Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Парламент Аскарды,
Марат Аманды актады
Парламент уулуу көмүр боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун угуу учурунда "Ата Журт" фракциясынын депутаты Марат Султанов "Электр станциялар" акционердик коомунун жетекчиси Аман Тентиевдин жоопкерчиликке тартылышына караманча каршы экендигин билдирген. "Силер муну мыйзамсыз тендер өткөзгөндүгү тууралуу күнөөлөп жатасыңар, а бирок ал анын курамында болгон эмес. Экинчиден, "Электр станциялар" акционердик коомунун энергетика министрлигине эч кандай тиешеси жок, ал мамлекеттик мекемелердин катарына кирбейт. Андыктан ал бирөөлөрдүн буйругун же тапшырмасын аткарды дегенге негиз жок" деп, комиссиянын кетирген кемчилигин кескин сынга алды. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, тендердик комиссиянын тескери иш кылып жатканын, Куландын көмүрү уулуу экенин эң биринчи ушул жигит эскертип, Аскар Шадиевге аныктама жазып берген экен. Аскар мырза аны билип туруп, ал кездеги өкмөт башчы Атамбаевге тескери аныктама жазып кол койдуруп алган имиш. Айтор, ичкен киши кутулуп, ичпеген киши тутулуп калбаса эле болгону.

Аманды акташ үчүн казактарды каралаш керекпи?
"Ар-намыс" фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев башка кесиптештеринен айырмаланып, Куландан келген уусу бар көмүр боюнча Казакстан тарапты күнөөлөп чыкты. Анын айтымында, биздин энергетика министрлик менен "электр станциялар" акционердик коому казактардын жараксыз көмүрүн алууга аргасыз болуптур. Анан да айтып атат, "келгиле, казактардын фирмасына айып тагалы" деп. Соода деген сокур ит ... жалагыча болуп кетет эмеспи, андыктан, саткан адамдарга эмес, сатып алган адамдарга айып такканыбыз оң болуп жүрбөсүн, урматтуу Кожобек мырза. Анткени, алар деле айтышат да, "акмаксыңарбы" деп. Анда эмне кылабыз?

Токонду тоотпой коюшту, тоюс жолотпой
"Эгер Жогорку Кеңеш депутат Исхак Пирматовдон кийин кызматынан четтетилген Аскарбек Шадиевди коргоп чыкса, коомчулук бизди туура эмес түшүнөт. Сапатсыз көмүр үчүн көпчүлүк көрүп турат, Аскар Шадиевдин күнөөсү бар экенин. Биз дагы бир жолу чакан чиновниктерди жоопко тартып жатабыз, чыныгы кылмышкерлерди көз жаздымда калтырып коюп", деди депутат Токон Мамытов парламент жыйынында. Бул чыныгы депутаттын чындыкты бетке кармап туруп айткан сөзү. Ал эми, ошол обу жок комиссиянын мүчөсү Тынчык Шайназаров Токон мырзанын дооматын четке кагып, Аскар Шадиевден башкасынын баарын күнөөлүү экенин эскертти. Эми эл билиши керек, кимдердин кандай добуш бергенине. Анан өзүн өзү сөгүшү керек, эмнеге аларга добуш бергенине.

Жээнбеков жеткизе айтты, жеткендерге...
"Ата Мекенден" алыс кеткен депутат Равшан Жеенбеков ачуу чындыкты айтып, кесиптештерин кекиртектен алгандай болду. Чет өлкөдөн билим алып, өз өлкөсүнө көмөк көрсөтө турган таланттуу, татыктуу улан-кыздарыбыздын тагдырлары талкаланып жатканына кейиген депутат, "Биз Аман Тентиев, Азамат Мурзалиев, Алмаз Абеков жана Чынгыз Шамшиевге окшогон таланттуу балдарды коргогондун ордуна, катарыбызда отурган Пирматов, Шадиевге окшогондорду коргой берсек, сыртта окуп-иштеп жаткан жаш кадрларыбыз эч убакта бул жакка келбейт. Жогорудагыларды жоопкерчиликке тартуу менен, биз аларга окшогон таланттарга жол тосуп жатабыз. "Жолобогула" деген белгини берип жатабыз", деди парламент жыйынында. Равшан мырза эми ушул сөздү айткандан кийин, абакта жаткан балдардын ишин иликтей турган депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрүп чыкса жакшы болмок. Эл деле "туура" болду демек. А эгер алар акталып чыкса андан дагы жакшы болмок. Анткени, азыркы күндө Жогорку Кеңештин токтому Жогорку Соттун токтомунан жогору туруп калбады.


УКМКга Жолдошева барса...
Кыргызстанда июнь окуясына тиешеси бар деп айыпталып жаткан, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы жетекчиси Кадыржан Батыров Москвада түзүлгөн "Өзбектердин жана Өзбекстандын өзбектеринин эл аралык конгресси" деп аталган уюмга ардактуу президент, ал эми Орусиянын жараны, космонавт Салижан Шарипов президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева Жогорку Кеңештин жыйынында кабарлады. Анын айтымында аталган уюмдун алгачкы жыйыны быйыл 23-мартта Москвада өтүптүр. Конгресстин каржы кору үч жарым миллиард рублди түзөт экен. Ошондон улам, Жолдошева: "Эгер бул чын болсо, Алмазбек Атамбаев Ислам Каримов менен сүйлөшсүн. Бул сеператисттер, Салижан Шарипов сепаратистпи, жокпу, айта албайм, бирок Кадыржан Батыров дагы бир балекеттин башынан чыкканы турат", - деп жар салды.
Депутаттын мындай билдирүүсүнөн соң, парламенттеги өкмөттүн өкүлү жана Тышкы иштер министрлиги депутат айымдын бул маалыматы чынбы же жокпу аныктап, депутаттарга кабарламай болушту.
Ушул жерден айта кетчү жагдай, Жылдыз Жолдошева Батыровдун баскан-турганын билип жатса, УКМК, ИИМ Кадыржандын кайда жүргөнүн билбегенине, кармап келүүгө аракет көрбөгөнүнө таң каласың. Ошондуктан, ИИМдин же УКМКнын башына Жолдошеваны алып барыш керек окшойт деп кетесиң…

Коомчулук күмөн санашат…
Жыйырмага жакын бейөкмөт, коомдук уюмдун өкүлдөрү өкмөттүн каржы полициясын реформалоо боюнча жасап жаткан аракетин сынга алышкан билдирүү таратышты. Анда мурдагы Каржы полициясынын ордуна жаңыдан түзүлгөн Экономикалык кылмыштарды иликтөө кызматына кадр тандоо иши эмитен эле күмөн жаратып жатканы айтылат. Мунун себеби катары, жарандык активисттер кызматкерлерди сынак аркылуу алуудан мурда эң оболу ошол мекеменин жетекчилиги ачык, көз каранды эмес комиссиядан өтүшү керектигин, бирок жаңы түзүлгөн кызматтын жетекчилигине Бактыбек Аширов менен анын орун басарларынын сынактан өтүшпөй туруп дайындалышын мисалга тартышууда. Алардын пикиринде жетекчилик өкмөттүн тарабынан "саясий чечими" менен дайындалып калды.

Салянова кетет, кетпейт…
Учурда Жогорку Кеңеш Башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан алып түшүү үчүн колп топтоп, түйшүк тартып жаткан кези. Мыйзам боюнча парламенттин атынан ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн депутаттардын 81 добушу талап кылынат. Анан президентке сунуш катары киргизилет. Ал эми кызматтан алуу же албоо чечимин президент гана кабыл алат. "Республика" фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаевдин айтуусунда, ушул кезде 77 депутаттын колу чогултулган. Бирок мындай маалыматтар чындыкка дал келбестигин "Ата Мекен" менен КДСП фракцияларынын депутаттары билдиришүүдө.
Ал ортодо Нарын шаарынын борбордук аянтында 100гө чукул жаран Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов боюнча кылмыш иши так иликтенишин талап кылып, баш прокурор Аида Саляновага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча жасалып жаткан аракеттерге каршы тураарын билдиришип митинг өткөрүштү.
Пирматов болсо "мага кылмыш ишин козгогон прокурорду алып түшөм" кыязында, жаналекетке түшүп жүргөн чагы…

Таркаткыча, өздөрү таркай баштады
Парламенттин таркаары коомчулук тарабынан байма-бай айтылып келген болсо, эми эл өкүлдөрүбүз өздөрү айта башташты. Парламент ичи тыптынч, иштеп атканына караганда, кабинеттерин бекитип коюп, сайраң куруп жүргөндөрдүн саны көп. Мыктыбек Абдылдаев башчылык кылган Коррупцияга каршы күрөшүү, мыйзамдуулук жана укук-тартип комитетинин мурдагы күнкү жыйынына болгону 3 депутат отурду сороюп. "Биздин ишибиз дайыма ушинтип үзгүлтүккө учурайт. Бул маселени жалпы жыйынга көтөрүп чыгыш керек. Кээ бир депутаттар парламент таркаарына даярдык көрүп, ишке чыкпай атышат окшойт"-деп кейиди. Чын эле, кыйратып иштешпегенден кийин таркаса эртерээк таркап кетишсе жакшы болмок, элдин акчасын жөнү жок коромжу кылбай.

АКШ курал-жарактардан каралашабыз дейт…
Президент Алмазбек Атамбаев 2-апрелде АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия мамлекеттери боюнча жардамчысы Роберт Блейкти кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан жана АКШнын ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.
Анда Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы АКШнын аскерлеринин жайгашуусу тууралуу сөз кылып, 2014-жылдын жай мезгилинен кийин "Манас" аэропортунда аскердик максатты көздөбөгөн жарандык жүктөрдү ташуучу борбор болуш керектигин белгилеп, Кыргызстан АКШ менен узак мөөнөттүү, өнөктөштүк жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигине токтолду.
Ал эми Р.Блейк Кыргызстандын Борбор Азия аймагында, анын ичинде тынчтык турмушту калыбына келтирүү жана Афганистандын экономикалык кайра жаралуусундагы ордун жогору баалап, АКШ жетекчилигинин атынан Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, эки тарап соода-экономикалык кызматташтык, ыңгайлуу инвестициялык климат түзүү, террорчулук, экстремизм жана башка азыркы дүйнөнүн коркунучтарына каршы күрөшүүдөгү жагдайларды талкуулашты.
Мындан тышкары Кыргызстан коргонуу кеңешинин катчысы генерал Бусурманкул Табалдиев да Роберт Блейк менен кошо келген Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгынын башчысы Жеймс Меттис менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушууда Меттис Кыргызстанга жардам иретинде Ооганстандан чыгарылып жаткан курал-жарактардан бериши мүмкүндүгүн билдирген, мындан улам, Бусурманкул мырза жерибиздин тоолуу шартына байланыштуу, ашууларга көзөмөл жасоого ыңгайлуу болгон, учкучу жок учуучу аппараттардан (безпилотник) каралашууну өтүнгөн.

Бабанов тилибизди баалайт экен
Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун мамлекеттик тилибизге ою түз экени көпчүлүктү кубандырууда. "Мен Улуттук тил комиссиясынын ар бир кадр мамлекеттик кызматка алынууда мамлекеттик тилден экзамен тапшырышы керек деген демилгесин колдойм", - деген сөзү тил үчүн күйүп-бышып жүргөн мекенчил уул-кыздарыбыздын демине дем кошуп, бир кыйла шердентип койду. Ушинтип өлкө башчылары эне-тилибизге кам көрүп, камкордукка алса эле иш оң жагына жылганы турат.

Алтынбек ордого, Мелис борборго
Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо "Улуттар биримдиги" биринчини алганы менен мэр Мелис Мырзакматовдун креслосу дагы эле кыйшайып турат. Бирок Мекең мэрликте эмес, Өкмөт жакка өбөктөөрүн мурдагы депутат Алишер Мамасалиев жазып чыгыптыр. "Ош шаарынын мэрлигине Алтынбек Сулаймановду даярданууда. Ал эми Мелис Мырзакматов Ак үй менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн кийин жигиттерин эс алгыла деп, Өкмөттөгү жаңы кызматына кызуу даярдык көрүп баштады. Ал эми Алтынбек Сулайманов "бул карьералык өсүшпү же аймакка сүргүнгө айдаламбы?"- деп башын мыкчып, ойго батып жүрөт"-деп жазат Алишер Мамасалиев. "Ак Жолдун" бул балакайы эски партиялаштарынын сырын жакшы билет, демек, бул кептер жөнү жок жоромол эмес.