Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жеңишбек Жумакадыр:

"КЕЛЕЧЕКТЕ УЛУТКА


КҮЙГӨН УРПАКТАР ЧЫГАТ"


Блиц анкета
1. Туулган күнү, жылы: 9-май 1977-жыл.
2. Кайсы жердин кулуну: Нарын облусу Эмгекчил айылы
3. Сүйүндүргөнү: Кыргыз болгону.
4. Өкүндүргөнү: Кетирген каталары.
5. Эң мыкты сапаты: Ак көңүл
6. Жакпаган сапаты: ишенчээктиги, кээ бир досторунун сатканына кейийт.
7. Эң бактылуу көз ирмеми: Кудайды тааныганда.
8. Корккону: Баарыбыздын кыяматтагы абалыбыз.
9. Сүйгөн китеби: Куран, Манас
10. Жашоодогу урааны: Кудай буюрса сөзсүз аткарам..


- Ислам дини кыргыздын каада-салтына бөгөт коюп жатат деген сөздөр болуп жатат.
- Ислам динине кимдер гана асылбайт. Бул каршылыктар, жамандыктар болмоюн жакшы нерсенин кадыры билинбейт. Ислам дини Күн сыяктуу, ага таш ыргыткан менен зыян бере алышпайт. Каада-салтка эч кандай каршылык көрсөтпөйт. Улак тартканга, тушоо кескенге, кудалашмай, ат коюу ж.б. ким каршы экен? Эгерде зулум кыла турган нерсени алсак динге эмес, адамга да жакпайт. Мисалы, кыз ала качуу салтпы, же кыздар малбы? Анын да жүрөгү, жан дүйнөсү бар. Эркектин көңүлү болуп, кыздын көңүлү болбош керекпи? Анан босогого жатып алышат. Аттасаң балекетке каласың деп. Бирок мен аттап кете бергиле деп айтмакмын. Анткени, зулум көргөн адамдын дубасы кабыл болот. Ошон үчүн кыздар өздөрүнүн укугун билиши керек. Азыркы күндө айтып жатышпайбы куранды кайра иштеп чыгыш керек деп. Куран эмне Пушкиндин ыры беле? 15-кылымдан бери кимдер гана тантырашпады. Анан арабдаштырып басып алат деген бир макоонун сөзү. 15-кылымдан бери дүйнө жүзү араб болуп кетпейт беле. Аллахтын ишине кийлигишпеш керек. Мына кыш болбойт деп коюшуп эмне болду?
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз? Жубайыңыз менен айтышып жүрүп табыштыңыз беле? Чыгармачылыгыңызга тоскоолдук кылбайбы? Жеңебиздин жардамы кандай?
- Мен 17ге чыга элек кезимде үйлөнгөм. 3 кыз, 1 уулум бар. Балдарым чоңоюп калды. Жубайымдын кесиби мугалим. Бирок үйдө балдарга тарбия берет. Эне деген мыкты университет болсо балдар да мыкты болот да. Чыгармачылыкка болсо эч кандай тоскоолдугу жок. Карапайым үй-бүлөдө тарбияланган колуктум бар.
- Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы саясатка кандай баа бере аласыз?
- Мен биринчиден саясатчы эмесмин. Саясатка киргенде көп адамдарды айткым келет, азыр көзү жокто айтсам артынан ушактагандай, эркектикке жатпай калат. Эми Кудай буюрса маселелер оң жагына чечиле баштады го. Эл көчөгө чыккандан чарчады. Падыша менен вазирлер Кудайдан корккондо гана оңолобуз. Мурдагы бир ырым эске түшүп жатат.
Булут болуп көккө чейин барышкан,
Ыйык кылып өзүлөрүн табышкан.
Жаздыгына гүлдүн жытын себишип,
Жакындарын жакут төшөп багышкан.
Эртенкинин тамырына балта чаап,
Эл бакчусун торго камап чалышкан.
Эсеп берер кыяматты унутуп,
Эл бактысын менчик кылып алышкан.
Карабасып күнү бүтүп турса да,
Кан тактыдан колу чыкпай карышкан.
Уудан кайткан тайгандардай шыйпандап,
Увазирлер жалган айтып жагышкан.
Көкүрөктөр түпкүрүнөн үн чыгат,
Качан келет калкка күйөр даанышман.
Үшүк алган жан дүнөлөр жылыбай,
Үмүт кана бүлбүл жанат алыстан.
Маектешкен Фаризат Иманалиева





Кыргызстандын келечеги -
мамлекеттик тилинде
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аида Ишеналиева Түрк Информатика коомунун мүчөсү, жазуучу, коомдук ишмер, Анкара шаарындагы "Билисим" илимий-рухий журналынын кабарчысы Корай Өзер менен болгон маеги

- Кыргызстанда кайсы тил басымдуулук кылат? Кыргызстанда канча тилде сүйлөшөт?
- Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил болуп эсептелет. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргызстанда алгачкы жолу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзам легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган. Андан бери 23 жыл арадан өтсө да кыргыз тили мамлекетик тил даражасына өз деңгээлинде жете албай келет. Коңшу өлкөлөр бизге караганда бул жагынан алдыда. Өздөрүнүн мамлекеттик тил маселелерин алда канча чечип алышты.
Ал эми Кыргызстандын баш мыйзамында белгиленгендей орус тили расмий тил катары өзүнүн кызматын аткарып жатат. Борборубуз Бишкек шаарында жана аны курчап турган Чүй областында иш кагаздары дээрлик расмий тилде жүргүзүлүп, коомчулук расмий тилде иш алып барышат. Көбүнчө иш чаралар: жолугушуу, маданий, окуу, расмий иш чаралар да орус тилинде өтөт. Муну көп улуттуу эл жашагандыгы менен түшүндүрүп келебиз.
Жогоруда айтылгандай Кыргызстанда 78% кыргыз эли жашагандыгына, мамлекеттик тил боюнча мыйзам болгондугуна карабастан дагы да болсо расмий тил болгон орус тили басымдуулук кылып келет.
Бирок айылдарда мисалы Нарын жана Талас областарында жалаң кыргыздар жашаган жерлерде иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, бардык иш чаралар кыргыз тилде өтөт. Андан сырткары азыркы учурда жаштар дүйнөлүк тил болгон англис тилин үйрөнүүгө далалат кылышат. КР Билим берүү министрлиги да көп тилдүү билим берүү боюнча долбоорлор менен иштешип, келечектеги муундар мектептен кыргыз тили, орус тили менен бирге эле англис тилин билүүсүнө шарт түзүп берүүгө аракет кылышууда. Мамлекеттик кызматка дагы аларда англис тилин билгендерге артыкчылык берилет.
Ата-энелер да (кайсы улуттун өкүлү болбосун) өзүнүн баласына мамлекеттик тилди үйрөткөндөн көрө англис тили боюнча курска беришет.
- Адабиятта, искусстводо жана илимде кайсы тил үстөмдүк кылат?
- Бул тармактардын ар биринин деңгээли ар башка. Албетте кыргыз адабияты кыргыз тилинде жазылып, айтылып мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Ал эми дүйнөлүк же орус адабияты тууралуу айта турган болсок кыргыз интеллигенциясы дүйнөлүк адабиятты орус тили аркылуу таанып-билишкендигин ачык айтып келишет. Чындыгында 20-кылымга чейинки дүйнөлүк же орус адабияты кыргыз тилине которулуп, жалпы журт окуп-билип, таанышса. мектепте жана жогорку окуу жайларында программага атайын киргизилген. Ал эми учурда дүйнөлүк жаңы чыгармалар которулбай эле өз окурмандарын таап келет.
Коомчулукта көптөгөн суроолорду жаратып келген маселе кыргыз тилинде илимдин жаралышы же болбосо кыргыз тили илимдин тили боло алабы деген маселе. Ооба, буга чейин Кыргызстанда илимий иштер орус тилинде жүргүзүлүп, жазылып келген болсо азыр кыргыз тилине которулуп, керек болсо кыргыз тилинде жазылып баштаганы сүйүнөрлүк көрүнүш.
Мисалы агрардык, медицина, биология, тарых ж.б. боюнча жазылган эмгектер бар. Ал эми искусство темасына кайрылсак, Кыргызстан бул жагынан демократиялуу өлкө десек болот. Ар бир жаран каалаган музыкасын угуп, каалаган театрына бара алат. Бул жерде орус тили менен бирге эле кыргыз искусствосу да жакшы өнүгүп келе жатат. Белгилей кетчү нерсе, эгерде, Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлү жашаса, ар бир улут өзүнүн улуттук каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын, тарыхын, тилин өркүндөтүүгө укуктуу жана ага тыюу салынбайт.
- Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрө турган мекеме барбы?
- 1989-жылы мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынганы менен мамлекеттик тилди жайылтуу, өнүктүрүү иштери бир жактуу жүрбөй, тил маселелери дагы да чечилбей жаткандыктан 1998-жылы 20-январда КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия түзүлгөн. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 23 кишиден турган кеңешме органдан (КРнын Президенти тарабынан бекитилген) жана аппаратынан турат.
2000-жылы "КР мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын жана мамлекеттик тилдин ар тараптуу өнүгүшүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан "Мамлекеттик тилди 2000-жылдан 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн 10 жылдык программасы" кабыл алынган. Мына ушул багыттагы 10 жыл аралыгында мамлекеттик тилдин укуктук-ченемдик базасын чыңдоо, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүүзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мамлекеттик тилде иш алып барууну үйрөтүү үчүн материалдык-техникалык шарттарды түзүү, көрүнөө маалыматтарды, терминдерди кыргызчалоо, мамлекеттик тилди үйрөтүү методикасы окуу куралдарын, адабияттарды жазып, жарыялоо максатында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.
Андан сырткары Улуттук комиссия 2004-жылдын 28-декабрында КРнын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруу жана материалдык-техникалык шарт түзүп берүү чаралары жөнүндө №958 Токтомунун жана "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө" жобонун негизинде иш алып барат.
Учурда 14 кызматкери жана эки бөлүмү бар. Республикада мамлекеттик тил саясатын жүргүзгөн жападан жалгыз орган буга чейин 6 жолу өзгөрүп, жоюлуп 6 жолу кайра калыбына келди. Акча каражаты аз бөлүнгөнү менен билим берүү тармагы болобу, котормо, терминдер, басма иштери болобу мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу иштерин жүргүзүп, бул багытта мыкты ишмерлигин көрсөткөн инсандарды, кызматкерлерди (кайсы улуттан болбосун) 2006-жылы уюштурулган "Кыргыз тили" төш белгиси, Ардак грамота жана дипломдору менен сыйлап келет. Андан сырткары көптөгөн иш чараларды: сынак, семинар, конференция, жолугушууларды өткөрүү менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык эле каалоочуларды мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө, мамлекеттик тилде жакшы сүйлөөгө Окуу-маалымат борбору аркылуу үйрөтүп жатат.
Мамлекеттик тил комиссиясынын азыркы төрагасы Момбеков Рыскелди Чыныбекович мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү биринчи ирет бала бакчадан баштоо керек деген максатта балдарга арналган Кыргызча китептерди, мультфильмдерди чыгаруунун үстүндө иштеп жатат.
- Акыркы 30 жылдын ичинде жаңы ааламдаштыруу маданияты жана технологиялары боюнча көптөгөн сөздөрдү угуп келебиз. Мисалы: интернет, социалдык тармак, инновация ж.б. ушул сыяктуу сөздөрдү кыргыз тилинде кантип которуп, колдонуп жүрөсүнөр?
- Кыргызстан СССРдин курамындагы мамлекет катары түзүлгөн учурдан тартып эле терминдерди түзүү маселеси көтөрүлө баштаган. Ошол мезгилдин илим-билимдүү адамдарынын бири, коомдук ишмер Б.Данияров математикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүн түзүп, анын натыйжасында 1925-26-ж.ж."Арифметика боюнча маселелер жыйнагы", "Геометриянын башталгыч курсу" аттуу китептер жарык көргөн. Ошентип термин маселесин иштеп чыгууда математиктер дыңды бузуп, көч башында турган. Ал эми алгачкы адабий котормо китеп, туңгуч терминолог, окумуштуу К.Тыныстанов тарабынан которулган "Өзгөрүш ырлары" деген аталыш менен 1925-жылы жарык көргөн.
1926-жылы Кыргыз АО Ревкомунун токтому менен Билим комиссиясынын карамагында Терминология комиссиясы түзүлгөн. Ошол Терминком терминдерди түзүүнүн төмөнкүдөй принциптерин иштеп чыккан же тагыраак айтканда жалпы союздук лингвистикалык практикага таянган.
Эгемендин эпкини менен орусча жазылган документтерди кыргызча которуу бардык жерде жапырт башталган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында, Өкмөттө, Жогорку Кеңеште котормо секторлору түзүлгөн. Мурдатан ченемдик-укуктук актыларды кыргызча жазуу практикасы болбогондуктан жана котормо иши бир жерге борбордоштурулбагандыктан термин которуу жана колдонууда чаржайыттык пайда болду. Мисалы, "заявка" деген термин арыз, билдирме, өтүнмө. тапшырык, "распоряжение" болсо буйрук, буйрутма ж.б. түрдө алына баштады.
Мына ушул багытта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдында түзүлгөн Терминком опол тоодой иш аткарып келүүдө. Жыл сайын терминком талкуулап кабыл алган жана бекиткен терминдер 2010-жылы өзүнчө жыйнак болуп чыкты. Алсак, уникальный деген сөздү сейрек, нагрузка-жүктөм, аукцион-тоорук, брокер-далдалчы, критерий-ченөлчөм ж.б. деп которулат.
Кийинки кездерде кыргыз тилинин лексикалык коруна орус тилинен жана ал аркылуу чет тилдеринен терминдер күргүштөп кирүүдө. Азыр уккан жаңылыгың, анан эскирип калган маалымат технологиясы заманында ар бир атоонун этимологиясын аңдап, кыргызчалап анан коомчулукка сунуштоо процесси жай болууда. Көбүнесе сөздөр которулбай эле ошол бойдон колдонулууда, мисалы интернет-интернет, социальная сеть-социалдык тармак, инновация сөзүн инновация же жаңычылдык деп колдонсок болот.
- Кыргызстанда Өкмөттү электрондоштуруу боюнча долбоорлор барбы, бул тармакта кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
- Кыргызстанда Өкмөттү электрондоштуруу куру сөз менен айтылган менен жогорку деңгээлде ишке аша элек. Себеби, мамлекеттик органдардын жана кызматкерлеринин буга даяр эместиги, бул боюнча бирдей координация кыла турган атайын органдын жоктугу мисал боло алат. Бул боюнча Өкмөттүн Аппараты 2012-жылдын 9-февралында иш кагаздарын жүргүзүүнү электрондоштуруунун системасына тендер жарыялаган жана Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иштер жүрүп жатат. Кыргызстандын кээ бир мекеме-уюмдары документтерди электрондоштурууну өнүктүрүүгө бөлүнгөн гранттары эч кандай жыйынтык алып келген эмес.