Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Баардыгы айылдан башталат…


Үч күн мурун бир жерден Базар-Коргон районунан келген эки айыл өкмөт башчысы менен таанышып, наркы-беркиден сүйлөшүп калдык. Биринин аты Абдыкадыр, экинчиси Болотбек экен. Алардын айылындагы абалды сурадым, ар улуттун ынтымагын сурадым, келечектен сүйлөштүк, алар менден бир нерселерди сураган болушту билишимче жооп берем, анан азыркы күндө качып кутула албачу саясаттан сүйлөштүк, гезитке жазылбачу кеби да бар дегендей… Ошол эки жигит мага жагып турду, ой жүгүртүүсү, билими, учурга болгон таза көз карашы ж.б. Айыл өкмөттөрдүн баары бул экөөндөй болсо деп коем. А балким, мен билбеген мүчүлүштүктөрү бардыр, кандай болсо да бул эки азамат менен таанышып калганым жакшы болду деп ойлойм. Эмесе, ошол эки жигитке сөз берели…

Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл округунун башчысы Жолчиев Абдыкадыр:

"Эми партия болуп


бөлүнө баштадык"


- Биздин айыл округу район боюнча эң чоң округ. Калкыбыздын саны 37 миң, анын ичнен 29 миңи башка улуттагылар, анын 95%ти өзбектер.
- Алар менен мамиле кандай?
- 2010-жылдагы каргашалуу окуянын таасири бар дечи, бирок, негизинен азыр ынтымактуу эле жашап жатабыз. Карапайым адамдар ынтымакта жашагандан башканы көздөбөйт эмеспи. Мен кыргыз-өзбек чатагынан кийин бул округа башчы болуп келгем.
- Атайын алып келишти беле?
- Ошондой болду го…Эки элдин ортосундагы мамилени жакшыртыш үчүн, чатакты кайрадан чыгарбаш үчүн алып келдик деп райондук, облустук жетекчиер ачык эле айтышкан. Андан бери колдон келген аракетти жасадык, күнү-түнү иштедик дегендей…Мени убактылуу алып келишкен. Анан былтыр октябрь айында шайлоо болуп мени депутаттар бир добуштан колдоп шайлап алышты. Элдин баары колдойбуз деп бүгүнкү күнгө чейин айтып келет. Жашырганда эмне, элищ сыйлап турса, биринчиден, катуу сыймыктанат ээкенсищ, экинчиден, элим минтип сыйлап жатса, жакшы иштегенге жаныщды ърёйт да экенсищ.
- Абдыкадыр мырза, биз кээде жазып калабыз: коррупция айыл өкмөттөн башталат деп, буга не дедиң?
- Эми коррупция таптакыр жок деп айтуудан алысмын. Бирок, шектүү иш кенедей эле билинип калса, анын "бутун кыркып" салууга аракет кылабыз. Ар кандай кагаздарга келгендерден беш-он сом ала коет деп угуп калчу бир кызматкер бар дешчъ, мен келгенден кийин андайын уга элекмин. Менде отуздан ашык кызматкер бар, баары тегизи менен менин көзөмөлүмдө. Коррупция демекчи, ага каршы кърёштъ катуу жъргъзёбъз дешти эле, ал дурус кетпей жатат кёрънёт. Миллиондогонду жегендер кармалбай, майда-бараттар эле кармалып жатпайбы.
- Дурус кебиң бар экен…Айыл өкмөткө укук көп берилди деп калабыз, ошону чечмелесең?
- Мисалы, айыл округуна кирген бардык ишканалар, чарбалар айыл өкмөтүнө карайт, алардан налог алынат, социалдык фондго каражат төгүлөт ж.б. Мына ошол укукту кээ бир айыл округдун жетекчилери туура колдоно албай келген учурлар да бар.
- Жер өспөйт экен, ал эми адамдар жылдан-жылга көбөйүп жатат, аларга жер керек. Силерде жер маселеси кандай?
- Жер маселеси өтө оор маселе. Бизде жер алам деген кезекте 2,5 миң адам турат. Суу чыкпаган кайрак жерлер бар, бирок аларды трансформациялоо керек. Азырынча бул маселе ачык бойдон турат. Ойлоп калам: айылдарга жанагы ипотечный кредитти киргизсе, жаштарга үйлөр салынса деп. Бу дагы оңой эле чечиле койчу маселе эмес.
- Кандай үйлөр?
- Кабат үйлөрдү салуу керек. Ошондо жанагы кезекте тургандардын талабы орундалат эле да. Он, он беш жылда акысынан кутулуп алышмак.
- Жер-жерлерде өкмөт жардам бербей жатат деп айткандарды көп угабыз, Сен да ошондой кепти айткан учурларың барбы?
- Эми баарыбыз эле билет эмеспизби, илгеркидей өкмөттү карап олтурчу заман тарыхта калды, экинчи кайрылбайт. Өкмөт тараптан кредит берилип жатат, бирок ал аз гана адамга жетет. Ошондо мага эмне жок деген нааразычылык пайда болот, солярка таратылат, анда да баарына жетпейт, дале болсо наарачылык.
Мисалы биздин айыл округунда 7 миң кожолук болсо, бөлүнгөн кредит 400 кожолукка эле жетет экен. Бизге жазгы айдоо-себүүгө 120 тонна солярка керек болсо, 7 тонна гана берилди._Мен ойлоп калам, же жетиштүү берсе, болбосо жөн эле койсо деп. Андан көрө өкмөт ар кандай тоскоолдуктарды жаратпай элди эркин койсо, эл деген өзү эле ишин бүтүрүп алат…
- Кыргыз элинин биримдигине кандай баа бересиң?
- Сиз да билесиз, мен да билем, элдин баары эле билет эмеспи, кыргыз небактан эле экиге бөлүнүп келет түндүк, түштүк болуп. Анан уруу-урууга бөлүнөт, уруунун ичинен дагы бөлүнөт, андан соң районго бөлүнмөй, айылга бөлүнмөй болуп кете берет. Бул бизге мүнөздүү менталитетпи билбейм, кыскасы ошондой. Эми болсо, партия-партияга бөлүнмөй башталды. Тиги "Ата Журттан", бул КСДПдан, аркы "Ата Мекенден" деп кадимкидей эле бөлүнүп башташты, кай бирде кадимкидей эле душмандашып кеткен учурлар да бар… Кенедей элбиз, анан бөлүнүшүп турсак, келечек болбос. Кандай болгон күндө да карпайым адамдар анча бөлүнбөйт, баары жетекчилерде болуш керек деп ойлоп калам. Кытайлардай болгон миллиард ашык эл болсок, мейли, отуз кыркка бөлүнсөк деле болмок. Анан эле төрт миллионго жетип-жетпеген кыргызың түгдүк-түштүк, уруу-уруу, партия-партия болуп бөлүнсө башка улуттар тебелеп кетпейби. Ошондон корком.

Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл округунун
башчысы
Базаркулов Болотбек:

"Тынччылык болсо,


калганын бүтүрүп


алабыз"


- Биздин айыл округунда 27 миңдей калк жашайт, 16 улуттун өкүлдөрү бар. Калкыбыздын 75%ти кыргыздар, 22%ти өзүбектер.
- Болотбек мырза, мен көп эле жазып келем: айыл чарба министрлигин таратыш керек, пайдасы жок деп. Буга оюң кандай?
- Таратып таштаган болбойт. Айыл чарба министрлиги бардык эле мамлекеттерде бар. Анын штатын кыскартыш керек, иш стилин оңдош керек… ал жакта ишти жакшыртыш үчүн толгон маселелер бар. Айыл чарба министрлигинин жардамы, демилгеси менен, маселен, жер-жерлерде жер семирткич заводдорун ачса болот, техника базаларын ачса болот ж.б.
- Сурай кетейинчи, карамагыңда отуздай кызматкериң бар экен, ошолордун айлыктары кандай?
- Бүгүнкү күндүн шарты менен алганда биздин кызматкерлердин айлыктары аябагандай аз- 3 миң сомдун тегерегинде. Азыр жөнөкөй эле медсестра 6 миңден ашык айлык алат. А биздин кызматкерлер керээли кечке иш үстүндө, налог чогултуп самсаалап жүргөнү бар, дагы башка толгон иштер менен алектенгени бар, анан алганы ушул. Өкмөт ушул жагын ойлонуштуруп жатса керек деп жакшылыктан үмүт этип жаткан кезибиз. Болбосо, көптөгөн айыл округундагы мыкты адисттер четинен кетип да жатат, бул жерден алган айлыкты башка жерден эки эле къндё таап алам деп.
- Азыр биздин мамлекетте 31% эл жакырчылыкта жашайт экен. Андайлар силерде да болбой коймок беле, аларга кандай жардам берип турасыңар?
- Бизде жардам берүү фонду деп 120 миң сом бөлүнгөн, ошонун эсебинен жардам беребиз. Маселен, бирөө операцияга барат, ага 5-6 миң бересиң, бирөөнүн кант-чайы, уну жок калат ага бересиң, дагы башка иштерге акча керек, аларга бересиң…айтор, жардам сурап тургандар жетишердик бар.Бирок, каралган акча таптакыр эле жетпейт.
- Болотбек мырза, биздин мамлекет кайсы жолдо баратат?
- Көп улуттан айырмасы, кыргыздар үмүттү улуу тутат, эртеңки күндү эч качан жаман болот деп күтпөйт, эртең жаман болорун билип турса да жаман деген сөздү айтпайт. Ошон үчүн жакшылык тилеген элбиз да. Ошондуктан менин айтарым биз туура эле жолдо баратабыз, жакшылыкты көздөй кетип баратабыз деп. Эң негизгиси, элибизде тынччылык болсун, бейпилдик болсун. Алар болсо, эмнеден чочуйбуз, иштесек колубуздан келет, байлыктарыбыз толтура, улуттук мүнөзүбүз жаман эмес. Демек, эртеңки келечек жеке мен үчүн да, башкалар ъчън да жакшылык алып келчү келечек деп айтам.

Баратбай Аракеев





Туу көтөргөн эр өлбөйт!
Орунбек Санатбаев, маркум Раатбек Санатбаевдин бир тууган иниси:

"Баардыгын бир гана


Кудайга койдум..."


(Башы 5- бетте)
Мелдешти өткөрүүгө уюштуруу иштеринин төрагасы Жылдызбек Турганов дагы зор салым кошууда. Андан тышкары Бишкек, Чүй жана Жалал- Абад облустарында байкемдин атынан атайын спорттук комплекстер ачылган. Мисалы, Бишкектин Чыгыш- 5 кичи районунда ачылган спорттук комплекске баардыгы болуп 3 миллион сом сарптадык. Учурда ал комплексте К. Бегалиев, Р. Түмөнбаев, баштаган белгилүү спортчулардан тартып, жаш спортчуларга чейин машыгышууда. Үч балабыз дүйнөлүк таймашка катышып, арасынан бирөө бешинчи орунду алып келди. Р. Санатбаев атындагы спорттук клубдун ардактуу президентти кылып генерал- маёр Курсан Асановду дайындадык. Агамдын арбагын сыйлап, Республикалык Спорт комитети, Билим берүү жана илим министри К. Садыков, Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри А. Алымкуловдор колдоого алып жардамдарын берүүдө. Аларга мен терең ыраазымын.
- Раатбек байкенин үй бүлөсү тууралуу да айта кетсеңиз?
- Жеңем Сайрагүл, улуу баласы Даулет 16 жашта. Жогоруда айткан атактуу Казак балбаны Даулет Турлыхановдун атынан койгон. Учурда Финансылык колледжде билим алууда. Атасынын жолун жолдоп күрөшкө кызыгып жүрөт. Экинчи улуу Бексултан, кызы Асема. Раатбаектин бир туугандары анын үй- бүлөсүнө колубуздан келген жардамыбызды берип, каралашып турабыз.

Маектешкен
Мирлан Алыбаев