Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Талас: оппозициянын


"Барбаросс" планы


- Бир күнү күтүүсүз эле таластыктар акимиатты басып алып, элдик губернатор шайлап жиберип, анан "Бакиев кетсин!" деп атышыптыр деген таң калыштуу кабарды уктуңузбу?
Каяша айткандын баарын камап, диктатордук бийлигин бекемдеп алган Бакиевди кантип кетире алышмак эле деп ойлодуңуз, аны билем. Мен дал ошол күндөрү Таласка барып, Апрель ыңкылабы кантип башталганын көзүм менен көрдүм. Камерам сынып, тепки жеп, шагыраган окторду асынып алып 8-апрелде Бишкекке кайттым. Тир укмуш саясатты ошондо көрдүм, өмүр бою министр болуп өтчүдөй жүргөн генерал Конгантиев заматта чогулгандардын алдында тизелеп, "айланайын, элим" деп чөгөлөп турганына күбө болдум. Көргөн билгенимди чыпчыргасын коротпой сизге айтып берейин.

Болот кантип курчуду?
5-апрель күнү эле Болот Шерниязов (ал убакта Шер эмес, Шерниязов эле болчу) үч-төрт жигитинин коштоосунда Таласка аттанды. Алардын артында машинеде чубалып үч журналист баратабыз. Жолдо токтогондо Шерниязов "Бийликти алабыз" деп ишенимдүү айтып калды. "Бу куру мактанчаак кыргыз оппозициясыныкы өттү" деп, "кыялдарыңыз жакшы экен, байке" дедим.
- Ишенбейсиңби бийликти алаарыбызга?
- Жок, Бакиев турганда мүмкүн эмес.
- Көрөсүң, иним.
- Көрөбүз...
Оппозициянын планын акырындык менен баамдай баштадым. Таласка кире бериштеги постто алардын баарын катуу текшерип, анан өткөрдү. Посттон өтөөрүбүз менен жүзгө чукул айылдыктар турат. Алардын милдети оппозиционерди посттон өткөрбөй койсо ошол жерде чуу салышмак экен. Оппозициянын чуу көтөрчү алгачкы планы ишке ашпай калганын ошондо түшүндүм. Көрсө, Шерниязовду милиция кармаса эле жергиликтүү оппозиция элди көтөрүүгө камынып турган экен. Бир аз жүргөндөн кийин оппозициянын чырагына май тамызып, Шерниязовду МАИчилер тосуп, машинасы менен кошо эле райондук ички иштер бөлүмүнө алып кирип кетишти. "Кокуй күн, Бокени кармап кетти" деген ызы-чуу заматта Таласты дүрбөтүп, РИИБдин алдына эл чогулуп калды. Баары план боюнча. "Интервью берип койосузбу, эмне үчүн Шерниязов кармалды?", - деп милициянын чоңдорунун бирөөсүнө суроо бердим. "Биз кармадык, бирок азыр бошсуз десек да, эмне үчүн мени кармайсыңар деп, чыкпай сүйлөп отурат", деди. Шерниязовдун "саясий талантына" ошондо баа бердим. Ал канчалык милицияда кармалып отурган сайын эл топтоло берди, кыжырдануу күчөй берди. Чогулгандар кыйкырып, РИИБге кол салууга даяр болуп калганда Шерниязов чыкты. Ал ыңкылапты ишке ашырчу экинчи кадамын жасады. "Туугандар, курултайга губернатор жай берсин, жүргүлө акимиатка чейин жөө баралы", - деди. Мына сага, акимиатка чейин эл кошулуп отуруп заматта аянт толо түштү.
Кызуу кандуу жаштар кыйкырып-чуркап, "Бакиевди кетириш керек"деген ураандарды чакыра башташты. Экинчи ыңкылаптын жытын сезе баштадым. Кызыктын баары акимчиликтин алдында болду. Курултай өткөрүүгө жай сурап барган нааразы тарапка стадиондон орун берилгенин губернатор чыгып айтты. Канааттанбаган оппозициячылар экинчи талапты койду. "Биз курултайды так ушул жерде өткөрөбүз!" деп чурулдашты. Губернатор болсо ал талапты ошол жерде эле орундатып, "Макул, өткөргүлө ушул жерде"-деп салбаспы. Чогулган элдин саны миңден ашып, оппозиция шердене баштаган учур эле. Бирок облустук Ак үйдү алганга шылтоо табылбай турду.
Бир кезде Шерниязовду коштогон балдардын бирөө жакшы шылтоо тапты окшойт, губернатордун колунан микрофонду жулуп алып, "Сиз таластыктарды чымга бастырам дептирсиз, ошол сөзүңүзгө жооп бериңиз!", - деп эл алдында кекетип кирди.
Турган эл дуулдай түштү "Бу Нарындан келген немеге чымга бастырганды биз көрсөтөбүз" деп сөгүнүп алдыга умтула башташты.
Кыйкырык-сүрөөн менен губернаторду кармап машинага салып, Ак үйгө карай чабуул башталды. Эл тараптан ыргытылган таш-кесеке чыдай албай милиция Ак үйдүн каалгасын оңой эле ачып берди. Эшик-терезелер талкаланып, демонстранттар губернатордун кабылдамасындагы чай-кофе, таштанды салган челектерден бери үйүнө ташып жөнөдү. Губернатордун иш бөлмөсүнө араң кирип барсам, оппозициянын жергиликтүү тыңчыкмалары кызмат бөлүштүрүп жатыптыр. "Сен губернатор, сен мэр болосуң, сен орун басар, давайте, азыртадан баштап ишке киргиле, элди таратпагыла, же Бакиевди кетиребиз же Бакиев бизди түрмөгө тыгат". Беш мүнөттө "экске" айланган губернатор анын баарына күбө болуп, айрык костюму менен бурчта отурат.

Конгантиев: "Бакиевдин азабын мен тартып атам"
Ушунун баары оңой эле ишке ашкан жок. Милиция демонстранттарга ок атып, көздөн жаш агызчу каражаттарды колдонуп, айтор эки ирет төңкөрүшчүлөрдү Ак Үйдөн кууп чыкты. Бир күн мурун ички иштер министри Молдомуса Конгантиев парламентке барып, "Таласта Болот Шерниязовду колдоп элүү чакты мас адам Ак үйдү алууга аракет кылды", - деп "Ак жол" партиясына отчет берди. Министрге катуу кыжырданган таластыктар бүгүн райондук милициянын арткы эшигинен качып чыккан генералды ур-тепкиге алып киришти. Кезек менен тепкилешип, колу-бутун байлап коюшту. Айтор, министрдин жаны бышык экен, аман калды.
Бир кезде үчүнчү кабатка алып чыгышып, терезеге алып келип, жерге ыргытабыз деп камданып калышты. Канга боелгон министр "Айланайын элим, кечиргиле, Бакиевдердин азабын мен тартып атам" деп жан соога сурады. Анан эле Болот Шерниязов чалып жатат деп, анын жардамчысы телефонду көтөрүп келди, ал телефон аркылуу элден Конгантиевди тирүү калтырууну өтүндү.
Эртеси мен Шерниязовдун балдары менен бир машинеде Бишкекке кайттым. "Жаныш Болоттун балдарын кырып кетем дептир, куралданалы дешип, пистолеттерин октоп келатышты. Ок ширелген окчонтойду мага асып, "Түгөнсө ок берип турасың", деген тапшырма алдым. Баары бүткөн экен дедим. Ошол кезде айылдан байкуш апам ыйлап "Кошуна аялдар айтып атат, Максим адамды тоок өлтүргөндөй өлтүрүп койот экен, сага бирди көрсөтөт, айылга эле келе берчи", деп чалды. Карабайсызбы, Жаныш, Максим жөнүндө кептердин күчүн.
Бишкекке келсем, "Азаттыктын" кеңсесинен Болот Шерниязов чыгып келатат.
- Көрдүңбү?
- Көрдүм. Баарын көрдүм.
Жанар Акаев, "Азаттык"