Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Убадалар


унутулганда…



"Көзгө атарлар" көккө учтубу?
Адегенде Акшумкар болуп айланып, акырында аргымак болуп акырга байланып, бийликтин шал канат болгонун тастыктагандай таасири эл арасында терс пикирлерди күчөтүүдө. Ал эми мурдагы бийликти мактап-жактагандар дагы ушуну учурунда өз пайдаларына колдонуп калууга умтулушууда. Алардын көшөкөр кошоматчылыгы азыр деле жаңы бийликтеги айрымдарына жага бербей калгандыгын ачык айталы. Бул азыркы бийликке дагы жага бербей калды көрүнөт, мактоолорго манчыркагандан улам мурдагы убадалар унутулуп магдыраган тейде калгандыгын каршылаштары билгичтик менен өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетишүүдө. Бул кийин жоболоңдуу жорукка айланып кетүү коркунучун пайда кыларын эки төңкөрүш тастыктап берген. Муну эске алган, жаңы бийликке аралашкан "консерваторлук" күчтөр мүмкүн атайын уюштуруп жаткандай сезилет.
Үй-бүлөлүк жана кландык бийликти 2010-жылдын 7-апрелинде кулаткан карапайым калк болду. Алардын стихиялык күрөшүндө төгүлгөн кан эч качан унутулбасын, ага жетекчилик кылгандар, ок атууга буйрук бергендер, уюштуруучулар жазасыз калбасын жар салынган. Ал түгүл ошол учурда Убактылуу Өкмөттүн курамына кирген, бүтүндөй өлкөнүн күч структурасына куратордук (жетекчилик) кылган Азимбек Бекназаров сырттан алынып келген 11 "көзгө атар" (снайпер) кармалганы жана алар аёосуз жазаланары тууралуу жагалданып айткан эле. Ага бардыгыбыз ишенгенбиз, акыры акыйкаттык жеңет деп демөөр байлаганбыз, бирок мезгил өткөн сайын "этин эмес, табагын таап ал" дегендей 11и эмес, "көзгө атарлардын" биринин дагы дайны жок, акырында Ош окуясы бүткөнчө "жансакчылары" болуп жүргөн жигиттерди алардын "ордуна салып бергендиги" тууралуу аңыз кеп тараган. Ал эми А.Бекназаров "көзгө атарлар" кантип "бууга айланып учуп кеткенин", же алар кантип "жансакчыларына" айланып кеткенин расмий түрдө айта албады. Ошентип, кечээги чет элдик "көзгө атарлар" кийин кандайча кадимки эле "кыргыз жансакчылар" болуп калганы табышмактуу сырга айланды. Ал түгүл мунун аягында чет элдик көзгө атарлар берерин берип кутулган окшойт деген элдин күдүк пикирин жараткан эле. Элдин мындай шектенүүсү жүйөөлүүбү, же "көзгө атарлар" жомоктун каармандары болгонбу, азыр буга эч ким жооп таппай убаракерчиликти тарууда.
Мансабына,же байлыгына караган заман
Кан төгүлгөн төңкөрүшкө эки жыл толду. Тергөөчүлөрдүн "өз" иштерин "эң мыкты" билгендиктен ишти сотко өткөрүшсө да, ушул мезгилге чейин "соттун адилеттүүлүгүнөн" улам процесс созулуп келет. Сот же өкүмүн чыгарбайт, эки жыл өтсө да ишти же кайрадан тергөөгө жөнөтпөйт. Кейпи, доогерлер менен айыптоочулардын кимиси көбүрөөк "жем" таштайт деп "чыдамкайлуулукту көргөзүп" жаткансыйт, ал эми сотторго кечээ эле Бакиевдердин кыйноочу бөлмөсүндө "мейман" болгон азыркы бийлик өкүлдөрү бул ишти тездетүү талабын коё албай келе жатканында бир жашыруун сыр көрүнөт.
Карапайым калктын бири кокусунан таш ыргытып, коңшусунун бир тоогун өлтүрүп алсынчы, "адилет сотубуз" бирөөнүн жеке менчигине кыянаттык менен кол салгандыгы үчүн эмгиче өкүмүн чыгармак. Анын ден соолугуна байланыштуу процессти токтото турууга, же ден соолугуна байланыштуу жарандык ооруканаларга дарыланууга ушул эле соттор макулдук берген эмес, макулдук бербейт да.Мисал келтирейин. Бир кызга ашык болгон жигит көчөдө ойноп жаткан наристе кызды "ашыгын" чакырып бергенге ээрчитип барганы үчүн анын чоң атасы ал жигитти камакка алдырган эле. Жигитти качырбоого тил кат берген ата-энеси менен бир тууганы тиешелүү сумманы кассага төлөп, тергөөгө өздөрү алып-келип турганга кепилдик бергени менен Талас шаардык соту да, прокуратурасы да, ИИМдин бөлүмү да макул болгон эмес. Айыл Өкмөтүнүн да, мектептин администрациясы жана мугалимдери тарабынан берилген түшүнүк каттарды күч структурасы четке каккан. Себеби алар буларга "жем" таштай алмак эмес. Ал эми 89 күлгүндөй жаш жигиттердин өмүрүн өчүргөнгө катышкандар, миңдеген адамдарды жарадар кылып, алардын келечегине, ден-соолугуна зыян келтиргендердин ишин ушул учурга чейин созуп келген сотторго ким кандай баа берет? Ал түгүл канкордугу ашынган аларга "боор ооруп, жарандык ооруканаларга дарыланууга аныктама чыгарып берген соттордун моралдык облиги канчалык деңгээлде экенин ким аныктап берет?
Бул жөн гана тенденция, адилеттүүлүк - жөн эле параддык форма. Логикалык жактан ой жүгүртүп көрөлүчү. Жогорудагы мисалдар боюнча карап көрөлүк. Жигиттин ата-энеси укуктук гана жактан эмес, билими жактан да сабатсыз адамдар болчу. Энеси - "Баатыр Эне".(СССРдин учурунда алган), анын үстүнө бир буту жок. Тергөөчүлөр менен сотторду "ыраазы" кылар каражаты жок. Алар менен тил "табыштырар" таланты жок. Телефон шыңгыратар чоң кызматта адамы жок. Буларда күнүмдүк жашоодон башка талабы да жок. Аларда бардыгы - жок. Ошондуктан алардын өтүнүчү да, талабы да аткарылган жок.
Мына, Акүйдүн алдында курман болгондор карапайым калктын балдары. Ошолордун бири бийлик өкүлдөрүнүн бири болуп калса, бул маселе эмгиче чечилмек да, сурак берип жаткандардын үстүнөн эмгиче өкүм чыгарылмак. Соттордун кылчактап, иштин создуктурулгандыгы деле ушундан. Орой айталы, "чоң оозурган" жерге "экологияга канча зыян келтирилген?" - деп комиссия түзө койгон парламент да, мамлекеттик айыптоочу прокуратура да бул маселеге келгенде "жаагын басып" отуруп калды. Ушул мезгилге чейин булар А.Бекназаровдон 7-апрелдеги "кармалган снайперлер кайда?" - деп сураганга жарашкан жок. Ушунун өзү азыркы бийликтин бетине каршы тараптын көө сүйкөшүнө шарт түздү. Бул далилдөөнү талап кылбаган чындык.
Адилетүүлүккө жетерибиз күмөн
Соттордун адилеттүүлүгүн калыбына келтирүүгө реформа башталганы менен анын чоң натыйжага жетишине ишеним жок. Коррупцияланган бул тармак дагы деле өзүнүн үстөмдүгүн жүргүзүп, "өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип" жатат. Мамлекеттик айыптоочу прокуратура кандай талап койсо да, сот аларды кааласа четке кагып коюуда. Эгерде алар акчага же бийликке көз каранды болбосо, Акмат Бакиевдин же кан төгүлгөн окуяга катышы бар М.Суталиновдун "ден-соолугуна" кам көрбөйт болчу. Дарылоо иштери абакта эмес, эмне үчүн жарандык же менчик ооруканаларда жүргүзүүгө тийиш эле. Алар бир бээ, бир тоок уурдаган эмес. Алардын кылмышы андан да оор, адам өмүрүнө кол салуу ишине байланышкан. Буларга "гумандуулукту" көргөзгөн биздин "боорукер" соттор эмне үчүн башкаларга мындай гумандуулукту көргөзүштү? Мисал келтирели.
Качандыр мезгилде, Бакиевдердин учурунда ишкер-айым А.Турдубаевага мошенник катары айып коюлган. Калыстыктан тайбайлы, ал убадаларын аткарууга аракет кылгандыгын, бирок ишеним кылып, буга мүчө болуп киргендердин акчаларын алып "качып" кеткенге аракет жасагандыгы жалган деген пикирибизди билдиргенбиз. Буга негиз бар эле. Турак-жай курулушунун биринин бешинчи кабаты, кийинкисинин 3 кабаты, 2 кабаты, калгандарынын пайдубалы бүтүп калганына карабастан, кийлигишкен күчтөрдүн таасиринде анын онкология институтунда дарыланып жатканына карабастан УККнын кийлигишүүсү менен ооруканада алсыз аялдын колу-бутуна кишен салынып, такай кайтарууда болгонун жарыкка чыгарганбыз. Мына ушул үчүн ошол кездеги парламенттин төрагасынын орун басары К.Исабековдун бул ишке кийлигишип,макаланын автору катары мага жиберген айып коюлган "бир папка кагаздары" сакталып турат. Бул адам юридикалык билимге ээ болгон учурду эске алсак, "курулушчулар" партиясынын түзүлгөн мезгилге көңүл бурсак көп нерсе ачыкка чыкмак. Бирок чындыкты издөө кыйын, ага менин калган өмүрүм жетерине да ишенбейм. Бирок, "гумандуу" сотторубуз айрым жеңилчиликтерди неге иштин маңызы экономикалык мааниге ээ болгон А.Турдубаеванын ишине келгенде ушул (болгондо да операцияга даярдалып жатканда) адамгерчиликти көргөзгөн жок. Ага караганда адам өмүрүнө кол салган, алардын ден соолугуна кыянатчылык менен залал келтирген, келечегине балта чапкан А.Бакиевге, М.Суталиновго "катуу жөтөлүп калганына карап", дарыланып чыгышына шарт түзүп берген соттордон калыстык күтүүгө болобу? Ушундан кийин сот адилеттүүлүгүнө ишенүүгө болобу?
Азыркы күндө качырыла турган акулалар "боштондукта" жүрүп, ал эми алар үчүн "чабактардын" гана соттолушу адилеттүүлүк болор бекен? Эмне үчүн А.Бекназаровдор кармаган "снайперлердин" бири дагы сот процессине тартылган жок? Ошол мезгилде бийлиги колунда тургандар кийин ал "снайперлердин" ордуна кийин жан сакчыларын түртө салышында кандай сыр бар болду экен? Учурунда айтылган убадалар ишке ашпай калгандыгынын себептерине эмне үчүн күч структуралары иликтөө жүргүзбөй келе жатат? Алгачкы сот процессинде соттолуучулардын саны азайып бараткансыйт? "Колго түшкөн коёнду, коё бергендер" бул маселеге байланыштуу неге камакка алынбай отурат? "Жабылуу аяктын жабылуу калышы" кимдердин кызыкчылыгына байланыштуу? Эмне үчүн окуянын өткөнүнө 2 жыл өтсө да, алардын катышуучуларынын, уюштуруучуларынын жана аткаруучуларынын ким экендиги аныкталса да сот процесси "Чубактын кунундай чуулган" салып созулуп келет?
Менимче, мунун себептери нечендеген жылдар бою ачыкка чыгарылбайт, кийин бул бир тарыхый окуя катары кабыл алынат. Бирок алдын-ала божомол жасап көрөлү. Иштин созулушу бизде бийлик, бүтүндөй мамлекеттик машиналар (сот, прокуратура, милиция жана башка уюмдар) менен криминал чөйрөсүнүн биригип кеткендигинен кабар бергенсийт. Ошондой эле мында "жогоркулардын" кимдир-бирөөлөрүнүн кызыкчылыгы да бар сыяктанат. Бул боюнча логикалык жактан жыйынтык чыгарсак, окуянын башында турган Бакиевдер да, кан төгүүнүн башкы авторлору да эч качан кармалбайт да, жоопко тартылбайт. Себеби, чиновниктерибиз өзүнүн жолун "бийлик эч качан сотко кысым жасабайт" деген шылтоону энесинин этеги катары пайдаланат, анткени ушул кырдаал өздөрүнүн башына түшүп калса, жооп берүүдөн коркушат. Ишти тезинен бүтүрүүгө талап коюу менен кысым жасоонун айырмасын билбегендердин аракет жасабай турганы ушундан улам эле ачык көрүнүп жатпайбы!?

Эртабылды АТТОКУРОВ