Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кыскача анкета

Чынчыл мырзаларды жактырган


Тынара...


- Ким менен сырдашасыз?
- Көбүнчө апам менен сырдашам. Дем алыш күндөрү үйгө барганда атам менен апам: "Эми сайрап, жаңылыктарыңан айтып бер"-дешет, бир жуманын ичинде кандай жаңылыктар болсо ошонун бардыгын аларга айтып берем. Анан кечинде атам уктап калганда апам экөөбүз түнкү саат 3-4кө чейин уктабай сырдашабыз. Апамдан дайыма кеңеш сурап турам. Негизи кыз баланын апасы менен сырдаш болгону эле жакшы го. Энеден өткөн кеңешчи, сырдашы болбосо керек.
- Эмнеден ырахат аласыз?
- Ырдагандан. Кээде маанайым чөгүп турганда үнүмдү болушунча чыгарып, үйдү жаңыртып ырдагандан ырахат алам.
- Байлык, бийликке кантип жетсе болот деп ойлойсуз?
- Кыргызда байлык менен бийлик колдун кири деп айтып коет эмеспи. Анын сыңарындай байлыкка дагы, бийликке дагы эч кызыкпайм. Кийимим бүтүн, курсагым ток болуп, эң башкысы менин байлыгым болгон аска-зоодой ата-энем, бир туугандарым жанымда болсо, андан өткөн байлыктын мага кереги жок.
- Бешбармакты кандай жасайсыз?
- Кыргыз болуп төрөлгөн соң, анын ичинен этке жакын Нарын жергесинен болгондон кийин, бешбармакты катыра жасайм. Кесмени колго кесип, пияздан чык жасап тамакты дасторконго алып келгенде Тынаранын бешбармагы укмуш экен деп тамшанып жешет.
- Биринчи орудан үй-бүлөбү же карьерабы?
- Аялзаты болгон соң, албетте,биринчи орунда үй-бүлө. Аялзаты үчүн жакшы жар, балдарыңа мээримдүү эне болуудан артык бакыт болбосо керек деп ойлойм. Эгерде карьера менен үй-бүлөнү тандоо сыноосуна туш болуп калсам, ойлонбой туруп эле үй- бүлөнү тандамакмын. Үй-бүлө табылбайт, ал эми ырчылыкка убагы келгенде кайра кайтып келсе болот деген ойдомун.
- Кандай мырзаларды жактырасыз?
- Сөзүнө турган, калп сүйлөбөгөн, өз ишин мыкты билген, эң негизгиси жалпы аялзатын сыйлаган мырзаларды жактырам.
- Эмне туурасында көп ойлоносуз?
- Албетте, келечек жөнүндө. Келечекте кандай адам болом, кандай адам менен кол кармашам деген ойлор мага көп келет. Күндө уктар алдында Кудайдан "мага бак бере көр"- деп тиленем.
Жаркынай Кадыркулова