Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Сотка менен


токол албаган


Жолочу


- Жоке, маек куралы деп чакырып, айтып чекитин коё электе жетип келипсиң да?
- Маек дегенди чакырып эмес, барып алат. Маек дегенди чалкалап чарпаяда олтуруп, бутту кенен сунуп коюп, чайды кайнатып коюп, "ойт бермеден" ортого бирди коюп, улам тил жибитип коюп анан маек курат, ар нерсенин өз шарияты бар да.
- Кечирип кой Жоке, кечирим деген улуу нерсе эмеспи.
- Кечирем дечи, тим эле военкомат чакырткандай кылганыңды айтпадымбы... Илгери князь (Эрнис Турсуновду айтып жатканы-Б.А.) чакырчу эле "бол батыраак келе кал, эжең базарга кеткен, эй, кийинип олтуруп албагын, жасанып олтуруп албагын, трубканы коюп-койбой жетип кел, эжең келгиче жетишебиз!" -деп.
- Эмнеге жетишесиңер, ошону чечмелесең?
- Эмне, экөөбүз кыз-келинге бармак белек, жумурубуз жулунуп атат да ошого...
- Анан?
- Анан ошо...мен жеткенден кийин баштайбызда , анан княздын байбичеси базардан келеби, келбейби, ал өзүнүн иши болуп калат да...
- Жоке, ушу сенин сатира жанрында Жолочу Рысбаев деп эле, оозума таш дечи, жетим калгандайсың. Буга не дедиң?
- Элим тургандан кийин эмненин жетими...Бир ирет жаздым эле:
-Эсенгул, Жапаркулга тийиштүү
Эптеп бутка турушум,
Сарногоевден алды элем
Сатиранын угутун
Э-эй, жазып жетпей жатамын,
Жалгыздын иши курусун,- деп.
Турмуштун бүгүнкүсүнөн го, накта таланттар азайды. Чыгармачылыктын накта фанатиктери эле калбаса, көбү акча жагына ооп кетти. Кызыгы, азыр таланттуулар акын, жазуучу болбой эле, акчалуулар акын болуп кетишти, жазуучу болуп алышты. Айланайы-ын, чыгарган китептерин айтсаң, калыңдыгы арак салган жашиктей бар. Анча сөздү кайдан табат мээм жетпейт, мээм жетсе, акылым жетпейт!
Бир мейманга же башка жерге барсаң, сатирик акынмын дегенден уяласың. Айтсаң, шылдың кылгандай карашат. Ойлоп калам, "эй, шоркелдейлер, мобу мен, Жолочу Рысбаев деген сатирик силерге боорум ооруп жатат... бирок, силерди айыктыра албайм, өз убалыңар өзүңөргө" деп...
- Эмне аларды айыктырса болбойбу?
- Кайдан... Өтүшүп кеткен да.
- Азыркыдай чакчелекейи түшө элек заманда силерге-сатириктерге тема көп болсо керек эле?
- Жок, анда аз эле тема болчу: жеп-ичкендерди жазчубуз, арак ичкендерди жазчубуз, жумушунан кечиккендерди жазчубуз. Анда жеп-ичкендер колун колтугуна чейин салып жиберчү эмес, ченеп-бычып жешчү да. Мына ошол жогорудагы темалардын тегерегинде эле бийлей берчүбүз ...Азыркы коомуң кокуй болуп калбадыбы. Азыр сайдан таш алып ыргытып жиберсең түз эле барып бир оркойгон кемчиликке тарс эле дей түшөт. Азыр момунунан шылууну көп, акылдуусунан акчалуусу көп, мыктысынан мылтыктуусу көптөр... азыр ар кадамыңан сатирага тема көрөсүң, эшиктен башыңды чыгарсаң эле сатира. Ал дагы, жаз. Антейин десең, окуган адамдар аз. Азыр "Алиппени" тааныбай калгандар толуп кетпедиби...
- Эсенгул Ибраев ырларын жатка айтчу эле, сен дагы ошондойсуң. Ошондо суроо туулбайбы: сатириктик талантың бир дейли, анан ырын жатка айтуу экинчи бир талантпы?
- Байдыкем, жүздү аттырып, анан тили менен дили жибий баштаганда айтчу эле: "Кээ бирөө өзү жазган ырларын өзү барактан окуйт, тетиги Совет Министринин токтомун окуп жаткансып. Эй, өзүнүн мээсинде калбаган ыр өңгөнүн мээсинде калабы?!" деп. Ырасында эле өзүң жараткан ырыңды өзүң ала жүрүшүң керек да. Кереги тийген учурда сууруп чыгып айтып турсаң мыкты да. Маселен тегирменчи унга агала болуп жүрүш керек, трактористиң май жыттанып туруш керек дегендей...ал эми акын ыр жыттанып ыр айтып туруш керек... Анан кабинетке кирип бекинип алып, галстукту тагынып алып, бала-чакаңды кууп салып, ыйынып-ычкынып ыр жазсаң, аны кантип айтып бермексиң. Ыр деген өзү келет да дилиңе кирип алат, ал дагы айта бер...Өткөн жайда Жазуучулар Союзу чакырды тээтиги Ала-Букага барып эл менен жолугушуп келели деп. Бардык. Эл менен жолуктук, ыр окудук. Кечинде бир жерге алып барып сыйлашты, аким келди , башкасы келди. Ошондо тост мага жетти эле дедим:
- Жеринде Ала-Буканын,
Жетине албай турамын,
Мерчеми келсе жок дебейм,
Мен деле жакшы букамын,
Таанышат элем тарс эле,
Табылса жакшы кунаажын, -десем күлбөгөн адам жок, кыраан каткырык.
Ош окуясы болгондон кийин дагы түштүккө барганбыз. Ошондо Рысбай Абдыкадыров атындагы филармонияда кезигишүү болуп кеп мага тийгенде айттым: Байдыкебиздин бир жакшынакай ыры бар, аны баарыңар билесиңер:
- Кыргыз жери сопсонун,
Кыйласынан Ош сонун.
Чай ичиң, кел деп турат,
Чаар топу досторум.- дейт эмеспи, эми азыр деле ошондой бирок, моминтип айттырып жатат:
- Кыргыз жери сопсонун,
Кыйласынан Ош сонун.
Чай эмес, чама сунбай калыптыр,
Чаар ичеги досторум, -дедим эле залдагылар каткырып күлүп кол чаап жиберишти.
- Эгерде комуз үйрөтүп туруп, кана Жоке, төгүп жибер десе төгө алат белең?
- Эми биздин табият төкмөлөрдөн башкачараак болот. Мындан, маселен, жыйырма жылдай мурун чамгарактап турган кезибизде Жокеңе эки жүздү аттырып туруп айтыштырса, кудай бетин салбасын бирдин үстүнөн чыкмакпыз да...
- Артыңдан келаткан, же жашырып таптап жүргөн шакиртиң барбы?
- Эми андайым деле жок. Таланты барлар устасы жок эле жетерине жетип алат... Мен онунчуну бүтүп борборубузга келерим менен эле Байдыкемди издегем. Кийин, кийин кай жердиксиң дейт. Түптүкмүн десем, түптүктөрдүн ити да мага жезделеп үрөт дебатпайбы. Көрсө, аялы Түптөн тура. Байдыкемдин артынан калбай жүрүп далай нерсени үйрөндүм. Баса, Байдыкемди сураштырып олтуруп "Ташкоргондон" тапкам.
Азыр эми Кимбайке (Төлөгөн Карыкев-А.Б.) менен "бака чардак" жерлерде чогуу болуп калабыз. Экөөбүздүн сатириктигибиз бир тарапта. Мурун болсо:
Сай боюнда Төкөлдөшкө барабыз,
Сары саамал пиволордон алабыз.
Улуу, кичүү акындардын баарысы,
Ушул жерден жакындашат арабыз, -дечүмүн да, анан айтып калабыз Жазуучулар Союзу ушул жерге салынса болмок экен деп. Бизди Жазуучулар Союзу бириктирген жок, биз бири-бирибизди Төкөлдөштөгүдөй жерлерге чакырышып жатып бириккенбиз.
- Жоке, кезинде сатира дегениң күчтүү курал эле, ээ?
- Ой, оо-й, ал кезде атеизми бар кез, "кудайдын алы жетпеген жерге сатиранын күчү жетет" деп коюшчу да. Сатира деген далай кызматкерлердин өтүн алып жиберчү да! Азыр эмне адабияттын баркы кетип баратканда, сатира сырт калмакпы...
- Жоке, албетте, сенде наам-паам деген жок да, ээ?
- Сурап ичсе тойбогон, сукулдагын койбогон дегендей сурап турса берет экен. Сурабаса жок экен. Жолочу Рысбаев деген наамым бар, жетип берер ошонум.
-Коркпойм, билем, койкоёт колдо калем,
Элим барда мен өзүмдү,
Теңештирем Элемандын Төштүгүнө,
Алган жарым, балдарым аман турса,
Кирпик эмес, кир жугузбайт өтүгүмө.
Бир барактык кайырчы эмесмин го,
Бербесе, тыгып алсын көчүгүнө.
- Жашың алтымыштын үчүндө, жүрөк кантти?
- Жүрөкпү? Жүрөк минтип атат:
Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм,
Суктанамын көз электен өткөзөм,
Жылмаңдаймын баарысына жабышып,
Жыйырмамда мен мынчалык көппөгөм.
Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Оргуп-ташып ошол замат бөксөрөм,
Оолукканды сурабагын, айтпаймын,
Отузумда мен мынчалык көппөгөм.
Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Кызганамын, күйүп-жанып өрттөнөм,
Кыялымда жанашамын бир басып,
Кырк жашымда мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билип жакындар,
Шериктешип менде да бар асыл жар,
Сууруп алам чечекейиң десе да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
- Жоке, Жоке, бир ачууңду мага бер...
Маектештин кеби менен
ырын уккан
Баратбай Аракеев