Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Которот десе эле, которо бериптирбиз…


Азыркы күндө кыргыз тилине болуп жаткан мамиле, бийликте жүргөн адамдардын, жоголуу коркунучунун алдында турган эне тилине жумшагыраак айтканда, кайдыгерлик көз карашта экенин, карапайым эл көрүп турат. Бизде үстөмдүк кылып, мамлекеттик кыргыз тилин баш көтөртпөй басып жаткан орус тили иш кагаздарын жазууда,байкуш мамлекеттик тилге анча- мынча орун берип коюуга ыраа көрбөй, орустар бизди эл катары көрбөй келекелеп турган мезгил. Келечектен болгон бир гана үмүтүбүз, биздин жашоо деңгээлибиз жылдан жылга түшүп отуруп, колунан келген орустар, өзгөчө жаштар, дыр коюп Россияны көздөй кетип жатып, бизде орустар аз калды. Негизинен карыган пенсионерлер кете албай ,калып калышты. Жакынкы 10-20 жылда аларды Христос өзүнө чакырып алса, кудай уруп биз такыр эле оруссуз калабызбы деп жүрөк жок. Жо-ок ошондо да биздин маңкурт киргиздер , биз кыргыз тилине өтсөк туура эмес болуп калат, деп сайрап турарын бөркүңүздөй эле көрүп алыңыз. Мен бул маңкурттарга караманча кошулбасам да, бир маселеге көңүл буруп коюуну туура таптым.Бул маселе;тил сапаты.
Мисалы: великий, могучий делген орус тилинде 30% башка тилдерден алынып, өздөштүрүлгөн сөздөр. Орустар эч намыстанбай эле ал сөздөрдүн фонетикасын орус сөздөрүнө окшоштуруп тилин байытып атат. Медициналык жана техникалык сөздөрдүн басымдуу көпчүлүгү орус тилине латын тилинен жана анын негизинде өнүккөн батыш Европанын тилдеринен алынган. Жер шаарында 7 миллиарддан ашык калк жашаса, кыргыздан башкасы радиону радио эле дейт экен. А биздин чала сабат тилчилер радиоприёмникти - үналгы деп которуп алыптыр, эми айланайындар техникалык терминдерди которуш үчүн жок дегенде 6- класстын көлөмүндө , элементардык физика жөнүндө түшүнүк болуш керек да. Радиотолкундар үн толкундарынан асман менен жердей айырмаланат. Радио деген сөз латындан которгондо излучать деген сөздү билдирет. Андан тышкары радио деген сөздөн жүздөн ашык татаал сөздөр түзүлгөн. Эми элестеткиле радиоактивность деген сөздү кантип которобуз, үн активдүүлүгү дейбизби?. А орусча "звук" деген сөздү кантип которобуз? Эртең менен менин сүйүктүү "Азаттык" радиостанциясынын программасын уксам, алар да үналгы деп урдуруп атат. "Ишенген кожоң сууга акса, жер-жеринен тал карма" дегендей, биз ишенген "Азаттык" айтып жатса, биз байкуш эмне кылабыз. Ошондой эле телевизор деген сөздү - сыналгы деп алышыптыр. Эми орустар айткандай "хоть стой, хоть падай". Эми башкасын айтпай эле коёюн, элестеткиле телеграмманы - сынграмма, телефонду- сынфон десек.
Казак теңтуштар менен бир жерден сүйлөшүп отуруп Ай- жыл эсептөө жөнүндө сөз болуп калды. Жыл эсептөөдө биз казактан кем калбайт экенбиз, байыркы чыгыш календарына таяйт экенбиз. Анан ай эсептегенге келгенде уят болбодумбу. Казактар айлардын атын кооздоп турмушка байланыштырып коюп алышыптыр: акпан, мамыр, караша, желтоксан деп. А биз болсо жапайылыгыбызды көрсөтүп бир айныган аңчынын календарындагы жалаң жапайы айбандардын аттарын (кулжа,теке,бугу,куран) коюп алганыбыз аз келгенсип, сөз табылбай калгансып , тескери санап: тогуздун, жетинин, бештин, үчтүн, бирдин айы деп башка элдерге күлкү болуп жатканыбызга жол болсун. Баарынан жаманы айлардын ушул аттарын 5-класстын кыргыз тили боюнча окуу китебине жазып салышыптыр. Орустар , октябрь революциясына чейин, бекеринен бизди "дикокаменные киргизы" деп айтпаптыр. Эң кызыгы, нукура кыргыздар: текенин айы же бештин айы деп эч качан сүйлөбөйт. Кыргыздар январды -чилде, мартты-нооруз, июнду-саратан, июлду-жай чилде дээрин баарыбыз эле билебиз, башка айлардын аттарын калың элден сурасак, кайсы жерде кандай дейт, ошол түшкөн варианттардан, эң жакшыларын тандап алып тилге киргизип койсо болот эле да. Бир кана айта кетчү нерсе, биз пайдаланып жүргөн Рим календарында көп айлардын аттары кудайлардын, императорлордун аттарынан коюлган. Биз деле бир айдын атын, менин сунушум, биз эгемендүүлүк алган август айын Манас айы деп койсок.
Негизи дүйнөдөгү баардык тилдер, анын ичинде биздин байкуш кыргыз тилибиз, убакыт өткөн сайын, башка тилдерден алган сөздөр менен байып, өнүгүп өркүндөп туруш керек, бир гана талап, ошол тилди өркүндөткөн тилчилер сабаттуу болсо.
Баяман Омар




Өзөктү өрттөгөн тил

Эне-тилибизде эки ооз сөз сүйлөй албай уят болдук


"Асман пресс" газетасында өз иштерим менен кирип, отуруп калган элем. Телефон шыңгырап газетанын директору Лариса Асанбекова сүйлөшүп жатканда, байланышка чыккан адамдын күйүгүп сүйлөгөн илеби кадимкидей мага жетип турду. "Ооба, бул азыркы учурдагы эң чоң маселелердин бири. Келиңиз, кенен айтып бериңиз" деп Лариса редакциянын дарегин билдирди. Тез эле демигип шашкан келин кирип келди. Ал шаардагы бирден бир белгилүү балдар дизайн модасынын директору Замира Ибраимова экен. Ал көптөгөн фестивалдарда өспүрүм кыздарды алып барып, улуттук кийимдерди, маданиятты даңазалап, ар кандай утуштарга ээ болуп, кыргызды дүйнөгө таанытып жүргөн демилгечи, изденгич, жаны тынбаган иштемчил дизайнер экендигинен кабарым бар. Анын ашыгып, өз оюн далилдеп жеткирүү үчүн дем албай берген маегине күбө болуп отурдум. Анда Эльбурста өткөн фестивалда ал жетектеп барган кыздар "эң мыкты фольклордуу группа" деген наамга татыктуу болуп, биринчи орун алгандыгын, Балкар телевидениясы жеңүүчү топ катары алардан интервью сурап, "өз тилиңерде бергиле" деген талабын белгиледи. "Ошондо аябай уялып, жерге кирип кете жаздадым. Эмнеге биз өз тилибизде маек куралбайбыз деген сөз азыркыга чейин сөөгүмдү өрттөп турат" деп тим эле ыйлагысы келет. Ал айткандай "жакшы билим берет" деп орус мектебинде окуп, орус тилдүү чөйрөдө өскөн балдардын басымдуу бөлүгү эне тилдеринде эркин сүйлөй албай кала тургандыгын турмуш өзү көргөздү. Анын далили Замира Ибраимова жетектеген топ, эл аралык фестивалда жеңиштүү биринчи орунду алып, бирок өз тилинде интервью берүүгө бирөө батына албай "сынып" калгандыгы. "Мен өзүм шаардыкмын мендеги кыздар да шаардыктар бул маселеге ушул жагдайга чейин эч качан маани берип, көңүл бурган эмесмин. Көрсө, канчалык башка тилде сайрап турган менен, кайсы жерде болбойлу бизди кыргыз элинин өкүлү катары кабыл алышат экен. Мына ушул чындык менин көзүмдү ачты. Кыргыз тилдүү дагы бир муун алмашса, улут өзүнөн өзү жок болуп кетүү коркунучу бар турбайбы. Мен тарбиялап жаткан кыздар өзүбүз тилди жарытылуу билбесек, кийинкилерге эмнени үйрөтөбүз? Кыргызбыз деп улуттук кийимдерди кийип басканыбыз тилибиз жок эч нерсеге арзыбайт тура.
"Мындан ары мен дагы өз тобума кыргыз тилинде эркин сүйлөй ала турган кыздарды гана алам"- дейт Замира чечкиндүү.
Мындан он чакты жыл мурда эл аралык билим берүү программалары менен Кыргызстанга келген белгиялык Жан Пьер жетектеген өкүлдөрдү тосконбуз. Аларга адатыбызча болгон сый-урматты көргөзүп, тейлеп жүргөндөр өз ара орус тилинде сүйлөшүп жаткандарын байкаган Жан Пьер "Силер эмнеге өз тилинерде сүйлөшпөйсүңөр? Же өз эне тилиңер жокпу? Бизге силердин тилдин ыргагын уккан кызык " деген эле.
Кытайларда "адамдын аң-сезими канчалык бийик болсо, ал ошончолук мекенчил болот" деген түшүнүк бар. Ошол себептүү алар дүйнөнүн кайсы бурчуна барса да улуттук белгилерин, өздөрүнүн тилиндеги жарнама, жарнактарын көтөрө жүрүшөт.
Бизде, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан бери алгылыктуу иш-чаралар жүрбөй жаткандыгы тууралу кеп болсо эле "башка улуттарга кысым көрсөтүлүп жатат", "орус тили жектелбесин" ж.б. маанайдагы ызы-чуу көтөрүлүп, аны козгогондорго "мамлекеттин душманы" жарлыгы тагылып "тигилер укса таарынат, токтоткула" кыязы кеп сөздөр айтылат.
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева "кыргыз тилинин жок болуп кетпешине кам көрүүбүз керек" деп мамлекеттик тилдин аброюн арттыруу максатында мыйзамга айрым бир тактоолорду киргизүү зарылдыгы бар экендигин айтып чыккан эле. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү, айрыкча орус тилдүү маалымат каражаттарынан тартып, Россиянын басмаларына Урмат Аманбаеваны "мурдунан алысты көрбөгөн", "улуттардын араларына жик салган" деп күнөөлөп оттон алып, сууга малып, улак тартыш токтобой келет.
Чындыгында У.Аманбаева сунуш кылган мыйзамдагы тактоолордо эч кандай улутчулдук, же башка тилдерди жектөөнүн изи да, жыты да жок. Ал мекенчил депутат катары мамлекеттик тилдин өз деңгээлинде иштеп башташына кам көрүү аракеттерин күчөтүү зарылдыгы бар экендигин гана белгилеген.
Өткөндө НТС каналынан депутаттар У.Аманбаева менен А.Сасыкбаеванын бул багыттын түрдүү пикирлерине да күбө болдук. Анда "Ата Мекен" партиясынын өкүлү А.Сасыкбаева өзүнүн кыргыз тилин жетишерлик билбегендиги мамлекеттин күнөөсү экендигин белгиледи. Ага У.Аманбаеванын "Туура. Бүгүнкү күндө мамлекет - элдин көйгөйүн чечүүгө шайланган Сиз жана Мен. Ошондуктан мындан кийин да бирөөлөр бизди күнөөлөбөсүн үчүн, бүгүн чечкиндүү чараларга барганыбыз шарт" деген жообу көрүүчүлөрдүн көбүнө жакты.
Редакциянын эшигин кагып, жасаган эмгегине алган сыйлыгынан мурда, эне тилинде эркин сүйлөй албай катуу сынгандыгын жашырбай, "кыргыз тилин бала бакчадан тартып, бардык мектептерде окуп-үйрөтүү зарылдыгы бар" экендигин какшап айтып турган Замира Ибраимова, бул маселени мыйзамдуу түрдө бекемдөө керек экендигин сунуштап жаткан Урмат Аманбаева сыяктуу мекенчил инсандардын иш-аракеттерин жалпы коомчулук колдоого алууга тийиш. Ооба, азыркы ааламдашуу шартында жалгыз кыргыз тили менен алыска чыга албайбыз. Муну ким да болсо түшүнөт. Эл аралык байланыштарга алгачкы эле мүмкүнчүлүктөр ачылганда балдарынын келечеги үчүн орус тилин гана эмес англис, немис, кытай ж.б. чет тилдерди да өздөштүрүү керек экендиги түшүнгөн ата-энелер аларды кошумча сабактарга сүйрөп, репетиторлорду жалдап бардык аракеттерин көрдү го. Натыйжада, кыска убакыттын эле ичинде ал тилдерди жогорку деңгээлде өздөштүргөн, ар кандай чет өлкөлүк фирмаларда иш алып барууга жөндөмдүү улан-кыздар өсүп чыкты.
Жашоо-турмуштун зарылдыгынан дүйнөдөгү өнүккөн тилдер өзүнөн-өзү эле тамырлап кете берет. Аталган тилдер кыргыздардын колдоосуна муктаж эмес. Кеп, дүйнөдөгү жалгыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин коргоо жана өнүктүрүү чараларын күчөтүү жөнүндө кыргыздардын эске тутуу жөндөмдүүлүгү, ар нерсени тез кабыл алуусу күчтүү экендигин сыймыктануу менен белгилөөгө болот. Бул сапат - Ата бабадан калган, "Манасты" жатка билүүгө окшогон мурас, же ар бир кыргыздын жан-дүйнөсүндө жашаган, азыркы кездеги тил менен айтканда ген. Башканы айтпаганда дал ошол башкалар эч качан, эч кандай баага сатып ала албаган кылымдан кылымга Ата бабалар аздектеп асырап, камырдай ийлеп көкүрөккө салган рухту кийинки муунга өткөрүү үчүн мамлекеттик тилди өз деңгээлинде билүү жана сактоо керек. Бул-мен кыргыз деген ар бир жарандын мойнундагы парзы, улуттук намысы.
Айнагүл Калчаева
Бишкек шаары