Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Анекдоттор


Жаш, сулуу катчы кыз акыркы күндөрү аябай кыска, ачык кийине баштайт. Өзгөчө, ал кыз басканда жаш директордун жүрөгү опколжуп чыкчу болот. Бир күнү директор өзүн кармана албай, кызды бөлмөсүнө киргизип эшикти бекитип, кызга отуруусун буюрат. Катчы кыздын отурган абалын карап, директордун көздөрү чанагынан чыкчудай болот. Кызга жакын келип, колун анын тизесине коюп:
- Бул саткылыкпы?
- Жок, албетте. Сиз мени ким деп ойлоп жатасыз?
Директор кебелбей:
- Эгер саткың келбесе, анда рекламасын да кылба...



Эки наркоман жолугуп калышат:
- Уксаң телевизордон наркотик табияттын, жаздын кооздугун көрүүгө тоскоол болот деп айтышты.
- Калп эле айта беришет. Мына мен кечээ терезеге келип сыртты карадым-жаз, күн сайрап, куштар жаркырап…



Бир кишинин тоту кушу көчөдөн бийликтегилер өтсө "жашасын оппозиция", оппозициядагылар өтсө "жашасын бийлик" деп кыйкыра берет. Ээси дагы бир жолу кайталаса тоок канага камап коёрун эскертет. Сөз укпаган тоту куш ошентип тоок канага түшүп калат. Тооктор шылдыңдап күлүшөт. Анда чыдамы кетип чычалаган тоту куш : "Мен силерге окшогон акмактардын айынан эмес, саясаттын айынан ушул жердемин. Мен-саясаттын курмандыгымын!",- дептир.Жашы элүүгө чукулдап калган аял жүрөгү кармап ооруканага жатат. Операция үстөлүндө жатса, көзүнө жан алгыч периште Азрейил көрүнөт. Аял андан:
- Менин убак-саатым жеттиби?
Азрейил периште:
- Жок сенин дагы 45 жыл, 4 ай, 7 күнүң бар.
Операция жасалып бүтүп, наркоздон тургандан кийин "дагы ушунча жыл жашай турган болсом, анда пластикалык операция жасатышым керек" деп аял операция жасатууну чечет. Бетин тарттырып, эриндерин, төшүн чоңойттурат. Кыскасы, "жаңыдан төрөлгөндөй" башкача болуп чыга келет. Акыркы операцияны жасатып, ооруканадан эми чыгып келатканда аялды кокустан тез жардам машинеси коюп кетип каза болуп калат. Анда аял Азрейилге:
- 45 жыл жашайсың деп айттың эле, анда эмнеге тез жардам машинесинен мени сактап калган жоксуң?
Азрейил:
- Кудай акы, сени тааныбай калыптырмын. Укмуш өзгөрүп кетиптирсиң



- Кечирим сурайм, Айшакан айым, менин тоогум сиздин гүлзарды тебелеп салыптыр деп уктум.
- Кечирим суроонун зарылдыгы жок, Ташмат мырза, сиздин тоогуңузду менин дөбөтүм жеп салган.
- Анда эң эле сонун болуптур, Айшакан айым. Сиздин дөбөт менин машинемдин алдында калды.
- Мен кечээ сенин тамтыгы чыккан костюмуңду акыры ыргытып жибердим, -дейт бир чиновниктин аялы.
- Сени кудай урган экен ээ! -деп кыйкырат анда чиновник-Мен эми салык төлөөчү инспекцияга эмне кийип барам



Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Facebook "Кыргызча анегдоттор"