Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Максат Абакиров:

"Мени криминал кылам дегендердин башында ошол кездеги министр Ногойбаев турган"


Максат Абакировдун ысымы коомчулукка 2007-жылдагы парламентке болгон шайлоодон кийин кеңири белгилүү болгон. 2005-жылы 20-октябрда Балыкчы шайлоо округунан депутат болуп шайланган Тынычбек Акматбаев өлтүрүлгөндөн кийин ордуна, агасы Рыспек Акматбаев депутат болуп шайланган. 2006-жылы май айында ал дагы өлтүрүлгөндөн кийин дал ушул шайлоо округдан Максат Абакировду балыкчылыктар көпчүлүк добуш менен эл өкүлү кылып шайлашкан. Бирок Абакиров мандатын алаарга үч күн калганда жаңы Конституция кабыл алынгандыгына байланыштуу Жогорку Кеңеш таркатылган. Ал эми Абакировго "мыйзамсыз курал колдонгон", "адам өлтүрүүгө катышкан", "каракчылык кылган" деген сыяктуу айыптар тагылып, кылмыш иши козголгон. 2010-жылы сентябрь айында камакка алынып, 2011-жылдын 17-июнь айында Биринчимай райондук соту "мыйзамсыз курал колдонгон" деген айып боюнча күнөлүү деп таап, калган айыптар боюнча толугу менен актап, 2 жыл 3 ай мөөнөт чектеген. Бирок УКМКнын СИЗОсунда отурган ар бир күнү 3 күн деп эсептелинип, сот Максат Абакиров мөөнөтүн өтөп бүттү деп эсептеп, эркиндикке кое берген. "Толук акталышым керек" деген Абакиров соттун мындай чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко аппеляциялык арызын жазган. Шаардык сот райондук соттогу кесиптештеринин өкүмүн күчүндө калтырып, учурда иш Жогорку Сотто каралганы турат.
Өткөн жуманын акырында "Акипресс" маалымат агенттигинде дал ошол "Водалаз" деген каймана ат менен белгилүү балыкчылык Максат Абакиров маалымат жыйын өткөрдү. Анда эч кандай криминалга тиешеси жок экендигин айтып, мыйзамды сыйлаган кыргыздын катардагы эле жараны экендигин жар салды.
- Мен криминал эмесмин. Криминалдык авторитеттер менен дагы жекече тааныштыгым жок. Мага карата айтылган баардык күнөөлөр Бакиевдердин буйрутмасы. Мен мыйзамды сыйлаган жаранмын, бизнес кылам, мал чарбачылыгы менен алектенем, мечиттерди курууга жардам берем. Спортсмендерди колдоо фондун уюштургам, жаштарга жардам берем. Эгерде кимде ким менин атымды жамынып кылмыш жасап аткан болсо, укук коргоо органдарына кайрылгыла.
- Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу төрт топтун биринин башчысы катары ысымыңыз аталып жүрөт. Буга кандай дейсиз?
- Менин артымдан укук коргоо органдарынын куугунтугу Жаныш Бакиевдин буйругун аткарбай койгонумдан кийин башталган. Тагыраак айтканда Каркыра жайлоосунун сатылышы боюнча митинге чыгышкан оппозицияны басып бер дешкен. Мен "баса албайт экенмин" - деп баш тарткам. Мени криминал кылам дегендердин башында ошол кездеги министр Ногойбаев турган. Өздөрү расмий түрдө берген тапанчаны мыйзамсыз деп күнөөнүн баарын мага оодарып чыгышты. Кийин Конгантиев мени эч жакка ачык жарыялабай эле издөө салып, түрмөгө камамакчы болушкан. Ал жактан менин көзүмдү тазалашмак.
- Маркум Рыспек Акматбаев менен кандай мамиледе элеңиз?
- Мен Рыспек байкенин жаман жагын көргөн жокмун, жакшы гана жагын билем. Анан дагы 87 пайыз добуш менен депутаттыкка өткөнүн билем.
- Жеке пикириңизде Рыспек Акматбаевдин көзүн кимдер тазалады деп ойлойсуз?
- Көрбөгөндөн кийин так айта албайм. Бирок жеке оюмда Бакиевдер эле кылды.
Тиленбек АЗЫК




Саресеп…
Ак сарайдагы өзүм билемдик жоруктарга саякат…
Парламент Шадиевди, Пирматовду актап, сот, прокуратуранын
милдетин аткарып жатат дегенге кандай карайсыз?

Алмазбек Атамбаев президент болуп шайланганы коррупциянын тамырын кыркып, экономиканы көтөрүү, элдин турмушун жакшыртуу зарылдыгын белгилеп келет. Мындан улам, УКМКнын алдында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын түзүп, коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкерлер депутат, министр, аким экенине карабай жоопко тартыла турганын айткан. Натыйжада, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан коррупцияга байланышкан бир катар кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Бул багытта Башкы прокуратура да өз аракетин көрүүдө. Бирок ачыгын айтыш керек, Башкы прокуратуранын коррупцияга байланыштуу козгогон кылмыш иштеринин жыйынтыгы жок, ара жолдо калууда. Мындай көрүнүш Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын депутаты Исхак Пирматовго, Энергетика министри Аскарбек Шадиевге карата козголгон кылмыш ишинен ачык байкалды. Албетте, буга Жогорку Кеңештин сот, прокуратуранын ишине ачыктан-ачык киришип, алардын укуктарын узурпациялап, өзүм билемдикке барып жатышы себепкер болууда. Муну жогорудагы аты аталаган эки чиновниктин кылмыш ишин депутаттар комиссия түзүп, иликтеп чыктык кылып, өздөрүнчө соттун милдетин аткарышып актап салышканынан көрүүгө болот. Ошол себептен, коомчулукта Жогорку Кеңеш коррупция менен күрөшпөй эле, тескерисинче бут тосуп, аларды коргоп жатат деген көз караштар орун алууда. Парламенттин ишине кылдат байкоо салып турган бир топ серепчилер менен коомдук ишмерлер да ушундай пикирде.

Орозбек Молдалиев,
коомдук ишмер:
- Биринчиден, Жогорку Кеңеш күнөөлүүлөрдү актап чыга турган орган эмес. Эгер, депутаттар антип коррупционерлердин баарын актай берсе, анда бизге сот бийлигинин эмне кереги бар. Ал эми Энергетика министри Аскарбек Шадиев болсо, жаманбы-жакшыбы иликтөө иштери каралып бүткөнчө убактылуу кызматтан бошоп эрдик кылды. Бирок, Башкы прокуратура Шадиевдин күнөөсү бар же жок экенин азырынча аныктай элек. Кандай болгон күндө дагы мыйзамда жазылгандай баардык нерсе Башкы прокуратуранын жыйынтыгы менен болуусу шарт.

Аликбек Жекшенкулов,
коомдук ишмер:
- Күнөөлүү делген Аскарбек Шадиев, Исхак Пирматовдун канчалык деңгээлде күнөөсү бар экенин билбейм, бирок, депутаттар эмнегедир акыркы күндөрү "карга карганын көзүн чукубайт" болуп, бирин-бири актап, ж.б. туура эмес кадамдарга баруу менен, коомчулукту өздөрүнөн ирээнжитип алып жатышат. Мына парламенттин түзүлгөнүнө бир жарым жыл болду. Бир жарым жыл аралыгында канчалаган депутаттык комиссия түзүлдү. Тилекке каршы, бирөө дагы бирөөнү күнөөлү деп таап, көзгө көрүнөөрлүк иш кыла элек. Президент Алмазбек Атамбаев коррупция менен күрөшүп, натыйжалуу иш кылып аткандан кийин, депутаттар дагы аны колдоп, туура иш алып барышса болмок.

Туратбек Мадылбеков,
"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты:
- Депутаттардын күнөөлүү адамдарды деле күнөөсүз кылып, суудан кургак чыгарып актап жатканы мени абдан өкүндүрөт. Күнөөлүүлөрдүн баары - Башкы прокуратура, сот кандай жыйынтык чыгарса, ошого жараша мыйзам чегинде жазасын алыш керек болчу. Депутаттардын кароосу менен эле күнөөлүү делген А. Шадиевди кайрадан министр кылуу туура эмес. Качан гана Башкы прокуратура күнөөсү барбы-жокпу жыйынтыгын чыгаргандан кийин, күнөөсүз болсо кызматына дайындоо керек эле. Өткөндө депутаттар Шадиевди актап жыйынтык чыгарып жатканда мен жок болуп калдым. Болбосо ууланган көмүргө байланыштуу бир топ маселелерди көтөрүп чыкмакмын. Ошондуктан, А.Шадиевди кайрадан чакыртып отчёт алалы деп жатабыз. Кыскасы А.Шадиев юридикалык жактан болбосо дагы моралдык жактан жалпы коомчулук алдында жооп берүүгө тийиш. Жеке эле Шадиев эмес, коррупцияга аралашты делген депутат Исхак Пирматов да жооп берүүсү зарыл.

Турсунбай Бакир уулу,
"Ар намыс" фракциясынын депутаты:
- Аскарбек Шадиев боюнча депутаттык комиссия өз чечимин чыгарып, биз аны колдоп бердик. Анткени Башкы прокуратура ууланган көмүрдү алып келүүдө Шадиевдин күнөөсү бар же жок экенин аныктай алган жок. Ал эми Исхак Пирматов боюнча айта турган болсом, депутат Г.Скрипкина башында турган депутаттык комиссия Пирматовдун күнөөсү жок экенин аныктагандан кийин, аны да күнөөсүз кылып колдоп берүүнү туура көрдүк.

Эдил Байсалов,
"Айкөл эл" партиясынын төрагасы:
- Депутаттар башка маселе калбай калгансып кыштан бери эле ууланган көмүр маселесин көтөрүп келе жатышат. Шадиевдин күнөөсү болсо жазасын мойнуна илип, камаш керек. Күнөөсү жок болсо, актап чыгып кайрадан кызматка дайындоо зарыл. Бир эле Шадиевди күнөөлөп, же актап чыкпастан, күнөөсү жок болсо, аталган окуяга тиешеси бар делген Аман Тентиев баштаган адамдардын баардыгын актап чыгуу керек.

Азиза Абдрасулова,
укук коргоочу:
- Депутаттар өздөрүнүн мыйзам чыгаруу иши менен эле алектенбестен, сот бийлигинин ыйгарым укуктарынын баарын өздөрүнө ыйгарып алышты. Бул деген таптакыр туура эмес. Эгер минтип күнөөлүлөрдү күнөөсүз, күнөөсүздөрдү күнөөлүү кылып отурса, анда азыркы парламенттин келечеги көпкө узабайт. Албетте, Шадиевдин канчалык деңгээлде күнөөлүү экенин билбейм, бирок Исхак Пирматовдун кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү болушу мүмкүн.

Даярдаган
Мирлан АЛЫМБАЕВ