Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!!!

7-апрель китеби жарыкка чыкты...



1-апрель күнү кыргыз мамлекеттик тарых музейинде жаш журналист Мирлан Алымбаевдин "7-апрель" аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Айта кетчү жагдай, Мирлан мырза биздин "Фабула" гезитибизде бир топ убакыттан бери үзүрлүү эмгектенип, коомчулукка калеми курч журналист катары аздыр-көптүр таанылып калган. Ал эми Мирлан мырза жазган бул китепке 2010-жыл 7-апрелде кайтыш болгон баатырларыбыздын ата-энелеринин, ага-туугандарынын эскерүүлөрү, көкүрөктү көзөп өткөн муң-зарлары топтолгон. Эске сала кетсек, китепке кирген алардын эскерүүлөрү 2010-жылы "Форум", 2011-жылдан тарта "Фабула" гезиттеринде сандан-санга жарыяланып келген. Бул китепти чыгарууга Жаштар, эмгек жана жумуштуулукка орноштуруу министри Алясбек Алымкулов жана "Манас" жаштар ордосунун директору Бакыт Романов жардам берген. Ал эми бул иш-чараны КРнын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актёр Темирлан Сманбеков алып барып, аземге КРнын баатыры Бексултан Жакиев, белгилүү саясатчылар: Эмилбек Каптагев, Аликбек Жекшенкулов, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Рыскелди Момбеков, Акыйкатчы Турсунбек Акун, Президенттик аппараттан Аблабек Асанканов, Маданият жана туризм министринин орун басары Кожогелди Култегин, коомдук ишмерлер Садык Шернияз, Тилектеш Ишемкулов, Осунбек Жамансариев, ЖКнын депутаттары Гүлнара Жамгырчиева, Элмира Иманкожоева, Данияр Тербишалиев, Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү ж.б. катышышты. Бул китептин ачылышында китеп тууралуу пикирлерден тышкары, 7-апрель революциясынын коомдогу орду, элибиздин эркиндиги, жаркын келечеги үчүн курман болушкан баатырлардын эрдиги талкууланды. Манасчылар Рыспай Исаков менен Дөөлөт Сыдыковдор жан дүйнөнү козгоп, канды дүргүтүп манас айтышса, акындар ыр окуп, комузчулар 7-апрель окуясына арналган жаңы күү чертишти. "7-апрель" китеби тарых музейине барган ар бир окурманга бекер таратылды. Бул иш - чаранын соңунда Муфтийдин орун басары Ракиев баатырларга куран түшүрдү.





Бексултан Жакиев,
КРнын баатыры:
- Чынымды айтайын Мирлан жазган бул китеп чынында эле окуй турган китеп экен. Бул китепке баатырларыбыздын баяндары, туугандарынын эскерүүлөрү топтолуптур. Ошон үчүн эч кимди кайдыгер калтырбайт деген ойдомун. Бул китеп Мирландын эмгегинин тырмак алды экен, мындан ары да толукталып турат деген ойдомун. Экинчиден 7-апрель окуясынын коомдогу орду зор болушу зарыл. Бул күн кызыл күн болуп, эл иштебей, баатырларды эскерип, куран түшүрүп турушу керек. 7-апрель окуясында куралсыз балдарыбыз октон жалтанып качып кеткенде, бакиевчилер митингге чыккан элди кубалап жүрүп бирден атмак. Баатырларыбыздын эрдигинин аркасы менен ушул күнгө жетип, бейкут жашап жатабыз. Дагы бир нерсени баса белгилеп айта кетели, мына акыркы учурда баатырларыбызды жырткычка теңеген саясатчыларыбыз болду, ал аз келгенсип эл аралык уюмдардын акчасын алып, "укук коргоочу" атына жамынгандар кыргыздын таламын талашпай бөтөн эл, бөтөн жердин кызыкчылыгы менен жүрүшөт. Ошолордон сак болушубуз абзел. Сөзүмдүн соңунда айтайын, кыргыз дээринде мыкты эл, ошол мыктылыгыбызды унутпай жүрөлү.

Рыскелди Момбеков,
Мамлекеттик тил
комиссиясынын төрагасы:
- Урматтуу "7-апрель" китебинин бет ачар аземине келген асыл коноктор, бул ки-тептин чыгышынын кичинекей тарыхы бар. Мен 2010-жылы кыргыз оппозициясынын рупору болгон "Форум" гезитин жетектеп турганда, ошол гезиттин жаш журналисти Мирланга: "Эми бул баатырлар эч убакта маек бере албайт. Эч убакта кыргыз элине кайрылып сүйлөй алышпайт. Алардын артында боздогон ата-энелери, жер муштаган жесирлери, жер караган жетимдери калды. Сен ушу баатырлардын туугандарынын эскерүүлөрүн гезитке даярдап, сандан-санга чыгарып тур, анан убагы келгенде, китеп кылып чыгарабыз" - деп айттым эле. Мына ошол күн келип, бүгүн китептин ачылыш аземин өткөрүп атабыз. Бул китеп менин жеке пикиримде тарых. Бул ачуу чындык. Китепте: баатырлардын баяны, балалык чагы, алардын: "аянтта жүрөм" деген сөзүнөн баштап, телефондорунун: "абонент жооп бере албайт" деген сөзүн чейин камтылган. Менин оюмча бул китеп тарых китебине кошумча катары окуу китебине киргизилиши керек.
Кыргызда: " Тарыхы жок эл болбойт, ташкыны жок сел болбойт" - деп айтат эмеспи, анысыңарындай 7-апрель окуясы биздин элибиздин тарыхында калды. Бул окуя кандай жагдайда, кандай абалда болгонун жалпы эл жакшы билет. Бирок азыр 7-апрель күнүн кандай атоо маселеси тууралуу коомдо ар кандай пикирлер айтылып жатат. Айрымдар, эскерүү күнү кабыл алышса, дагы бирлери майрам күнү катары кабылдап жатышат. Жеке мен бул күндү майрам күнү катары кабылдабайт элем. Кантип эле кан төгүлгөн күн майрам күн болсун? Элестетип көргүлө, фашисттик Германия 1941-жылы 22-июнда ССРге кол салган күнүн майрам күнү катары белгилегенибизди? Анткени, биздин согушка катышкан ата-бабаларыбыз аруу тилектери аткарылып, фашисттерди жеңгенден кийин гана, 1945-жылдын 9-майын улуу жеңиш майрам күнү катары кабыл алышы, ушу күнгө чейин чоң салтанат менен майрамдап келатабыз. Биз бүгүн 7-апрелди майрам күн катары кабыл албашыбыз керек, 7-апрель кайран күн бойдон калышы керек. Анткени баатырларыбыз кыргыз эли кул болбосун, кыргыз жери пул болбосун деп, эсирген эски бийликти кулатууда өз жандарын аяшкан жок. Ошон үчүн алардын аянычтуу өлгөн күнүн майрам күн деп белгилеп алсак туура эмес болуп калат. Балким 7-апрель революциясынын үмүтү, тилеги акталган келечекте майрам күн катары белгилечү учур да келээр.

Эмилбек Каптагаев,
саясатчы:
- Мен азыр бул тарых музейинин толбой калганын көрүп туруп бир аз зээним кейип турат. Апрель окуясына эки жыл толбой жатып, баатырларды эскерүүгө арналган мындай иш-чарага аттуу-баштуу саясатчыларыбыздын келбей, качышканы абдан өкүнүчтүү. Бир топтору чакыруу кагазын алгандан кийин, арбактарды сыйлап келип коюшса, мамлекетибиз каякка баратат, эртеңки күнүбүз кандай болот деп бирге акылдашат элек го. Апрель окуясынын болуп өткөнүнө эки эле жыл болду. Бирок коомдо бул окуяга каршы тескери кыймыл күчөп баратат. 7-апрелдин маанисин башка жакка бурууга аракет кылган күчтөр бар. Мына орус тилдүү сайттарды окугула 7-апрель тууралуу жалаң терс пикирлер, баатырлар десе баатырларды, революция десе революцияны шылдыңдашат. Биз биргеликте бул окуяны, баатырларыбызды шылдыңдоого жол бербешибиз абзел. Бул күндү унутпай, ар дайым даңазалашыбыз зарыл. Рыскелди досума бир аз каяша айтып коён, бул күн бир кишинин же бир ууч топтун жеңиши эмес, ошон үчүн жеңиш күн катары белгилениши керек. Ар бир шейит кеткен баатырды жөн гана эскербестен, аларга таазим кылышыбыз керек. Ошон үчүн өз демилгеси менен китеп жазган Мирланга ыраазычылык айта кетейин.

Аликбек Жекшенкулов,
саясатчы:
- Мен да бул иш-чарага катышканыма абдан толкунданып турам. Себеби 7-апрель окуясы жеке жашоомо түздөн - түз таасир тийгизген. Бул китепти жазган Мирланга мен чоң рахматыма айтып кетейин. Китеп жазуу да өзүнчө чоң эрдик. Жогоруда Эмике 7-апрель окуясы тууралуу орундуу кептерди айтып кетти. Ал пикирлерге мен да кошулам. 7-апрель күнүн майрам күнү деп айтпай, революция күнү деп аташыбыз абзел. Ал күнү революция болгонун ким тана алат? Бул окуя илимий жактан да, саясий жактан да терең изилденүүгө алынышы зарыл. Буга мамлекет шарт түзүп бериши керек. Баатырларыбыздын эрдиги биздин элди эле эмес, бүт дүйнө жүзүн таң калтырды, суктантты. Башка мамлекеттерде жүз миң, миллион адам чогулса да, полициясы тарсылдатмаларды атып койсо эле качып кетип атышпайбы. Эми ошол баатырларыбыздын, жалпы эле элибиздин аруу тилеги иш жүзүнө ашыш үчүн, баарыбыз бирдикте адал эмгек кылып, мамлекетибизди көтөрүшүбүз зарыл.

Алясбек Алымкулов,
Жаштар, эмгек жана жумуштуулукка
орноштуруу министри:
- Кандай учур болбосун, кандай пикири болбосун тарых бирөө эле. 7-апрель окуясы кыргыз эли үчүн чоң тарых. Бирок кандай тарых? Эгерде биз өткөндөн сабак алып, туура жыйынтык чыгара алсак, максатыбызга жеткен болобуз. Бүгүнкү күндө 7-апрель окуясын бурмалап, элди башын айлантууга аракет кылган күчтөр бар экенин таанууга болбойт, бирок баса белгилеп айта кетели, андай адамдардын келечеги жакшы болбойт, тилеги ишке ашпайт. Азыр эл башка. Элди эч ким алдай албайт. Колуңуздарда турган китепке өз бааңыздарды бересиздер. Кандай баа берилет убакыт көрсөтөт. Бирок кандай болгон күндө да бул тарыхый чындык, бул сиз менен биздин турмушубуз да болуп өткөн чындык окуя.

Эркингүл Иманкожоева,
ЖКнын депутаты:
- Мен өзүм бул кайдыгер кароого мүмкүн эмес иш чарага катышып жатып, бир нерсеге абдан таңкалып атам. Апрель революциясына эки жыл толбой жатып, ага арналган иш чарага болгону ушу жерде үч гана депутат катышып атабыз. Башка депутаттар, өкмөт мүчөлөрү кайдыгер мамиле кылышканы албетте өкүнүчтүү. Эки жыл өтсө эле биздин баатырларды унутуп калышыбыз керекпи? Биздин депутаттар, министрлер ошол баатырлардын аркасы менен келишпеди беле? Мындай мамиле жарабайт, муну биз жакшы жагына өзгөртүшүбүз керек деп эсептейм. Негизи биз жаштарды патриоттулукка үндөшүбүз зарыл да, ошон үчүн ушундай китепти жазган Мирланга чоң рахмат!

Осунбек Жамансариев,
"Мекен шейиттери" кыймылынын
төрагасы:
- Жогоруда китеп жана 7-апрель тууралуу бир топ жакшы пикирлер айтылды. Бул китептин жолу байсалдуу болсун! Чынында 7-апрель окуясынын орду кыргыз тарыхында абдан чоң. Бирок биз бул окуянын, тактап айтканда революциянын деңгээлин мындан да жогорулатуу ар бирибиздин милдетибиз. Тилекке каршы, азырынча апрель революциясынын үмүтү, тилеги актала элек, бир эле мисал апрель сотун алалы. Башында 18 адам камакта олтурса, азыр бошонуп, качырып олтуруп азыр болгону үчөө олтурат.
Даярдаган
Айбек Шамшыкеев