Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Тең ата мамиле

Өкмөттүн тышкы саясаттагы алгачкы кадамдары


Өмүрбек Бабанов жетектеген өкмөткө 100 күн толду дегенде, Кыргызстандын алыскы жана жакынкы өлкөлөр менен болгон карым-катнашы көз алдыбызга тартылат. Бул өңүттөн алып караганда, президент А.Атамбаев чыйыр салып берген тең ата мамилени карманып иш жүргүзүп жатат. Учурдагы өкмөт бөлөк мамлекеттер менен тең ата мамилени практикалык багытка бурганына күбө болуп жатабыз.
Өмүрбек Токтогулович башбакандыкка киришкени алгачкы расмий визитин кошуна Казакстанга жасады. Кыргыз премьерин казак президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алып эки бир тууган элдин карым-катнашын бекемдөөгө дагы бир жолу кадам ташталды. Кесиптеши Карим Масимов менен Ө.Бабанов
эки тарапка тең пайда алып келүүчү маселелерди кеңири талкуулады. Мисалы, Өмүрбек мырза Кыргызстандан барган эмгек мигранттары Казакстандын аймагында 90 күн ээн эркин жүрүшүн камсыздоо, бизден өндүрүлгөн сүт азыктарын аталган өлкөдө эч тоскоолдуксуз сатылышына ыңгайлуу шарт түзүү, алигиче ачыла элек чегара бекеттерин, атап айтканда, "Кичи капка" жана "Каркыра" өткөрүү пунктунун ишин жандандыруу сыяктуу олуттуу көйгөйлөр кабыргасынан коюлду. Мындай маанилүү маселелер сөзсүз чечилерин Карим Масимович убада бергени белгилүү. Арадан эки жума өтүп-өтпөй, кыргыз башбаканы казак кесиптешине коңгуроо кагып, айтылган убадалар канчалык жүзөгө ашып атканы боюнча тактап алды.
Мындан сырткары, Назарбаев бюджети 100 млн. долларды түзгөн кыргыз-казак биргелешкен инвестициялык фондунун юридикалык документтерин даярдоо тапшырмасын өз өкмөтүнө жүктөгөнүн эскерте кетели.

Араб өлкөлөрүнө чыйыр, суктанган Жолдошева


Акыркы жылдары Кыргызстандын араб өлкөлөрү менен мамилеси дээрлик токтогону маалым. Ал эми Бабановдун өкмөттү жетектеши менен, араб өлкөлөрүнө чыйыр салынды. Бабанов башында турган делегация Катар мамлекетине жол тартып, ал жактан жемиштүү кайтышты. Визит маалында Катардын эмири биздин өлкөгө инвестицияга тартууга даяр экенин, кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманканаларды куруу ниети бардыгын, бизден өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын сатып алууга дилгирлигин жашырган жок. Козголгон маселелер, жетишилген келишимдердин канчасы жүзөгө ашары жай мезгилинде белгилүү болот. Анткени, жай саратанында Катардан атайын делегация келип, Кыргызстандын ал-акыбалы менен жакындан таанышып чыкмакчы. Ага чейин бир кызыктуу фактыны баса белгилей кетпесек болбос. Бийликтин кемчилигин көзгө сайып көрсөтүп, Ак үй, Көк үй дегенде кучунашы кармаган "ата журтчу" Жылдызкан Жолдошеванын Катар сапарынан кийин позициясы кескин өзгөрүлдү. Жылдызкан айым араб өлкөсүнөн кайткан соң Ө.Бабановдун мамлекет кызыкчылыгы үчүн жан үрөп эмгектенип атканына көзү жеткен белем, сапар тууралуу эркин басылмалардын бирине төмөндөгүдөй пикирин билдириптир: "Өкмөт башчыбыздын алгачкы расмий иш сапары араб өлкөсү Катардан башталып, абдан алгылыктуу болду десем жаңылышпайм. Мисалы, Катар мамлекетинин эмири менен жолугуп, эки өлкөнүн пайдасы үчүн чечилчү бир топ олуттуу маселелерди сүйлөшө алды. Ошол эле өлкөнүн премьер-министрлик кызматы менен бирге тышкы иштер министрлик кызматын да алып барган Шейх Хамад Бин Джасим Бин Джабер Аль Тани менен да жолугушуп, маанилүү маселелерди сүйлөштү. Экинчиден, бизнес-форум өтө жогорку деңгээлде өттү. Негизинен ар бир чет мамлекетке жасалган иш сапардын бир жыйынтыгы болуш керек эмеспи. Менимче, бул жолку иш сапардан өлкөбүз үчүн оң таасирин бере турган жыйынтык чыкты деп айта алам".

Тоңгон муз ордунан жылганда...


Апрель окуясынан бери коңшу Өзбекстан менен алакабыз муз сымал тоңгону эч кимге жашыруун эмес. Айыл чарбасына абадай зарыл болгон жер семирткичти негизинен Өзбекстандан ташып келчүбүз. Акыркы эки жылда жер семирткичтин агымы дээрлик токтоп, чегара посттору жабылды. Эки тарап тең үн катпастан, мындай көкөй кескен көйгөйдү талкууга алышкан жок. Ал эми Өмүрбек Токтогулович өкмөт башына келгени Кыргызстан-Өзбекстан алакасына байланышкан сүйлөшүүлөрдүн алгачкы этабы башталды. Премьер өткөн айда кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу байланышканда, маанилүү маселелерди толуп-ташып кеткенин, аларды чечүү эки тарапка тең пайдалуу болорун түшүндүрүп берди. Ошол телефондук сүйлөшүүнүн натыйжасында жер семирткич ташуу кайрадан жанданарын, өткөрүү пункттары ачыларын ишенимдүү билдирди. Андан көп этпей түштүккө алгачкы жер семирткичтер келе баштады, анын келиши менен асмандаган баалар түшө баштады.

Бейшенбек АДЫЛОВ




Унаалар "кароосуз" калды


Эл өкүлдөрү жеке унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү машакатын түп орду менен жоюп салды. Мындай чечимди Жогорку Кеңеш жума күнү 3 окууда тең кабыл алышты. Бирок, бизнесте колдонулган, жүргүнчүлөрдү ташыган жана жүк ташуучу унаалардын милдеттүү түрдө техникалык кароодон өтүүсү күчүндө калды. 7 жылдан ашуун колдонулуп келе жаткан транспорттор жыл сайын текшерилип турат. Ал эми 3 жыл мурда чыккан унаалар техникалык кароодон өткөрүлбөйт. Ошондой эле, уулуу заттарды ташыган унаалар эки жылда бирден милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүлөт. Унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү мыйзамдын негизинде акредитациядан өткөн диагностикалык борборлордо гана жүргүзүлөт. Ал эми айдоочулар аталган жайлардан өз каалоосу менен унаасын техникалык кароодон өткөрсө болот.


Эрик унаасын эстеди


2009-жылдын 13-мартында Медет Садыркулов, Сергей Слепченко, айдоочусу Кубат Сулаймановдор өрттөлгөн "Лексус" унаасы мурдагы депутат Эрик Арсалиевге таандык экенин көпчүлүк жакшы билсе керек. Жакында эле Эрик Арсалиев бул окуя боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандардан ошол унаасын ордуна коюп берүүсүн талап кылып, 5,5 миллион сомго сотко берди. Айыпталуучулардын айрым жактоочулары "Кылмышты жаап-жашырган" деген берене боюнча айыпталып жатышса, унаанын өрттөлүшүнө кандай тиешеси бар? - деп алакандарын жайышты.


Дин эркиндиги кимге керек?


Кыргызстан дин эркиндигин колдогон өлкө деп жар салганыбыз менен бул эркиндик мамлекеттик коопсуздугубузга оңбогондой коркунуч туудуруп келет. Традициялуу диндерден тышкары өлкөбүздө жүздөгөн ар кандай багыттагы диндер бар. Алар эмне менен алек болуп, кимдин башын айлантып атканы менен эч кимдин деле иши жоктой. Бул багытта коңшулаш Казакстан мамлекети чечкиндүү аракеттерге өтүп, күмөндүү тарыхы бар диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө мыйзам тарабынан тыюу салды. Чаржайыт диний эркиндик - эртеңки күнү жарылуучу бомба экендигин алар жакшы түшүнүп турушат. Биз дагы "эсибиз бар да этегибизди жаап", этият болушубуз керек.
Тазабек деп аталган сайт Европалык союздун жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы укуктук реформаны колдоо долбоорунун алкагында тынчтыкты орнотуу боюнча БУУнун Фондусу менен биргеликте "Кыргызстандын аймактары боюнча диний уюмдардын саны" деп аталган инфографиканы түзүп чыгышкан.