Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Мыйзам карапайым эл үчүн эле жазылганбы?


Урматтуу "Фабула" гезитинин редакциясы!
Биз "Фабула" гезитин Өлкөдөгү бирден бир, элдин көйгөйлөрүн, арыз-мунун жазып, чоңдордун, ким болбосун, кемчиликтерин элге чыгарып, бийликте тургандардын куугунтугунан коркпогон, такай чындыкты коргогон гезиттерден деп билебиз. Ошондуктан биз "Кыргызтрансавто" ААКнын жетекчиси Урманаевдин коомчулукка жасаган терс иштери боюнча мамлекеттик органдарга эки жылдан бери кайрылып, мыйзамда каралган тийиштүү чара көрүлбөгөнүнөн, силердин гезитиңерге кайрылып, ушундан кийин мамлекеттик органдар тарабынан арызыбызга тийиштүү көңүл бурулат деген ойдобуз.
2010-жылдын май айынан баштап (революциядан кийин) биз ААК "Кыргызтрансавто" нун акционерлери, коомдун жетекчиси С.И. Урманаевдин туура эмес иштери, финансылык чарбачылык мыйзам бузуулары билинип калып арыз менен Ысык-Көл облпрокуратурага кайрылганбыз. Бир да арызыбыз каралган жок.
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн вице-премьер министри А. Бекназаровго ал тургай Президент Р. Отунбаевага чейин арыз жаздык. Жазган арыздарыбыз айланып келип Ысык-Көл облпрокуроруна келип эле токтойт. Прокуратурадан: "Арызда жазган маселе боюнча документтер каралды, бул маселе коомдун жыйналышында каралыш керек, Совет директоров чечиш керек" деген жооп беришет. Совет директоров болсо жалаң Урманаевдин туугандары-аялы, баласы, бажасы, аялынын бөлөсү. Булардын чечими кандай болоору айтпаса да түшүнүктүү болуп турбайбы. Финполиция болсо текшербей туруп эле "текшердик, кылмыш жок деп, макул болбосоңор прокуратурага кайрылгыла" деп жолго салышат. Прокуратурага кайрылсак, берген жообу белгилүү. Жогоруда жазылып турат. Прокуратура арыздын баарына эле- КР Конституциянын 104-беренесине шылтап биздин ишибиз жок дегенчелик кылышат. Адамдын укугун коргоочу, коррупция менен экономикалык кылмыштуулук менен күрөшө турган органдар ушинтип аткандан кийин, Урманаевдин мыйзам бузууларын текшертиш үчүн пара беришибиз керекпи? Тийиштүү органдар текшерүү иштерин баштап келип, анан эле "Баарысы жайында, бузуулар аныкталган жок" деген уведомление жазып коюп кете беришет экен. Ал аңгыча жетекчилер бухгалтериядагы документтерди оңдоп-түздөп, жоготчусун жоготуп баарын жасап коюшат.
Деги эле ойлосок карапайым жумушчу элдин, жетекчилердин үстүнөн мыйзам бузгандыгы жөнүндө жазган арыздары Финполицияга болобу, прокуратурага болобу, сотко болобу, элдин пайдасына чечилбейт окшойт, "жогорку жак менен сүйлөшүп койдум, колуңардан эч нерсе келбейт"-дегендердин сөзү өтүмдүү болууда. Ысык-Көлдүн облпрокуратурасынын Урманаевдин үстүнөн жазган элдин арыздарын кароодон жаа бою качканынын себеби да ушул болсо керек. Биздин Президентке жазган арызыбызда 5 пункттан турган суроолордун 3 суроосу - Урманаевдин автобазадагы финансылык чарбачылык бузуулар жана коомдун мүлкүн алып алгандык, автобазанын жумушун "двойной бухгалтерия" менен алып баруу, "Кыргызтрансавто"го тийиштүү ЖЧК "Реал"дын ГСМин сатуу жумушун, туугандары менен коррупциялык схема колдонуп "теневой бизнес" жүргүзүү, ошону менен кирешени жашыруу, болгон. Бул фактыларды чындап текшериш үчүн тергөөчүлөр мыйзамда көрсөтүлгөн тийиштүү тергөө ыкмаларын колдонуш керек эле. Андай болгон жок. Балыкчыдагы финполициянын тергөөчүсү Президентке жазган арызыбызды болгону 5 күн текшерип, 20дан ашкан кишилерден түшүнүк алганга гана үлгүрдү, бирок "Кыргызтрансавто"нун бухгалтериясына баш бакпай туруп (себеби Урманаев жогорудагыларга таянып баш бактырбай койду да) ишти жаап салды, текшерүүгө берилген мөөнөтү бүттү деп. Каршы болсоңор прокурорго кайрылгыла деген уведомление берип койду. Жанагы эле жогоруда айтылган "карусель". Ушундай кантип мыйзамдуулук болсун.
Тескерисинче, кыргызда айтылгандай: "Уурусу күч болсо ээси доого жыгылат" болуп, Урманаев: "Бул эл, менин кылыктарымды ар кайсы органдарга жазып; менин ар-намысыма шек келтирип, беделимди түшүрүп, мазактап, ушактап жатышат" деп, жалган каралоонун негизинде арыз жазгандардын ичинен А. Макеев деген жигитке кылмыш ишин козготуп, Балыкчы шаардык соту , КР Конституциясынын 33-беренесинде "Адамдын ар-намысын, беделин жаман атты кылган маалымат таркаткан үчүн эч ким кылмыштык жазага тартылбайт" деген жобосун көз көрүнө бузуп, элдин жазганы ачуу, бирок чындык экенине карабай Макеевти 2011-жылы январь айында, КР КЖКнин 127-беренесинин, болгондо дагы 3-пункту менен 3 жылга соттоп салган (условно). Же арыздарда жазылган фактылар калп, же ушак болсочу.
Макеев элдин таламын талашам деп мыйзамсыз соттолгондон кийин "жогорку жакты колго алып койдум" дегени чын турбайбы деп, баягы эле "акаев" "бакиевтин" убагын эстедик. Бирок дагы эле болсо айрым соттордо калыстык бар экен, себеби кийин бул ишти Ысык-Көл облсоту карап, туура эмес алынган соттун өкүмүн жокко чыгарган. Азыркы убакта Балыкчы сотунун мыйзамсыз чыгарган өкүмүнө, жогоруда айтылган Урманаевдин "колдоочулары" "көмөк" кылган деген ой-пикирлер бар.
Азыркы убакта "Кыргызтрансавтонун " акционерлери жана мурдагы жумушчулары (270 жумушчудан азыр 25тей эле жумушчу калды) өзүбүздүн укугубузду коргоо үчүн "Союз акционеров" коомдук бирикмеси Урманаевдин коомчулукка туура эмес жасаган иштери боюнча азыркы бийликтегилерге жана ММКларга кайрылып жатып, чечилет деген ойдобуз. Урманаев болсо: "Лучший метод обороны-нападение" дегендей, эми коомдук бирикменин жетекчиси К. Данияровдун үстүнөн арыз жазып, Балыкчы сотунан баягы Макеевти соттогондой соттоп бергиле деген талап коюп, моралдык зыян дедиртип 20000 сом кестирип алды. 23-март 2012-жылы силердин гезиттин №22 санында: "Азыр "чөнтөк соттордун" карапайым элдин убалына карабай калган учуру. Мыйзамдын сакчылары өздөрү көз көрүнө "караны ак, акты кара" деп турушканы, ачыктан ачык кыянаттыкка барып жатышканы үчүн элдин ишениминен биротоло чыгышкан" деген сөзүңөр соттордун азыркы убактагы иштерин тастыктайт. Деги биздин өлкөдө алдым-жуттумдарга мыйзам барбы, же болбосо мыйзам карапайым эл үчүн эле жазылганбы?!
"Акционерлерсоюзу" коомдук уюмунун төрагасы Данияров К
Кол койгон 50 адамдын тизмеси тиркелет. Тизменин оригиналы Балыкчы шаардык сотто.




Жаза элеги - Страсбургдагы сот калды,
Ата элеги - мылтыктагы ок калды…
Ала-Тоолук эли-журтубуздун сыймыгы болгон "Кыял" өнөр ишканасы рыноктун катаал шартында мамлекеттин казынасына "келе!" деп алаканын жайбай, алгалаган басыгынан тайбай, Эл аралык көргөзмөлөрдөн баш байгелүү сыйлыктарды жеңип келатканын ар бир кыргызстандык жакшы билет. Бирок, "Кыялга" айдарын тигип, ичтери күйүп, кырчангыча жондорун 2-жылдан бери тынбай кашып келаткан эки эргулдун ким экендигин да элибиз жакшы билет. Эмесе сөз ирети менен болсун.
… 2010-жылдын июль айында Шанхайда "ЭКСПО-2010" деген Бүткүл дүйнөлүк көргөзмө ачылып, ага "Кыял" ишканасынын чеберлери активдүү катышып жаткан. Ага Генералдык комиссар болуп Президент Р.И.Отунбаеванын буйругу менен Султанбек Макашов дайындалган эле. Ушунчалык зор көлөмдөгү чыгармачыл көргөзмөнү уюштуруу чынында эле оор жана жоопкерчиликтүү милдет болучу. "Кыял" жана анын мобилдүү өнөрчүлөрү бул жолу да бийик деңгээлдерин даңазалап, Эл аралык абройлуу көргөзмөнүн Алтын медалына татыктуу болду. Бардык катышуучулар кыргыз чеберлерине кол чаап, ыраазычылык арнап жатышканда, орустарда айтылгандай "гром среди ясного неба" болуп, "Кыялды", анын жетекчиси Султанбек Макашовду жерден алып, көргө киргизген "С.Макашовдун монополиясынан ким куткарат" деген макала "Кыргыз Туусуна" жарыяланса болобу?! Анын авторлору кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев менен кол өнөрчү Динара Чочунбаева дегендер экен. "Кыял" Кытайда мактоо сөздөрдү угуп жатса, өз мекенинде "өздөн чыккан жат жаман" болгону эмнеси деп, көптөрдүн оозу ачылып калды. Көрсө реалдуу дүйнөдөн иллюзия дүйнөсүнө конуш оодарган айым менен мырза жүрөктөрүн күн-түндөп сүйүнткөн пландарын ишке ашырабыз деген кадамдарын баштап калышыптыр. Эргулдар "война план покажет" дешет да, газетага удаа "Кыялды" каралаган жала арыздарын түз эле Президент Р.И.Отунбаевага жөнөтүшөт. Президенттик Администрациянын жетекчиси Э.Каптагаев "ап бали!" дейт да, башчылыгына Президенттик администрациядан А.Шаршеевди төрагалыкка дайындап, составына Прокуратура, Ички иштер министрлиги, Финансы полициясы, салык инспекциясы, Эсеп палатасы, Мамлекеттик архитектура жана курулуш агентствосу ж.б. кирген. М.Качыбекованы, Д.Субанбенковду, М.Бердибаеваны, Э.Канетовду, У.Азыгалиевди, Б.Масалбековду, М.Михееваны киргизип, 8 адамдан турган ведомстволор аралык комиссия түзөт. Текшерүү 3 ай бою жүрөт. Акырында комиссия "Кыял" бирикмесинде арызда көрсөтүлгөн финансылык-чарбалык тартип бузуулар аныкталган жок" деген жыйынтык чыгарат. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору К.Качыбеков да текшерүүгө катышып, ал дагы "Тартип бузуу" болбогондугун белгилейт. "Ишенген кожом сен болсоң, сууга акканын курусун!" деп эки алаканын "шак" коюп, Э.Каптагаев досуна таарынып, эки эргул ээрчише басып, Эсептөө палатасы менен финполиция жетекчилерине барышат. Эсеп палатасы бу жолу Б.Кайымов деген Мамлекеттик инспекторун, финполиция Э.Канетов, Т.Эргешов деген оперуполномочен жигиттерин "Кыялды" текшерүүгө жөнөтүшөт. Ак нерсени кара дешке акыйкаттык жол бербейт эмеспи. Булар да финансылык-чарбалык тартип бузуулар табылган жок деген жыйынтыкка келишет.
Мындай жыйынтык алардын куйкасын куруштуруп, эшек тарамышын тырыштырып, 2011-жылдын 1-июнунда кайра дагы Президент Р.И.Отунбаевага кезектеги чарчабаган, чалыкпаган өтүнүч катын жөнөтүшөт. Президент чукул чара көрүү үчүн 2011-жылдын 27-июлунда № 07-90-9820 номерлуу тапшырмасын чыгарат. "Кыял" кайдасың, кантип таптык айласын?" деп баягы Мамлекеттик Эсеп палатасы жооптуу кызматкери Н.Бокешевге жолдомо берет. Бир нече күндөп текшерилгенден соң Н.Бокешевдин жыйынтыгы да ишканада одоно көрүнүштөр жок деген баштагы бүтүмдөрдү ырастайт.
Юристанбек Шыгаев менен Динара Чочунбаева жана ал экөөнүн компаниясы дагы да банкрот болгондоруна ичтери бышып, куттары учуп, колдоруна кайрадан калем кармашып, арыз жазганга отурушат. Эми кимге? Президент, Өкмөт, Прокуратура, ИИМ, Финполиция, Эсеп палатасы, Салык инспекциясы жоопторун беришти. Жогорку Кеңештен арга издемек болуп жатка айтылып тарпы чыккан арызды чүргөштү. Жогорку Кеңеш 5 фракциядан экиден депутат тандап, 10 адамдан турган авторитеттүү комиссия түздү да, текшерүүнү кайтадан башташты. "Кыялдын" имаратына алар "арсыз арызчылар" деген атка конгон баягыларды бетме-бет отуруп сүйлөшүүгө чакырды. Ю.Шыгаев, Д.Чочунбаева ж.б. "Кыялдын" элдик чеберлеринин алдында отурушту. Депутат Т.Мадылбеков арызда фамилиясы жүргөн СССРдин эл артисти, атактуу комузчу Самарбүбү Токтакуновага доо-арызы тууралуу кайрылса, ал минтип айтпадыбы: "Менин атым Д.Чочунбаева жазган тизмеге кандайча жазылып калганын билбейт экемин. Мен алар жазган катты окуган да, ага кол койгон да эмесмин". Депутаттар тактаганда арыздагы узун тизмеде Д.Чочунбаеванын күйөөсү Урматбек Осмоев, келини Айнура Бозгунчиева, келини Гулмира Кутуева, жээни Алина Сыдыкова, жакын тууганы Кенжекан Рысалиева, жакын тууганы Алмаш Найзабековалар жүргөнүн укканда, фальшивый арыздын примитивдүүлүгүнө отургандар баш чайкап тим болушту. Кылдат текшергенде булардан тышкары төмөндөгү дагы бир топ фамилиялардын арызга дегеле тиешеси жок болуп чыкты: Асел Сапакова, Гулнара Жумалиева, Амантур Кенжаев, Мадылбек Кулубаев, Бермет Доолотбакова, Темир Мусакеев ж.б.
Депутаттык комиссия дагы бир адилеттик ишин жасады: "Кыял" тууралуу текшерүүлөрдүн материалдарын соттук экспертизадан өткөрүүнү сунушташты. Ал жыйынтыктын чынчылдыгын жана тазалыгын соттук эксперттер Карыпбек Сагынбаев жана Жапар Азырмамбетовдор колдорун коюп, күбөлөндурүштү.
Ушундай кара кылды как жарган экспертизалык жыйынтыктарга ишенбеген Ю.Шыгаев, Д.Чочунбаева ж.б. 3-4 арызчылдар 2012-жылдын 26-апрелинде кайсы бир гезитке "Кол өнөрчүлөрдүн борбору "Кыялды" көлөч саткандар басып, убайын бир ууч атка минерлер көрүп жатат" деген жалаа менен ушак-айынга сугарылган кезектеги макаласын жарыялашты. Ошо макала жарыкка чыккан учурда "Кыял" жана анын элдик чеберлери борборубуздагы Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргыз өкмөтүнүн колдоосу менен өтүп жаткан "Кыргызстан", туризм жана саякат" деген Эл аралык көргөзмөдө ийгиликтүү иштери үчүн кезектеги Алтын медалын алышты.
Эки арызчы кайрылган Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын Эсеп палатасы жана Салык инспекция менен бирдикте жүргүзүлгөн текшерүү "Кыялдын" аймагында Макашевге тийиштүү эч кандай сода точкачы жок, ал жердеги сода контейнерлеринен түшкөн каражат бухгалтерияга түшөт, жамаатта нормалдуу моралдык-психологиялык абал, жетекчиликти алардын тазалыгы, ак пеилдиги үчүн урматташат"-деген бүтүмүн чыгарды.
Ушундай, мырза Шыгаев менен мадам Чочунбаева! Ичиңер күйсө - туз жалагыла. "Кыялдын" кербени жүрө берет… Калганын айтпай эле коелу.

"Кыялдын" коллективинин жана колдору коюлган 596 элдик чеберлердин атынан профуюмдун төрайымы Замира Саткеева.
Ош Акыл