Сегиз диний уюм кара тизмеде
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сегиз диний уюмду экстремисттик-террорчул деген кара тизмеге киргизди. Алардын ичинде Мун чиркөөсү, "Хизб-ут Тахрир", "Таблиг жамааты", Ислам кыймылы биримдиги (СИД), "Ал-Каида" жана башкалар бар. Алардын ичинен абдан тамыр жайган жана кырдаалды курчуткан уюм - "Хизб-ут Тахрир". Ал акыркы жыйырма жылда ирденип, өз тармагын түзгөнгө жетишип алган. Ооганстан аймагында жайгашкан жана түзүлүп келаткан Ислам кыймылы биримдигине тынымсыз, өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы бар. Атайын кызматтын төрагасы Шамил Атаханов "Азаттыктагы" маегинде алардын ичинен "Хизб-ут Тахрир" коомго көбүрөк коркунучтуу болуп турганын билдирди. Эксперттер диний-экстремисттик уюмдарды ооздуктоодо мамлекеттин чабал экенин белгилеп жатышат.

Басма сөз эркиндиги эркин эмес…
Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча мурдагыдай эле дүйнөдөгү "эркин эмес" өлкөлөрдүн тизмесин толуктады. Бул туурасында дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин абалына узактан бери байкоо салып келген"Фридом Хаус" уюму жылдык баяндамасында билдирди. Апрель ыңкылабынан бери маалымат каражаттары мурдагыга салыштырмалуу кыйла эркиндик алды деген пикирлер үстөмдүк кылганы менен Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги жок деген тыянактын чыгышына саясатчылар менен эксперттердин пикири бир кылка эмес. Кээси басма сөз эрикиндиги мурдагыга салыштырмалуу бир кыйла эле эрикин болуп калды дешсе, айрымдары массалык маалымат булактары каржылык жактан кайсы бир чоңго же, бийлик өкүлүнө көз каранды болуп, алардын айтканы менен иш алып барышат деген көз карашта.
Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча быйылкы баяндамада камтылган 197 өлкө ичинен 156-орунда турат. Ал эми былтыр 196 өлкө ичинен 155-тизмеде болчу. Борбор азиялык коңшулардан быйылкы тизмеден Тажикстанга 171, Казакстанга 176, Өзбекстанга 195, Түркмөнстанга 196-орун тийген.

Тактоо...
Өткөн саныбызда Улуттук банктын төрайымы Зина Асанкожоева туурасында "Чын айттыбы, же шыбагасын алганбы" аттуу алакандай маалымат жарык көргөн. Маалыматта Зина айымдын КСДП фракциясынын жыйынында отчёт берген учурда, 2010-жылдагы июнь коогалаңында байланыштуу ошол кездеги "Азия Универсал Банкындагы" кутучалардан алынды делген миллиондогон суммадагы каражаттын болбогондугу туурасында билдиргени айтылган. Мындай маалымат интертен булактарынан аланган эле. Мындан улам, өткөн саныбызда "чындап эле болгон эмеспи, же ошол кутучалардан алынды делген миллиондордон дагы өз шыбагасы тийгенби, айтор Улуттук банктын төрайымы "банк кутучаларында көп акча болгон эмес" деп, депутаттарды аң-таң кылды" - деп жазылган. Аталган маалымат чыккандан кийин, Улуттук банктын төрайымы Зина айым отчёт учурунда эч кандай банк кутучалары тууралуу сөз болбогондугун, "банк кутучаларында көп суммадагы каражат болгон эмес" деп айтпаганын билдирди. Буга байланыштуу, аталган маалымат такталбай кеткенине байланыштуу окурмандардан жана Улуттук банктын төрайымы Зина Асанкожоевадан кечирим сурайбыз.


Танаев Кыргызстанга келеби?
Акаев Россияга куйрук түйүп качканда, артынан кошо кеткен ошол кездеги премьер-министр Танаев жакынкы аралыкта Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн экен. Учурда Башкы прокуратура тарабынан Танаевге козголгон кылмыш иши кыскартылып жатканы айтылууда. Бул маселе ушул тапта Бишкек шаардык сотунун кароосунда жатыптыр. Башкы прокуратуранын мындай өзүм билемдиги президент Атамбаевге чейин жетиптир. Бул туурасында белгилүү эле саясатчы кеп кылды.

Жолдошева айтса, апасный!
Жакында социалдык жарылуу болот. Эл эми Ак үйдү гана басып албастан, бийликтегилердин, жеп-ичкендердин да үй-жайларын басып алат экен. Бул Жолдошева айымдын айткандары.
Ал эми аналитиктердин айтуусунда, азыр эч кандай көтөрүлүш болбойт, ага өтө маанилүү шылтоо жок, экинчиден, элди баштачу накта лидерлер жок.

Мэрди шайлоо шайтан оюндар менен коштолгонбу?
Жакында Чолпон-Ата, Балыкчы, Токмок шаарларында мэр шайлоо болду. Чолпон-Ата шаарына "Ата Мекендин", Балыкчыга КСДПнын, Токмокко "Республика" партиясынын өкүлү мэр болуп шайланышты.
Жергиликтүү шайлоодо бир мандатка гана ээ болгон "Ата Мекендин" жалгыз депутаты Чолпон-Атага мэр болуп шайланып, көпчүлүк добушту алган КСДПнын өкүлү сырта калганына шаар тургундарынын башы маң. Башкача айтканда, кысым болгонбу, же акча ойноп кеткенби белгисиз болуп турат. Мындан улам, губернатор Мирбек Асаналиев кайда карап отурган деген сөздөр чыгууда. Ал эми Токмок шаарында болсо "Республика" партиясы мэрди шайлоого келбей шантаж кылып жатып, акыры өз талапкерин өткөрүп алууга жетишти.

Жапаров Бабанов менен
Сариевге "тиш кайрады"
Каржы министри Өмүрбек Бабановго Нооруз майрамында аялдарга көрүндүккө доллар бергенинин сынга алып, улуттук валютаны колдош үчүн көрүндүктү доллар менен эмес, сом менен бериш керек экенин "үйрөтө" тургандыгын убада кылды. Негизи эле Жапаровуң дагы, Бабановуң да кокуй чиновниктер. Экөө тең чөнтөгүнө доллар батпаган байлар. Кыргыз сомун салып жүршөрүн кудай билет. Жапаровдун деле көрүндүккө болобу, "ооз басырыкка" болобу, айтор ар убак кычыраган долларларды берип жүргөнүн көрүп, угуп келгенбиз. Эми эле кыйын болуп кеткенин карачы. Бир четинен Акылбектин бул "айды чапчыган " акылы деле дурус. Улуттук валютаны колдош керек, долллардын кулу болбош керек.
Ушинтип баш баканага акыл үйрөткөн "акылдуу министр" андан ары Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариевдин ишмердүүлүгүнө ичи чыкпай, тактап айтканда бул министрлик өз функциясын аткарууга кудурети жетпей жатканын ойлоп "өзүн жоготуп коюп" жатканын айтты. Эски бийликтин тушунда өзү ушу Экономика министрлигин тескеп, кыйраткан иштерди аткарып жибергенин деле укпатырбыз. Айтор, Акылбек мырза, бирөөлөргө акыл үйрөтүдөн мурун, өзү тууралуу ойлосо…

"Кыргызтелеком" азырынча
сатылбайт
Бул тууралуу Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун спикер Асылбек Жээнбековго 23 -апрелде жөнөткөн катында белгилүү болду. Өкмөт азырынча, "Кыргызтелекомду" сатпай тууруну чечиптир. Бул да болсо, коомчулуктун жана Мамлекеттик мүл фондусунун төрагасы Марат Аманкуловдун пикиринен улам аргасыздан кабыл алынган чечим экенин көрүнүп турат. Эми бул убактылуу гана чечим. Өкмөт бул нааразычылыкты туудурган маселени бир унуткарып туруп, оңтоюу келип калган учурда кайрадан көтөрүп чыгарына бөркүңүздөй ишене бериңиз. Демек, азырынча "ак чөп баш" деп түшүнүңүз… Неге дегенде, башбакан андай иштердин устасы эмеспи.


Ажо туурасын айтты…
Президент Алмазбек Атамбаев 2-майда Коомдук телеканалда түз эфирде курган маегинде: "АКШ аскер базасынын Кыргызстанда калыш, же чыгарылыш маселесин бардык тараптан карап чыгуу керек жана өлкөгө кандай туура болсо - ошондой чечимге келүү керек. АКШ ойлогон окшойт, ижаранын баасын көтөрүп койсок эле, мурункудай баарына макул болушат деп. Бирок биз эгемендүү мамлекет болгондуктан, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек. АКШга айттык, база кала турган болсо, жарандык гана түрдө болушу керек, биз логистика, транспорт жагынан иштеген базага жардам берүүгө даярбыз. Кыргызстан өзүн коргоого үйрөнүш керек, өзүнүн күчтүү армиясы болуш керек" - деп билдирди. Ошондой эле, ал Орусиянын аскер базаларына да токтолуп: "Мына, акчасын беришти, 15 млн эми Орусия үчүн акча деле эмес. Кыргызстандын карыздарын айтып чыгышты, ойлонуп көрсөк, ал карыздар бизди жыргатып деле ийген жок. Жарымы белгисиз бир жакка кетти, жарымынын дайыны жок... Орусиянын ММКлары бир-эки фактыны унутуп коюп жатышат. Ошол эле Нигерияга 2,5 млрд, Мозамбикке 3,5 млрд карызын кечти, эми биз аларга караганда жакын өнөктөшүбүз го. Буюрса, Путин келсе президенттикке, бул маселелердин баарына чекит коёбуз", - деди.
Мындан сырткары, президент Кыргызстандагы эч бир кен байлык Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна алмаштырылбасын, темир жолду жолду концессия же биргелешкен ишкана түзүү жолу менен гана салууга мүмкүн экенин кошумчалады. Эске сала кетсек, Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча 2-майда кыргызстандык делегация темир жол маселесин сүйлөшүү үчүн Кытайга жөнөп кеткен. Узундугу 268 чакырымды түзө турган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу 2 млрд. долларга бааланууда. Азырынча бул жолду куруу үчүн каржы булактары табыла элек. Буга чейин Кытай темир жолду куруу үчүн Кыргызстандагы Жетим-Тоо, Сандык жана Терек-Сай кендерин берүүнү талап кылганы кабарланган.

Бүтүрүү кечелерин
өткөргөнгө тыюу
салынат
Билим берүү министри Канат Садыков кол койгон буйрукка ылайык, мектептерде акыркы коңгуроо, адаттагыдай эле 25-майда саат тогузда болот. Бүтүрүү кечелерин мектептердин аймагында, көңүл ачуучу жайлар, кафе жана жаратылышта кечки же түнкү маал өткөрүүгө болбойт. Буйрукка ылайык, мектептин директорлору акча чогултуу жана бүтүрүү кечелерине өткөргөндүгү үчүн кызматтан айдалат.

Саясатчылар сөзүнө турбайт дейт кримбала
Уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири деп жүргөн Адилет Касенов деген менен бирөө кыска маек курганы интернет булактарында жүрөт. Ошондо Касенов берилген суроолорго жооп берип, кыскарта чапканда төмөндөгүлөрдү айткан: "Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана мен Дубайда жашап жатабыз. Муну дүйнө билет. Бизди алтын дүкөндү тоногон деп Ички иштер министри Рысалиев маек берген экен, бул жактагылар ага аябай таң калды. Анткени, Дубайда эч кандай тоноо болгон эмес. Мен биздин саясатчылар менен тааныш эмесмин… саясатчылар жигиттик сөзүнө турбайт…"

Фабула -пресс






fabula

4-май, 2012-жыл

Яндекс.Метрика