу болгондур, бирок мен анын кызматка келет экен дегенин азырынча уга элекмин. Негизи бизде кызматкерлердин көбү даяр ашка көнгөндүктөн театр бутунан туруп, иштей баштаганда көз арткандарда көп болуп атса керек деп ойлойм. Эгер иштейм дегендер болсо, мен директорлукту бошотуп берүүгө даярмын. Бирок ал адам менден төмөн эмес, театрды менден да жакшы түшүнгөн жогору адам болсо деп тилейм. Анткени, бүгүнкү күнү театрдын жамааты ошондой адамды гана талап кылышат. Мурунку министр Н. Шакиев, Б. Одуракаевди директор кылам деп алып келгенде, театрдын жамааты министр экенине карабай экөөнү тең жолго салышкан. Мен Кыргыз драма театрына иштегенден мурун Көл, Чүй театрларында иштеп, экөөнү тең бутунан тургузгам. Кийин маданият министрлигинде иштеп жүргөндө экс- министр, азыркы тил комиссиясынын төрагасы Р. Момбеков министр кезинде, мени "бул театрга иштеп, театрды жандантып бериңиз" деп атайын дайындаган. Ошондон бери Кудайга шүгүр, жогоруда айткандай бир топ алгылыктуу иштерди аткарып, театрды өнүктүрүүгө колдон келген аракетимди көрүп жатам.
- Учурда көркөм жетекчи З. Сооронбаевди кызматтан алуу боюнча да аракеттер көрүлүп жаткан экен . Аны ким уюштуруп жатат деп ойлойсуз?
- Менимче аны министр И. Жунусовдун орун басары К. Култегин менен К. Осмонов эле уюштуруп жатат. Мен муну мурдагы министр Н. Шакиевдин мыйзамын бузганга кандай акың бар, мыйзамды бузуп З. Сооронбаевди кызматтан алып койсоңор театрдын жамааты чатак салат, анткени З. Сооронбаевдин кадыр- баркы театрда абдан жогору деп, К. Осмоновдун бетине айттым. Айтор, мен алардын саясатына түшүнбөйм. Театр өз арбайын согуп, министрликке оорчулугун тийгизбей иштеп жатканына сүйүнбөй , кайра тескерисинче артка тартып атышат.




Замир Сооронбаев, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси:

Министр мени кызматтан алса,


мен алар менен аягына чейин күрөшөм...


- Замир Мансурович, алгач Түркияда өткөн иш чаранын жүрүшү боюнча айтып берсеңиз, алар сиздерди эмне себептен чакырып калышты?
- Биз быйыл эле эмес, буга чейин деле бир канча ирет Түркияга барып, спектакль коюп өз өнөрлөрүбүздү тартуулап келгенбиз. Адаттагыдай эле, быйыл дагы Түркиянын Коня шаарында өткөн түрк тилдүү элдердин маданий иш чарасына катышуу боюнча атайын чакыруу келип, 14- апрелден 24- апрелге чейин жетекчибиз Марат Алышпаев баштаган артисттердин чакан тобу Түркияда болуп келдик. Иш чарага Казакстан, Түркия, Татарстан, Башкорстан сыяктуу ондогон мамлекеттин артисттери катышышты. Биз болсо, белгилүү артист Табылды Актановдун "Жаназык" деген спектаклын көрүүчүлөргө тартуулап, көрүүчүлөр жана театр сынчылары аталган спектаклга жогору баасын беришти. Спектаклди күндүз сынчылар үчүн ойносок, кечинде көрөрмандар үчүн ойноп жаттык. Түрктөрдүн бир артыкчылыгы иш- чараны абдан жогорку деңгээлде уюштурушкан экен. Мисалы, бүгүн спектакль койсок, эртеси сынчылар чогулуп алып, коюлган спектаклди талкуулап атышты. Аягында баардыгы чогулуп, "кыргыздар түрк тилдүү элдердин арасындагы театр өнөрүнүн символу" деген жакшы баасын беришти . Азербайжан режиссёру "бүгүнкү күнү түрк тилдүү элдеринин, жеке эле түрк тилдүү эмес, көптөгөн дүйнө элинин руханий маданияты алсырап, театр өнөрү жоголуп кетүү коркунучунда турат. Мына ошол коркунучту кыргыз артисттери ачык чагылдырыптыр"- деп бизге аябай ыраазы болду. Автор Табылды Актановго, режиссёр катары мага жана артисттерге өзүнчө сыйлыктарды ыйгарды. Андан тышкары мени жакынкы аралыкта Башкорстанга келип спектакль даярдап бериңиз деп атайын чакырышты. Кыскасы, эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн иш- чарага катышып, жакшы ийгиликтер менен кайтып келдик.
Баарынан да Түркияга барууга оңой эмес каражат, тактап айтканда 8 миң доллар керек болгондуктан, аталган каражатты таппай бир топ кыйналдык Туркиядан чакыруу келгенден тартып эле Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, Маданият министрлигине айтор беш жерге кат жолдогонбуз. Тилекке каршы бешөөнөн тең эч кандай жардам болгон жок. Айлабыз кетип, иш- чара эртең башталат дегенде каражат жок бара албай калдык деп Түркияга телефон чалсак, алар дароо эле, "Демир" банктын жетекчилигине телефон чалып, аталган банктын каражаты менен түнкү саат үчтө Түркияга учуп кеттик. Ошол каражатты өкмөт, же министрлик деле чечип берип койсо болмок.
- Учурда министр И. Жунусов сизди кызматтан алууга аракеттенип жатыптыр деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Туура, мен Түркиядан келсем эле, ушундай сөздөр айтылып калыптыр. Эгер министр мени кызматтан алса, анда мен министрлик менен аягына күрөшүп, укугумду коргоп алууга даярмын. Анткени, кызматтан алууга кандайдыр бир себеп болуш керек. Себепсиз кызматтан алууга эч кимдин акысы жок. Анткени, министр дагы мен дагы мыйзамга баш ийем. Ал эми мыйзам боюнча айта турган болсок, көркөм жетекчи болуп иштеген адам биринчиден билимдүү, экинчиден үч жылдан ашык режиссёр болуп иштеген адам болуусу шарт. Менин тажрыйбам Кудайга шүгүр, жогорку билимге ээ болуп, 12 жылдан ашык режиссёр болуп иштедим. Ошол эмгегимди эске алып, театрдын жалпы жамааты көркөм жетекчиликке көрсөтүшкөн. Бирок мени кызматтан алууга министр И. Жунусов эмес, орун басары Кожогелди Култегин менен анын жанжөкөрү Кыргызбай Осмонов болууда. Алардын айтуусу боюнча мага байкоочу кеңеш ишеним көрсөтпөй жатыптыр. Байкоочу кеңештин мүчөсү Садык Шернияздан сурасам, ал киши "биз эмнеге антмек элек, деп министрликке нааразы болду. Жакында эле, экөө директор М. Алышпаевди чакырып алып, мени кызматтан ал деп айтышыптыр. Мени эле эмес, ал тургай учурда директор М. Алышпаевди дагы кызматтан алуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын уктум. М Алышпаевди дагы кызматтан алууга негиз жок, анткени ал эки жылдын аралыгында каралбай калган театрды жандантып, аткарылбаган иштердин баардыгын аткарды.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев