Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!

Баатырларга түбөлүк таазим...



7- апрель күнү өлкө боюнча каргашалуу 7-апрелде курман болгон баатырларды эскерүү иш чарасы болуп өттү. Борбордук Ала-Тоо аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010 -жылдагы 7-апрель окуясында курман болгон баатырлардын жаркын элесине арналган атайын монумент эстеликтин ачылышы болуп, ага КРнын президентти А. Атамбаев, премьер-министр Ө. Бабанов, төрага А. Жээнбеков, эск-президент Р. Отунбаева, министрлер, депутаттар баштаган шаарыбыздын тургундары катышышты. Андан соң, президент баштаган атка минерлер "Ата-Бейиттеги" баатырлардын күмбөзүнө жана революция башталган "Медиа- Форум" имаратынын алдына барып куран окутушту.
Аянтта ачылган эстеликтин ачылышында "Мекен шейиттери" коомдук кыймылынын төрагасы Осунбек Жамансариев сот иши создугуп жатканына нааразы болуп, өкмөт башчы Ө. Бабановдун тегерегинде баягы эле Бакиевдин адамдары иштеп жатат деп, өкмөттү катуу сынга алды.

Алмазбек Атамбаев,
КРнын президенти:
- Урматтуу мекендештер! 7-апрель Кыргызстандын тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири. Бул элдин жеңиш күнү. Бул күнү эл бийликтин булагы экендигин далилдеп, эл өзүнүн эл экендигин, эл толкуса сел экендигин көрсөттү. Көлдөй толкуган эл сел болуп, Бакиевдин авторитардык, үй бүлөлүк режимин кулатты. Эл адилетсиз бийликке эч качан тизе бүгүп, чөгөлөбөй тургандыгын тастыктады. Ал эми, бүгүн элдин эркиндиги, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн курман болгон баатырларга арналып тургузулган бул монумент качан болбосун жамандыкты жакшылык, караны ак жеңип тураарын далилдемекчи. Бирок, айта кетчү нерсе акыйкат менен азаттыкка алып барчу жол оңой эмес. Ал жолдо нечен деген тайгак, тар кечүүлөр, шум ажал тоскон ашуулар болот. Элибизге муну Аксы окуясы да, 2005 жана 2010- жылдагы окуялары да көргөздү. Улуу элбиз бул сыноолордон сынбай өтүп, кудай колдоп, эгемен өлкөбүздү сактап калдык...

Асылбек Жээнбеков,
ЖКнын спикери:
- Урматтуу калайык калк! Өткөн кылымда батыштын бир даанышманы: "демократиялык башкаруу деле идеалдуу форма эмес, бирок азырынча адамзат андан жакшысын ойлоп таба элек" деген экен, анысы кандай жыйырма жылдан бери жыйылган маселелерди бир же эки жылда чечип жиберүүгө мүмкүн эмес. Бирок, тандаган жолубузга бекем болуп, кыйынчылыктарына чыдап, коомдогу коррупция, кылмыштуулук, бөлүнүүчүлүк сыяктуу терс көрүнүштөргө каршы тынбай күрөш жүргүзсөк, өнүккөн өлкөлөрдөй чыныгы демократиялык коомду куруп, байгерчиликке жетишерибизде шек жок. Ошондуктан, өткөн кандуу окуяларды эске алып, айрым пикир келишпестиктерге жол бербей, ынтымакта иш алып баруубуз зарыл.

Осунбек Жамансариев,
"Мекен шейиттери" коомдук
бирикмесинин төрагасы:
- 7-апрель соту ар кандай себептер менен созулууда. Буга чейин 10-15 күн созулуп келсе, учурда айлап созулууда. Буга бийлик өзгөчө көңүл бурбаса болбойт. Сот иши эскирип, өз күчүн жоготот. Дагы бир айта кетчү нерсе, Бакиевдер жана Данияр Үсөнов баш болгон кылмышкерлер тайраңдап жүрүшөт. "Карга карганын көзүн чукубайт" дегендей алар Убактылуу өкмөттүн колдоосу менен качып кетишкени белгилүү. Анысы аз келгенсип, азыркы бийликке баягы эле Бакиевдин жакындары келүүдө. Мисалга алсак өкмөттүн аппарат жетекчиси Төрөкул Беков деген ким? Биздин билгенибиз боюнча, ал Бакиевдин бир тууган бөлөсү жана жардамчысы болгон. Биздин жакындарыбызды аткылап, өлтүрүп, майып кылган, кордогон Бакиевдин бүлөсү келип, жардам берем деп бузукулук кылганы бизди ардантат. Ошондой эле, Максим Бакиевдин бир тууган кайнагасы Бакыт Кененбаев жакында Маданият жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Муну эмне деп айтсак болот? Же башка кадрлар жокпу? Кыскасы, өкмөт башчынын 7-апрель революциясына жасаган мамилеси кейитет.

Рысбү Исмаилова,
7-апрелде ок тийип, курман болгон
Кайрат Тойбаевдин апасы:
- Кулунум Кайрат көзү тирүү болгондо быйыл 22 жашка чыкмак. Мына минтип билинбей эле арадан эки жыл өтүп кетти. Бийликке рахмат, убагында колунан келген жардамын берип каралашты. Бирок, бизди өкүндүргөнү өлкө жетекчилери ушул күнгө чейин Бакиев баштаган күнөөлүлөрдүн бирин да жазалай албады. Буга чейин жок дегенде Акмат Бакиев камакта жатат деп өзүбүздү сооротуп келдик эле, тилекке каршы аны да качырып ийишти. Сот иши болсо, уламдан-улам создугуп келе жатат. Минтип отурса апрель революциясы өз максатына жетпей калабы деп корком.

Айчүрөк, Кайраттын карындашы:
- Кайрат менин эң жакшы көргөн жалгыз байкем болчу. Экөөбүз сырдаш элек, оюндагы болгон нерсени мага төкпөй чачпай атып берчү. Жаш болсо да турмушка тике карап, алдыга койгон көптөгөн асыл максаттары бар болчу. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Күнөөлүлөрдү Кудай жазаласын!

Нуржан Асаналиева,
7-апрелде каза болгон
Таалайбек Сарыбаевдин жубайы:
- Эки жыл өтсө дагы 7-апрель кечээ эле болуп, өзүмдү жолдошумдан кечээ эле ажырагандай сезем. Өкүнүчтүүсү бүгүнкү күнгө чейин күнөөлүлөр тиешелүү жазасын албай келет, эгер алар жазага тартылса, биз да жеңилдеп калмакпыз. Мына бүгүн эки кызымды ээрчитип алып Ата-Бейитке келдим. Экөө тең жаш, кичүү кызым атасы каза болгондо кичинекей болуп билбей калды.

Сыйна Жумакаирова,
маркумдун апасы:
- Таалайбегим кыргыз элинин эркиндиги үчүн Чолпонбайдай эрдик көрсөтүп курман болду. Ошондуктан, уулумдун элеси кыргыз элинин жүрөгүндө бек сакталып, түбөлүк жашайт деген ойдомун. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Даярдаган
Мирлан Алымбаев