Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жеңишбек Жумакадыр:

"КЕЛЕЧЕКТЕ УЛУТКА


КҮЙГӨН УРПАКТАР ЧЫГАТ"


- Жеңишбек байке саламатсызбы? Көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз? Азыр кимдер менен иштешип жүрөсүз? Чыгармачылыкта эркин адамсызбы?
- Негизинен көрүнүп эле жүрөм. Болгону 2-3 жылдан бери жаңы ырларым чыга элек. Элге жаңы чыгарма тартуулабай калсаң эле сурай башташат. "Каякта жүрөсүң, эмне кылып жатасың?"- деп. Мурда "Учур" жаштар театрында, 21-кылым радиосунда иштечүмүн. Азыр эч кимге баш ийбеген, эркин чыгармачыл адаммын. Бирок мекенге,элге кызмат кылайын деп, адашкан адамдарды туура эмес жолдон түз жолго салууга аракет жасап жүрөм. Анан дагы "Марал Фм" деген радио ачтык буюрса башталып ишке кирип жатат. Ал жерде дагы жаңы программалар менен чыгабыз элге.
Кубалаган сымал шаштырып
Кулагымда өмүр кадамы
Тоо болсоң да огун аттырып
Тосуп турат өлүм карааны
Жүрөгүмдү бөлүп баарына
Болсом деймин көңүл адамы
- Эне тилибизге күйүп, эне тилдин көйгөйүн калем аркылуу чагылдырган акындарыбыз арбын. Ал эми сиз төкмө акындардын ичинен кыргыз тилине күйүп ырдагандардын бирисиз. Эне тилибиздин абалы качан оңолот деп ойлойсуз?
- Эне тилибизге мен кыргыз дегендердин баары күйүп-бышып жүргөнсүйт бирок, бул маселенин чечилишине дагы 10-15 жылдай убакыт сарпталат го. Эне тилибизге кайдыгер караган муун жоголуп, Кудай буюрса улутка күйгөн жаңы муун, урпактар чыгат деп ойлойм. Ошондуктан эне тилибизди баланын тили чыкканда бала бакчалардан үйрөтө баштасак жакшы болмок. Кытайлык бир казак жөнүндө бир мисал айтайын. Балдарына көчөдө жүргөндө кытайча сүйлөсөңөр мейли бирок, үйдүн босогосун аттагандан баштап казакча сүйлөгүлө деп талап коёт экен. Негизи эле казактар өз эне тилин биринчи орунга коюп, кандай болбосун аны сактап калууга аракет жасап жатышат. Көптөгөн чет мамлекеттерде болдум. Алардын бардык иш кагаздары, көчөдөгү көрнөк-жарнактарына чейин өз тилинде жазылган. А бизде Кыргызстанда жашап туруп кыргызча сүйлөгөндөн уялгандар бар арабызда. Жанагы "Народный" деген дүкөндүн сатуучу кыздары менен көп урушам. Кыргыз кыздар кардарларды орус тилинде тейлешет. "Ай, эмнеге кыргызча сүйлөбөйсүңөр" - дейм. Уялып калганы бар, каяша айтып, уруша кеткени да бар. Өзүбүз күйбөсөк өзгөлөр күймөк беле.
- Кыргыздар башка элдердин тилдерин бат үйрөнүп, ийкемдүү келет эмеспи. Ошол эле учурда өз эне тилин жоготуп алгандар да жок эмес. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз.
- Кыргыз өзү бүт нерсени бат үйрөнөт. Башканын салтын, тилин, дилин, ал тургай модасын бат өздөштүргөн оома калк болот экенбиз. Кыргыз кайсы тилди жакшы үйрөнүп, ошол тил менен кетсе анын жан дүйнөсү да ошондой болуп калыптанып калат. Орусча сүйлөгөндөрдү карап көрсөңөр аларда таза кыргыз көрөңгөсү жок, жан дүйнөсү кыргызга тартпайт. Мисалы, бизде кыргыз болуп туруп кыргызча билбеген чоңдор да бар, 60тан ашканча кыргызча бир сөз билбей, орусча сүйлөп жүрүшөт. Ушул убакка чейин кыргызча үйрөнө алышпайт. Мен муну ыкластан жана тилге болгон сүйүүдөн деп ойлойм. Алардын мээсинде же жүрөгүндө бир балээси бар да, ошон үчүн кыргызча үйрөнө албай жүрүшөт. Менин орусча чоңойгон досторум бар, бирок аракет кылып жатып азыр таза сүйлөшөт.
- Төкмөлүк талантыңыз уккан ар бир адамды суктандырбай койбойт. Жараткан мындай талантты сүйгөн пендесине тартууласа керек. Ата-тегиңизде төкмөчүлүк бар беле?
- Төкмөлүк бул - илхам деп коёт. Мен өзүмдү төкмөмүн деп деле эсептебейм. Өнөрдү да таптап бакса, эмгектенсе жакшы болот. Биз ошого аракет кылып келатабыз. Элге акын болуп таанылып калгандан кийин аны аркалап, өркүндөтүп дегендей. Атам болсо мен кичинекей чагымда каза болуп калган. Айылда көп айтышат атам Казыбек казалчынын казалын катуу айткан киши болуптур. Таң атканча суранып айттырышчу экен. Бирок ал учурда Казыбектин казалын айткандарды тыйышчу да совет өкмөтү. Жашырынып теңтуштардын ичинде айтчу деп калышат. Канда да болсо керек деп ойлойм. Мындай өнөр жети муундан кийин ооп келет деп коюшат кыргыздар. Билбейм эми, жетинчи атам акын болгонбу?
- Келечекте сиздердин орунду баса турган муун келатабы?
- Келечекте биздин ордубузду баса турган муун келатат. Жеке эле биздин төкмөлүк өнөр эмес, жакшы адамдардын ордун баса турган муундун келатканы билинип турат. Мисалы, бизден кийин Аалы, Азаматтар болсо алардан кийин, Асылбек, Турат, Баян, Болот, Кубат деген балдар бар. Аларга дайым айтам ыйманыңар, адамкерчилигиңер, тазалыгыңар менен акынсыңар деп. Эмгектенип, тырышсаңар өнөр силердики, ал жерде калтырбайт. Баягыда 4 акындан кийин төкмөлөр чыкпай калды деп жүрүшпөдүбү. Андан кийин деле мына акындар чыкты. Кыргыз барда акындар чыга берет.
- "Үч арман" деген ырыңыздын жаралуу баянын айтып берсеңиз?
- 2003-жылы концерт берип калдым. Оюмда ушундай көйгөйлөрдү айтсам деп жүргөм. Ошол учурда элден мага көп каттар келип, "Мекенчилмин дейсиз, ошону далилдеп бере аласызбы?" дегенде намыстанып кетип, ошол жерден поэзия түрүндө төгүп айткам. Ал илхам менен айтылып аябай жакшы болуп кеткен. Бул ыр азыркыга чейин баркын жоготпой келе жатат. Кээде өзүм көрүп коём. Ырлар жакшы чыккан учурлар болот. Бул ырга байланыштуу интернеттен көп кыздардын рахматын да, жаман сөздөрүн да уктум. Жалпы коомго айтылган сынды кээси өзүнө алат тура. "Ичпечи апа" деген ырды жазганда да көп аялдар ортого алып: "Сен эмне ичпечи апа деп жазасың? Эркектерди көрбөйсүңбү? Ичпечи ата! - деп жазбайсыңбы" деген учурлар болгон.
- Боордош элдин акындары менен айтышканда улуттун намысына тийишкен учурлар болот. Ошондо өзүңүздү кандай сезесиз?
- Боордош элдер казактар да. Алар көп эле намыска тийген. Аалы экөөбүз Астанага барганда мени ырдатпай токтотуп коюшту. Эми андай учурда өзүмдү ыңгайсыз деле сезбейм. Себеби акыйкат биз тарапта да. Алматыда казактын акыны мага: "Айтматовдун "Ак-Кемесин" башыңарга кийип жүрөсүңөр качан чечесиңер? 2200 жылдыкты каяктан чыгаргансыңар? кыргыздар сый тамагына жамбаш тартат экен. Акырында ар бир казактын колунда он кыргыз тентип жүрөт ахыбалын сурай кет",- деп ырдаган. Ошондо мен: "Силерге он кыргыз батпай жатса 100 казак келсин, мен батырып алам. Илгери отузунчу жылдардан кийинки казактар ачкалыктан бизге келишип аман калганын, азыр да Чүйдө казак чоң энелер бар экенин айттым. Ошондо казактын бир депутаты: "Жеңишбек "тонкий политик" экен, байгеге коюлуп жаткан эки машиненин бирөөсүн берели",- деди. Акырында эмне саясат ойноп кетти билбейм 3-орунду алып калдым. Финалда эки казак айтышып жатып бири: "Кыргыз баурыбыз бир машинаны Бишкекке апкетет го" - десе, экинчиси айтып атат: "Кыргыз апкетсе анда биз домбраны музейге тапшырабыз" - деп. Бул сөздөрү менен калыстар тобун да бир чечимге даярдап коюшту окшойт. Кыргыздар "Бирөө үчүн чуңкур казсаң тайыз каз, өзүң түшүп каласың" - дейт. Аны кандай бизди шылдыңдады Аалы катыра жооп берди. Булар жалган тарыхты көп жазып жатыптыр. Кыргыздарда болгон жакшы окуянын баарын эле өздөрүнө таандык кылып. Кытайда 17 гектарды ээлеген тарых барактарын сактаган жер бар экен. Аны кытайлар катуу кайтарууга алышыптыр. Казактар ал жердин да жолун таап кыргыздар деп жазылган жерлерин казактар деп оңдоп өздөрүнүкү кылып атышат дейт. Назарбаев тарых жаратууга көп акча бөлүп жатат. Булар баарын казактар кылып жатышат. Биз болсо көчөгө чыккандан башкага алыбыз келбей, тарыхты унутуп баратабыз. Боз үй, боорсок, улуттук кийимибизди тарттырып жибергени калдык. Биз намыстанып, тарыхчылар таза иштеп, жаңы муунга туура тарых көрсөтүшүбүз керек.
- Айтыштарда ачуу чындыкты айтканыңыз үчүн кысымдар болду беле?
- Бакиевдин убагы болчу. 2009-жылы жеке концерт берип, Азамат казак обонуна салганын тамашалап: "Сен сатылып кеткен Каркыра жайлоосундай окшойсуң"-деп келип, учурдагы көйгөйлөрдү козгоп:
"Ынтымакка чакырган
Туу жоголду, ким көрдү?
Токтогулдун ГЭСинен
Суу жоголду, ким көрдү?",-
деп ырдагам. Ошол КТРде эфирден кеткендин эртеси эле башталды. Концертти тарткан Сагын Ниязалиева режиссёр эже ыйлап чалат. Сени тартканым үчүн мени жумуштан алабыз деп жатат. Жөн эле ырдабайт белең деп дагы бири чалат. Бир эркек жашыруун номерден чалып кыйын акынсыңбы деп атпайбы коркутуп. Анан саясат таануучу Орозбек Молдалиев агага жолугуп калып, ушинтип жатышат десем, эми булар ушинтет бирок эч нерсе кыла албайт деди. Сен үчүн жакындарың запкы көрүп калбасын деп ойлонот экенсиң да. Көп өтпөй өздөрү кетишпедиби кетчү жагына..
- Көп аялдуулукка болгон мамилеңиз?
- Аллах Куранда 4 аял алууга уруксат берген. Аялдардын ортосунда акыйкаттык кыла алсаңар алгыла, болбосо бир эле аял менен калган жакшы деп келет. Мен каршы эмесмин. Эгер каршы болсом Кудайга каршы чыккан болом. Азыр биздин заманда мусулмандардын көйгөйлүү маселеси аялда эмес. Негизги маселе бул - адамдарды ыймансыздыктан куткаруу. Караңызчы бир деп айтканча эле бирөө ыймансыз өтүп кетип жатат. Ага жакшы жолду жакшы багытты айтканга же көргөзгөнгө жетише албай калдык. Ырдап жүрүп өткөнгө эмес, ыймансыз өткөнгө кейиш керек. Же галстук тагынып чиренип өлгөнгө эмес, чыныгы акыйкат калыстыкты тааныбай өтүп кеткенге кейиш керек. Канча миң долларлык костюм шым кийип жүрүп, орогонго кепин буйрубай кеткендерди көрдүк. Канчалаган адамдык сапатка жатпаган окуялар көбөйүүдө. Биз заманды эмес, адамды оңдошубуз керек. Пикирлерди оңдошубуз керек. Жалпы пикир бир болуп, ниет оңолсо баары оңолот. Аял алам дегенден башка көйгөйлөр толтура бирок ислам динин бир гана ошол жагы менен көргөзгөн туура эмес. Эми көп аял алам дегендер алсын. Маселе баарына бирдей мамиле кыла алуусунда турат. Эми азыр көп аял алсын десең, анда биз дагы көп эркекке тийели деген "акылдуу" аялдар бар. Анда тийип жүрө беришсин төрөгөн баласы кайсы күйөөсүнөн экенин билбей. Дагы бир барктуу адамдарыбыз бар, мен бир эле аял менен жашайм дейт. Бирок 5-6 көңүлдөшү бар. Жашыруун зына кылып жүрүшсө унчукпайт. Анан адал, таза бала төрөлсүн десе тыюу салат. Бирөөгө сенин эжең же карындашың бирөө менен жаман иш кылып жатат десең намыстанып эжесин же карындашын коргоп чыгат. А өзү башканын карындашы менен жаман иш кылса ага макул. Мына ыймансыздыктын жеткен чеги. Ал эми нике адал жолу менен боло турган болсо дагы, менин оюмча жигиттердин көбү азыр материалдык жактан даяр, ал эми моралдык жактан даяр эмес го дейм.
- Азыркы учурда чет элдикке турмушка чыккан кыздарыбызга болгон көз карашыңыз.
- Чет мамлекеттин жарандары биздин кыздарды ала турган болсо Түркмөндөрдөй кылыш керек мамлекетке баланча акча деп. Кыздын баркы дегендей. Бир жерге барып калсам, 50 жаштагы Америкалык кишиге таптатынакай жаш кыз турмушка чыгып жатат. Алардын ортосунда эч кандай махабат жок. Болгону акчага кызыгып тийип жаткандай. Балким жаңылам, бирок мага ошондой сезилди. Бул жагын баарыбыз ойлонушубуз керек. Россияны эле мисал келтирейин, кыздарыбыз азербейжан, өзбек, тажик улутундагылар менен колтукташып жүрсө, кыргыз балдар намыстанат экен. Алар күнүмдүк жыргалчылыктын курмандыгы болуп жүрөт да. Өткөндө интернетке чыкпадыбы. Ошондой кыргыз кыздарды биздин балдар топтолуп суракка алганын. Мыйзам жолунда ушул жолду кийириш керек. Кыргыз кыздар биздин карындаштар да. Эгер алардын намысын коргой албасак анда кыргыз экенибиз, эркек экенибиз, мекенчил экенибиз кайсы?
(Уландысы бар)
Маектешкен
Фаризат Иманалиева


- Ислам дини кыргыздын каада-салтына бөгөт коюп жатат деген сөздөр болуп жатат.
- Ислам динине кимдер гана асылбайт. Бул каршылыктар, жамандыктар болмоюн жакшы нерсенин кадыры билинбейт. Ислам дини Күн сыяктуу, ага таш ыргыткан менен зыян бере алышпайт. Каада-салтка эч кандай каршылык көрсөтпөйт. Улак тартканга, тушоо кескенге, кудалашмай, ат коюу ж.б. ким каршы экен? Эгерде зулум кыла турган нерсени алсак динге эмес, адамга да жакпайт. Мисалы, кыз ала качуу салтпы?. Кыздар малбы же? Анын да жүрөгү, жан дүйнөсү бар. Эркектин көңүлү болуп, кыздын көңүлү болбош керекпи? Анан босогого жатып алышат. Аттасаң балекетке каласың деп. Бирок мен аттап кете бергиле деп айтмакмын. Анткени, зулум көргөн адамдын дубасы кабыл болот. Ошон үчүн кыздар өздөрүнүн укугун билиши керек. Азыркы күндө айтып жатышпайбы куранды кайра иштеп чыгыш керек деп. Куран эмне Пушкиндин ыры беле? 15-кылымдан бери кимдер гана тантырашпады. Анан арабдаштырып басып алат деген бир макоонун сөзү. 15-кылымдан бери дүйнө жүзү араб болуп кетпейт беле. Аллахтын ишине кийлигишпеш керек. Мына кыш болбойт деп коюшуп эмне болду?
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз? Жубайыңыз менен айтышып жүрүп табыштыңыз беле? Чыгармачылыгыңызга тоскоолдук кылбайбы? Жеңебиздин жардамы кандай?
- Мен 17ге чыга элек кезимде үйлөнгөм. 3 кыз, 1 уулум бар. Балдарым чоңоюп калды. Жубайымдын кесиби мугалим. Бирок үйдө балдарга тарбия берет. Эне деген мыкты университет болсо балдар да мыкты болот да. Чыгармачылыкка болсо эч кандай тоскоолдугу жок. Карапайым үй-бүлөдө тарбияланган колуктум бар.
- Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы саясатка кандай баа бере аласыз?
- Мен биринчиден саясатчы эмесмин. Саясатка киргенде көп адамдарды айткым келет, азыр көзү жокто айтсам артынан ушактагандай, эркектикке жатпай калат. Эми Кудай буюрса маселелер оң жагына чечиле баштады го. Эл көчөгө чыккандан чарчады. Падыша менен вазирлер Кудайдан корккондо гана оңолобуз. Мурдагы бир ырым эске түшүп жатат.

Булут болуп көккө чейин барышкан,
Ыйык кылып өзүлөрүн табышкан.
Жаздыгына гүлдүн жытын себишип,
Жакындарын жакут төшөп багышкан.
Эртенкинин тамырына балта чаап,
Эл бакчусун торго камап чалышкан.
Эсеп берер кыяматты унутуп,
Эл бактысын менчик кылып алышкан.
Карабасып күнү бүтүп турса да,
Кан тактыдан колу чыкпай карышкан.
Уудан кайткан тайгандардай шыйпандап,
Увазирлер жалган айтып жагышкан.
Көкүрөктөр түпкүрүнөн үн чыгат,
Качан келет калкка күйөр даанышман.
үшүк алган жан дүнөлөр жылыбай,
үмүт кана бүлбүл жанат алыстан.

Блиц анкета
1. Туулган күнү, жылы: 9-май 1977-жыл.
2. Кайсы жердин кулуну: Нарын облусу Эмгекчил айылы
3. Сүйүндүргөнү: Кыргыз болгону.
4. Өкүндүргөнү: Кетирген каталары.
5. Эң мыкты сапаты: Ак көңүл
6. Жакпаган сапаты: ишенчээктиги, кээ бир досторунун сатканына кейийт.
7. Эң бактылуу көз ирмеми: Кудайды тааныганда.
8. Корккону: Баарыбыздын кыяматтагы абалыбыз.
9. Сүйгөн китеби: Куран, Манас
10. Жашоодогу урааны: Кудай буюрса сөзсүз аткарам..

Маектешкен Фаризат Иманалиева