Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ит үрө берет…

Эл үчүн дегендердин, эси-дарты бийликпи?


Оппозиция Жалал-Абад шаарында 7 миң киши чогултуп, кезектеги пландаган митинггин өткөрүп, буга чейин Ош, Баткендеги митингдерде айтышкан өкмөттү отставкага кетирүү талабын кайталашып, бийликке 21-апрелге чейин 10 күн убакыт беришти. Эгер талаптары дагы аткарылбай турган болушса, мурдатан бери айтып келе жатышкан мөөнөтсүз митинг акцияларын баштай турушканын, ал турсун эми президентти кетсин деген ураанды тутунушаарын эскертишти. Митингге "Ата-Журт" партиясынын ана башчылары делген Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Жылдыз Жолдошева, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова, ошондой эле, Адахам Мадумаров, Исхак Масалиев ж.б. катышты.
Элге мамлекеттин кызыкчылыгы, элдин бакубат турмушу, жаркын келечеги үчүн кам көрүп, ошол үчүн күрөшүп жатышкандай түр көрсөткүлөрү келишкен, өздөрүн оппозиционер атап алышкандардын бар болгон максаты - эптеп эле кызматка жетүүнүн аракети экени бул жолку митингде да ачык көрүндү. Тагыраагы, буга дейре оппозициянын катарында болуп көрбөгөн, жыйырма жыл бою алып-сатарлык менен алектенишип, жылуу кабинет, жумшак креслодо жылтыраган столду кучактап, бийликтин көзүн карап келишкен немелердин азыркы жасап жаткан иштери, бир нерсени көрүп-көрбөй, багыты жок "абалаган иттин үргөнүнө" окшошуп турат. Сыпайы айтсак, "жем жеген акырынан" айрылып калышкан соң, бийлик үчүн гана ач-кыйкырык салып жатышканы сырттан караган кишиге даана байкалат. Анткени Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Исхак Масалиев, Бекболот Талгарбековду эл үчүн күйүп-бышкан оппозиционер деп мүнөздөө осол көрүнөт. Ал эми Адахам Мадумаров болсо Акаевди катыра сындап турган учурда, о-о, бул эл деген кыйын азамат экен дегенге татыган болчу, тилекке каршы, тилинен чаң чыккан менен колунан эч нерсе келбеген мажирөө, курулай популист экени жумурай-журтка акыркы беш жылда айкын билинбедиби. Ал түгүл спикер болуп турганда мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген Каркыра менен пансионаттарды Казакстанга өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынып жатканда өзү башында турду го. 2006-жылы вице-премьер-министр болуп турганда "элди митингге чакырган киши кыргыз элинин душманы",- деп Курманбек Бакиевге жагынып акчыланганын учурда эсинен чыгарып таштады. Анан уялбастан "Бакиев менен иштешкен эмесмин, анын саясатына каршы болчумун" деп калпты каратып туруп ышкырткан жүзүкаралыгына эмне деп баа берээриңди дагы билбейсиң. Андыктан, булардын табиятына оппозиция деген ат дегеле коошпойт. Ошол себептен, эл оппозициянын талабын колдомок турсун, тескерисинче тынч жаткан элди козутуп атышкандарына нааразы болушууда. Анткени, кечээки канкор президенттин кол балдары болуп жүргөндөр, бүгүн периштедей аппак болуп, бийликке сын айтып жаткандары көзгө өтө эле одоно көрүнөөрүн көпчүлүк ачык эле айтышууда.
Себеби, Акаевдин мезгилин айтпай ак койгондо да, кечээки эле Бакиевдин бийлигинин тушунда, эчендеген эр-азаматтарыбыз четинен атылып, мамлекеттик стратегиялык ишканалар сатылып, электр жарыгына, жылуулукка, азык-түлүккө баа эки үч эсе кымбаттап, жада калса телефондон алло дегениңе чейин акча төлөп, элдин жашоо-турмушу барган сайын оорлоп жатканда, майлуу кызматтарды кучактап отурушкан Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахам Мадумаров жакшы иш жасаганды мындай кой, эң кур дегенде элдин таламын талашып, бир ооз калыс сөздөрүн айтып коюуга жарашкан эмес эле. Эми минтип жайчылыкта "жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат" болушуп, тынч оокатын кылып жаткан элди козутуп жатышат.
Алыс барбай эле, кечээ эле "Ата-Журт" партиясы парламенттик шайлоодо утуп чыгып, Камчыбек мырза парламенттин трибунасын ыргыта тээп, Ахматбек мырза спикерлик эки тизгин, бир чылбырды колуна алып, министрлик, акимчилик жана башка кызматтарды мындай кой гезиттерге чейин кызыл чеке болуп бөлүшүп жатканда, карапайым калктын турмушу тууралуу ойлонушкан эмес. Учурда өзүн оппозициянын "бульдозери" санап жаткан Ташиев "жаман катын кетем деп коркутат" болуп, ошол кезде "коалициядан чыгабыз эле чыгабыз" деп жатып, акыры тилегине жетип коалиция чачырап, (ал ортодо Алтынбек Сулаймановдон тумшукка жеп бир топ убакытка тынчыган) "Ата-Журт" фракциясы борттон алыс ыргытылып, короо сыртында оппозицияда калганда, ошондо эл эсине түшүп, президенттик шайлоо учурунда бирин-бири жамандап, бет карашкыстай болушкан Мадумаров экөө коюн-колтук алышып, элетке чуркашып, эл нааразы болчу социалдык, же экономикалык себеп жок болсо деле, кара жандарын кыйнашып, митинг уюштуруп башташты. Чынын айтыш керек, эгер "Ата-Журт" фракциясы коалицияда калганда, Ташиев, Келдибековдордун шалпылдап жер-жерлерди кыдырып, жүргөнүн көрбөйт болчубуз. Анда Мадумаров, И.Масалиев, К.Кадыровдор менен "Ата-Журтчу" эки мырзанын жолу кесилишип, ойлору бир жерден чыгары күмөн болмок. Коалицияга кирбей калышкандан улам, бийлик үчүн баштарын бириктирип, эптеп эле кызматка жетсек дегендин камын кылышып, элди дүрбөтүү менен алек. Майлуу-сүттүү кызматтарды аркалап жүрүп, кимиң элге эмне жакшы иш жасап бердиңер деген эч ким жок…
Азыр деле Ташиев, Келдибеков, Мадумаровдорго бийлик кызмат берип койсо, баарын эл үчүн жасап жатышкандай түр көрсөтүшүп, дилинде майлуу устукан үмүт этишкен немелер, азыркы коюп жаткан талаптарын деле унутуп калуулары толук мүмкүн. Кокус, өкмөт отставкага кетип, "Ата-Журт" кайрадан коалицияга кирип кала турган болсо, элетке ат тезегин кургатпай каттап митингдин камын көргөндөрдүн аягы тыйылып, элет көйгөйү эстен чыгып кетеринде шек жок. Себеп дегенде, кыштын узак болушун, жарандарыбыз өз малына тоютту аз камдагандыктан, малы ачкадан өлүп жатканын өкмөттөн көргөн азыркы оппозиционерлердин максаты эле бийликти алуу. Муну алардын митингдерде сүйлөшкөн сөздөрүнөн баамдоого болот.
Мына Ташиев Жалал-Абаддагы митингде "биз бийликти басып албайбыз, мыйзамдуу түрдө бийликке келебиз. Ал күн да алыс эмес" деп жатат. Ушунун өзү эле, булардын дилиндеги негизи эңсөөсү - элдин-турмуш шартын оңдоо, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, жаркын келечекти камсыз кылуу эмес, эптеп эле бийликти алуу экени көрүнүп турбайбы. Ал түгүл "бийликти күч менен басып алууга каршыбыз" дешкени менен, андай мүмкүнчүлүк жаралып калса, андай нерсеге барбайт деп кепилдик берүү кыйын. Анткени бийликти көксөгөндөрдөн баарын күтсө болот… Болгондо дагы, тар аймактык кызыкчылыкты көздөгөндөрдөн...
Дегеним, ачыгын айтыш керек, өлкөбүздүн түштүгүн түрө кыдырып, жуттан малдардын кырылып, элдин жашоо-шарты оорлоп жатканын сөз кылып, өкмөттү отставкага кетирүү талабын байма-бай коюп, Ош, Баткен, Жалал-Абадда митинг өткөзүп жүрүшкөн Мадумаров, Ташиев, Келдибеков, Масалиев, Жолдошева, Мамырова ж.б. "Ата-Журттун" депутаттары, чындап эле Кыргызстан үчүн, жалпы кыргыз эли үчүн күйүп жатышса, эмне үчүн малы кырылып, үйлөрүн сел алып көчөдө калышкан Нарындын Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа райондоруна элдин абалын сурап ушул кезге чейин жок дегенде бир жолу барып коюшканга жарашпайт?.. Ушунун өзү эле өздөрүн патриот эсептешкен оппозиционерлердин, жада калса аймактык тар кызыкчылыктын деңгээлинде гана ой калчап, андан көтөрүлө албай жатышканын айгинелеп турат десек жарашат. Демек, мындай саясий топ бийликке келсе жыргап кетебиз деп ишенич артууга болобу?.. Албетте жок. Анткени тамагы айрылганча мамлекетти, элдин жашоосун оңдош керек маанисинде кыйкырып жаткандардын бийликте тургандагы тас кейпин эл жакшы билет. Бири да, "мен баланча кызматты аркалап турганда Кыргыз мамлекети, кыргыз эли үчүн момундай жакшы иш жасагам" деп айта албайт. Кызматта турганда эч нерсе жасабагандар, эми өкмөт мүчөсү болуп келсе деле иштеп жарытпасы бештен белгилүү эмеспи. Анын үстүнө Келдибеков, Ташиевдер кызматы жок таптакыр көчөдө калышкан адамдардын катарын толукташпайт. Депутат катары мамлекеттик кызматтагы адамдар болуп саналат. Бири Бюджет жана каржы комитетинин, бири бир фракциянын лидери. Өкмөттү колдоп добуш беришкендер да өздөрү болгон. Анан бийлик иштей албай, жатат кетсин дешкендери, өздөрүн кетсин деген эле сөз болуп жатат. Андай болсо мандаттарын тапшырып өздөрү биринчи үлгү көрсөтүүлөрү керек. Демек, бул нерсени өздөрүнө-өздөрү каршы чыккан нонсенс катары карасак жарашат. Ал эми Мадумаров менен Масалиевге сөз деле жок.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу