5-май... Мыйзам жолундагы икая


Конституцияга сарэсеп...
"Укуктар кепилдиктер менен камсыз болбогон коомдо бийликтин бөлүштүрүлүшү болбойт, конституция да болбойт".
(1789 жыл… Франция. Адамдын жана Жарандын укуктарынын жана эркиндиктери декларациясынан)

Конституциянын
жалпы түшүнүгү
Бүгүн дүйнө жүзүндө миллиарддаган эли бар Кытайга, же элинин саны 10 миңге жетпеген Океаниядагы Наурга окшогон "гигант" же "корлик", экономикасы өзгөчө өнүккөн АКШ, же ушул кезге чейин региондорунда патриархалдык чарба жүргүзгөн Чад (Африка), демократиялык жалпы адамзаттык баалуулуктары традицияга айланып калган Францияга, же авторитардык, тоталитардык режимдер менен жашаган КНДР, Индонезия сыяктуу түзүлүшү, башкаруунун формалары боюнча бири-бирине окшошпогон 200дөн ашык өлкө бар. Мамлекеттердин мындай өзгөчөлүктөрүнө карабай, дээрлик көпчүлүгү өлкөнүн баш мыйзамы болгон конституцияларга ээ.
Конституция деген сөз - (латынчадан кыргыз тилине которгондо - орнотуу, түзүлүш, уюштуруу, бекитилиш дегенди туюндурат) Байыркы Римде эле белгилүү болгон. Байыркы Римдин бир императору өзүнүн жогорку юридикалык күчкө ээ деңгээлин конституция деп атаган. Конституция - өлкөнүн негизги мыйзам түшүнүгүндө биринчи жолу 1787-жылы АКШда, 1789-жылы Францияда, 1791-жылы Польшада кабыл алынган. Азыркы мезгилдин Конституциялык укук илиминде "Конституция" термини негизинен эки мааниде - фактылык Конституция жана юридикалык Конституция болуп колдонулат.
Фактылык Конституция - бул ар кандай өлкөнүн коомдук саясий түзүлүштөрүнүн реалдуулугу, андагы адамдын (жарандын) абалы же коом, мамлекет жана адамдын абалдары жөнүндөгү реалдуулук.
Ал эми юридикалык Конституция - бул жогорку юридикалык күчкө ээ, өзгөчө тартипте кабыл алынып, өзгөртүлө турган, коомдун, мамлекеттин жана жеке инсандын ортолорундагы өзгөчө мамилелерди жөнгө салуучу укуктук документ. Тактап айтканда, негизги мыйзамдык документтердин (актылардын)топтому.
Конституциянын түзүмү жана маңызы
Юридикалык Конституция түзүлүшү боюнча консолидированный кодификацияланган бир бүтүн документ. Дүйнөнүн дээрлик көп өлкөлөрүндө анын ичинде Кыргызстандыкы да ушундай. Бирок айрым өлкөлөрдүн Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөр, толуктоолор анын текстине киргизилбейт. Аларга өзүнчө номерлер берилип, Конституцияга тиркеме түрүндө болот. Мисалы, АКШда. Айрым өлкөлөрдө Конституция ар кандай мезгилдерде кабыл алынган бир нече мыйзамдардын топтому катары болот. (Швецияда, Израилде, Финляндияда ж.б). Ал эми Улуу Британияда, Жаңы Зеландияда Конституция делип - мыйзамдардын эле топтому эмес, соттук иштерде жазылбаган, айрым каада-салттары да эсептелет. Кээ бир Ислам өлкөлөрүндө Конституциянын ордуна Куран - Баш мыйзам катары эсептелет. Иранда, Сауд-Аравиясы сыяктуу ж.б. мусулман өлкөлөрүнүн Конституциялары болгону менен, алар курандан кийин турушат.
Конституциялар түзүмү боюнча преамбуладан, главалардан, беренелерден турат. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясы преамбуладан, 8 главадан, 114 беренени түзөт.
Азыркы Конституциялык илим боюнча Конституциянын маңызы - юридикалык, саясий жана идеологиялык, социалдык жактан каралып, ар кандай мүнөздөлөт.
Мисалы Конституция - юридикалык жактан, өлкөнүн негизги жана эң жогорку күчү бар ченемдик акт делсе, экинчилери мамлекеттин эле эмес, жалпы коомчулуктун документи катары эсептешет.
Саясий-социалдык жактан алып караганда Конституциянын маңызы саясий жана социалдык топтордун өз ара мамилелеринен, кызматташуусун, саясий күрөшүн, компромисстерин, кээде кайсы бир топтун үстөмдүгүн чагылдырып бекемдеп турат. Мисалы, мурдагы СССРдин азыркы Кытай, Вьетнамдын Конституцияларынын маңызы эмгекчилердин кеңеши, кызыкчылыгын түзсө, АКШнын Конституциясы - капиталисттик коомчулуктун кызыкчылыгын коргойт. Конституциянын идеологиялык маңызы, мисалы, марксист -ленинчилер таптын, күрөштүн жыйынтыгына байланыштырат.
1980
- жылдардын аягынан 2000-жылга чейин эле дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашык жаңы Конституциялар кабыл алынды. Негизинен бул Конституциялардын маңызын жалпы адамзаттык баалуулуктарынын принциптери, адам укугу менен эркиндиктеринин артыкчылыктары, социалдык багыттар түзөт.

Кыргыз Мамлекетинин Конституцияларынын өнүгүшүнүн тарыхы, этаптары
Кыргыз Республикасынын Конституцияларынын тарыхын, Кыргыз мамлекетинин тарыхынан бөлүп кароо мүмкүн эмес.
Конституциялык өнүгүү этабын шарттуу түрдө - Советтик доор, көзкарандысыздык доору, Акаевдик доор , Бакиевдик доор жана Декреттик доор деп бөлүп карасак, Конституциянын кайсы доордо кандай максатта, кандай реформаларга дуушар болгону окурмандарга түшүнүктүү болот.
А) Советтик доор: Кыргыз эли улуттук-мамлекеттүүлүк түзүлүшкө биринчи жолу СССР мезгилинде 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдин курамында Кара-кыргыз автономдук областы катары жетишкени белгилүү. Кыргыз автономдук областы (мындан кийин КАО дер берилет) толук, мамлекеттүүлүк эгемендикке ээ болбосо да, кыргыз элинин улут катары мамлекет түзүлүшүнө, өз аймагына, мамлекеттик мекеме-уюмдарга, кыргыз тилинде билим алууга, иш кагаздарын жүргүзүүгө, улуттук кадрларды өстүрүүгө жетишкен. Ошондой эле мамлекеттүүлүктүн КАО түрүнөн автономдук республика түрүнө өтүүгө шарт түзүлгөн. 1925-жылы 6-декабрда КАОнун аткаруу комитети КАОну кыргыз АССРи кылып кайра түзүү өтүнүчү менен РСФСРдин ВЦИКне кирген, аталган маселе 1926-жылы 1-февралында бекитилген.
1929-жылы 30-апрелинде жалпы кыргыздардын советинин 2-курултайы Кыргыз АССРнин, деги эле кыргыз элинин биринчи жазуу түрүндөгү Конституциясын бекиткен. Бул Конституция 97-беренеден, 16 главадан 7-бөлүмдөн турган жана мыйзам түрүндө кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн тастыктап, өлкөдө пролеатариаттын диктатурасын бекиткен.
193жылы 5-декабрда жалпы Союздук Советтердин 7-сьезди СССРдин жаңы Конституциясын кабыл алат. Ага ылайык Кыргыз АССРи Кыргыз ССРи болуп түзүлөт. Анын конституциясы 1937-жылы 23-мартында кабыл алынат. Бул Конституцияда кыргыз элинин улуттук-мамлекеттүүлүк түзүлүшкө ээ болгондон бери жетишкендиктери чагылдырылып, кыргыз эли өз алдынча улуттук мамлекет катары Россия сыяктуу эле СССРдин толук кандуу субьектиси экендиги бекитилген.
1937
- жылы Конституция боюнча Кыргыз ССРи чектелген эгемендүүлүккө ээ, түзүлүшү боюнча - унитардык, социалисттик республика катары, жалпы эмгекчилердин өлкөсү болгон.
1977
- жылдын 7-октябрында СССРдин жогорку Советинин кезексиз 7-сессиясында СССРдин жаңы Конституциясы кабыл алынат. Буга ылайык 1978-жылы 20- апрелинде кыргыз ССРинин Жогорку Совети, Кыргыз ССРинин жаңы Конституциясын кабыл алат.
Бул Конституциянын өзгөчөлүгү болуп, Кыргыз ССРде социализмдин толук жеңиши, өлкөдө "социалисттик" демократияны өнүктүрүү, "элдик бийликтин" Совет түрүнүн үстөмдүгү, Советтик коомдун багыттоочу жана жетектөөчү органы, саясий системанын ядросу катары компартиянын таанылышы, шайлоо системасынын формалдуу болсо да жалпыга бирдей, тең, тике жана жашырын добуш берүү принциптеринин киргизилиши ж.б. эсептелет.
1978
- жылдагы Кыргы ССРинин Конституциясында эгемендүүлүктүн төмөндөгүдөй укуктук кепилдиктери бекитилген:
- Кыргыз ССРнин өзгөчөлүктөрүн эске алган, өзү гана кабыл алган Конституцияга ээ экендиги;
- Кыргыз ССРнин СССРдин курамынан эркин чыгуу укугунун бекитилиши;
- Кыргыз ССРнин аймагы кол тийгис, анын эч ким талабынан өзгөртүүгө, четтетүүгө мүмкүн эместиги;
- Кыргыз ССРи тышкы катыш жаатында ыйгарым укуктарга ээ болгондугу;
- Кыргыз ССРи өз жарандыгын кабыл алуу укукка ээлиги ж.б.
Ошентсе да Кыргыз ССРи тышкы саясат жүргүзүүгө толук укугу болгон эмес. Жалпысынан 1924-1989-жылдарды Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн анын Конституциясынын өнүгүү этабын Совет доору деп атасак болот. Бул этапта өлкөбүздүн Конституциялык өнүгүүсү ырааттуу, түшүнүктүү өнүгүүнүн эволюциялык жолу менен өнүккөнүн баса белгилебесек болот.

Б) Көз карандысыз
реформатордук доор: 1985-жылы апрель айындагы Горбачевдун "кайра куруу" деп аталган саясий жана экономикалык "реформалары", 1990-жылдагы СССРдин ыдырашы, постсоветтик аймакта анын ичинде Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнүн жаңы бурулуш этабы - реформатордук доор башталды.
1990
- жылдын 15-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3-сессиясында кабыл алынган эгемендүүлүк жөнүндөгү жана 1991-жылдын 31-августундагы Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыгы жөнүндөгү декларация мааниси жагынан саясий-укуктук жана учредитилдик документ болуп, бул декларациялардын конституциялык масштабдагы актыларга таандык экенин белгилесек болот. Бул Декларацияларды эң оболу мамлекеттеги ошол учурдагы мыйзамдардын өнүгүшүнүн илимий, саясий Конституциясы катары бааласак болот. Анткени бул Декларацияларга ылайык Советтик Конституция, мыйзамдардан таптакыр айырмаланган жаңы мазмунундагы ченемдик укуктук актылар алынган жана 1978-жылы Кыргыз ССРнин Конституциясына өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилген. Анда мамлекеттин жаңы аталышы "Кыргызстан Республикасы" делип жарыяланган. Мурдагы "Кыргыз Советтик Социалисттик" деген аталыштан баш тартып, бул өз кезегинде республиканын таптык таандыгынан баш тартышын билдирген.
Декларациялар жөн гана мамлекеттин эгемендүүлүгүн көзкарандысыздыгын жарыялабай, анын маңызын "республиканын бүткүл аймагында мамлекеттик бийликтин үстөмдүгүн жана бардык карым-катышындагы көзкарандысыздыкты" байыткан. Бул Декларацияга ылайык Кыргызстандын андан ары өнүгүүсү, өз ара тыгыз байланыштуу эки багыт менен өнүккөнү мүнөздөлөт. Биринчиси бул күчүндө турган 1978-жылдагы Конституцияга тезинен түзөтүүлөрдү киргизүү, экинчиси Республиканын жаңы Конституциясын иштеп чыгуу.
1990
- 1993-жылдары Кыргыз ССРнин 1978-жылдагы Конституциясына киргизилген бир нече өзгөртүүлөр менен, мамлекеттин аталышы, бүткүл шаарыбыздын аталышы, президенттик пост, президентти шайлоо институту, мамлекеттин желеги, мамлекеттик органдардын аталышы, функциялары, негизги ушул эки документке - эгемендүүлүк жана көзкарандысыздык жөнүндөгү Декларацияларга ылайыкташтырылган.
1993-жылдын 5-майында 2 жылга чукул мезгил ичинде иштелип чыккан, бир нече жолу элдик талкуудан өткөн Жогорку Кеңеште бир нече жолу окулгандан кийин, КР жаңы Конституциясы Жогорку Советтин 12-сессиясында кабыл алынган.
(Уландысы кийинки санда)

Азимбек
БЕКНАЗАРОВ





fabula

4-май, 2012-жыл

Яндекс.Метрика