Ат "чиновниктин" канаты...

Атка минерлердин ат чабышы...


Абдыкеримовго 5 миң,
Бабановго 3 миң доллар
Жуманын башында Борбор шаарыбызда салтка айланып калган 1-май эмгекчилердин майрамы белгиленип өттү. Бирок бул күн кызыл күн болгону менен элди илгеркидей өзүнө анча тарта бербеген майрамдардан болуп калганы белгилүү. Ошентсе да, 1-май коомчулукка Аккула ат майданында улуттук ат оюндарды тартуулай турган күн катары кеңири белгилүү болуп келатат. Бул жолу да ал ат майданда "Жазгы дерби" аталышындагы ат чабыш, жорго салыш жана эки команданын көк-бөрү оюну көрүүчүлөргө тартууланды. Калыстык үчүн айта кетели, бул ирет ат майдандагы ат чабыш дээрлик кыргыз атка минерлеринин ат чабышы болду.
Ат майдандагы ат оюндардын кыргыз өкмөтү уюштурганы менен кирүү акысы көрүүчүлөргө 100 сомдон сатылды. Күлүк ат, сулуу кыз дегенде жантыгынан жата калган кыргыз үчүн жүз сом кеп бекен, ат майданга эл кудайга шүгүр агылып келди. Элдин арбын келерин мурунтан эсептеп билген кайран башбакан ушул жерден да өзүнө упай топтоону көздөп, элди куттуктап жатып, элден түшкөн бул акча жетим балдар үйүнө которуларын (белгилүү болгондой билет менен демөөрчүлөрдөн жалпысынан 260 миң сом түштү ) жар салды. Бул иш-чарага Бабановду ээрчип бир катар министрлер жана атка кызыккан арбын атка минерлер келип, күлүккө чабылып жаткан өздөрүнүн аттарын сүрөөнгө алышты.
Өкүнүчтүүсү, же катуу айтканда уюштуруучулардын "эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартканы" эл күткөн Аламандын жоктугу болду, болгону 1600 метр кыска аралыкка 7 күлүк. 1800 метрге да 7 күлүк чабылды. Бул аттардын басымдуу бөлүгү атка минерлердики. Мисалы, 1600 метрге чабылган аттардын арасынан ЖКнын депутаты Сулайманов Алтынбектин "Тулпар" деген гана аты кыргыз аты болсо, калган алты ат чет мамлекеттерден алынып келген таза кандуу аттар экен. Алардын арасындагы "Джен лен" аттуу күлүктү Бабанов Франциядан 44 миң долларга сатып келиптир. Бирок ат бизнеси менен шугулданып, күлүктөрдүн баасын жакшы билген бизнесмендер "Джен лен " сыяктуу күлүктөрдүн баасы 30 миң доллар. Башбакан болсо, эл сөз кылбасын дегенчилик кылып, күлүктүн негизги наркын бир кыйла төмөндөтүп койгон дешет. "Джен лен" бул кыска аралыкта экинчи келип, башбаканга 3 миң доллар тартуулап, баладай кубантты. Польшадан 30-апрель күнү (эсиңиздерге сала кетейин учак менен эмес, машине менен) алынып келген Али Каратаевдин атынан чабылган "Моксер" аттуу күлүктүн ээси ЖКнын депутаты Шаршенбек Абдыкеримов экен. Бул аттын баасы дагы бери жагы 50-60 миң доллар. "Моксер" 1600 метр аралыкты 1 мүнөт, 39 секундда багынтып, баш байгени илип кетти. Сулаймановдун "Тулпары" 3 - келип 2 миң доллар байге алды. Ал эми Канат Исаевдин Польшадан алынып келген "Таңсулуусу", Иса Өмүркуловдун Россиядан алынып келген "Босниясы", 4-5 келип байгеге илинбей калса, Манас Акматбековдун Польшадан келген күлүгү, күлүктөрдү артынан санаганда биринчи келип, өпкөлөнүп, аткан ээсин "өпкөгө тепкендей" кылды.
Иса Өмүркуловдун
"Фастуму" биринчи келмек...
Ал эми 1800 метр кыска аралыкка чабылган 7 күлүктүн ичинен Казакстандан келген Амиркулов Ардактын "Hope it is" аттуу күлүгү баш байге 5 миң долларды ээсине тартуулап, бул аралыкты 1 мүнөт, 50 секундда багынтты. Экинчи болуп Түрк ишкери Севки Адали менен "Манас" аэропортунун президенти Эрик Шайдиновдун "Айландер уан" аттуу түрк күлүгү чыгып, үч миң доллар байгени илип кетти. үчүнчү болуп Иса Өмүркуловдун Россиядан алынып келген "Фастум" аттуу күлүгү келди. "Фастум" күлүктөргө старт берилгенде, шар кете албай, үркүп токтоп калып, алдыга чымын-куюн болуп кеткен күлүктөрдөн бир топ артка калып калса да, көз ачып - жумганча төрт күлүктү артка калтырып, биринчи жана экинчи келаткан күлүктөргө жетип, алар менен бирге маарага куйрук улай келди. Эгер саяпкери тың болуп, үркпөй аттар менен тең чуркаганда биринчи келмек экен. Болбосо аралык дагы 200, 300 метр узагыраак болгондо алдыдагы аттарды деле басып өтмөк.
Жорго салышта Бабановдун жорголорунун жолу
болгон жок...
8800 метр аралыкка жалпысынан 13 жорго күч сынашты. Биринчи жана үчүнчү орунду Кочкордун чыккан белгилүү саяпкер Бостонкулов Маматкулдун "Тайфун" жоргосу чыгып, 3 миң доллар баш байгеге татыды. Экинчи келген Айыл чарба жана мелиорация министри Аскарбек Жаныбековдун "Вернисаж" аттуу жоргосу Аскар мырзага 2 миң доллар тартуулады. Ал эми буга чейин бардыгы болуп 17 машине, 50 миң доллар жеңген Бостонкулов Маматкулдун айтылуу "Тачанкасы" (7 жашта) үчүнчү болуп калды. Бул жорголордун арасында Бабановдун эки жоргосу бир тууган жээни Сагадылда уулу Жаныбектин атынын чабылды, эки жорго тең байгеге илинген жок.
Эске сала кетчү жагдай ар бир күлүк менен ар бир жоргонун взносу 500 доллар болду. Ошондо 14 күлүк менен, 13 жоргонун взносу 13500 доллар. Ал эми жалпысынан күлүктөргө 20 миң, жорголорго 6 миң доллар коюлган. Аламаны жок ат чабыштан (чынында бул көрүүчүлөр үчүн тузу жок тамакка окшоп калды) кийин Көк-Бөрү оюну болду. "Кожомкул" (мурдагы "Рассвет") командасы менен Канат Исаев менен Талант Исаевдерге таандык "Тынай" командасы гана беттешти. "Кожомкул" "Тынайды" 6-2 эсеби менен утуп, жалпы байгеге коюлган 100 миң сомдун 60 миң сомун эңип кетти. Көкбөрүчүлөрдү Талант Исаев 2 миң, Эрик Шайдинов 5 миң, Райкан Алканов 1000, Өмүрбек Бабанов 10000 миң сом сүрөөнгө алышты.
Атка минерлер Америкадан ат алып келишет...
Өкмөт башчы Бабановдун ат оюндарын өнүктүрүүгө болгон бул аракети бир четинен жакшы, бирок бул жеке кызыкчылыктагы бизнеске айланып калганы жакшы көрүнүш эмес. Атка минерлерибиздин мындай ат чабышы бул ирет (кыска аралыкка) биринчи жолу чабылды. Эми майрам сайын салтка айланары турган иш. Элибиздин жашоосу жакшырбай турганда, жеке кызыкчылык менен уюштурулган ат оюндары канчалык деңгээлде маанилүү? Бирок күлүк атка кызыгуу ата-бабабыздан келаткан салт эмеспи, ошондуктан күлүктөргө, сулуу кыздарга кызыкпаган атка минер, анда кыргыз болбой калбайбы. Демек, акчасы арбын, мүмкүнчүлүгү мол атка минерлерибиз бир эсептен туура эле кылып жаткандай. Бир чети алардын атка болгон кызыгуусу улуттук ат оюндарын өркүндөтүүгө өз салымын кошот да.
Тар чөйрөдө күлүк ат бизнеси менен "оорушкан" кыргыз атка минерлери жакында алыскы АКШдан 52 күлүк сатып келүү (албетте учак менен алып келишет) долбоору менен катуу иштеп жатышканы айтылууда. Учурда Бабановдун атка болгон кызыгуусу өтө күчөп, бош убагында интернеттен күлүк ат издеп, өзүнчө эле "ооруп" жүргөндүгүн да "өз кишилер" айтышты.

Айбек Шамшыкеев





fabula

4-май, 2012-жыл

Яндекс.Метрика